Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨМҮРДҮ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЙБОО КЕРЕК?

Жагдай өзгөрөт

Жагдай өзгөрөт

«Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, жарга такалган жокпуз; эмне кыларыбызды билбей турсак да, үмүт үзгүдөй абалда калган жокпуз» (2 КОРУНТТУКТАР 4:8).

Өз өмүрүн кыюуну «убактылуу көйгөйдү биротоло чечүүнүн жолу» деп коюшат. Балким, ишениш кыйын чыгар, бирок колуңардан эч нерсе келбечүдөй сезилген эң кыйын жагдай да убактылуу гана болушу мүмкүн. Ал силер күтпөгөндөй болуп өзгөрүшү ыктымал ( «Алардын жагдайы өзгөргөн» деген кутучаны карагыла).

Жагдайыңар өзгөрбөгөн күндө да, учурдагы гана көйгөйдү чечкенге аракет кылганыңар абзел. Иса пайгамбар: «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү»,— деп айткан (Матай 6:34).

Бирок жагдайыңар такыр өзгөрбөй турган болсочу? Мисалы, өнөкөт оору менен ооруп жатсаңар же жарыңар менен ажырашып кетсеңер, же болбосо жакыныңардан айрылсаңарчы?

Атүгүл ушундай жагдайларда да бир нерсени, тагыраак айтканда, жагдайга болгон көз карашыңарды өзгөртүүгө кудуретиңер жетет. Айрым нерселерди өзгөртө албай турганыңарды моюнга алууну үйрөнсөңөр, оор жагдайдын да жакшы жагын көрө аласыңар (Накыл сөздөр 15:15). Ошондой эле өмүрдү кыюуну көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу катары көрбөй, аны менен күрөшүүнүн жолун издейсиңер. Мунун натыйжасы кандай болот? Өзгөрүлгүстөй көрүнгөн жагдайга карата оюңарды өзгөрткөнгө умтула баштайсыңар (Аюп 2:10).

КӨҢҮЛГӨ АЛЧУ НЕРСЕ: Тоого дароо эле чыгып кете албайбыз, акырындап чыгабыз. Ошо сыяктуу эле, тоодой көрүнгөн кыйынчылыкты да акырындык менен чечсе болот.

АЗЫР ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Жагдайыңар тууралуу бирөө менен, мисалы, досуңар же үйдөгүлөр менен сүйлөшкүлө. Ал силерге жагдайга карата тең салмактуу көз карашта болгонго жардам бериши мүмкүн (Накыл сөздөр 11:14).