Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамзат чындап гүлдөй турган заман

Адамзат чындап гүлдөй турган заман

Адамзат чындап гүлдөй турган заман

ДЕЙВИД *, Кудайдын кызматчысы, Америка Кошмо Штаттарына барып иштеп келүүнү чечкен. Ал аялы менен балдарынан алыс кетүүнү каалабаса да, көбүрөөк акча табуу менен алардын жашоо шартын жакшырта аларына ишенген. Ошондуктан туугандарынын чакырыгы менен Нью-Йоркко барып, ал жактан жумушка орношкон.

Бирок бир нече айдан кийин Дейвид чыгарган чечиминин тууралыгына шектене баштаган. Рухий иштерге убактысы аз болуп калгандыктан, ишеними алсырап кеткен. Дейвид адеп-ахлаксыздыкка азгырылып кеткенден кийин гана ойлонуп, өзүнө келген. Ал материалдык жыргалчылыкка умтулуу менен өзү үчүн маанилүү болгон нерселерге көңүл бурбай калган. Акыры жашоосун өзгөртүү керектигин түшүнгөн.

Жыл сайын көптөгөн адамдар, Дейвидге окшоп, өздөрүнүн турмушун оңдоо максатында кедей өлкөлөрдөн башка жерлерге көчүп барышат. Тилекке каршы, мунун айынан алардын көпчүлүгү рухийлигин жоготуп алат. Буга байланыштуу мындай суроо туулат: адам байлыкка умтулуп жашоо менен Кудайдын жактыруусуна ээ боло алабы? Аттуу-баштуу жазуучулар жана диний кызматкерлер муну мүмкүн деп эсептешет. Бирок Дейвид жана башкалар ачуу тажрыйбасынан ынангандай, дүнүйөгө умтулуу менен Кудайдын жактыруусуна ээ болуу мүмкүн эмес (Лука 18:24).

Акчанын өзү жаман эмес

Акчаны адамдар ойлоп тапканын баарыбыз билебиз. Ойлоп табылган башка көп нерселер сыяктуу эле, акчанын өзү жаман эмес. Ал — болгону, алмашуу каражаты. Эгер аны туура колдонсок, көп жагынан пайда алып келет. Мисалы, Ыйык Китепте «акча коргой» алары айтылат. Акча, айрыкча, жакырчылыкка байланыштуу көйгөйлөрдөн коргойт (Насаатчы 7:12, «БМК»). Кээде айрымдарга «бардыгын күмүш чече» тургандай сезилет (Насаатчы 10:19).

Ыйык Жазма жалкоолукту айыптап, тырышчаактык менен эмгектенүүгө үндөйт. Биз үйбүлөбүзгө кам көрөбүз жана ашыкча каражатыбыз болсо, муктаж болгондорго жардам беребиз (Эфестиктерге 4:28; 1 Тиметейге 5:8). Андан сырткары, Ыйык Китеп бизди жеке кызыкчылыктарыбыздан таптакыр кечип салууга үндөбөйт. Тескерисинче, колубузда бар нерсеге кубанууга, «өз үлүшүбүздү» алууга жана эмгегибиздин үзүрүн көрүүгө чакырат (Насаатчы 5:18—20). Ошондой эле Ыйык Китепте Кудайга ишенимдүү болгон бай адамдар жөнүндө билдирүүлөр бар.

Кудайга ишенимдүү болгон бай адамдар

Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Ыбрайымдын көп сандаган майда жана бодо малы, алтын-күмүшү, ошондой эле жүздөгөн кызматчылары болгон (Башталыш 12:5; 13:2, 6, 7). Аюб да бай адамдардын катарына кирген. Анын көптөгөн майда жана бодо малы, кулдары, алтыны, күмүшү болгон (Аюб 1:3; 42:11, 12). Бүгүнкү күндүн чен-өлчөмү менен алганда да, ал адамдардын байлыгы өтө көп болгон, бирок алар рухий жактан да бай болушкан.

