Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын күнүн күтүп жатасыңарбы?

Жахабанын күнүн күтүп жатасыңарбы?

Жахабанын күнүн күтүп жатасыңарбы?

«Силер Жахабанын күнүнүн катышуусун күтүп жана эсиңерде бек сактап, ыйык жүрүм-турумуңар жана Кудайга берилгендигиңер менен кандай адамдардан болушуңар керек!» (2 Петир 3:11, ЖД).

1, 2. Жахабанын күнүн күтүүгө карата кандай мисал келтирсе болот?

ТҮШКҮ тамакка чакырылган конокторду күтүп жаткан үй-бүлөнү элестетсеңер. Алардын келер убактысы тездик менен жакындоодо. Зайып тамак-ашын даярдап, акыркы камылгаларын көрүү менен алек. Ага күйөөсү менен балдары кол кабыш кылып, бардыгын даярдап бүтүшкөнүн такташууда. Ар бири коноктордун келишин жана даамдуу тамак-аштын үстүндө алар менен жагымдуу пикир алышууну чыдамсыздык менен күтүүдө.

2 Ыйсанын жолдоочулары катары биз андан да маанилүү нерсени күтүп жатабыз. Эмнени? Биз «Кудайдын күнүн» күтүүдөбүз! Ал күн келгенче, Михей пайгамбардай болуп: «Мен Жахабаны карайм. Мен куткаруумдун Кудайын күтөм»,— деген маанайда болушубуз керек (Михей 7:7, МАК). Бул эч нерсе кылбай күтүп отура берүүнү билдиреби? Жок, али дагы көп иш аткарылышы керек.

3. Ыйсанын жолдоочулары, 2 Петир 3:11-аятка ылайык, кандай маанайга ээ болушу керек?

3 Элчи Петир бизге күтүү менен бирге туура маанайда болууга жардам берет. Ал: «Силер Жахабанын күнүнүн катышуусун күтүп жана эсиңерде бек сактап, ыйык жүрүм-турумуңар жана Кудайга берилгендигиңер менен кандай адамдардан болушуңар керек!» — дейт (2 Петир 3:11, ЖД). Бул сүйлөмдүн илептүү сүйлөм экенине көңүл бурсаңар. Петир бул жерде суроо берип жаткан жок. Кудайдын жетеги астында жазган эки катында тең ал Ыйсанын жолдоочулары кандай болушу керектигине токтолгон. Ошондой эле аларды өздөрүнүн «ыйык жүрүм-турумунан жана Кудайга берилгендигинен» жазбоого үндөгөн. Ыйса Машайак «дүйнөнүн акырынын» белгилерин айтып өткөндөн 30 жылдай өтсө да, анын жолдоочулары сергек бойдон калууга тийиш эле (Матай 24:3). Алар Жахабанын күнүн «күтүп жана эстеринде бек сактап» жашашы керек болчу.

4. Жахабанын күнүн «эсте бек сактоо» деген эмнени билдирет?

4 Бул жерде «эсте бек сактоо» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «тездетүү» деген маанини туюнтат. Албетте, биз Жахабанын күнүн түз мааниде «тездете» албайбыз. Себеп дегенде Ыйса Машайактын өзүнүн Атасынын душмандарын соттоо үчүн келе турган «күнүн да, саатын да билбейбиз» (Матай 24:36; 25:13). Бир маалымдама эмгекте түшүндүрүлгөндөй, «тездетүү» деген сөздүн этиштик формасы бул жерде «„шашылуу“ [дегенди билдирет] жана „ынталуу, жигердүү, бир нерсеге кызыкдар болуу“ деген мааниге жакын». Демек, Петир ишенимдештерин Жахабанын күнүн эңсеп күтүүгө чакырган. Алар ал күндү эч качан эстен чыгарбай эңсеп күтө алышмак (2 Петир 3:11). Жахабанын «улуу, коркунучтуу күнүнө» абдан аз калгандыктан, биз да ошондой маанайда болушубуз керек (Жоел 2:31).

«Ыйык жүрүм-турум» менен күтөбүз

5. Жахабанын күнүн көрүүнү эңсеп жатканыбызды кантип көрсөтө алабыз?

5 Жахабанын күнүнөн аман өтүүнү эңсеп жатканыбызды биз «ыйык жүрүм-турумубуз жана Кудайга берилгендигибиз менен» айгинелейбиз. «Ыйык жүрүм-турум» деген сөз айкашы Петирдин төмөнкү чакырыгын эсибизге салат: «Билбестиктен баткан мурунку кумарларыңарга кайрадан ык албагыла, тескерисинче, тил алуу үчүн тандалган балдар катары бардык жүрүш-турушуңар ыйык болсун, анткени силерди чакырып алган Кудай ыйык. Себеби Ыйык Жазууда: „Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын“,— деп жазылган» (1 Петир 1:14—16).

