Ыйсадай башчылык кылган күйөөлөр
Ыйсадай башчылык кылган күйөөлөр
«Ар бир эркектин башчысы — Машайак» (1 Корунттуктарга 11:3).
1, 2. а) Жакшы күйөөнү кантип сүрөттөйт элеңер? б) Үйбүлөнү Кудай негиздегенин түшүнүү эмне үчүн маанилүү?
СИЛЕРДИН оюңар боюнча, мыкты күйөө деген мактоого кандай адам татыйт? Акылдуу, жөндөмдүү, көп акча тапканбы? Же аялы-балдарына сүйүү менен, жылуу-жумшак мамиле кылганбы? Тилекке каршы, азыркы дүйнөдөгү рухтун, коомдогу көзкараштардын таасиринен улам, үйбүлөсүнө жакшы мамиле кылбаган күйөөлөр аз эмес. Эмне үчүн? Буга көбүнесе «адамдан алынган кабыргадан аял жаратып, аны адамга алып келген» никенин Негиздөөчүсүн таанып-билбегендик жана анын жетекчилигин колдонбогондук себеп болот (Башталыш 2:21—24).
2 Ыйса Машайак никени Кудай негиздегени тууралуу ушул ыйык китептик билдирүүнү баса көрсөтүп, сынчыл замандаштарына мындай деген: «Жаратуучу эң башында эле адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган жок белеңер? Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот. Эми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай [никеде] кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:4—6). Андыктан никеде бактылуу болуу үчүн үйбүлөнү Кудай негиздегенин жана Кудайдын Сөзүндөгү — Ыйык Китептеги — көрсөтмөлөрдү колдонуу керектигин түшүнүү зарыл.
Жакшы күйөө болуунун сыры
3, 4. а) Эмне үчүн Ыйса нике тууралуу бардыгын билет? б) Ыйсанын каймана колуктусу ким жана күйөөлөр аялына кандай мамиле кылышы керек?
3 Жакшы күйөө болууга Ыйсанын насааттарын изилдөө жана андан үлгү алуу жардам берет. Себеби Ыйса нике түзүлүшү жөнүндө бардыгын билет: ал биринчи эркек менен аялдын жаратылганын көргөн жана алардын баш кошконуна күбө болгон. Жахаба Кудай: «Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы»,— дегенде Ыйсага кайрылган (Башталыш 1:26). Ооба, Кудай бардык жаратууларынан мурун жараткан, «сүрөтчүсү» же чебер жардамчысы катары кызмат кылган Ыйса менен сүйлөшкөн (Накыл сөздөр 8:22—30). Ыйса «эч нерсе жаратыла электе» — Аалам пайда боло электе эле — жаратылган. Ошондуктан ал «Кудайдын жаратуусунун башталышы» деп аталат (Колосалыктарга 1:15; Аян 3:14).
4 Ыйса — «Кудайдын... Козусу» — каймана мааниде күйөө деп аталат. Бир жолу периште: «Жүр, мен сага колуктуну — Козунун үйлөнө турган аялын көрсөтөм»,— деген (Жакан 1:29; Аян 21:9). Бул колукту же аял ким? Ал — аны менен асманда падышалык кыла турган, рух менен майланган ишенимдүү жолдоочулары (Аян 14:1, 3). Ошондуктан Ыйса жерде жүргөндө шакирттерине кылган мамилеси менен күйөөлөргө үлгү калтырып кеткен. Күйөөлөр аялдарына ошол үлгү боюнча мамиле кылышы абзел.
5. Ыйса кимдерге үлгү калтырган?
5 Ыйык Китепте: «Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен»,— деп белгиленет (1 Петир 2:21). Ооба, Ыйса жолдоочуларынын баарына, айрыкча, эркектерге үлгү калтырган. Ыйык Китепте айтылгандай, «ар бир эркектин башчысы — Машайак, аялдын башчысы — эркек, Машайактын башчысы — Кудай» (1 Корунттуктарга ). «Эркектин башчысы — Машайак» болгон соң, күйөөлөр аны туурашы керек. Башчылык принциби сакталса жана күйөөлөр аялына, Ыйса майланган шакирттерине кандай мамиле жасаса, ошондой мамиле кылса, үйбүлө бактылуу болот. 11:3
Никедеги кыйынчылыктарды чечүү
6. Күйөөлөр аялына кандай мамиле кылышы керек?
