Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР | КАМБОЖА

Камбожага саякат

Камбожага саякат

СУУ үстүндөгү айылдар, чуру-чуусу басылбаган базарлар, жөжөлөрдөн тартып муздаткычтарга чейин ташыган мотоциклдерге толгон көчөлөр — мына ушунун баары Камбожа үчүн кадимки көрүнүш.

Камбожанын эли аябай сылык-сыпаа, башкалар менен тез эле жуурулуша кеткен, бири-бири менен ынак келген эл болот. Алар бири-бирине кайрылганда, ал тургай биринчи жолу көргөн кишисине да, байке, эже, чоң ата, чоң апа деп кайрылышат.

Камбожалыктардын кээси кайык үйлөрдө, кээси бийик устундардын үстүнө же салдын үстүнө курулган үйлөрдө жашашат. Атүгүл сүзүп жүрмө мектептер, эмканалар, базарлар, күйүүчү май саткан кайыктар бар

Камбожалыктар жакшы көргөн ажыдаар жемиши

Камбожалыктар көбүнчө күрүч жешет. Алардын шорпо-шилендүү негизги үч-төрт тамагы бар. Бирок баарынан да балыкты жакшы көрүшөт. Ошондой эле таттуу, туздуу жана кычкыл тамактарды аралаштырып жешет.

Мындан эки миң жылдай мурун индиялык соодагерлер Кытайга баратып Камбожанын жээгине  токтой башташкан. Алар жибек менен металлдарды ар кандай татымалдарга, жыпар жыттуу бактарга, пилдин сөөгүнө жана алтынга айырбашташчу. Ошентип, Камбожада бара-бара Индия менен Кытайдын таасири күч алып, индуизм жана буддизм дини кеңири жайыла баштаган. Бүгүнкү күндө камбожалыктардын 90 пайызын буддисттер түзөт.

Жахабанын Күбөлөрү Камбожада да Ыйык Китептеги жакшы кабарды таратышууда. Алар «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китепти колдонуп, көптөгөн кишилерге жардам беришти. Ал китеп болжол менен 250 тилге, анын ичинде камбожалыктардын тилине да которулган.

Камбожада 1500дөн ашуун киши Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, «Адам өлгөндө каякка барат? Кудай жерди эмне үчүн жараткан?» деген сыяктуу суроолорго жооп алып жатышат

Камбожалыктардын тилиндеги Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китеп