Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»

«Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»

«Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»

«Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз» (Римдиктерге 14:12).

1. Үч жаш эврей кандай жоопкерчиликти аркалай билишкен?

БАБЫЛ жеринде жашаган үч жаш эврейдин өмүрү кылдын учунда турат. Алар кандай чечим чыгарат: мамлекеттин мыйзамына баш ийип, килейген бурканга табынышабы же андан баш тартып, жалындап күйүп турган мешке ыргытылабы? Шадрах, Мейшах, Абет-Негонун кимдир бирөө менен кеңешүүгө убактысы жок, антүүнүн зарылдыгы да жок. Алар олку-солку болбостон: «Падыша, сага маалым болсун, биз сенин кудайларыңа кызмат кылбайбыз, сен орноткон алтын бурканга табынбайбыз»,— деп айтышат (Даниел 3:1—18). Бул үч эврей оор кырдаалда өз жүгүн өздөрү көтөргөн.

2. Пилаттын Ыйсага байланыштуу чечимин чынында ким чыгарган жана бул аны жоопкерчиликтен бошотконбу?

2 Андан алты кылымдай өткөндөн кийин, Жүйүт жериндеги өкүмдар элдин бир адамга койгон айыптоолорун угат. Ишти териштирген соң ал айыпталуучунун күнөөсүз экенине ынанат. Бирок эл аны өлүм жазасына тартууну талап кылганда, өкүмдар муну четке кагууга аракеттенип көрүп, акырында элдин кысымына бой сунат. Жоопкерчиликти өзүнө алгысы келбегенин көрсөтүп, ал колун жууйт да: «Бул адил Адамдын каны үчүн Мен күнөөлүү эмесмин»,— деп айтат. Анан тиги адамды мамыга кадоо үчүн элдин колуна өткөрүп берет. Демек, өз жоопкерчилигин аркалап, Ыйса Машайакка байланыштуу калыс чечим чыгаргандын ордуна, Понтий Пилат өзү үчүн башкалардын чечим чыгарышына жол берип койгон. Колун канча жуубасын, Ыйсага адилетсиз өкүм чыгарганы үчүн ал баары бир жооптуу болгон (Матай 27:11—26; Лука 23:13—25).

3. Башкалардын биз үчүн чечим чыгарышына эмне үчүн жол бербешибиз керек?

3 Сен жөнүндө эмне айтууга болот? Чечим чыгаруу керек болгондо, сен үч эврейдикиндей маанай чагылдырасыңбы же башкалардын сен үчүн чечим чыгарышына жол бересиңби? Ооба, чечим чыгаруу оңой иш эмес. Ан үчүн жетилгендик, кыраакылык талап кылынат. Алсак, ата-энелер кичинекей балдары үчүн акылдуулук менен чечим чыгарышы керек. Албетте, татаал жагдайда, ар кандай факторлорду эске алуу зарыл болгондо, чечим чыгаруу өзгөчө кыйынга турушу мүмкүн. Бирок мындай жоопкерчилик анчалык деле оор эмес, себеби ал рухий жактан күчтүүлөрдүн жардамын талап кылган «кыйынчылыктарга», «оордук-түйшүктөргө» («Мукаддас») кирбейт (Галатиялыктарга 6:1, 2). Чечим чыгарууга баарыбыз жоопкерчиликтүү карашыбыз керек, анткени бул үчүн «Кудайдын алдында ар бирибиз... жооп беребиз» (Римдиктерге 14:12). «Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Галатиялыктарга 6:5). Анда канткенде жашообузда акылдуулук менен чечим чыгара алабыз? Адегенде мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү экенин билип, ошого жараша иш кылышыбыз зарыл.

Туура чечим чыгаруунун ачкычы

4. Биринчи эркек-аялдын тил албастыгынан чечим чыгарууга байланыштуу кандай маанилүү сабак алсак болот?

