Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Никарагуа көлүнүн көрүнүктүү өзгөчөлүгү ал жерде моюн аркылуу биригип турган конус формасындагы эки жанар тоо орун алган Ометепе аралы жайгашкан

ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Никарагуага саякат

Никарагуага саякат

ЭЛДЕР Никарагуаны көлдөрдүн жана жанар тоолордун мекени деп атап коюшат. Бул жерде Борбордук Америка боюнча эң чоң деп эсептелген Никарагуа көлү жайгашкан. Жергиликтүү тургундар аны «Косибока» деп аташат, анын мааниси «Таттуу деңиз» дегенди билдирет. Никарагуа көлүнөн жүздөгөн аралдар орун алган. Ал көл акулалар, кылыч тумшук балыктар, тарпондор (кылкандуу балыктар түркүмүнө кирген балыктар) сыяктуу деңиз жандыктары байырлаган жападан жалгыз тузсуз көл болуп саналат.

Плюмерия (франжипани) — Никарагуанын улуттук гүлү

Никарагуада Борбордук Америкадагы алыскы аймак — Москиттүү жээк — жайгашкан. Туурасы 65 километрге жеткен ал аймак чыгыш жактагы деңиз жээгинен тартып коңшу өлкөгө, Гондураска, чейин созулуп жатат. Никарагуада жашаган уруулардын бири мискито (москито деп да аталат) элинин тарыхы европалыктар 16-кылымда келгенге чейинки убакытты камтыйт.

Ал элдин бири-бири менен болгон мамилеси абдан ынак, каада-салттары да бөтөнчө. Мисалы, мискито тилинде бирөөгө кайрылганда колдонулган «мырза», «айым» деген сыяктуу расмий сөздөр жок. Айыл-кыштактарда кичүүлөр улууларга, тууганы болбосо деле, «байке» же «эже» деп кайрылышат. Мискитолордо байыртан келаткан мындай салт да бар: аялдар жакын достору же туугандары менен көрүшкөндө бири-бирине бетин тийгизип, жытташып коёт.

Жергиликтүү тургундар

Жахабанын Күбөлөрү чыгарган маянгна жана мискито тилиндеги адабияттар