Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн башкалардан толук көзкаранды болбой жашай албайбыз?

Эмне үчүн башкалардан толук көзкаранды болбой жашай албайбыз?

Эмне үчүн башкалардан толук көзкаранды болбой жашай албайбыз?

«Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы... Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат»,— деген Сулайман падыша.

ЫСРАЙЫЛ падышасы Сулайман: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат. Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылса тургузары жок жалгыз адамга кайгы»,—деген (Насаатчы 4:9, 10). Адам баласынын табиятын жакшы билген Сулайман бул сөздөрү менен пикирлешүү менен достук мамилелерге ар бирибиздин муктаж экенибизди жана башкалардан оолактоонун натууралыгын баса белгилеген. Бирок бул анын гана көзкарашы эмес. Сулаймандын айткандары Кудайдан келген акылмандыкты чагылдырып турат.

Элден бөлүнүү акылдуулукка жатпайт. Адамдар бири-бирине муктаж. Ар бирибиз башкалардын бекемдөөсүнө, жардамына муктажбыз. Ыйык Китептеги накыл сөздө: «Бөлүнө берген кыйкым издейт, акылдуу нерсенин баарын талашка коёт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 18:1, МАК). Ушундан улам эмне үчүн социологдор адамдарды кайсы бир топко мүчө болуп, башкаларга кызыгуу көрсөтүүгө үндөшөрү түшүнүктүү.

Профессор Роберт Путнам коомдук жашоону калыбына келтирүүгө карата берилген сунуштардын бирин — «Кудайдын бар экенине болгон ишенимди бекемдөө» керектигин — айткан. Бул жагынан Жахабанын Күбөлөрүнүн үлгүсү көңүл бурарлык: алар дүйнө жүзүндөгү үй-бүлөгө окшогон жыйналыштарынан бейкуттук табышууда. Элчи Петирдин сөзүнө ылайык, алар «Кудайдан корккон» «бүт боордоштукту сүйүшөт» (ЖД) (1 Петир 2:17). Күбөлөр чыныгы сыйынууга байланышкан көптөгөн иштер менен алектенгендиктен да башкалардан оолактоодон жана анын кесепеттеринен качышат: алар ар дайым жакындарына Кудай Сөзүндөгү, Ыйык Китептеги, чындыкты билүүгө жардам берүүгө аракет кылып келишет (2 Тиметейге 2:15).

Сүйүү менен достук мамилелердин таасири

Жахабанын Күбөлөрү ар бир мүчөсү баалуу болуп эсептелген коомчулукту түзөт. Латын америкалык бир үй-бүлөдөгү Мигел, Фройлан жана Алма-Рут деген биртуугандардын мисалдарын карап көрөлү. Алар сөөк ткандарынын эргежээлдикке алып баруучу кемтиги менен төрөлүшкөн. Үчөө тең майыптар коляскасын колдонушат. Жахабанын Күбөлөрү менен пикирлешүү алардын жашоосуна кандай таасир эткен?

Мигел: «Мен башыман аябай оор учурларды кечирип келгем, бирок Жахабанын эли менен пикирлеше баштаганымдан тартып жашоом өзгөрдү. Эч кимге кошулбай, жалгыз жүрүү абдан опурталдуу. Жыйналышта ишенимдештер менен пикирлешүү, алар менен жума сайын жолугушууларда чогуу болуу канагаттануу алуума абдан жардам берди»,— дейт.

Алма-Рут: «Кээде көңүлүм аябай чөгүп, капаланчумун. Бирок Жахаба тууралуу билгенимде, аны менен тыгыз мамиле өрчүтө аларымды түшүндүм. Бул жашоомдогу эң маанилүү нерсеге айланды. Үйдөгүлөр да аябай колдоо көрсөтүштү, мунун аркасында үй-бүлөбүздүн биримдиги ого бетер чыңалды»,— деп кошумчалайт.

Мигелдин атасы ага сүйүүсү менен окуганды жана жазганды үйрөткөн. Анан Мигел бул жагынан Фройлан менен Алма-Рутка жардам берген. Бул рухийлигин сактоо үчүн абдан маанилүү эле. «Тамга таануу бизге көп нерсе берди, себеби Ыйык Китепти жана ыйык китептик адабияттарды окуп, рухий жактан тамактанып калдык»,— дейт Алма-Рут.

Мигел азыр жыйналыштын аксакалы. Фройлан Ыйык Китепти тогуз жолу окуп чыкты. Алма-Рут болсо 1996-жылдан тартып пионер, Падышалыктын толук убакыттагы кызматчысы, болуп Жахабага кылган кызматын кеңейткен. Ал: «Бул максатка Жахабанын жардамы менен жеттим. Ишенимдеш сүйүктүү эже-сиңдилерим жөлөк-таяк болушуп, мага кабар айтууда эле эмес, окутууда да жардам беришет. Учурда 11 ыйык китептик изилдөө өткөрүп жатам»,— дейт.