6 Азыркы коогалаңдуу дүйнөдө күйөөлөрдүн Ыйсага окшоп чыдамдуу, мээримдүү болушу жана адил принциптерге бек карманышы өзгөчө зарыл (2 Тиметейге 3:1—5). «Күйөөлөр... аялыңарга туура мамиле кылгыла»,— деп айтылат Ыйык Китепте (1 Петир 3:7). Ооба, күйөөлөр үйбүлөсүндөгү кыйынчылыктарды, Ыйсадай болуп, туура кабыл алышы керек. Ал башка бир да адам тартып көрбөгөн азаптарды тарткан. Бирок андай кыйынчылыктар Шайтандын, жин-перилердин жана каардуу дүйнөнүн таасиринен улам пайда болорун билген (Жакан 14:30; Эфестиктерге 6:12). Андыктан оор жагдайларга туш болгондо, Ыйса таң калчу эмес. Ошол сыяктуу, жубайлар да бардыгы ойдогудай болот деп ойлобошу керек. Себеби Ыйык Китепте алардын «дене жагынан азап тартары» эскертилген (1 Корунттуктарга 7:28).
7, 8. а) Аялга туура мамиле кылуу деген эмнени билдирет? б) Эмне үчүн аялдар сыйлоого татыктуу?
7 Күйөөлөр аялынын «алсызыраак экенин эске алып», ага «туура мамиле кылууга» тийиш (1 Петир 3:7). Жазмада эркектердин үстөмдүк кылары айтылса да, Кудайга жагууну каалаган күйөөлөр аялына орой, катаал мамиле кылышпайт — урматташат (Башталыш 3:16). Кудайдын талабы боюнча, күйөөлөр жубайын кымбат баалуу белектей көрүшү жана аны кордобошу керек. Ошондуктан Кудайдан корккон күйөө жарын дайыма сыйлайт, анын сезимдерин эске алат жана аны басмырлабайт.
8 Күйөөлөр эмне себептен аялына урмат-сый көрсөтүшү керек? «Сыйынууңарга тоскоолдук болбошу үчүн, аларга урмат көрсөткүлө, анткени алар да ырайымдуу жашоонун мураскорлору»,— деп жооп берилет Ыйык Китепте (1 Петир 3:7). Күйөөлөр Жахабанын эркек кызматчыларын аял кызматчыларынан артык көрбөөрүн унутпашы керек. Кудайдын жактыруусуна ээ болгон аялдар эркектер менен бирдей белек, түбөлүк өмүр, алышат. Алардын ичинде көп сандаган аялдар асманда жашоо сыймыгына ээ болот, ал эми ал жакта эркек, аял деп бөлүү болбойт (Галатиялыктарга 3:28). Ошол себептүү күйөөлөр Кудайдын көз алдында адамдын эркек, аял же жаш бала экени эмес, ишенимдүүлүгү баалуу экенин эстен чыгарбашы абзел (1 Корунттуктарга 4:2).
9. а) Петирдин сөзүнөн көрүнгөндөй, күйөөлөр аялын эмне үчүн сыйлашы керек? б) Ыйса аялдарга кандай жол менен урмат көрсөткөн?
9 Элчи Петир: «Сыйынууңарга тоскоолдук болбошу үчүн...» — деген сөздөрү менен күйөөлөр аялын сыйлашы зарыл экенин баса көрсөткөн. Тиленүүгө тоскоолдук пайда болушу кандай гана коркунучтуу! Аялына тийиштүү мамиле кылбаган эркектин тиленүүлөрү, Кудайдын байыркы айрым Жеремиянын ыйы 3:43, 44). Ошондуктан Кудайдан корккон, даанышман эркектер, мейли, үйлөнгөн болсун же үйлөнөйүн деп жатсын, Ыйсадан аялдарга урмат-сый менен мамиле кылууну үйрөнүшү керек. Ыйсаны коштоп жүргөндөрдүн арасында аялдар да болгон. Албетте, ал аларга жылуу-жумшак, урмат менен мамиле кылган. Андан сырткары, Ыйса бир жолу өзгөчө кубанычтуу кабарды адегенде аялдарга ачып берип, анан аны эркектерге айтып барууну тапшырган (Матай 28:1, 8—10; Лука 8:1—3).
