Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Туура ойлонуп, акылмандык менен иш кыл

Туура ойлонуп, акылмандык менен иш кыл

Туура ойлонуп, акылмандык менен иш кыл

ТӨМӨНКҮДӨЙ жагдайды элестетип көрсөңөр: Ыйса Машайак Иерусалимдеги диний душмандарынын аны кыйнап, анан өлтүрүшөрүн түшүндүрүп жатат. Буга анын жакын досу элчи Петир ишене албай турат. Андыктан ал Ыйсаны четке алып чыгып, анын айткандарына каршылыгын билдирет. Петирдин Ыйса үчүн чын жүрөктөн тынчсызданып жатканында шек жок. Бирок Ыйса анын оюна кандай баа берет? «Кет менден, Шайтан! — дейт Ыйса.— Сен Мага тузак коюп жатасың. Анткени сенин ойлоруң Кудайдын эмес, адамдын ойлору» (Матай 16:21—23).

Петирге бул кыйла эле катуу тийсе керек! Жардам, колдоо көрсөтмөк турсун, Петир бул жолкусунда сүйүктүү Устатына «тузак» болуп калган. Кандайча? Сыягы, Петир өзү ишенгиси келген нерсеге гана ишенип, адамдык ой жүгүртүүгө алдырып койгон көрүнөт.

Эрдемсинүүдөн кач

Туура ойлонууга эрдемсинүүчүлүк тоскоолдук кылат. Элчи Пабыл Ыйсанын байыркы Корунттагы жолдоочуларын: «„Туруп турам“,— деп ойлогон адам жыгылып калуудан сак болсун»,— деп эскерткен (1 Корунттуктарга 10:12). Эмне себептен? Кыязы, ал адамдын ой жүгүртүүсү тез эле бузулуп кетиши, жадагалса Ыйсанын жолдоочуларынын акылы «Машайакка болгон жөнөкөйлүктөн жана тазалыктан четтеп... адашышы» мүмкүн экенин билген (2 Корунттуктарга 11:3).

Андай адашууга Пабылдын ата-бабаларынын бүтүндөй мууну дуушар болгон. Ошол убакта Жахаба аларга: «Менин ойлорум — силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум — силердин жолдоруңар эмес»,— деп айткан (Ышайа 55:8). Алар «өздөрүн акылдуу эсептешкендиктен» каргашага дуушар болушкан (Ышайа 5:21). Андыктан канткенде туура ойлонуп, андай каргашадан кача аларыбызды карап көргөнүбүз жөндүү.

Пенделик ой жүгүртүүдөн оолак бол

Корунттуктардын кээлери пенделик ой жүгүртүүнүн таасирине алдырып жүрүшкөн (1 Корунттуктарга 3:1—3). Алар Кудайдын Сөзүнө караганда адамдык философияларга көбүрөөк басым жасашчу. Албетте, ал кезде грек ойчулдары эң акылдуу адамдардан деп эсептелчү. Бирок Кудайдын көз алдында алар акылсыз эле. Пабыл мындай деген: «Ыйык Жазууда: „Даанышмандардын даанышмандыгын жок кылам, акылмандардын акылын четке кагам“,— деп жазылган. Даанышман кайда? Мыйзамды окутуучу кайда? Бул дүйнөнүн билерманы кайда? Бул дүйнөнүн акылмандуулугун Кудай акылсыздыкка айландырган жокпу?» (1 Корунттуктарга 1:19, 20). Андай акылмандар Кудайдын рухуна эмес, «дүйнөнүн рухуна» жетектелишкен (1 Корунттуктарга 2:12). Алардын философиялары жана ойлору Жахабанын ойломуна ылайык эмес болчу.

Мындай пенделик ой жүгүртүүнүн башкы булагы — Обону азгыруу үчүн жыланды колдонгон Шайтан Ибилис (Башталыш 3:1—6; 2 Корунттуктарга 11:3). Ал биз үчүн дагы деле коркунуч туудурабы? Ооба! Кудайдын Сөзүндө көрсөтүлгөндөй, Шайтан адамдардын акылын ушунчалык караңгылатып, «бүткүл ааламды азгырууда» (2 Корунттуктарга 4:4; Аян 12:9). Анын арам ойлорунан сак болгонубуз кандай гана маанилүү! (2 Корунттуктарга 2:11).