Эмилия да жакшы үлгү берүүдө. Ал кырсыкка кабылып, эки буту менен омурткасын кокустатып алгандыктан майыптар коляскасын колдонууга мажбур болгон. Эмилия Мехикодо Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдеп, 1996-жылы чөмүлтүлгөн. Ал минтип айтып берет: «Чындыкты тааныганга чейин, өзүмдү өзүм өлтүргүм келчү; жашагым келчү эмес. Эч нерсеге кызыкчу эмесмин, күнү-түнү ыйлачумун. Жахабанын эли менен пикирлеше баштагандан тартып биртуугандардын сүйүүсүн сездим. Алар мага жекече кызыгуу көрсөтүшөт, а мен мындан зор күч-кубат аламын. Бир аксакал мага ары биртууганымдай, ары атамдай болуп калды. Ал жана кээ бир кызмат жардамчылары коляскам менен жолугушууларга жана кабарга да алып барышат».

Хосе 1992-жылы Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлгөн. Азыр 70 жашта, жалгыз жашайт. 1990-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Хосе мурда депрессиядан кыйналчу. Бир жолу Жахабанын Күбөсү менен маектешип, ошондон тартып алардын жыйналыштарына бара баштаган. Ага аяктан көргөндөрү менен уккандары жакчу. Маселен, ал биртуугандарды достук мамилелер байланыштырып турарын жана анын өзүнө көрсөтүлгөн жекече кызыгууну байкаган. Азыр ага жыйналышындагы аксакалдар менен кызмат жардамчылары кам көрүшүүдө (Филипиликтерге 1:1; 1 Петир 5:2). Хосе үчүн ишенимдештери зор «өбөк» (Колостуктарга 4:11, ЖД). Алар аны доктурга алып барышат, үйүндө жүргөндө, көргөнү келишет. Төрт жолу операция жасалганда да биртуугандар аны кубаттап-бекемдеп турушту. Хосе: «Ишенимдештерим мен үчүн тынчсызданышат. Алар менин үй-бүлөм болуп калды. Алар менен болууну жакшы көрөм»,— дейт.

Берүү чындап бактылуу кылат

Сулайман падыша «жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы» деп, кара жанды карч уруп байлык топтоонун куру-бекердигин айткандан кийин билдирген (Насаатчы 4:7—9). Тилекке каршы, бүгүн көптөр дал ушундай кылып жатышат, бирок ошонусу менен үй-бүлөсү жана андан сырткаркы чөйрөдөгү адамдар менен болгон мамилелеринен баш тартып жатышканын эсепке алышпайт.

Көптөр ачкөздүк, өзүмчүлдүк рухунан улам элден оолакташууда. Бирок андай рухтун таасирине алдыруу көңүл кайттылыкка, үмүтсүздүккө алып келгендиктен, алар өздөрүн бактысыз сезишип, эч нерседен канааттануу таппай кыйналышууда. Ал эми, жогорудагы мисалдар көрсөтүп тургандай, Жахабага кызмат кылып, аны жана жакындарын сүйгөндөр менен пикирлешүү зор пайда алып келет. Жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз баруу, ишенимдештердин колдоосу менен камкордугу, ошондой эле кызматка ынталуу катышуу — ушунун баары элден оолактоо менен байланышкан терс ой-сезимдерди жок кылууда зор роль ойнойт (Накыл сөздөр 17:17; Эврейлерге 10:24, 25).

Бири-бирибизге муктаж болгондуктан, башкаларга жардам берүүдөн кубаныч алышыбыз табигый нерсе. Эмгеги башкаларга пайда берген Альберт Эйнштейн: «Адамдын баалуулугу... анын алууга болгон даярдыгы менен эмес, берүүгө болгон даярдыгы менен аныкталат»,— деп айткан. Бул Эгебиз Ыйса Машайактын: «Алганга караганда берген жакшы»,— деген сөзүнө шайкеш (Элчилер 20:35). Бизге сүйүү көрсөтүлсө жакшы, бирок аны башкаларга көргөзө билүү да абдан пайдалуу.

Көптөгөн жылдар бою жыйналыштарды кыдырып, рухий жактан жардам берген жана каражаты чектелүү ишенимдештерине сыйынуу жайларын курууга көмөктөшкөн бир кыдыруучу көзөмөлчү ой-сезимдери менен мындайча бөлүшөт: «Биртуугандарыма кызмат кылуудан алган кубанычым жана алардын жүздөрүнөн көрүнүп турган ыраазычылык мындан ары да аларга жардам берүүнүн жолдорун издөөгө түрткү берип турат. Башкаларга жекече кызыгуу көрсөтүү бакыт тартуулаарын өз тажрыйбам тастыктады. Биз, аксакалдар, „шамалдан коргоочу коргонучтай... чөлдөгү суу булагындай, какшыган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй“ болушубуз керектигин да билем» (Ышайа 32:2).

Чогуу жашоо кандай жакшы!