кызматчыларыныкындай болуп, Кудайга жетпей калышы ыктымал (Күйөөлөргө калтырылган үлгү
10, 11. а) Күйөөлөр Ыйсанын үлгүсү тууралуу эмне үчүн ой жүгүртүшү керек? б) Күйөөлөр аялына канткенде сүйүү көрсөтүшөт?
10 Жогоруда белгиленгендей, Ыйык Китепте күйөөлөр менен аялдардын мамилеси Ыйсанын майланган жолдоочуларынан турган «колуктусу» менен болгон мамилесине салыштырылат. «Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, күйөө да аялдын башчысы» (Эфестиктерге 5:23). Бул аят күйөөлөргө Ыйсанын өз жолдоочуларына кылган башчылыгы тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү берет. Ошондо гана алар, Ыйсанын жыйналышка кылган мамилесинен үлгү алып, аялдарына сүйүү жана камкордук менен жетекчилик бере алышат.
11 «Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө,— деп айтылат Ыйык Китепте.— Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген» (Эфестиктерге 5:25). Эфестиктерге жолдонгон каттын буга чейинки бөлүмүндө жыйналыш «Машайактын Денеси» деп аталат. Бул каймана маанидеги денени эркектер да, аялдар да түзөт жана алардын ар бири дененин өз ишин натыйжалуу аткарышына салым кошот. Ыйса болсо «Өзүнүн Денеси болуп эсептелген Жыйындын башчысы» (Эфестиктерге 4:12; Колосалыктарга 1:18; 1 Корунттуктарга 12:12, 13, 27).
12. Ыйса каймана маанидеги денесине болгон сүйүүсүн кантип көрсөткөн?
12 Ыйса өзүнүн каймана маанидеги денесине — жыйналышка — кам көрүү менен сүйүүсүн көрсөткөн. Айталы, шакирттери чарчаганда, ал: «Ээн жерге баргыла да, бир аз эс алып алгыла»,— деген (Марк 6:31). Ыйсанын өлүм жазасына тартыларына бир нече саат калганда да шакирттерине кандай мамиле кылганын элчилеринин бири мындай деп баяндаган: «Ал... Өзүнүн адамдарын [каймана денесинин мүчөлөрүн] сүйдү, аларды акырына чейин сүйдү» (Жакан 13:1). Ооба, муну менен Ыйса күйөөлөргө жубайына кам көрүү жагынан мыкты үлгү калтырган.
13. Күйөөлөргө жубайына сүйүү көрсөтүү боюнча кандай чакырык айтылган?
13 Ыйсанын күйөөлөргө калтырган үлгүсү жөнүндөгү өзүнүн оюн улантып, элчи Петир мындай деген: «Күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз Эфестиктерге 5:28, 29, 33).
денесин азыктандырат, жылытат... Күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн» (14. Күйөөлөр жеткилеңсиз денесине кандай мамиле кылат жана мунун аялына жасаган мамилесине кандай тиешеси бар?
14 Эми Пабылдын айткандары тууралуу ойлонуп көрөлү. Эстүү эркек өз денесин атайылап оорутабы? Мисалы, чалынып кетсе, жыгылып кала жаздаганы үчүн бутун сабайбы? Жок. Ал досторунун көзүнчө өзүн басынтабы же кемчиликтерин айтып, өзүн ушактайбы? Антпейт. Анда аялы жаңылыштык кетирип алса, аны сөзү менен кордогону же, андан да жаманы, ага кол көтөргөнү туурабы? Күйөөлөр өзүн эле эмес, аялын да ойлошу кажет (1 Корунттуктарга 10:24; 13:5).