4 Адамзат тарыхынын башталышында биринчи эркек-аялдын чыгарган чечими каргашалуу натыйжаларды алып келген. Алар жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен даам татууну чечишкен (Башталыш 2:16, 17). Алардын чечими эмнеге негизделген? «Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы экенин, көзгө сүйкүм экенин көрдү,— деп айтылат Ыйык Китепте.— Ал билим бергендиктен, аялды өзүнө тартып турду. Аял анын жемишинен алып жеди. Анан күйөөсүнө да берди, ал да жеди» (Башталыш 3:6). Обонун чечими анын өзүмчүл каалоосуна негизделген. Ага Адам да кошулган. Натыйжада күнөө менен өлүм «бардык адамдарга өткөн» (Римдиктерге 5:12). Адам менен Обонун тил албастыгында биз үчүн маанилүү сабак камтылат: Кудайдын жетекчилигисиз туура эмес чечим чыгарууга ийкемдүүбүз.

5. Жахаба бизге кандай жетекчилик берет жана буга байланыштуу биз эмне кылышыбыз керек?

5 Жахаба Кудайдын бизди жетекчиликсиз калтырбаганына кандай гана ыраазыбыз! Ыйык Жазмада: «Эгерде оңго же солго бурулуп кетсеңер, кулагың артыңдан „Жол мына, ушул жол менен жүргүлө“ деген сөздү угат»,— деп айтылат (Ышайа 30:21). Жахаба бизге өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу сүйлөйт. Ошондуктан Ыйык Жазманы изилдеп, так билим алышыбыз керек. Туура чечим чыгаруу үчүн биз жетилген адамдарга таандык «күчтүү тамак» менен азыктанууга тийишпиз. Ошондой эле «акыл-сезимибизди жаман-жакшыны айырмалай билүүгө көнүктүргөнүбүз» маанилүү (Эврейлерге 5:14). Кудайдын Сөзүнөн окуп-билгендерибизди жашообузда колдонуу менен биз акыл-сезимибизди көнүктүрө алабыз.

6. Абийирибиз туура багыт бериши үчүн эмне кылышыбыз керек?

6 Чечим чыгарууга келгенде, абийирибиз — биздеги тубаса сезим — чоң роль ойнойт. Ал бүтүм чыгарууга жардам берип, бизди «бирде айыптаса, бирде актайт» (Римдиктерге 2:14, 15). Бирок, абийирибиз туура багыт бериши үчүн, анын курч жана сезимтал болушуна кам көрүшүбүз керек. Ан үчүн Кудайдын Сөзүнөн так билим алып, аны иш жүзүндө колдонууга тийишпиз. Үйрөтүлбөгөн абийир жергиликтүү каада-салттардын, үрп-адаттардын жана чөйрөнүн таасирине оңой алдырат. Бизди башкалардын ой-пикирлери да түз жолдон адаштырышы ыктымал. Абийирибиздин «үнүн» кайра-кайра четке кагып, Кудайдын нормаларын буза берсек, акырында абийирибиз эмне болот? Бара-бара ал ысык темир басылганда калган так сыяктуу эчтекени тоготпой, сезбей калышы мүмкүн (1 Тиметейге 4:2). Ал эми Кудайдын Сөзү боюнча үйрөтүлгөн абийир ишеничтүү кеңешчи боло алат.

7. Туура чечим чыгаруунун ачкычы эмнеде?

7 Демек, туура чечим чыгаруу үчүн, Ыйык Жазмадан так билим алып, аны колдоно билишибиз зарыл. Шашылыш жыйынтык чыгаргандын ордуна, ыйык китептик принциптерди издеп табууга убакыт бөлүп, алардын үстүнөн ой жүгүртүп, анан иш жүзүндө колдонушубуз керек. Кудай Сөзүнөн так билим алып, абийирибизди ошол билимдин негизинде үйрөтсөк, Шадрах, Мейшах, Абет-Неголорго окшоп, дароо чечим чыгаруу керек болгон күндө да, биз баарына даяр болобуз. Жетилгендикке умтулуу чечим чыгаруу жөндөмдүүлүгүн кандайча өрчүтөт? Буга байланыштуу жашообуздун эки тармагын алып көрөлү.