6. Ыйык болуш үчүн, эмне кылышыбыз керек?

6 Ыйык болуш үчүн, биз денебизди, акылыбызды, адеп-ахлактуулугубузду жана рухийлигибизди таза сакташыбыз керек. Жахабанын күнүнө анын ысмын алып жүргөн адамдар катары өзүбүздү ыйык сактоо менен даярданып жатабызбы? Бүгүн дүйнөнүн адеп-ахлак нормалары күндөн күнгө төмөндөп бараткандыктан, андай тазалыкты сактоо оңой эмес (1 Корунттуктарга 7:31; 2 Тиметейге 3:13). Биздин адеп-ахлак нормаларыбыз дүйнөнүкүнөн айырмаланабы? Эгер айырмаланбаса, тынчсызданууга себеп бар. Дүйнөнүкүнөн жогору болсо да, биз карманган нормалар төмөндөп бараткан жокпу? Төмөндөп баратса, бүт күчүбүздү жумшап, иштин жайын Кудайга жаккыдай кылып оңдоо зарыл.

7, 8. а) «Ыйык жүрүм-турумдун» маанилүүлүгүн кантип унутуп коюшубуз мүмкүн? б) Жагдайды оңдоо үчүн эмне талап кылынат?

7 Интернетте порнография пайда болуп жана аны эч кимге көрүнбөй көрүүгө шарт түзүлгөндөн бери, медицина илимдеринин доктору билдиргендей, кээ бир адамдар мурун мындай адеп-ахлаксыз материалдарды көрө алышпаса, эми өздөрүнүн «сексуалдык кумарларын канааттандыруунун түгөнгүс булагын» табышууда. Эгерде биз Интернеттен мындай ыпылас сайттарды издей турган болсок, анда Ыйык Китептин «таза эмес нерселерге тийбегиле» деген буйругун четке каккан болмокпуз (Ышайа 52:11). Бул чынында эле «Жахабанын күнүнүн катышуусун... эсибизде бек сактап» жатканыбызды көрсөтмөкпү? Ал күндү оюбузда алыстатып, азыр акылыбыз ыпылас нерселер менен булганып атса да, аны тазартууга али убакыт болот деп ойлоп жаткан жокпузбу? Эгер мындай көйгөйүбүз бар болсо, Жахабага кайрылып, «курулай убаракерчиликти көрбөшүбүз» үчүн «көзүбүздү бурушун» жана бизге «Өзүнүн жолунда жүргөнгө кайрат беришин» суранганыбыз өтө зарыл! (Забур 118:37).

8 Жахабанын Күбөлөрүнүн басымдуу бөлүгү жаш-кары дебей Кудайдын адеп-ахлактык бийик нормаларын сактап, өздөрүн дүйнөнүн азгырыктарынан оолак кармашат. Алар кандай убакта жашап жатканыбызды жана Петирдин «Теңирдин күнү ууру сыяктуу келет» деген сөзүн унутпай, өздөрүнүн «жүрүм-туруму» ыйык экенин көрсөтүп келишүүдө (2 Петир 3:10). Алардын иш-аракеттери «Жахабанын күнүнүн катышуусун күтүп жана [өздөрүнүн] эсинде бек сактап» жатышканын далилдеп турат *.

«Кудайга берилгендик» менен күтөбүз

9. Кудайга берилгендигибиз бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

9 Жахабанын күнүн эсибизде сактоого «Кудайга берилгендик» да зор жардам берет. «Кудайга берилгендик» Ага урмат-сый көрсөтүүнү билдирет. Ал эми мындай урмат-сый бизге анын алдында туура иштерди кылууга түрткү берет. Кудайга берилгендигибиз аны жан-дилибизден сүйөрүбүздү көрсөтөт. «Ал бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт» (1 Тиметейге 2:4). Кудай «эч кимдин өлүшүн каалабайт», тескерисинче, «бардыгы Өзүнөн кечирим алышын» күтөт (2 Петир 3:9). Анда Жахабага берилгендигибиз бизге башкаларга аны таанып-билүүгө жана тууроого жардам берүүдө дагы да көбүрөөк күч-аракет жумшашыбызга түрткү бериши керек эмеспи? (Эфестиктерге 5:1).

10. Эмне үчүн «байлыкка азгырылуудан» этият болушубуз керек?