Элчи Пабыл Ыбрайымды «ишенгендердин атасы» деп атаган. Ыбрайым мал-мүлкүнө байланган сараң адам болгон эмес (Римдиктерге 4:11; Башталыш 13:9; 18:1—8). Ошо сыяктуу эле Аюбду Кудай «кемчиликсиз, адилеттүү» деп сыпаттаган (Аюб 1:8). Ал кедей-кембагалдарга жардам берүүгө дайым даяр болгон (Аюб 29:12—16). Ыбрайым да, Аюб да байлыгына эмес, Кудайга таянышкан (Башталыш 14:22—24; Аюб 1:21, 22; Римдиктерге 4:9—12).

Ошондой адамдардын дагы бири — Сулайман падыша. Иерусалимдеги тактынын мурасчысы катары ага Кудайдан акылмандык эле эмес, көп байлык жана атак-даңк берилген (1 Падышалар 3:4—14). Ал жашоосунун басымдуу бөлүгүн Кудайга берилгендик менен өткөргөн. Бирок улгайып калган кезинде Сулаймандын «жүрөгү... Кудай-Теңирге толук берилбей» калган (1 Падышалар 11:1—8). Анын кайгылуу тажрыйбасынан байлыктын кеңири жайылган кээ бир тузактары жөнүндө биле алабыз. Алардын айрымдарына токтолуп көрөлү.

Байлыктын тузактары

Байлыктын бир тузагы — адамдын акча менен дүнүйөнү сүйүп калышы. Байлыкка умтулган адам колунда бар нерсеге алымсынбай, тойбостук менен дагы көп нерселерди каалай берет. Сулайман мындай көрүнүштү башкаруусунун алгачкы жылдарында башкалардан байкаган. Ал: «Күмүштү сүйгөн адам күмүшкө тойбойт. Байлыкты сүйгөн адам андан пайда таппайт. Бул да курулай убаракерчилик!» — деп жазган (Насаатчы 5:9). Ыйса да, Пабыл да Кудайдын кызматчыларына акчага болгон сүйүүнүн арты жамандык менен бүтөрүн эскерткен (Марк 4:18, 19; 2 Тиметейге 3:2).

Эгер биз акчаны кандайдыр бир нерсени ишке ашыруунун каражаты катары көргөндүн ордуна ага баш-отубуз менен кызыгып кете турган болсок, анда адеп-ахлаксыз иштерге, анын ичинде калпычылыкка, уурулукка жана чыккынчылыкка оңой эле азгырылып кетишибиз ыктымал. Элчилердин бири Жүйүт Искариот өзүнүн Устатын 30 күмүш теңгеге сатып жиберген (Марк 14:11; Жакан 12:6). Акча сүйүүчүлүктүн айынан айрымдар Кудайга эмес, акчага сыйынып кетишкен (1 Тиметейге 6:10). Ошондуктан Кудайдын кызматчысы көп акча табууну каалап жатса, ал өзүнүн ниетин чынчылдык менен текшерип көрүшү керек (Эврейлерге 13:5).

Байлыктын артынан сая түшүүнүн анча көп байкала бербеген да коркунучтары бар. Биринчиден, адам көп байлыкка ээ болуу менен өзүнө гана таяна баштайт. Ыйса «байлыкка азгырылуу» жөнүндө айтканда, ошону эске алган (Матай 13:22). Ыйык Китепти жазууга катышкан Жакып Ыйсанын жолдоочуларына акча менен иш алып барууда Кудайды унутпоону эскерткен (Жакып 4:13—16). Акча кандайдыр бир деңгээлде адамды башкалардан көзкарандысыз кылгандыктан, акчасы көптөр Кудайга эмес, өз каражатына көбүрөөк таянып кетиши мүмкүн (Накыл сөздөр 30:7—9; Элчилер 8:18—24).

Экинчиден, жогоруда сөз кылынган Дейвид ынангандай, байлыктын артынан сая түшүү, адатта, адамдын убактысын жана күчүн алып, акырындык менен рухий жактан аксатып коёт (Лука 12:13—21). Андан сырткары, бай адамдар колунда бар нерселерин, негизинен, көңүл ачууга же жеке кызыкчылыктарына гана пайдаланып калышы мүмкүн.