15. а) Шакирттери алсыздык көрсөткөндө Ыйса эмне кылган? б) Анын үлгүсүнөн эмнелерге үйрөнүүгө болот?
15 Өлөр алдындагы кечте Ыйсанын, элчилери алсыздык көрсөтсө да, аларга кандайча кам көргөнүн карап көрөлү. Ыйсанын тиленгиле деген суранычына карабай шакирттери Гетсемани багында үч жолу уктап калышат. Ал эми бактан кетерде алдыларынан куралдуу эркектер чыгат. Ыйса алардан: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» — деп сурайт. Алар: «Назареттик Ыйсаны!» — дешет. «Менмин»,— дейт Ыйса. Өлөр «убакыт-сааты келгенин» билгендиктен, ал: «Мени издеп жүрсөңөр, буларды коё бергиле, кете беришсин»,— дейт. Ыйса каймана маанидеги колуктусун түзгөн шакирттерине кам көрүүнү эч качан унутпагандыктан, ушундай кырдаалда да аларды бошотуп жиберүүнүн жолун ойлогон. Күйөөлөр Ыйсанын шакирттерине жасаган мамилесин изилдешсе, жарына жакшы мамиле кылууга байланыштуу көптөгөн принциптерди табат (Жакан 18:1—9; Марк 14:34—37, 41).
Ыйсанын сүйүүсү тек гана сезимдерге негизделген эмес
16. Ыйса Мартага кандай мамиле кылган, бирок кантип кеңеш берген?
16 Ыйык Китепте: «Ыйса Мартаны, анын сиңдисин жана Лазарды жакшы көрчү»,— деп айтылат. Ошондуктан алардыкына конокко көп бара турган (Жакан 11:5). Бирок Мартанын тамак жасоого көп көңүл буруп, андан рухий акыл-насаат алууга аз убакыт бөлүп калганын көргөндө Ыйса ага кеңеш берген. «Марта, Марта! — деген ал. — Сен көп нерсе менен алектенип, убара болуп жатасың. Бирок бир гана нерсе керек» (Лука 10:41, 42). Ал Мартага жакшы мамиле кылгандыктан, Марта кеңешин оңой кабыл алган. Ошол сыяктуу эле, күйөөлөр аялына мээримдүү, жылуу-жумшак мамиле кылышы жана анын көзкарашын оңдоо зарыл болсо, Ыйсанын үлгүсү боюнча, ачык кеңеш бериши, бирок сөздөрдү туура тандай билиши зарыл.
17, 18. а) Петир Ыйсага эмне деген жана анын көзкарашын эмне үчүн оңдоо зарыл болгон? б) Күйөөлөргө кандай жоопкерчилик артылган?
17 Бир жолу Ыйса элчилерине Иерусалимге барып, «аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулардын колунан көп азап чегүүсү, өлтүрүлүүсү, үчүнчү күнү тирилүүсү керектигин» айткан. Ошондо Петир: «Өзүңдү ая, Теңир! Бул сенин башыңа түшпөсүн»,— деп каршы болгон. Петирдин муну сезимге алдыргандыктан айтканы айкын. Ошон үчүн анын көзкарашын оңдоо талап кылынган. Андыктан Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Сен Мага тузак коюп жатасың. Анткени сенин ойлоруң — Кудайдын эмес, адамдын ойлору»,— деген (Матай 16:21—23).
18 Ошонун алдында эле Ыйса Кудайдын эркин, тактап айтканда, көп азап чегип, өлүмгө моюн сунушу керектигин айткан (Забур 15:10; Ышайа 53:12). Демек, Петирдин Ыйсага берген «кеңеши» туура эмес болгон, андыктан анын көзкарашын сөзсүз оңдоо керек эле. Биз да маал-маалы менен кеңешке муктаж болобуз. Үйбүлөнүн башчысы болгондуктан күйөө бүлөсүнө, ошондой эле аялына акыл-насаат айтууга укуктуу да, жооптуу. Ырас, ыйык китептик принциптерге келгенде бекем болуп коюу талап кылынышы мүмкүн. Бирок акыл-насаатты жумшактык, мээримдүүлүк менен айтуу керек. Ыйса Петирге жагдайга туура кароого жардам бергендей, күйөөлөргө да кез-кезде аялына жардам берүүгө туура келиши мүмкүн. Алсак, аялынын кийими, жасалгасы же боёнгону Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык келбей калса, күйөөсүнөн жумшактык менен кеңеш берүү талап кылынышы этимал (1 Петир 3:3—5).
