Айрымдар суроолоруна кантип жооп алышкан?
Айрымдар суроолоруна кантип жооп алышкан?
МИЛЛИОНДОГОН адамдар тиленишет. Алардын айрымдары тиленүүлөрүнө жооп алып жатканына толук ишенсе, башкалары Кудай алардын тиленүүлөрүн угарына шек санашат. Дагы кээ бирлер суроолоруна жооп издешкени менен, өтүнүчтөрүн Кудайга тиленүү аркылуу билдирүү жөнүндө ойлонушпайт.
Ыйык Китепте чыныгы Кудайдын «тиленүүнүн Угуучусу» экени айтылат (Забур 64:3, ЖД). Тиленип жүргөн болсоңор, тиленгенде чыныгы Кудайга кайрылып жатканыңарга толук ишенесиңерби? Тиленүүлөрүңөр Кудай кабыл кыла турган тиленүүлөрдөнбү?
Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн адамдар бул суроолорго «ооба» деп жооп беришет. Алар суроолоруна кантип жооп алып, эмнелерди билишти?
Кудай деген ким?
Португалияда кечил аялдардан жана дин кызматчылардан билим алган бир мугалим туткан дининин каада-салттарына чын жүрөктөн карманчу. Бирок ага маанилүү деп үйрөтүшкөн каада-салттарды кийин чиркөө өзгөртүп, жоюп салганда, ал эмне кыларын билбей калган. Саякаттап жүрүп Чыгыш өлкөлөрүндөгү диндер менен таанышкандан кийин ал жалгыз чыныгы Кудайдын бар экенине күмөн санай баштайт. Эми ал кантип сыйынышы керек? Дин кызматчысынан Ыйык Китепте жазылган нерселер тууралуу сураган. Бирок ал суроолорун жоопсуз калтырып шагын сындырган.
Ошол мугалим жашаган шаарда Католик чиркөөсү чиркөөгө келүүчүлөргө Жахабанын Күбөлөрү менен маектешпөө керектиги эскертилген баракча таратат. Мугалим болсо дагы эле өзүнүн суроолоруна жооп таба албай жүргөн болчу. Бир жолу Күбөлөр үйдөн үйгө кыдырып жүрүп аныкына да келишет. Ал кунт коюп угуп, алардын айткандарына кызыгып калат. Буга чейин ал мугалим Күбөлөр менен такыр сүйлөшкөн эмес эле.
Ошентип, өзүнүн көптөгөн суроолоруна жооп алуу үчүн Күбөлөр менен Ыйык Китепти изилдей баштайт. Жума сайын толгон-токой суроолорун баракка жазып алып Күбөлөрдү күтүп отурчу. Ал Кудайдын ысмын, чыныгы Кудай бирөө элеби, сыйынууда сөлөкөттөрдү колдонууну Кудай жактырабы же жокпу жана башка көптөгөн нерселерди билгиси келген. Алган жоопторунун баары адамдардын пикирине эмес, Ыйык Китепке негизделгенин байкаганда таң калып, үйрөнүп-билгендерине кубанган. Жакан 4:23, ЖД).
Ошентип, убакыттын өтүшү менен ал көптөгөн суроолоруна жооп алган. Учурда Ыйсанын сөздөрүнө ылайык, Кудайдын «чыныгы сыйынуучуларынан» талап кылынгандай, Жахабага рухта жана чындыкта сыйынууда (Шри-Ланкадагы бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү дайым Ыйык Китепти чогуу окуганы менен, өздөрү үчүн маанилүү болгон көптөгөн суроолоруна жооп ала албай жүрүшкөн. Алардын рухий муктаждыктарын дин кызматчысы да канааттандыра алган эмес. Бир күнү Жахабанын Күбөлөрү аларга жардам берерлик ыйык китептик адабият таштап кетишкен. Кийинчерээк Күбөлөр алардын ыйык китептик суроолоруна канааттандырарлык жоопторду беришкенде, алар Ыйык Китепти изилдөөгө макул болушкан. Изилдөө учурунда үйрөнүп-билгендери алардын кызыгуусун андан бетер күчөткөн.
Бирок ал үй-бүлөнүн энесине бала кезинде чиркөөдөн үйрөнгөндөрү Ыйсанын Атасы, Ыйса өзү айткандай, «жалгыз чыныгы Кудай» экенин түшүнүүгө тоскоолдук кылган (Жакан 17:1, 3). Анткени ал Ыйса Атасына тең жана бул «сырга» карата эч кандай шек саноолор болбош керек дегенге үйрөтүлгөн болчу. Айласы кетип, ал чын дилинен Жахабага атынан кайрылып, андан Ыйсанын чынында ким экенин көрсөтүп беришин сурап тиленет. Анан ушул суроого байланышкан аяттарды дагы бир ирет кылдат карап чыгат (Жакан 14:28; 17:21; 1 Корунттуктарга 8:5, 6). Ошондон кийин көзүнөн чел түшкөндөй болуп, Жахаба — асман менен жердин Жаратканы жана Ыйса Машайактын Атасы — чыныгы Кудай экенин даана түшүнгөн (Ышайа 42:8; Жеремия 10:10—12).