Пикирлешүү чөйрөсүн тандоо

8, 9. а) Жаман чөйрөдөн качуунун зарылдыгын кайсы принциптер көрсөтүп турат? б) Жаман чөйрөгө бузуку адамдар эле киреби?

8 Элчи Пабыл: «Алданбагыла, жаман чөйрөлөр жакшы адаттарды бузат»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 15:33, СК). Ал эми Ыйса шакирттерине: «Силер бул дүйнөнүкү эмессиңер»,— деген (Жакан 15:19). Бул принциптер бузукулар, ойноштук кылуучулар, уурулар, аракечтер жана ушу сыяктуу адамдар менен жакын мамиледе болуудан качуу зарыл экенин баса көрсөтүп турат (1 Корунттуктарга 6:9, 10). Ыйык Китептеги чындыкты жакшыраак билген сайын, андай адамдарды фильмдерден, телевизордон, компьютерден көрүү же алар жөнүндө китептерден окуу, демек, алар менен бирге убакыт өткөрүү коркунучтуу экенин түшүнөбүз. Өздөрүнүн чыныгы жүзүн жашырган экижүздүүлөр менен Интернеттеги «пикирлешүү бөлмөлөрү» аркылуу байланышуу да кооптуу (Забур 25:4).

9 А эгер адам адеп-ахлактуу болсо, бирок чыныгы Кудайга ишенбесе, аны менен жакын мамиледе болуу туурабы? Ыйык Жазмада: «Бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында»,— деп айтылат (1 Жакан 5:19). Бул бизге жаман чөйрөгө бузуку, адеп-ахлаксыз эле адамдар кирбей турганын түшүнүүгө жардам берет. Ошондуктан Жахабаны сүйгөндөр менен гана достошконубуз акылмандыкка жатат. Түшүндүргүлө.

10. Дүйнөлүк адамдар менен мамилелешүүгө байланыштуу туура чечим чыгарууга бизге эмне жардам берет?

10 Дүйнөлүк адамдар менен такыр мамилелешпей коюу мүмкүн эмес; анын үстүнө, бул бизден талап кылынбайт (Жакан 17:15). Андай адамдарды кабар айтып жүргөндө, мектептен же жумуштан жолуктурабыз. Өмүрлүк жары Күбө эмес биртууганга дүйнө менен көбүрөөк мамилелешүүгө туура келет. Бирок рухий жактан жетилүүнүн аркасында биз дүйнө менен зарыл учурларда эле байланышуу бир иш экенин, ал эми тыгыз мамиледе болуу башка иш экенин түшүнөбүз (Жакып 4:4). Ошонун аркасында спорттук мелдеш же бий сыяктуу мектептен тышкаркы ийримдерге катышар-катышпасыбызды же иштеген жерибизде уюштурулган отурушка же шеринеге барар-барбасыбызды акылдуулук менен чече алабыз.

Жумуш тандоо

11. Жумушка орношууда биринчи кезекте эмнени эске алышыбыз керек?

11 Ыйык китептик принциптерди колдоно билүү бизге «үйдөгүлөрүбүз үчүн кам көрүүдө» туура чечимдерди чыгарууга жардам берет (1 Тиметейге 5:8). Мисалы, жумушка орношууда биринчи кезекте кандай иш аткарарыбызды, бизден эмне талап кылынарын эске алышыбыз зарыл. Албетте, биз Ыйык Китепте түздөн-түз айыпталган иштерге орношпойбуз. Буркандарга сыйынуу, уурулук кылуу, канды кыянат пайдалануу сыяктуу Кудай жек көргөн иштерге байланыштуу жумуш Ыйсанын чыныгы жолдоочусуна ылайыктуу эмес. Андан тышкары, биз калп айтпайбыз жана алдабайбыз; атүгүл жумуш берүүчү талап кылган күндө да андайга барбайбыз (Элчилер 15:29; Аян 21:8).

