Нагыз сооронучту Кайдан табууга болот?
Нагыз сооронучту Кайдан табууга болот?
«Ыйса машайактын кудайы жана атасы... бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат» (2 Корунттуктарга 1:3, 4).
1. Кандай жагдай-шарттардан улам адамдар сооронучка абдан муктаж болушу мүмкүн?
МАЙЫП болуп калган адамга жашоосу ойрон болгондой сезилиши мүмкүн. Жертитирөө, катуу шамал, ачарчылык адамдарды каржы-каражатсыз калтырат. Согуш жакындарынан айрылтат, оокат-мүлкүн таштатып, үй-жайдан бездирет, үйлөрдүн ташталканын чыгарат. Адилетсиздикке дуушар болгондор эч каяктан жардам таппай, баарына кайыл болуп калышы мүмкүн. Ушундай балээлерге туш болгондор сооронучка аябагандай муктаж. Аны кайдан табууга болот?
2. Эмне үчүн Жахаба өзгөчө сооронуч бере алат?
2 Айрым адамдар жана уюмдар бактысыздыкка кабылгандарга жардам берүүгө умтулушат, аларды жылуу сөздөр менен сооротушат, ошондой эле материалдык жардам менен жапа чеккендердин кем-карчын аз-маз толукташат. Бирок 2 Корунттуктарга 1:3, 4). Жахаба бизди кантип сооротот?
келтирилген зыяндын баарын чыныгы Кудай Жахаба гана жок кыла алат жана андай кырсык-каргашалардын кайра эч качан кайталанбашына кам көрө алат. Ыйык Китепте Кудай жөнүндө мындай деп айтылат: «Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы, боорукердиктин жана сооронуунун булагы болгон Кудай Ата макталсын! Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат» (Көйгөйлөрдүн тамырын кыюу
3. Кандайча Кудайдын сооротуусу адамзат көйгөйлөрүнүн тамырын кыят?
3 Адам атанын күнөөсүнүн айынан бүт адамзатка жеткилеңсиздик тукум кууп өткөн жана бул аягы өлүм менен бүтүүчү сансыз көйгөйлөрдү туудурууда (Римдиктерге 5:12). Шайтан Ибилистин «бул дүйнөнүн төрөсү» болгону да жагдайды ого бетер оорлотууда (Жакан 12:31; 1 Жакан 5:19). Жахаба адамзаттын мындай бактысыз абалына боор ооруу менен эле тим болгон эмес. Ал жалгыз өзү жараткан Уулун кун катары берип, адамдарга куткаруу тартуулаган жана Уулуна ишенгендердин Адам атанын күнөөсүнүн кесепеттеринен кутула аларын убадалаган (Жакан 3:16; 1 Жакан 4:10). Ошондой эле Кудай асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийликти алган Ыйса Машайактын Шайтанды жана анын бүт каардуу түзүлүшүн жок кыларын алдын ала айткан (Матай 28:18; 1 Жакан 3:8; Аян 6:2; 20:10).
4. а) Куткарылуу жөнүндөгү убадаларына болгон ишенимибизди бекемдөөгө Жахаба эмне кылып кам көргөн? б) Куткарылуунун качан келерин түшүнүүгө Кудай кантип жардам берет?
4 Кудай биздин анын убадаларына болгон ишенимибизди бекемдөө үчүн, алдын ала айткандарынын баары аткарыларын бышыктаган көп сандаган далилдердин сакталып калышына кам көргөн (Жашыя 23:14). Ал өзүнүн кызматчыларын адамдардын ою боюнча куткарылуу мүмкүн эместей көрүнгөн абалдардан алып чыгып эмне кылганын Ыйык Китепке жаздырган (Чыгуу 14:4—31; 2 Падышалар 18:13—19:37). Ошондой эле Жахаба Ыйса Машайак аркылуу өзүнүн ой-ниетине адамдарды «ар кандай кеселдерден» айыктыруу, жадагалса өлгөндөрдү тирилтүү кирерин көрсөткөн (Матай 9:35; 11:3—6). Мунун баары качан ишке ашат? Жооп катарында Ыйык Китеп Кудайдын жаңы асманы менен жаңы жери келгенге чейинки ушул эски дүйнөнүн акыркы күндөрүн сүрөттөйт. Ыйсанын сүрөттөмөсү биз жашап жаткан убакка дал келет (Матай 24:3—14; 2 Тиметейге 3:1—5).