Азап-кайгы эмне үчүн кулач жаюуда?
Аюб аттуу бир адам жан чыдагыс азаптарга дуушар болгон. Анын балдарынын баары катуу шамалдан каза табышкан. Өзү болсо мал-мүлкүнөн, бүт оокатынан кол жууп калган. Мындан сырткары, ал сай-сөөктү сыздаткан оорудан жапа чеккен жана жалган досторунун кысымында калган. Ошол окуялардын жүрүшүндө Аюбдун ойлонбой сүйлөгөн учурлары да болгон (Аюб 6:3). Бирок Кудай анын жагдай-шарттарын эске алган (Аюб 35:15). Жахаба Аюбдун жүрөгүндөгүсүн билгендиктен, Аюбга ал муктаж болгон кеңешти берген. Азыр да Кудай адамдарга аларга зарыл кеңештерди берүүдө.
Мозамбикте жашаган Кастро апасы көз жумганда он эле жашта болчу. Кастро катуу кайгыга батып өзүнө: «Апам эмне үчүн каза болду, эмне үчүн бизди таштап кетти?» — деген суроолорду берген. Ал Кудайдан корккон үй-бүлөдө чоңойсо да, бул учурда эмне кыларын билбей калган. Аны эмне жубата алмак? Кастро чичева тилиндеги кичинекей Ыйык Китепти окуудан жана окугандарын биртууган агалары менен талкуулоодон жубатуу алчу.
Убакыттын өтүшү менен Кастро апасы Кудай тараптан адилетсиздик көрсөтүлгөндүктөн эмес, тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктин айынан каза болгонун түшүнгөн (Римдиктерге 5:12; 6:23). Ошондой эле Ыйык Китептеги тирилүү жөнүндөгү убададан зор жубатуу алган, анткени ал убада ага апасын кайра көрө аларына толук ынанууга негиз берген (Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15). Төрт жылдан кийин эле ал атасынан айрылган. Бирок бу жолу мындай оор жоготууну көтөрүү Кастрого жеңилирээк болгон. Бүгүн ал Жахабага күчтүү сүйүүсү менен берилгендикте кызмат кылууда. Кастронун кубаныч тапканы аны тааныгандардын баарына айкын көрүнүүдө.
Кастрону жубаткан ыйык китептик чындыктар жакындарынан айрылган көптөгөн адамдарды да жубатууда. Адилетсиздер тарабынан чоң кыйынчылыктарга дуушар болгондордун айрымдары Аюбга окшоп: «Эмне үчүн мыйзамсыздар жашап жатышат?» — деп сурашат (Аюб 21:7). Эгер алар ушу сыяктуу суроолорго Кудайдын Ыйык Китепте кандай жооп берерине чын ыкластан кулак салышса, анын көйгөйлөрдү чечүүдө колдонгон жол-ыкмалары алардын эле пайдасына экенин түшүнүшөт (2 Петир 3:9).
Кошмо Штаттарда өсүп чоңойгон Барбара согуш азаптарын өз башынан өткөрбөсө да, дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө согуш жүрүп жаткан маалда чоңойгон. Күн сайын жаңылыктардан согуштагы ырайымсыздыктар тууралуу айтылчу. Мектепте окуп жүргөндө ал өрчүү жолун алдын ала айтууга мүмкүн болбогондой сезилген тарыхый окуялар жөнүндө билгенде катуу ойлончу. Муну кантип түшүндүрүүгө болот? Кудай болуп жаткандарга кызыгабы? Барбара Кудайдын бар экенине ишенчү, бирок кээде анын чынында эле бар экенине күмөн санап кетчү.
Бирок Жахабанын
Күбөлөрү менен пикирлешүүнүн аркасында акырындык менен Барбаранын жашоого болгон көзкарашы өзгөргөн. Ал Күбөлөрдүн айткандарын укчу жана алар менен Ыйык Китепти изилдечү. Ошондой эле Падышалык залында өткөрүлүүчү Күбөлөрдүн жыйналыш-жолугушууларына, атүгүл чоң жыйындарынын бирине барган. Мындан сырткары, ал Күбөлөргө суроо бергенде ар кимиси ар кандай жооп бербегенин байкаган. Тескерисинче, алардын ой жүгүртүүсү Ыйык Китепке негизделгендиктен, баары бирдей жооп беришкен.Күбөлөр Барбарага Ыйык Китептен дүйнөнү Шайтан Ибилис башкарып турганын жана дүйнө анын рухун чагылдырып жатканын көрсөтүшкөн (Жакан 14:30; 2 Корунттуктарга 4:4; Эфестиктерге 2:1—3; 1 Жакан 5:19). Алар Барбараны катуу ойлондурган окуялардын болору Ыйык Китепте алдын ала жазылганын айтышкан (Даниел 2, 7, 8-баптар). Кудай келечекти биле алгандыктан ал окуялардын болорун күн мурунтан айткан. Ошол окуялардын айрымдары Кудайдын эрки менен аткарылган болсо, башкаларына ал тек гана жол берген. Күбөлөр Барбарага Ыйык Китепте биздин күндөрдөгү кубанычтуу да, кайгылуу да окуялардын алдын ала айтылганын жана алардын мааниси түшүндүрүлүп берилгенин көрсөтүшкөн (Матай 24:3—14). Мындан сырткары, алар ага азап-кайгы таптакыр болбогон, адилеттүүлүк өкүм сүргөн жаңы дүйнө жөнүндөгү ыйык китептик убаданы көрсөтүшкөн (2 Петир 3:13; Аян 21:3, 4).