12, 13. Жумушка байланыштуу чечим чыгарууда, жумуштун өзүнөн сырткары, дагы эмнелерди эске алуу маанилүү?

12 А эгерде жумуштун өзү Кудайдын талаптарына карама-каршы келбесечи? Рухий жактан өскөн сайын биз башка нерселерди да эске алуу зарыл экенин түшүнөбүз. Эгер жумушубуз Кудайга жакпаган иштерге байланышы бар мекемеде, мисалы, кумар ойнолуучу жайда телефонго жооп берүү болсочу? Ошондой эле акчаны ким төлөөрүн жана жумушту каерде аткарарыбызды да эсепке алганыбыз маанилүү. Маселен, биртууганыбыз жеке ишкер болсо, чиркөөнү сырдоого макулдугун берип, жалган динге колдоо көрсөтө алабы? (2 Корунттуктарга 6:14—16).

13 Эгер жумуш берүүчүбүз жалган динге тиешелүү имаратты жасалгалоо жөнүндө келишим түзсөчү? Мындай учурда ал жумушту аткаруудан бошотулууга канчалык мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин жана ишке канчалык деңгээлде катышарыбызды эске алышыбыз зарыл. Ал эми Ыйык Китепке кайчы келбеген кызмат көрсөтүү жөнүндө эмне айтууга болот? Мисалы, почточу бардык жерлерге, анын ичинде жаман иштерге байланышы бар мекемелерге да кат-кабар жеткирет. Бул учурда Матай 5:45теги принцип колдонулушу керек эмеспи? Андай жумушта күндөн күнгө иштөө абийирибизге кандай таасир этиши мүмкүн экенин да көңүлгө алганыбыз маанилүү (Эврейлерге 13:18). Демек, жумушка байланыштуу чечим чыгарууга жоопкерчиликтүү кароо үчүн, акыл-сезимибизди курчутуу жана Кудайдын белеги болгон абийирибизди тарбиялоо зарыл.

«Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил»

14. Чечим чыгарарда эмне кылышыбыз керек?

14 Башка маселелерге, мисалы, билим алууга же дарыланууга байланыштуу чечим чыгаргандачы? Чечимибиз туура болушу үчүн, биз кайсы ыйык китептик принциптердин жагдайыбызга тиешеси бар экенин аныктап, ой жүгүртүп, анан аларды иш жүзүндө колдонушубуз керек. «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба,— деген даанышман Сулайман падыша.— Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт» (Накыл сөздөр 3:5, 6).

15. Чечим чыгарууга байланыштуу Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларынан эмнеге үйрөнсөк болот?

15 Чыгарган чечимдерибиз, адатта, башкаларга да таасир этет, ошондуктан муну эске алышыбыз зарыл. Мисалы, Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары Мусанын мыйзамындагы тамак-ашка байланыштуу эрежелерди сактоого тийиш болушкан эмес. Алар ошол Мыйзам боюнча арам деп эсептелген кээ бир тамактарды жей алышкан. Бирок элчи Пабыл кээде эт бутпарастардын ийбадатканасы менен байланышта болушу мүмкүн экенин билгендиктен: «Эгерде мен жеп жаткан тамак бир тууганымдын азгырылышына түрткү болсо, бир тууганым азгырылбашы үчүн, мен этти эч качан оозума албайм»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 8:11—13). Ал Ыйсанын алгачкы жолдоочуларын башкалардын абийирин эске алууга үндөгөн. Биздин чечимдерибиз башкаларга кедерги болбошу керек (1 Корунттуктарга 10:29, 32).

Кудайдан акылмандык сура

16. Тиленүү чечим чыгарууга кандай жардам берет?