«Адамдык амалкөйлүктөн» абайла

Элчи Пабыл «адамдык амалкөйлүктөн» сак болуу керектигин да эскерткен (Эфестиктерге 4:14). Ал өздөрүн чындыкты кабарлагандай көрсөтүп, бирок чынында аны бурмалаган «алдамчы кызматчылар» менен кагылышкан (2 Корунттуктарга 11:12—15). Өздөрүнүн максатына жетиш үчүн, андай адамдар бир жактуу далилдерди, сезимдерди козгогон сөздөрдү, адаштырарлык жарым-жартылай чындыкты, кыйытма-жанытма сөздөрдү, атүгүл ачык жалганды колдонушу мүмкүн.

Башкаларды каралоо үчүн, үгүтчүлөр «секта» деген сыяктуу сөздөрдү көп колдонушат. Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясына жолдонгон бир рекомендацияда жаңы диний топторду иликтеген бийлик адамдарына «бул аталманы колдонуудан баш тартуу кеңеш кылынган». Эмне үчүн? Себеби ал сөз ашкере терс мааниге ээ. Анын сыңарындай, грек ойчулдары элчи Пабылды «келжирек» же сөзмө-сөз «урук терүүчү» деп кордошкон. Муну менен алар аны билимдин күкүмдөрүн гана терип-тепчип кайталай берген тантык деп атагысы келген. Бирок, чындыгында, Пабыл «Ыйса... жана тирилүү жөнүндө жарыялап жүргөн» (Элчилер 17:18).

Үгүтчүлөрдүн ыкмалары натыйжалуу болуудабы? Ооба. Алар адамдардын башка улуттар же диндер жөнүндөгү түшүнүгүн бурмалап, этникалык жана диний жек көрүүнүн туулушуна чоң салым кошушат. Көптөр терс үгүттөрдү анча таанылбаган азчылыктардын баркын түшүрүү үчүн колдонушат. Адольф Гитлер жүйүттөрдү жана башкаларды «арам», «мокочо» жана мамлекет үчүн «коркунуч туудургандар» деп сыпаттап, андай ыкманы натыйжалуу колдоно билген. Амалкөйлүктүн мындай түрүнүн ой жүгүртүүңдү уулантышына эч качан жол бербе (Элчилер 28:19—22).

Өзүңдү алдаба

Биз өзүбүздү-өзүбүз алдашыбыз да мүмкүн. Калыптанып калган, жүрөгүбүзгө жакын болгон ой-пикирлерибизден арылуу же аларга шек келтирүү оңойго турбашы мүмкүн. Эмне себептен? Себеби көзкараштарыбыз бара-бара жандүйнөбүзгө терең сиңип калат. Ошондо туура эмес ой жүгүртө башташыбыз: жаңылыштыкты, жалган нерселерди актоого шылтоо издеп, өзүбүздү-өзүбүз алдашыбыз ыктымал.

Ыйсанын I кылымдагы айрым жолдоочулары ошенте башташкан. Алар Кудайдын Сөзүн билишкен, бирок анын өздөрүнүн ой жүгүртүүсүн жетектешине жол беришкен эмес. Натыйжада «өздөрүн алдашкан» (Жакып 1:22, 26). Эгерде кимдир бирөө көзкарашыбыздын тууралыгына шек келтиргенде кыжырдана турган болсок, анда биз да өзүбүздү-өзүбүз алдап жүргөн болобуз. Кыжырдангандын ордуна, калыс болуп, өз пикирибиздин туура экенине көзүбүз жетип турса да, башкалардын айткан кебин кунт коюп укканыбыз акылмандыкка жатат (Накыл сөздөр 18:17).