Кысталышта берилген сооронуч
5. Байыркы Ысрайылды сооротууда Жахаба алардын көңүлүн эмнеге бурган?
5 Жахабанын байыркы Ысрайылга жасаган мамилесинен кыйын кезеңде аларды кантип сооротконун биле алабыз. Ал Ышайа 41:10; 46:1; Жеремия 10:2—15). Жахаба Ышайага: «Менин элимди соороткула, соороткула»,— деп айтып, жалгыз чыныгы Кудайдын улуулугун баса көрсөтүү үчүн пайгамбарына көрсөтмөлүү мисалдарды колдонууга жана Анын жараткан нерселерин сүрөттөөгө түрткү берген (Ышайа 40:1—31).
ысрайылдыктардын эсине өзүнүн кандай Кудай экенин салып турган. Бул алардын Жахабанын убадаларына болгон ишенимин бекемдеген. Ал Өзү — чыныгы жана тирүү Кудай — менен өзүлөрүнө да, табынуучуларына да жардам бере албаган буркандардын ортосундагы айырманы пайгамбарлары аркылуу айкын мисалдар менен көрсөткөн (6. Куткарылуунун качан келерин Жахаба кээде кантип билдирчү?
6 Жахаба өзүнүн элин сооротуу үчүн, кээде аларды куткарар убактысын (жакын болсо да, алыс болсо да) так билдирип турган. Эзилген ысрайылдыктардын Мисирден бошоноруна жакын калганда, Кудай аларга: «Мен фараонду жана мисирликтерди дагы бир жолу жазалайм. Ошондон кийин гана ал силерди бул жерден коё берет»,— деп айткан (Чыгуу 11:1). Жошапаттын тушунда үч өлкөнүн кошууну Жүйүт жерине кол салганда, Жахаба өзүнүн элине «эртең» колдоо көрсөтөрүн айткан (2 Жылнаама 20:1—4, 14—17). Ал эми алардын Бабылдан бошотулары жөнүндө Ышайа 200 жылдай мурун алдын ала жазса, Жеремия жүз жылча калганда кошумча маалымат берген. Куткарылуу жакындап келатканда бул пайгамбарлыктар Кудайдын кызматчыларын кандай гана бекемдеген! (Ышайа 44:26—45:3; Жеремия 25:11—14).
7. Куткарылуу жөнүндөгү убадалар көп учурда эмнелерди камтыган жана Ысрайылдагы ишенимдүү адамдарга бул кандай таасир эткен?
7 Белгилей кетчү нерсе, Кудайдын элине сооронуч алып келген убадалар көп учурда Мессия жөнүндөгү маалыматтарды камтыган (Ышайа 53:1—12). Эчендеген сыноолорго туш болгон ишенимдүү адамдар ал маалыматтардан кылымдар бою үмүт таап келишкен. Лука 2:25те: «Ошол убакта Иерусалимде Шымыйон деген адам жашачу. Ал Ысрайыл элинин сооронор мезгилин [же Мессиянын келерин] күтүп жүргөн, Кудайдан корккон, Ыйык Рухтун жетеги менен жашаган адил адам эле»,— деп айтылат. Шымыйон Ыйык Жазмада Мессиянын келерине байланыштуу үмүт айтылганын билген жана ал үмүттүн ишке ашарын күтүп жашаган. Ал мунун баары кантип орундаларын түшүнгөн эмес жана алдын ала айтылган куткарылуунун жүзөгө ашканын көрүүгө анын өмүрү жеткен эмес, бирок Кудайдын «куткаруусун» Апкелгенди көрүп тааныганда кубанган (Лука 2:30).
Машайак аркылуу
берилген сооронуч8. Көп адамдар Ыйсадан кандай жардам күткөн жана ал кандай жардам берген?
8 Ыйса Машайак жерде кызмат кылып жүргөндө адамдарга дайыма эле алардын оюндагыдай жардамды бере берген эмес. Кээ бирөөлөр жек көрүндү болуп бүткөн Римдин эзүүсүнөн бошото турган Мессияны күтүшкөн. Бирок Ыйса аларды төңкөрүш чыгарууга үгүттөгөн эмес, тескерисинче, «падышага тиешелүүнү падышага... берүүгө» чакырган (Матай 22:21). Кудайдын ой-ниети адамдарды кайсы бир саясый түзүлүштүн үстөмдүгүнөн бошотуудан алда канча көптү камтыган. Эл Ыйсаны өздөрүнө падыша кылып алгысы келген, бирок Ыйса «Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келгенин» айткан (Матай 20:28; Жакан 6:15). Падыша боло турган убакыт али келе элек болчу, ошондой эле бийликти Ыйсага тынчы кеткен калк эмес, Жахаба ыйгармак.