Чыдамдуу болуунун пайдасы
19, 20. а) Элчилердин арасында кандай талаш жүргөн жана аны Ыйса кантип чечкен? б) Ыйсанын аракети кандай натыйжа берген?
19 Үйүндөгүлөрдүн бири көз жаздымга калтырууга болбой турган ката кетирсе, үйбүлө башчысы анын көзкарашын оңдоого чын ниеттен аракеттенет. Бирок ал айткан сөзү эч качан эки болбойт деп ойлобойт: Ыйсага да элчилеринин ой жүгүртүүсүн кайра-кайра оңдоого туура келген. Мисалы, элчилеринин «кимибиз чоңбуз» деп атаандашканы Ыйсанын жердеги кызматынын аягына чейин уланган (Марк 9:33—37; 10:35—45). Элчилердин экинчи талашынан көп өтпөй Ыйса алар менен акыркы жолу Пасах майрамын белгилейт. Ошондо арасынан бири да, салт талап кылгандай, башкалардын чаң бутун жуугусу келген эмес, себеби ал кемсинтерлик иштей каралган. Ал ишти Ыйса өзү аткарган соң: «Мен силерге үлгү көрсөттүм»,— деген (Жакан 13:2—15).
20 Ыйсаныкындай момун маанай чагылдырган күйөөсүнө аялы колдоо көрсөтүп, аны менен эриш-аркак иш кылууну каалаары күмөнсүз. Анткен менен чыдамдуулук да талап кылынышы ыктымал. Пасахты белгилеп жаткан кечте элчилер кайрадан баягы «кимибиз чоңбуз» деген талашын баштаган (Лука 22:24). Ооба, адамдын маанайы менен жүрүм-туруму дароо эле өзгөрбөшү мүмкүн, ан үчүн кээде убакыт талап кылынат. Ошентсе да, акыры, элчилердикиндей болуп, жакыныңдын көзкарашы өзгөргөнүн көргөндө сүйүнөрүң шексиз.
21. Бүгүнкү күндө күйөөлөр эмнени эстен чыгарбоого жана эмне кылууга тийиш?
21 Бүгүнкү күндө үйбүлөлөр болуп көрбөгөндөй көйгөйлөргө кабылууда. Көптөр үйлөнөрдө берген убадасын унутуп калган. Андыктан, күйөөлөр, никенин ыйыктыгын ойлогула! Аны мээримдүү Жахаба Кудайыбыз негиздегенин эстен чыгарбагыла. Ал өзүнүн Уулу Ыйсаны жерге Куткаруучубуз болушу үчүн гана эмес, күйөөлөргө мыкты үлгү көрсөтүшү үчүн да жиберген (Матай 20:28; Жакан 3:29; 1 Петир 2:21).
Эмне деп жооп берет элеңер?
• Никени ким негиздегенин билүү эмне үчүн маанилүү?
• Күйөөлөр аялына сүйүүсүн кантип көрсөтүүгө чакырылат?
• Ыйсанын элчилерине кылган мамилесинен күйөөлөр эмнеге үйрөнө алышат?
[Изилдөө суроолору]
[9-беттеги сүрөт]
Шакирттери чарчаганда, Ыйса аларга кам көргөн
[10-беттеги сүрөт]
Күйөө аялына жылуу-жумшак мамиле кылып, кеңеш берүүдө сөз тандай билиши абзел
[12-беттеги сүрөт]
Күйөөлөр Ыйсанын аялдарга жасаган мамилесине эмне үчүн көңүл бурушу керек?