Окурмандардын суроолору
Окурмандардын суроолору
Шайтан Ибилис адамдын оюн окууга жөндөмдүүбү?
Толук ишеним менен айта албасак да, Шайтан жана анын жин-перилери оюбузду окууга, сыягы, жөндөмдүү эмес.
Шайтанга таандык сыпаттама аттардын маанилерине назар салсаңар. Ал Шайтан («душман»), Ибилис («ушакчы»), Жылан («калпычы» дегенге маанилеш), Азгыруучу жана Жалганчы деп аталат (Аюб 1:6; Матай 4:3; Жакан 8:44; 2 Корунттуктарга 11:3; Аян 12:9). Ушул сыпаттама аттардын бири да Шайтандын адамдардын оюн окууга жөндөмү бар экенин айгинелебейт.
Ал эми Жахаба Кудай тууралуу «жүрөктөрдү сынайт» делет (Накыл сөздөр 17:3; 1 Шемуел 16:7; 1 Жылнаама 29:17). Эврейлерге 4:13тө: «Андан жашыруун эч бир жан жок. Анын көз алдында баары ачык-айкын. Анын алдында жооп беребиз»,— деп айтылат. Жахаба, албетте, Уулу Ыйсаны да жүрөктөрдү сыноого жөндөмдүү кылган. Тирилтилген Ыйса өзүн «адамдын ички дүйнөсүн жана жүрөгүн Сыноочу» деп атап: «Ар бириңерге иштериңерге жараша тиешеңерди берем»,— деген (Аян 2:23).
Ыйык Китепте Шайтандын адамдардын жүрөгүн жана акыл-оюн биле алары жөнүндө айтылбайт. Мунун жүйөсү бар, анткени элчи Пабыл «[Шайтандын] арам ойлору бизге белгилүү» экенин ырастаган (2 Корунттуктарга 2:11). Андыктан Шайтан бизге такыр белгисиз кандайдыр бир кудуреттүү жөндөмгө ээ деп коркуунун кажети жок.
Бирок бул Душманыбыздын биздин алсыздыктарыбызды жана «талуу жерлерибизди» биле албайт дегенди билдирбейт. Шайтан адам баласынын жүрүм-турумун атамзамандан бери изилдеп келет. Жүрүм-турумдун кандай эрежелерине карманууга чечкиндүү экенибизди баамдоо үчүн, кандай көңүл ачууга умтулуп жатканыбызды байкоо үчүн же эмне жөнүндө сүйлөп жатканыбызды угуу үчүн, Шайтанга оюбузду окуунун кереги жок. Биздин жүзүбүз менен жаңсоолорубуз да эмне жөнүндө ойлоп, эмне сезип жатканыбызды билдире алат.
Бирок Шайтан негизинен Эйден багында колдонгон айла-амалдарын эле колдонот. Анын куралдары — алдамчылык, куулук жана туура эмес маалымат (Башталыш 3:1—5). Ыйсанын жолдоочулары катары биз Шайтан оюбузду окуй алат деп коркпосок да, ал акылыбызга кандай ойлорду салууга аракеттениши мүмкүн деп сак болушубуз зарыл. Ал биздин «акылыбыздан айнышыбызды, чындыктан алыстап кетишибизди» каалайт (1 Тиметейге 6:5). Андыктан Шайтандын дүйнөсүнүн бузуку маалымат менен адепсиз көңүл ачууларды улам көбөйтүп жаткандыгы анчейин таң калыштуу эмес. Мындай чабуулга туруштук берүү үчүн, Ыйсанын жолдоочулары өздөрүнүн акылын «куткаруу туулгасын» кийүү менен коргошу керек (Эфестиктерге 6:17). Ан үчүн алар өздөрүнүн ой-акылын ыйык китептик чындыктар менен сугарып, Шайтандын дүйнөсүнүн бузуку таасирлеринен оолак болууга умтулушат.
Шайтан — айбаттуу душман. Бирок андан жана анын жин-перилеринен коркуунун зарылдыгы жок. Жакып 4:7 бизди: «Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деп ынандырат. Ушул кеңешке ылайык иш кылсак, Ыйсага окшоп, биз да «үстүбүздөн Шайтандын эч кандай бийлиги жок» деп айта алабыз (Жакан 14:30).