Кудай жөнүндө билим алууга умтул

Туура ойлонуу үчүн эмне кылууга болот? Бизге көп жардам сунуш кылынат, ал эми ал жардамды алыш үчүн ынтызарлык менен күч-аракет жумшашыбыз керек. Акылман падыша Сулайман мындай деген: «Уулум! Эгерде менин сөздөрүмдү кабыл алсаң, менин акыл-насааттарымды өзүңдө сактай турган болсоң, анда кулагыңды акылмандыкка төшөйсүң, жүрөгүңдү ой жүгүрткөнгө бурасың. Эгерде сен билимди издесең, акылга кайрылсаң, аны күмүштү издегендей издесең, аны кенчтей издеп тапсаң, анда Теңирден коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң, Кудай жөнүндө билесиң» (Накыл сөздөр 2:1—5). Ооба, эгерде акылыбызды жана жүрөгүбүздү Кудайдын Сөзүндөгү чындыктар менен толтурууга жекече күч-аракет жумшасак, чыныгы акылмандыкка, түшүнүккө жана кыраакылыкка жетебиз. Булар болсо күмүштөн же башка асыл буюмдардан алда канча баалуу (Накыл сөздөр 3:13—15).

Акылмандык менен билимдин туура ойлонууга зор өбөлгө түзөрү шексиз. Кудай Сөзүндө: «Акылмандык жүрөгүңө киргенде, билим жаныңа жакканда, сени эстүүлүк сактап жүрөт, акыл кайтарып жүрөт, жаман жолдон, жалган айткан адамдан сактайт, караңгы жолдо жүрүш үчүн түз жолду таштагандардан [сактайт]»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 2:10—13).

Көңүлүбүз чөккөндө же коркунуч алдында турганда, ой жүгүртүүбүздүн Кудайдын ойлоруна жетектелиши өзгөчө маанилүү. Каардануу же коркуу сыяктуу күчтүү сезимдер туура ойлонууга тоскоол болушу мүмкүн. «Оорчулук акылдууну акылсыз иш кылууга түртүшү мүмкүн»,— дейт Сулайман (Насаатчы 7:7, ЖД). Атүгүл «Теңирге кыжырданышыбыз» да ыктымал (Накыл сөздөр 19:3). Кантип? Мисалы, Кудайды, кыйынчылыктардын айынан анын мыйзамдары менен принциптерин бузганыбызды айтып, күнөөлөшүбүз мүмкүн. Баарын билем деп ойлобой, келгиле, бизге Ыйык Жазма аркылуу жардам берүүгө умтулган акылман кеңешчилерди момундук менен угалы. Ошондой эле, зарыл болсо, бекем карманып келген көзкараштарыбыздын туура эмес экенин билгенде, алардан арылууга даяр бололу (Накыл сөздөр 1:1—5; 15:22).

«Кудайдан сура»

Биз кыйын жана опурталдуу убакта жашап жатабыз. Туура ойлонуп, акылмандык менен иш кылуу үчүн, Жахабадан жетекчилик сурап, дайыма тиленип турушубуз зарыл. Пабыл: «Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла. Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Ыйса Машайак аркылуу сактайт»,— деп жазган (Филипиликтерге 4:6, 7). Көкөй кести көйгөйлөргө же сыноолорго туруштук берүүгө акылмандык жетишпей жатса, «баарына берешендик менен, жемелебестен берген Кудайдан сурашыбыз» зарыл (Жакып 1:5—8).

Элчи Петир ишенимдеш биртуугандарынын акылмандыкка муктаж экенин билип, аларды «туура ой жүгүртүүгө чакырууга аракет кылган». Ал алардын «Теңирдин [«Эгенин», СК] жана Куткаруучунун [Ыйса Машайактын] элчилер аркылуу берген осуяттарын унутпоосун» каалаган (2 Петир 3:1, 2). Ал осуяттарды эсибизде сактасак жана ой жүгүртүүбүздү Жахабанын Сөзүнө шайкеш келтирсек, дайыма туура ойлонуп, акылмандык менен иш кылабыз.

[30-беттеги сүрөт]

Философтор (солдон оңго): Эпикур (Photograph taken by courtesy of the British Museum); Цицерон (Reproduced from The Lives of the Twelve Caesars; Платон (Roma, Musei Capitolini).

Ыйсанын алгачкы жолдоочулары адамдык философияга эмес, Кудайдын акылмандыгына жетектелишкен.

[31-беттеги сүрөт]

Тиленүү жана Кудай Сөзүн изилдөө абдан маанилүү.