Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бала тарбиялоо оңой эмес милдет

Бала тарбиялоо оңой эмес милдет

Бала тарбиялоо оңой эмес милдет

КҮҮГҮМ кирип калган. Кафенин ээси аны жаап коюп үйүнө кетүүгө даярданууда. Аңгыча эле эки аял кирип, тамак заказ кылышат, биринин ээрчиткен баласы бар. Кафенин ээси абдан чарчагандыктан адегенде жумуш убактысынын бүткөнүн айткысы келет, бирок кайра аларды тейлөөнү чечет. Аялдар тамак ичип сүйлөшүп отурганда, бала залда ары-бери чуркап, жерге түшкөн печенийин тебелеп-тепсеп ойноп жүрөт. Баласын тыйгандын ордуна апасы жылмайып гана тим болот. Ошентип, алар кеткен соң, тырп этерге алы жок тиги киши кайрадан кафесин жыйноого аргасыз болот.

Бул окуядан көрүнүп тургандай, өзүңөргө да белгилүү болсо керек, көпчүлүк үй-бүлөлөрдө балдарды тарбиялоо жагы аксап жатат. Мунун себептери көп. Айрым ата-энелер балдарга такыр чек койбоо керек деген ойдо болгондуктан аларга оюна келгендин баарын кылууга уруксат берип коюшат. Балдарына жетиштүү убакыт бөлүүгө, аларды тарбиялоого чолосу тийбеген ата-энелер да жок эмес. Кээ бирлер баланын билим алышын баарынан маанилүү деп эсептешкендиктен, баласы мектептен жакшы баа алып, келечекте жакшы жогорку окуу жайына тапшырууга умтулса, ага дээрлик эч кандай чектөө коюшпайт.

Анткен менен айрымдар ата-энелер да, жалпы коомчулук да асыл нарктар тууралуу оюн өзгөртүшү керек дешет. Алар балдардын ар түрдүү кылмыштарга катышып жатышканын жана мектептен зордук-зомбулук көрсөтүлгөн учурлар күн санап өсүп баратканын айтышууда. Сеулдагы (Корея республикасы) бир орто мектептин директору баланы тарбиялоодо баарынан мурда анын инсандык сапаттарын калыптандыруу маанилүү экенин баса белгилеп: «Бала жакшы сапаттарды өрчүткөн соң, ага билим бере баштаса болот»,— дейт.

Баласынын жогорку окуу жайына тапшырып, жашоосунда албан-албан ийгиликтерге жетишин каалаган көп ата-энелер азыр айтылып жаткан эскертүүлөргө көңүл бурушпайт. Силер балаңардын кандай адам болушун каалайсыңар? Жоопкерчиликтүү жана адеп-ахлактуу болушунбу? Башкаларга көңүл бөлө билген, маанайы жакшы жана жаңы жагдайларга ылайыкташа алган адам болушунбу? Анда эмки макалага көңүл буруңуздар.