Убакыттын өтүшү менен Барбара Жахаба Кудай адамдардын азап чегишине жооптуу эмес экенин жана азап-кайгыларды адамдарды өзүнүн осуяттарына күчкө салып (алар каалабаса да) баш ийдирүү менен токтотпосун түшүнгөн (Мыйзам 30:19, 20). Кудай бакытка бөлөнүп түбөлүк жашашыбыз үчүн кам көрүп койгон, бирок азыр бизге анын адил жолдору менен жашоону каалаар-каалабасыбызды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат (Аян 14:6, 7). Барбара Кудайдын талаптары менен таанышып, аларды аткарууга чечкиндүү бел байлаган. Ошондой эле ал Жахабанын Күбөлөрүнүн арасында Ыйса айткан сүйүү, тактап айтканда, анын чыныгы жолдоочулары экенин аныктап турган сүйүү бар экенин байкаган (Жакан 13:34, 35).
Барбарага жардам берген нерселер силерге да жардам бере алат.
Маңыздуу жашоо
Турмушу жакшы эле өтүп жаткандай сезилген адамдар да тынчын алган суроолоруна жооп издеши мүмкүн. Мисалы, Улуу Британияда жашаган Мэтью чыныгы Кудайды жана жашоонун маңызын билүүгө ынтызар болчу. Он жети жашында ал атасынан айрылган. Кийинчерээк музыка боюнча жогорку билим алат. Күн өткөн сайын Мэтью байлыктын артынан түшүү курулай убаракерчилик экенин көбүрөөк түшүнө баштаган. Кийин Лондонго көчүп кетип, аяктан наркотик кабыл алып, түнкү клубдарга бара баштайт. Ошондой эле ал астрология, спиритизм менен жана зен-буддизм сыяктуу философиялык окуулар менен алектенет. Булардын баарын жашоодон канааттануу алуу үчүн жасачу. Акыры айласы түгөнүп, Кудайга чындыкты табууга жардам беришин сурап кайрылат.
Эки күндөн кийин ал эски досуна жолугуп калат да, тынчсыздандырган суроолоруна жооп таппай кыйналып жүргөнүн айтат. Досу Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөн болчу. Ал Мэтьюга 2 Тиметейге 3:1—5-аяттарды көрсөткөндө, Мэтью Ыйык Китептин азыркы дүйнөдөгү абалды ушунчалык так сүрөттөп бергенине таң калган. Ал эми өзү Тоодогу насаатты окуганда андагы сөздөр анын жүрөгүн козгогон (Матай 5—7-баптар). Мэтью Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө сын көзкараш менен жазылган маалыматтарды окугандыктан, адегенде эки анжы болуп жүрөт, бирок акыр-аягы жакын жерде жайгашкан Падышалык залына барууну чечет.
Ал жерде айтылгандар Мэтьюга абдан жагып, жыйналыштагы аксакалдардын бири менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Арадан көп өтпөй баягы суроолоруна жооп тапканын, мындайча айтканда, тилегине жооп алганын түшүнгөн. Кудайга жакпаган адаттарынан арылуу ага пайда алып келген. Ошондой эле Кудайдан коркуу сезимин өрчүтүү Кудайдын мыйзамдарына ылайык жашоого түрткү берген. Ошентип, Мэтью мындай жашоо чыныгы маңызга ээ экенин билет (Насаатчы 12:13).
Бул макалада айтылган Мэтью жана башкалардын канааттандырарлык жашоонун жолун табышканы тагдырдын буйругу эмес. Тескерисинче, алар Жахаба Кудайдын парыздарын дилгирлик менен аткаргандардын баарынын анын эң сонун ой-ниетинен пайда алууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билишти (Элчилер 10:34, 35). Анын ой-ниети боюнча, адамдар согуш, оору, ачарчылык, атүгүл өлүм болбогон дүйнөдө түбөлүк өмүр сүрүшөт (Ышайа 2:4; 25:6—8; 33:24; Жакан 3:16). Ушундай дүйнөдө өмүр сүрүүнү каалайт белеңер? Эгерде кааласаңар, Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залында өткөрүлүүчү Ыйык Китепке негизделген жолугушууларынан канааттануу алып келүүчү жашоонун ачкычын кантип табууга болору жөнүндө көбүрөөк биле аласыңар. Силерди жыйналыш жолугушууларына келүүгө чын жүрөктөн чакырабыз.
[7-беттеги сүрөт]
Кудайды ысмынан чакырып, ага чын ыкластан тиленгиле.
Ыйык Китепти анда камтылган окутууларга гана үйрөткөндөр менен изилдегиле.
Падышалык залында өткөрүлүүчү жыйналыштарга баргыла.