Сүйүүнүн эң күчтүү түрү
Сүйүүнүн эң күчтүү түрү
ГРЕК ЖАЗМАЛАРЫНДА, башкача айтканда, Жаңы Келишимде кездешкен «сүйүү» деген сөздөрдүн дээрлик баары — ага́пи деген грек сөзүнүн котормосу.
«Жазманы түшүнүү» * (англ.) аттуу эмгекте бул термин мындайча түшүндүрүлөт: «[Ага́пи], адамдар ойлогондой, ынак мамилеге эле негизделген сезим эмес, ал — эрк менен күчтү талап кылган, милдет, адептүүлүк жана принциптер менен жетектелген, туура нерсеге таянып чын ниеттен башка бирөөнүн жыргалчылыгын көздөгөн „моралдык“ же „социалдык“ сүйүү. Ага́пи (сүйүү) бирөөнү жаман көрүүгө, туура принциптерди бузууга жана өч алууга эч качан жол бербейт».
Мындан сырткары, ага́пи өзүнө күчтүү сезимдерди да камтыйт. Элчи Петир: «Бири-бириңерге болгон сүйүүңөр [ага́пи] күчтүү болсун»,— деп үндөгөн (1 Петир 4:8, ЖД). Демек, ага́пини көрсөтүүдө акыл-эс эле эмес, жүрөк да катышат деп айтууга болот. Сүйүүнүн ушул түрү канчалык күчтүү жана кеңири чагылдырыларын көрсөткөн айрым аяттарды карап көрсө болот. Төмөндө ошондой аяттардын айрымдары берилди: Матай 5:43—47; Жакан 15:12, 13; Римдиктерге 13:8—10; Эфестиктерге 5:2, 25, 28; 1 Жакан 3:15—18; 4:16—21.
[Шилтемелер]
^ 3-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.