10 Эгер баарынан мурда Кудайдын Падышалыгын издесек, дайыма Кудайга берилгендикте жашайбыз (Матай 6:33). Буга материалдык нерселерге тең салмактуу кароо кирет. Ыйса: «Абайлагыла, дүнүйөкордуктан сак болгула! Анткени адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес»,— деп эскерткен (Лука 12:15). Акчага болгон сүйүүдөн улам акылыбыздын сокур болуп калышын элестетүү кыйындыр, бирок «бул дүйнөнүн түйшүгү жана байлыкка азгырылуу» Кудайдын «сөзүн басып салышы» мүмкүн экенин унутпашыбыз кажет (Матай 13:22). Жашоого каражат табуу кээ бирөөлөр үчүн оңойго турбашы мүмкүн. Андыктан айрым өлкөлөрдө көп адамдар, өздөрүнүн жашоо шартын жакшыртуу үчүн, байыраак өлкөгө барып иштөө ылайыктуу деп ойлошот. Андай учурда үй-бүлөлөрүн бир нече жылга калтырып кетүүгө туура келиши мүмкүн. Андайлар Кудайдын элинин арасында да жок эмес. Башка өлкөгө барып иштеп, алар үй-бүлөлөрүн заманбап ыңгайлуулуктар менен камсыз кылууга жетиши ыктымал. Бирок үйдө калган жакындарынын рухий абалы кандай болот? Тийиштүү башчылык көрүшпөсө, алар Жахабанын күнүнөн аман өтүүгө жарактуу рухийликке ээ болушабы?

11. Кудайга берилгендик байлыктан маанилүү экенин бир адам кантип көрсөткөн?

11 Филиппиндик бир адам Жапонияга иштегени барып, ал жерден Жахабанын Күбөлөрүнөн ыйык китептик чындыкты тааныган. Ыйык Жазмадан башчылык кылуу жоопкерчилиги тууралуу билген соң, ал өзүнүн үй-бүлөсүнө Жахабанын сыйынуучуларынан болууга жардам бериши керектигин түшүнгөн (1 Корунттуктарга 11:3). Мекенинде калган аялы анын жаңы динине аябай каршы болуп, үй-бүлөсүн ыйык китептик чындыктарга үйрөтүү үчүн үйгө кайтып келгендин ордуна андан ары да акча жөнөтүп турушун каалаган. Бирок күйөөсү убакыттын аз калганын түшүнгөндүктөн, жакындары үчүн тынчсызданып, үйүнө кайтып барган. Анын үй-бүлөсүнө көрсөткөн сүйүүсү менен чыдамдуулугу өз жемишин берген: убакыттын өтүшү менен баары чыныгы сыйынууга кошулуп, аялы толук убакыт кызмат кыла баштаган.

12. Эмне үчүн рухий иштерди биринчи орунга коюшубуз керек?

12 Биздин жагдайды өрттөнүп жаткан үйдөгү адамдардын жагдайына салыштырууга болот. Күйүп ураганы калган үйдө чыйпылыктап ары-бери чуркап, оокат-буюмдарыбызды сактап калууга аракеттенгенибиз акылдуулукка жатат беле? Анын ордуна өзүбүздүн, жакындарыбыздын жана ошол үйдө жашаган башка адамдардын өмүрүн сактап калуу алда канча маанилүү эмеспи? Анын сыңарындай, бул каардуу түзүлүштүн кыйроосу жакындагандан жакындап келатат жана адамдардын өмүрү кылдын учунда турат. Ошондуктан биз рухий иштерди биринчи орунга коюп, адамдардын өмүрүн куткаруу үчүн Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине ынталуулук менен катышышыбыз керек (1 Тиметейге 4:16).

«Таза» болушубуз зарыл

13. Жахабанын күнү келгенде кандай абалда болууну каалайбыз?

13 Күтө билүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Петир: «Сүйүктүү бир туугандар, ошону күтүп жаткандыктан, [Кудайдын] алдында таза, кемчиликсиз, тынчтык менен келүүгө аракеттенгиле»,— дейт (2 Петир 3:14). Ыйык жүрүм-турумга жана Кудайга берилгендикке үндөөдөн тышкары, Петир Кудайдын алдында Ыйсанын кымбат баалуу каны менен тазартылган адамдардан болуунун маанилүүлүгүн баса көрсөткөн (Аян 7:9, 14). Ан үчүн адам Ыйсанын курмандыгына ишенип, Жахабага арналган жана чөмүлтүлгөн кызматчы болушу керек.

14. «Таза» болуу деген эмнени билдирет?