Башкаларга жардам берип, Жахабага кызмат кылгандар менен достошуу пайдалуу экени жана чындап бактылуу кылары айкын. Забурчу бийик үн менен: «Бир туугандардын чогуу жана ынтымактуу жашаганы кандай жакшы, кандай сонун!» — деген (Забур 132:1). Мигел, Фройлан жана Алма-Руттардын мисалы көрсөтүп тургандай, бири-бирине колдоо көрсөтүүдө үй-бүлөнүн биримдиги негизги ролду ойнойт. Чыныгы Кудайга үй-бүлө менен бирге сыйынуу — чоң бата! Петир күйөөлөр менен зайыптарга айткан насаатынан кийин: «Ошентип, баарыңар бир ойдо болгула, кайрымдуу болгула, бир туугандарыңарды сүйгүлө, боорукер жана момун болгула»,— деп жазган (1 Петир 3:8).

Чыныгы достук эмоционалдык да, рухий да жактан зор пайда алып келет. Элчи Пабыл ишенимдештерине кайрылып: «Коркокторго кайрат бергиле, алсыздарды колдогула, баарына чыдамдуулук көрсөткүлө... Ар дайым бири-бириңерге жана бардыгына жакшылык кылгыла»,— деп чакырган (1 Тесалоникалыктарга 5:14, 15).

Андыктан башкаларга жардам бергенге мүмкүнчүлүк издегиле. «Бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы», анткени бул жашообузду маңыздуу кылып, бейкуттук, канагаттануу табууга жардам берет (Галаттыктарга 6:9, 10). Шакирт Жакып: «Эгерде бир тууганыңардын киер кийими, ичер тамагы жок болсо, силердин араңардан бирөө ага: „Тынчтык менен баргыла. Жылуу кийингиле, курсагыңарды тойгузгула“,— десе, бирок денесине керектүүнү бербесе, анда эмне пайда?» —деп жазган (Жакып 2:15, 16). Жооп айдан ачык. Биз «өзүбүздү гана эмес, өзгөнү да ойлошубуз» керек (Филипиликтерге 2:4).

Жахабанын Күбөлөрү башкаларга өзгөчө жагдайларда же табигый кырсык болгондо материалдык жактан жардам бергенден тышкары, жакындарына абдан маанилүү жол менен, тактап айтканда, Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар айтуу менен кызмат кылып жатышат (Матай 24:14). Үмүт жана сооротуу берген ушул кабарды айтууга 6 000 000дон ашуун Күбөнүн катышып жатканы алардын башкаларга чыныгы сүйүү жана жекече кызыгуу көрсөтөрүн далилдеп турат. Ыйык Жазманын негизинде берилген жардам адам баласынын дагы бир муктаждыгын канааттандырат. Ал кандай муктаждык?

Эң маанилүү муктаждыкты канааттандыруу

Чындап бактылуу болуу үчүн, Кудай менен тийиштүү мамиледе болушубуз керек. Бир китепте мындай деп айтылат: «Ар кайсы жерлерде жана бардык мезгилдерде, адамзат тарыхынын башталышынан азыркы күнгө чейин адам өзүнөн жогору, күчтүү деп эсептеген бирөөгө кайрылуу каалоосун сезип келет. Бул дин адамдын табиятына таандык экенин жана илимий жактан да четке кагылбашы керектигин көрсөтүп турат. [...] Дүйнө жүзүндөгү бардык адамдардын өзүнөн жогору турган бирөөнү издегени жана ага ишенгени бизди сестентип, таң калтырып, ардактоо сезимин туудурушу керек» (Кресси Моррисон, «Man Does Not Stand Alone»).

Ыйса Машайак: «Рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу»,— деп айткан (Матай 5:3, ЖД). Адам башкалардан көпкө оолактаса, өзүнүн жыргалчылыгына доо кетирет. Бирок Жаратканыбыздан оолактоо мындан да олуттуу (Аян 4:11). «Кудай жөнүндө» билип, билгендерибизди турмушта колдонуу жашообузда маанилүү орундуу ээлеши керек (Накыл 2:1—5). Ооба, биз рухий муктаждыктарыбызды канааттандырууга чечкиндүү болушубуз зарыл, себеби биз башкаларсыз жана Кудайсыз жашай албайбыз. Бактылуу болуу жана жашоодон чындап канагаттануу алуу «Жер үстүндөгү Эң Жогорку» Кудай Жахаба менен жакшы мамиледе болуудан көзкаранды (Забур 82:19).

[4-беттеги сүрөт]

«Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы...бирөө жыгылса, экинчиси тургузат» (Сулайман падыша).

[5-беттеги сүрөт]

Мигел: «Мен башыман аябай оор учурларды кечирип келгем,бирок Жахабанын эли менен пикирлеше баштаганымдан тартып жашоом өзгөрдү».

Алма-Рут: «Жахаба тууралуу билгенимде, аны менен тыгыз мамиле өрчүтө аларымды түшүндүм».

[6-беттеги сүрөт]

Эмилия: «Чындыкты тааныганга чейин... эч нерсеге кызыкчу эмесмин».

[7-беттеги сүрөт]

Кудайдын чыныгы кызматчылары менен пикир алышуу рухий муктаждыкты канагаттандырууга жардам берет.