16 Чечим чыгарууда тиленүүнүн жардамы зор. «Кимиңерге акылмандык жетишпей жатса,— дейт шакирт Жакып,— баарына берешендик менен, жемелебестен берген Кудайдан сурасын, ага берилет» (Жакып 1:5). Жахабага бекем ишеним менен тиленип, туура чечим чыгарышыбыз үчүн акылмандык сурасак болот. Тынчсызданууларыбыздын баарын чыныгы Кудайга айтып, андан жетекчилик издегенибизде, ыйык рух бизге белгилүү бир аяттарды жакшыраак түшүнүүгө жана көңүлгө алынбай калган аяттарды эстөөгө жардам бере алат.

17. Чечим чыгарууда бизге башкалар кантип жардам бере алат?

17 Чечим чыгарууда бизге башкалар жардам бере алабы? Ооба, Жахаба жыйналышта рухий жактан жетилген биртуугандардын болушуна кам көргөн (Эфестиктерге 4:12, 13). Аларга кеңеш сурап кайрылуу, айрыкча, олуттуу маселе чечилип жатканда акылдашуу маанилүү. Рухий жактан кыраакы, тажрыйбалуу биртуугандар маселебизге тиешеси бар ыйык китептик кошумча принциптерди көрсөтүп, бизге эмне маанилүү экенине ынанууга жардам беришет (Филипиликтерге 1:9, 10). Бирок биздин ордубузга башкалар чечим чыгара албасын унутпашыбыз керек. Ар ким өз жүгүн өзү көтөрүүгө тийиш.

Натыйжасы дайыма жакшы болобу?

18. Жакшы чечимибиз кээде эмнеге алып келиши мүмкүн?

18 Ыйык китептик принциптердин негизинде жана абийирибизди эске алуу менен чыгарган чечимдерибиздин натыйжасы дайыма жакшы болобу? Ооба, акыр-аягы жакшы болот. Бирок чыгарган чечимдерибиз кээде убактылуу кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн. Шадрах, Мейшах жана Абет-Него бурканга сыйынуудан баш тартканда, өмүрлөрүнөн ажырап калышы мүмкүн экенин билишкен (Даниел 3:16—19). Ошо сыяктуу эле, элчилер жүйүт Синедрионуна адамдарга караганда Кудайга көбүрөөк баш ийүү керектигин айтышканда, Синедриондун мүчөлөрү аларды сабаткандан кийин гана бошоткон (Элчилер 5:27—29, 40). Андан тышкары, «мезгил менен кокустуктун» айынан чечимибиз терс натыйжа берип калышы ыктымал (Насаатчы 9:11, «ЖД»). Туура чечим чыгарганыбызга карабай кандайдыр бир кыйынчылыктарды тартып жатсак, Жахабанын бизге чыдоого көмөктөшөрүнө жана келечекте батасын берерине шектенбесек болот (2 Корунттуктарга 4:7).

19. Чечим чыгарууда өз жүгүбүздү кантип ишенимдүү көтөрө алабыз?

19 Демек, чечим чыгарууда ыйык китептик принциптерди издеп таап, алардын үстүнөн ой жүгүртүп, анан иш жүзүндө колдонушубуз керек. Жахабанын бизге ыйык руху жана жыйналыштагы рухий жактан жетилген биртуугандар аркылуу жардам берип жатканына кандай гана ыраазыбыз! Мындай жетекчиликтин жана камкордуктун аркасында биз өз жүгүбүздү ишенимдүү көтөрүп, чечимдерибизди акылдуулук менен чыгара алабыз.

Эмнелерди билдиңер?

• Туура чечим чыгаруунун ачкычы эмнеде?

• Жетилгендикке умтулуу пикирлешүү чөйрөсүн тандоого кандай таасир этет?

• Жумушка байланыштуу чечим чыгарууда эмнелерди эске алышыбыз керек?

• Чечим чыгарууда биз кайдан жардам ала алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Адам менен Обонун тил албастыгы биз үчүн сабак болушу керек.

[10-беттеги сүрөт]

Маанилүү чечим чыгарарда ыйык китептик принциптерди карап чыгуу зарыл.