9. а) Ыйса соороторлук кандай кабарды жарыялаган? б) Ыйса өзүнүн кабарынын адамдардын жагдай-шарттарына даба экенин кантип көрсөткөн? в) Ыйсанын кызматы эмнеге негиз салган?
9 Ыйса берген сооронуч «Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабардын» ичине кирген. Бул кабарды Ыйса кайда барбасын жарыялаган (Лука 4:43). Ал Мессиялык Башкаруучу катары адамзатка келечекте эмне кыларын көрсөтүп, ошол кабардын адамдардын күндөлүк кыйынчылыктарына даба экенин белгилеген. Ыйса азап чеккен адамдардын жашоону сүйүшүнө өбөлгө түзгөн: ал сокурлардын көзүн ачып, дудуктарга тил берген (Матай 12:22; Марк 10:51, 52), мунжуларды айыктырган (Марк 2:3—12), жийиркенерлик дарттарды сакайткан (Лука 5:12, 13) жана адамдарды башка дагы азаптуу оорулардан арылткан (Марк 5:25—29). Ыйса баласынан айрылып күйүт тарткандардын балдарын тирилтип, зор жубатуу берген (Лука 7:11—15; 8:49—56). Ыйса коркунучтуу катуу шамалдарды башкарууга жана калың элдин тамак-ашка болгон муктаждыктарын канааттандырууга жөндөмдүү экенин көрсөткөн (Марк 4:37—41; 8:2—9). Андан тышкары, аларды кыйынчылыктарды ийгиликтүү чечүүгө жардам бере ала турган жашоо принциптерине үйрөткөн жана бул алардын жүрөктөрүн Мессиянын тушундагы адилеттүү башкарууга үмүттөндүрмөк. Ошентип, Ыйса кызматын аткарууда кабарды ишеним менен уккандарды эле сооротпостон, адамдардын кийинки миңдеген жылдар бою дем-кубат алышына да негиз салган.
10. Ыйсанын курмандыгынын аркасында эмнелерге ээ боло алабыз?
10 Ыйса адамдык өмүрүн курмандыкка берип, асмандагы жашоого тирилгенден 60 жылдан ашык убакыт өткөн соң, элчи Жакан Кудайдын шыктандыруусу менен: «Балдарым, мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам. Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил арачыбыз Ыйса Машайак бар. Ал — биздин күнөөлөрүбүздүн, биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөсүнүн кунун төлөгөн курмандык»,— деп жазган (1 Жакан 2:1, 2). Ыйсанын жеткилең адам катары берген курмандыгы бизге пайда тийгизип жатканы зор сооронуч берет. Биз күнөөлөрүбүздүн кечирилерин, таза абийирге, Кудай менен жакшы мамилеге жана түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ боло аларыбызды билебиз (Жакан 14:6; Римдиктерге 6:23; Эврейлерге 9:24—28; 1 Петир 3:21).
Ыйык рух — сооротуучу
11. Ыйса өлөрүнүн алдында шакирттерин сооротуу үчүн дагы кандай чара караштырыларын убадалаган?
11 Өмүрүн курмандыкка берердин алдында Ыйса элчилери менен болгон акыркы кечте асмандагы Атасынын аларды сооротуу үчүн караштырган дагы бир чарасы жөнүндө сөз кылган. Ал: «Мен Атамдан өтүнүп сурайм, Атам силерге башка Сооротуучуну [грекче: параклитос], чындык Рухун берет: Ал түбөлүк силер менен болот»,— деп айткан. Анан аларды: «Сооротуучу Ыйык Рух... силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат»,— деп ынандырган (Жакан 14:16, 17, 26). Ыйык рух аларга кантип сооронуч берген?
12. Ыйык рухтун шакирттерге Ыйсанын айткандарын эстөөгө жардам бергени кандайча көп адамдарга сооронуч берип келет?