14 Петир бизди «таза» бойдон калууга аракеттенүүгө чакырат. Ыйсанын жолдоочулары катары биз жүрүм-турумубузду жана инсандыгыбыздын «кийимин» таза сактап, дүйнөгө булгатпай алып жүрөбүзбү? Кийимибизге так түшүп калганын байкаганыбызда, аны дароо кетирүүгө аракеттенебиз. Эгер жакшы көргөн кийимибиз булганып калса, аны өзгөчө кылдаттык менен тазалайбыз. Инсандыгыбыздагы же жүрүм-турумубуздагы кандайдыр бир кемтиктин айынан каймана кийимибиз булганып калганда да ошентебизби?

15. а) Эмне үчүн ысрайылдыктар кийимдеринин этегине чачыларды жасоого тийиш болушкан? б) Эмнеге Жахабанын азыркы кызматчылары дүйнөдөгүлөрдөн айырмаланып турат?

15 Ысрайылдыктар «кийимдеринин этегине чачыларды» жасап, «ал чачыларды кийимдеринин этегине көк жүндөн жасалган жип менен тигүүгө» тийиш эле. Эмне үчүн? Жахабанын осуяттарын эстеп, аларды аткарып, өздөрүнүн Кудайынын алдында ыйык болуш үчүн (Сандар 15:38—40). Жахабанын кызматчылары катары биз анын мыйзамдарын жана принциптерин сактап, дүйнөдөгүлөрдөн айырмаланып турабыз. Биз, мисалы, адеп-ахлактык тазалыкты сактайбыз, кандын ыйык экенин түшүнөбүз жана бурканга табынуучулуктун бардык түрлөрүнөн качабыз (Элчилер 15:28, 29). Бизди көптөр өзүбүздү кемчиликсиз алып жүрүүгө чечкиндүү болгонубуз үчүн урматташат (Жакып 1:27).

«Кемчиликсиз» болушубуз керек

16. «Кемчиликсиз» бойдон калууга эмне кирет?

16 Петир «кемчиликсиз» бойдон калышыбыз керектигин да белгилейт. Канткенде кемчиликсиз боло алабыз? Такты, адатта, жууп же тазалап кетирсе болот, ал эми кетирилген кемчиликти жууп же тазалап кетирүү оңой эмес. Кемчилик адамдын ичиндеги кандайдыр бир туура эмес нерсени, катаны билдирет. Элчи Пабыл Филипидеги ишенимдештерин: «Бул дүйнөдө жылдыздай жаркырап турушуңар үчүн, кежир, бузулган бул муундун арасында Кудайдын таза, кемчиликсиз, кемтиксиз уулдары болушуңар үчүн, бардыгын наалыбастан, шектенбестен [«талашпастан», «Инжил»] кылгыла»,— деп чакырган (Филипиликтерге 2:14, 15). Анын кеңешине кулак каксак, биз наалыгандыктан жана талаш-тартыштардан качып, Кудайга таза ниет менен кызмат кылабыз. «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды» таратууга бизге Жахабага жана жакындарыбызга болгон сүйүү түрткү берет (Матай 22:35—40; 24:14). Андан тышкары, биз жакшы кабарды, адамдардын көбү башкаларга Кудайды таанып-билүүгө жана анын Сөзүн, Ыйык Китепти, изилдөөгө жардам берүүдө эмне үчүн убактыбызды аябаарыбызды түшүнбөсө да, жарыялай беребиз.

17. Жыйналыштагы артыкчылыктарга кандай ниет-максат менен умтулушубуз керек?

17 Биз «кемчиликсиз» бойдон калууну каалагандыктан, бардык умтулууларыбызды, максат-ниеттерибизди текшерип турганыбыз абзел. Биз, дүйнөдөгүлөрдөй болуп, өз кызыкчылыктарыбызды ойлоп иш кылуудан, мисалы, байлыкка же бийликке умтулуудан баш тарттык. Эгер жыйналыштагы артыкчылыктарга умтулуп жатсак, келгиле, ниет-максаттарыбызды таза сактап, дайыма Жахабага жана башкаларга болгон сүйүүгө жетектелели. Рухий эркектердин «көзөмөлчүлүккө умтулууда» Жахабага жана ишенимдештерине момундук менен кызмат кылууга болгон каалоосун жана кубанычын көрүү кандай жагымдуу! (1 Тиметейге 3:1; 2 Корунттуктарга 1:24). Ооба, аксакал болуп кызмат кылууга жарактуулар «Кудайдын... үйүрүн... чын көңүлдөн, Кудайга жаккандай, өздөрүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн эмес, ынталуулук менен, Анын энчисинин үстүнөн үстөмдүк кылуу менен эмес, үйүргө үлгү болуу менен кайтарышат» (1 Петир 5:1—4).