Сулайман рухийлигин эмне үчүн жоготуп алган? Майкөл-сүткөл жашоо кандайдыр бир деңгээлде анын акылын караңгылатып койгон көрүнөт (Лука 21:34). Кудайдын башка элдердин кыздарына үйлөнүүгө тыюу салганын жакшы билсе да, Сулайман убакыттын өтүшү менен миңге жакын аял алган (Мыйзам 7:3). Ал чет элдик аялдарына жагынуу үчүн диндер аралык иштерге катышкан. Жогоруда айтылып өткөндөй, бара-бара Сулаймандын жүрөгү Жахабадан алыстап кеткен.

Бул мисалдар Ыйсанын: «Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар»,— деген кеңешинин калетсиздигин айкын көрсөтүп турат (Матай 6:24). Анда Ыйсанын жолдоочулары бүгүнкү күндө экономикалык кыйынчылыктар менен кантип күрөшө алышат? Андан да маанилүүсү, келечекте жакшы жашоо болоруна кандай үмүт бар?

Келечекте адамзат чындап гүлдөйт

Ыбрайымдан, Аюбдан жана ысрайыл элинен айырмаланып, Ыйсанын жолдоочулары шакирт даярдоо тапшырмасын аткарышууда (Матай 28:19, 20). Ан үчүн бизге убактыбызды, күчүбүздү жумшоого жана башка иштерди экинчи орунга коюуга туура келет. Демек, ийгиликтин ачкычы Ыйсанын чакырыгына кулак кагууда. Ал: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет»,— деген (Матай 6:33).

Үйбүлөсүнөн жана рухийлигинен ажырап кала жаздаганда Дейвид өзүнө келген. Ал Ыйык Китепти изилдөөнү, тиленүүнү, кызматты кайрадан биринчи орунга койгондо, Ыйса убадалагандай, калган нерсенин баары өз нугуна түшө баштаган. Бара-бара аялы жана балдары менен болгон мамилеси калыбына келген. Дейвид кайрадан кубанычка бөлөнүп, жашоосу маңыздуу боло баштаган. Ал азыр да жан үрөп иштейт, анткени асмандан акча жаабай турганына көзү жеткен. Ошентсе да өзүнүн ачуу тажрыйбасынан көп нерселерге үйрөнгөн.

Дейвид Америка Кошмо Штаттарына барып иштегени акылмандыкка жатпаганын түшүнүп, чечим чыгарууда эч качан акчанын таасирине алдырбоого бел байлаган. Эми ал жашоодогу эң баалуу нерселерди — үйбүлөнүн бактысын, чыныгы досторду жана Кудай менен болгон мамилени — акчага сатып алууга болбоорун жакшы билет (Накыл сөздөр 17:17; 24:27; Ышайа 55:1, 2). Албетте, адеп-ахлактык тазалык материалдык байлыктан алда канча баалуу (Накыл сөздөр 19:1; 22:1). Азыр Дейвид үйбүлөсү менен Падышалыктын иштерин биринчи орунга коюуга чечкиндүү (Филипиликтерге 1:10).

Адамзаттын чындап гүлдөгөн коомду түзүүгө жумшаган күч-аракеттери дагы деле майнапсыз болууда. Бирок Кудай өзүнүн Падышалыгынын башкаруусу астында материалдык жана рухий нерселердин мол болорун жана адамдардын жакшы жашаарын убадалаган (Забур 71:16; Ышайа 65:21—23). Ыйса чындап бактылуу болушубуз рухийликтен көзкаранды экенин айткан (Матай 5:3, «ЖД»). Ошондуктан, байбызбы же жакырбызбы, рухий нерселерди биринчи орунга койсок, Кудайдын жакындап келаткан жаңы дүйнөсүнө, гүлдөгөн жашоого эң сонун даярдана алабыз (1 Тиметейге 6:17—19). Ал заманда адамзат материалдык жактан да, рухий жактан да чындап гүлдөйт.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.