12
Ыйса элчилерин аябай көп нерселерге үйрөткөн. Албетте, алар көргөндөрүн эч качан унутушпайт болчу, бирок Ыйсанын айткандарын эстеп калышабы? Алардын жеткилең эмес эс-тутумунун айынан маанилүү көрсөтмөлөр унутулуп калбайбы? Ыйса ыйык рухтун ал «айткан сөздөрдүн баарын эстерине саларын» айткан. Ошондуктан Ыйсанын өлүмүнөн сегиз жылдай өткөндөн кийин, Матай биринчи Инжилди, анын ичинде Ыйсанын жан сергиткен Тоодогу насаатын, Падышалыкка тиешелүү көптөгөн көрсөтмөлүү мисалдарын жана Ыйсанын катышуусунун белгиси кеңири талданган билдирүүнү жаза алган. Ал эми 50 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин элчи Жакан Ыйсанын жердеги жашоосунун акыркы күндөрү кеңири баяндалган ишеничтүү билдирүүнү жаза алган. Кудайдан шыктандырылган бул жазмалар адамдарга ушу күнгө дейре күч-кубат берип келет!13. Кандай мааниде ыйык рух Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына окутуучу болгон?
13 Ыйык рух шакирттерге сөздөрдү эстөөгө эле жардам бербестен, аларды үйрөтүп, Кудайдын ой-ниетин толугураак түшүнүүгө жетекчилик берген. Ыйса жерде жүргөндө шакирттери ал айткан айрым нерселерди айкын түшүнүшкөн эмес эле. Бирок кийинчерээк ыйык рухтун жетеги менен Жакан, Петир, Жакып, Жүйүт жана Пабыл Кудайдын ой-ниетинин андан аркы өрчүшүн түшүндүрүп жазышкан. Ошентип, ыйык рух окутуучунун ролун да аткарып, шакирттерди аларды Кудай жетектеп жатканына ынандырган.
14. Ыйык рух Жахабанын элине кандай жолдор менен жардам берген?
14 Ошондой эле ыйык рухтун керемет белектеринин аркасында Кудай жактыруусун эми кадимки Ысрайылга эмес, Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышына берери айкын болгон (Эврейлерге 2:4). Жеке адамдардын жашоосунда көрсөтүлгөн рухтун жемиши Ыйсанын чыныгы шакирттери кимдер экенин аныктоодо да маанилүү роль ойногон (Жакан 13:35; Галаттыктарга 5:22—24). Андан тышкары, рух жыйналыштын мүчөлөрүн тайманбас, эржүрөк күбөлөр кылып бекемдеген (Элчилер 4:31).
Катуу кысымга туш болгондо берилүүчү жардам
15. а) Ыйсанын жолдоочулары мурунтан баштап азыркы убакка чейин кандай кысымдарга дуушар болуп келишет? б) Эмне үчүн башкаларга дем-кубат берип жүргөндөр кээде өздөрү да бекемделүүгө муктаж болушу мүмкүн?
15 Жахабага берилгендик жана ишенимдүүлүк көрсөткөндөрдүн баары кандайдыр бир куугунтукка дуушар болушат (2 Тиметейге 3:12). Бирок Ыйсанын көп жолдоочулары өтө катуу кысымга алынып келишкен. Алсак, азыркы доордо кээ бирөөлөрү сүрмө топтон кордук көрүшкөн, шарттары адам чыдагыс болгон концлагерлерге, түрмөлөргө жана тарбия-эмгек лагерлерине жиберилишкен. Өкмөттөр активдүү куугунтуктоочулардын ролун аткарышкан, же болбосо мыйзамды тоготпогон топтордун жазасыз калышына жол берип келишкен. Ошондой эле Ыйсанын жолдоочулары денсоолугуна же үй-бүлөсүнө байланыштуу кыйынчылыктарга кириптер болушат. Ишенимдештерине оор жагдайларын чечүүгө жардам берип жаткан Ыйсанын жетилген жолдоочусу да кыйын абалга туш болушу мүмкүн. Мындайда башкаларга дем-кубат берип жүргөн адам өзү да бекемделүүгө муктаж болушу ыктымал.
16. Дөөт катуу кысымчылыкка дуушар болгондо кантип жардам алган?