«Тынчтыкта» болушубуз зарыл

18. Жахабанын Күбөлөрү кайсы сапаттары менен таанылуу?

18 Акырында Петир бизди «тынчтыкта» болууга чакырат. Бул талапка ылайык жашаш үчүн, биз Жахаба менен жана жакындарыбыз менен тынчтыкта болушубуз керек. Петир «бири-бирибизди ынталуулук менен сүйүүнүн» жана ишенимдеш биртуугандарыбыз менен тынчтыкта болуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт (1 Петир 2:17; 3:10, 11; 4:8; 2 Петир 1:5—7). Тынчтыкты сакташ үчүн, бири-бирибизди сүйүшүбүз керек (Жакан 13:34, 35; Эфестиктерге 4:1, 2). Ортобуздагы сүйүү жана тынчтык, айрыкча, эларалык жыйындарда даана байкалат. 1999-жылы Коста-Рикага эларалык жыйынга учуп келген делегаттарды тосуп жатып жергиликтүү биртуугандар аэропортто соода кылган сатуучунун соода кылган жайын байкабастан тосуп калышканда ал нааразы болгон эле. Бирок экинчи күнү Күбөлөр делегаттарды тааныбаганына карабай жадырап тосуп алып жатканда, ал киши алардын ортосундагы сүйүүнү, тынчтыкты көргөн. Акыркы күнү болсо аларга кошулуп конокторду тосушкан да, кийин Ыйык Китепти изилдөөгө жардам сураган.

19. Ишенимдештерибиз менен тынчтыкта болууга умтулуу эмне үчүн абдан маанилүү?

19 Рухий биртуугандарыбыз менен тынчтыкта болууга чын ыкластан умтулганыбыз Жахабанын күнүн жана убадаланган жаңы дүйнөнү ынтызарлык менен күтүп жатканыбызды көрсөтөт (Забур 36:11; 2 Петир 3:13). Мисалы, кайсы бир ишенимдешибиз менен тынчтыкта болуу бизге оңой эмес деп коёлу. Анда аны менен бейиште ынтымактуу жашап жатканыбызды элестете алабызбы? Эгер биртууганыбыздын бизге каршы бир нерсеси бар болсо, биз аны менен дароо элдешүүгө тийишпиз (Матай 5:23, 24). Жахаба менен тынчтыкта болууну кааласак, биртууганыбыз менен тынчтыкта болгонубуз абдан зарыл (Забур 34:27; 1 Жакан 4:20).

20. Жахабанын күнүн күтүп жатканыбызды кантип көрсөтүшүбүз керек?

20 «Жахабанын күнүнүн катышуусун» ар бирибиз «күтүп жана эсибизде бек сактап» жатабызбы? Мыйзамсыздыктын жок болушун эңсеп жатканыбызды азыркы адеп-ахлаксыз дүйнөдө ыйык бойдон калып жатканыбыз менен айгинелейбиз. Андан тышкары, Жахабанын күнүнүн келишин жана Падышалыктын башкаруусунун тушунда жашоону самап жатканыбыз Кудайга берилгендигибизден айкын көрүнөт. Ошондой эле тынчтык өкүм сүргөн жаңы дүйнөдөгү жашоону күтүп жатканыбызды азыр ишенимдештерибиз менен тынчтыкта болууга умтулганыбыз менен айкындайбыз. Ошентип, биз «Жахабанын күнүнүн катышуусун күтүп жана эсибизде бек сактап» жатканыбызды көрсөтөбүз.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Буга байланыштуу мисалдарды төмөнкү адабияттардан карагыла: «Күзөт мунарасы», 2000-жыл, 1-январь, 30-бет жана «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китеби», 1997-жыл, 51-бет (ор.).

Эсиңердеби?

• «Жахабанын күнүнүн катышуусун эсте бек сактоо» деген эмнени билдирет?

• Жахабанын күнүн күтүп жатканыбызды кандайча жүрүм-турумубуз менен көрсөтөбүз?

• «Кудайга берилгендик» көрсөтүү эмне үчүн маанилүү?

• Жахабанын «алдында таза, кемчиликсиз, тынчтыкта» болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Жахабанын күнүн күтүп жатканыбыз ыйык жүрүм-турумубуздан көрүнөт.

[10-беттеги сүрөт]

Падышалык тууралуу кабар айтуу иши адамдарга куткаруу тартуулайт.

[12-беттеги сүрөт]

Жахабанын күнүн күтүүдө башкалар менен тынчтыкта болууга умтулалы.