16 Шабул падыша Дөөттүн көзүн тазалоо үчүн артынан сая түшүп жүргөндө, Дөөт Жардамчысы Кудайга кайрылып: «Кудай! Менин сыйынуумду ук,— деп жалбарган.— Сенин канатыңа корголой турайын» (Забур 53:4, 6; 56:2). Дөөт жардам алганбы? Ооба. Ошол учурда Жахаба Гат пайгамбарды жана ыйык кызмат кылуучу Абыйатарды колдонуп, Дөөткө жетекчилик берген жана аны бекемдеш үчүн Шабулдун уулу Жонатанды колдонгон (1 Шемуел 22:1, 5; 23:9—13, 16—18). Ошондой эле Жахаба пелиштиликтердин өлкөгө кол салышына жол берип, Шабулдун Дөөттү куугунтукташына бөгөт койгон (1 Шемуел 23:27, 28).
17. Катуу кысымчылыкта Ыйса жардам сурап кимге кайрылган?
17 Ыйса Машайак өзү да жердеги жашоосу аяктап калганда катуу кысымчылыкка дуушар болгон. Ал өзүнүн жүрүмү асмандагы Атасынын ысымына жана бүт адамзаттын келечегине кандай таасир тийгизиши мүмкүн экенин толук түшүнүп турган. Ал «кыйналып», бүт күчү менен тиленген. Ошол оор учурда Кудай Ыйсага колдоо көрсөтүп, күч-кубат берген (Лука 22:41—44).
18. Катуу куугунтукка алынган Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына Кудай кандай сооронуч берген?
18 Биринчи кылымда жыйналыш негизделгенден кийин Ыйсанын жолдоочулары ушунчалык катуу куугунтукка алынгандыктан, элчилерден башкасынын бардыгы Иерусалимден туш-тушка чачырап кетишкен. Эркектерин да, аялдарын да үйлөрүнөн сүйрөп чыгышкан. Кудай аларга кандай сооронуч берген? Ал өзүнүн Сөзү аркылуу аларды «андан жакшы, түбөлүктүү байлыкка», асманда Машайак менен бирге өтүп кеткис мураска ээ болушарына ынандырган (Эврейлерге 10:34; Эфестиктерге 1:18—20). Шакирттер кабар айтууну улантуу менен Кудайдын рухунун аларга берилип жатканына далил көрүшкөн жана андан аркы окуялар аларды ого бетер кубанткан (Матай 5:11, 12; Элчилер 8:1—40).
19. Пабыл катуу куугунтукка кабылса да, Кудай берген сооронуч жөнүндө кандай ойдо болгон?
19 Кийинчерээк болсо мурда ырайымсыз куугунтуктоочу болгон Шабыл (Пабыл), Ыйсанын жолдоочусу болуп калгандыктан, өзү да куугунтукка алына баштаган. Мисалы, Кипр аралында бир көзбоочу алдамчылык менен Пабылдын кызматына бут тосууга аракеттенген. Галатияда Пабылды ташбараңга алып, аны өлдү деген ойдо таштап кетишкен (Элчилер 13:8—10; 14:19). Македонияда болсо аны таяк менен сабашкан (Элчилер 16:22, 23). Эфесте сүрмө топтун зомбулугуна кабылгандан кийин, ал: «Өтө оор, адам чыдагыс кыйынчылыкка туш болгон элек, тирүү каларыбызга да үмүттөнбөй калганбыз. Өзүбүздү өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардай сезген элек»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 1:8, 9). Бирок ошол эле катында Пабыл ушул макаланын 2-абзацында берилген сооротуучу сөздөрдү жазган (2 Корунттуктарга 1:3, 4).
20. Эмки макалада эмне каралат?
20 Башкаларга канткенде ошондой сооронуч бере аласың? Биздин убакта далайлар көп миңдеген адамдарды каптаган кырсыктын же өзүлөрүнүн башына түшкөн касиреттин айынан кайгырып, сооронучка муктаж болушууда. Кийинки макалада биз ошондой адамдарды кантип соорото аларыбызды карап чыгабыз.
Эсиңердеби?
• Эмне үчүн Кудайдын сооротуусу абдан баалуу?
• Машайак аркылуу кандай сооронуч берилет?
• Кандайча ыйык рух сооротуучу болуп келет?
• Кызматчылары катуу куугунтукка алынганда Кудайдын аларды кантип сооротконуна мисал келтиргиле.
[Изилдөө суроолору]
[23-беттеги сүрөт]
Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, Жахаба өз элин куткаруу менен сооронуч берген.
[24-беттеги сүрөт]
Ыйса адамдарды окутуп, айыктырып, өлгөндөрдү тирилтип соороткон.
[26-беттеги сүрөт]
Ыйса жогорудан жардам алган.