Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ажайып жаратылыштын Жаратманын таанып-бил

Ажайып жаратылыштын Жаратманын таанып-бил

Ажайып жаратылыштын Жаратманын таанып-бил

ИТАЛИЯЛЫК сүрөтчү жана скульптор Микеланжело көптөргө белгилүү. Искусство тармагынын бир тарыхчысы белгилегендей, ал «эң залкар жана чебер сүрөтчү» болгон. Эгер силер анын чыгармаларынын бирин көргөн болсоңор, тарыхчынын айтканына кошулат чыгарсыңар. Микеланжелонун талантын эч ким тана албайт. Чынында эле, анын чыгармаларына суктанып, бирок залкар скульптор экенин моюнга албай коюуга болобу?

Эми Жер бетиндеги тиричиликтин татаалдыгы жана ар түрдүүлүгү жөнүндө ой жүгүртүп көрсөңөр. Маселен, «Нью-Йорк таймс» гезитинде биология илиминин профессорунун мындай сөздөрү келтирилген: «Биология илими тиричиликтин өзүнөн өзү пайда болбогонун тастыктайт». Ошондой эле ал: «Таң калыштуусу, бизди курчаган айлана-чөйрө укмуштуудай сонун ойлонуштурулуп жаратылган»,— деп кошумчалаган. Жаратылышка суктанган менен, анын Жаратманынын бар экенин танып коюу акылга сыярлыкпы?

Ыйык Жазманын жазуучуларынын бири элчи Пабыл айткандай, айрымдар «Жаратканга табынуунун, кызмат кылуунун ордуна жаратылган нерсеге табынышат» (Римдиктерге 1:25). Эволюцияны колдогон ой-пикирлердин таасири астында көптөр жаратылыштын жаратуучусу бар деген ырастоону четке кагат. Эволюция теориясы көпчүлүк тарабынан кабыл алынганы менен, аны илимий факты катары кароого болобу? Веналык католик архиепископу Кристоф Шёнборндун «Нью-Йорк таймс» гезитинде айткандарына көңүл бурсаңар. Ал: «Табияттын өзүнөн өзү жаралбаганын көрсөткөн далилдерди танган же анын пайда болушун башкача түшүндүргөн кандай теория болбосун, илим эмес, тек гана негизсиз идеология»,— деген.

Илимдин өнүгүшүнө тоскоолдук кылабы?

Айрымдар Жараткандын бар экенин кабыл алуу илимий изилдөөлөргө бөгөт коёт деп тынчсызданышат. Мисалы, «Нью сайентист» журналында: «Жаратылыштагы ар нерседе „жаратмандын колунан бүткөн“ деген белги турса, далай ачылыштарды жасап келген илим жарга келип такалат»,— делген. Мындай тынчсыздануулар негиздүүбү? Жок, ал тургай, туура эмес. Эмне үчүн?

Чынында, Аалам менен Жер бетиндеги тиричилик кокустуктун натыйжасында же эволюция жолу менен пайда болгон дегенге ишенүү иштин аныгына жетүүгө кедерги болот. Ал эми бизди курчаган айлана-чөйрөнүн Жаратманы бар экенин кабыл алуу анын зор акылмандыгын чагылдырып турган Ааламды таанууга, жаратылышты изилдөөгө түрткү берет. Алсак, искусство тармагынынын тарыхчылары «Мона Лиза» аттуу атактуу сүрөттү Леонардо да Винчи тартканын билишет. Бирок бул аларга сүрөтчүнүн кандай боёктор, кандай ыкма менен тартканын изилдөөгө тоскоол кылбайт. Анын сыңарындай, Жараткандын бар экенин моюнга алуу анын жаратууларын майда-чүйдөсүнө чейин изилдөөгө эч качан тоскоолдук кылбайт.

Ыйык Жазма кошумча изилдөө жүргүзүүгө жолтоо болбойт. Кайра, илимге да, Кудайга да ишенүүгө байланыштуу суроолорубузга жооп издөөгө үндөйт. Байыркы убакта жашаган Дөөт падыша өзүнүн укмуштуудай жаратылганына суктанып: «Мен таң каларлык жаратылганмын. Сенин иштериң керемет, аны менин жаным толук түшүнөт»,— деген (Забур 138:14). Ошондой эле Ыйык Жазмада Аюб аттуу кызматчысына Жараткандын: «Жердин кеңдигин карап чыктың беле?» — деп суроо бергени айтылат (Аюб 38:18). Жараткан бул суроону берүү менен Аюбду жаратуулар жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырган. Ал эми Ышайа пайгамбардын: «Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, аны ким жаратты?» — деген суроосу Ааламдын Чебер Куруучусу жөнүндөгү билимибизди тереңдетүүгө түртөт. Ышайа 40:26да айтылгандар Эйнштейндин E=mc2 деген көптөргө белгилүү формуласына толугу менен шайкеш келет. Демек, Ааламдын жаралышына эбегейсиз энергиянын булагы болгон Бирөө өбөлгө түзгөн.

Тиричиликтин пайда болушуна байланыштуу суроолорго жооп табуу дайыма эле оңойго турбайт. Анын негизги себеби акылыбыздын чектелүү болгонунда жана Ааламдагы көп нерселерди толугу менен түшүнө албаганыбызда. Муну Аюб да жакшы түшүнгөн. Ошондуктан ал «жерди жок нерсенин үстүнө илип койгон», «сууларды Өзүнүн булуттарынын ичинде кармап турган» Кудайды даңктаган (Аюб 26:7—9). Аюб Жараткандын ушундай кереметтеринин чексиз экенин билген (Аюб 26:14). Андыктан ал өзүн курчап турган дүйнөнү көбүрөөк таанып-билгиси келгени шексиз. Билиминин чектелүү экенин мойнуна алган Дөөт да: «Бул билим мен үчүн таң каларлык, аны түшүнүү — мен үчүн кол жеткис бийиктик»,— деп жазган (Забур 138:6).

Жараткандын бар экенин кабыл алуу илимдин өнүгүүсүнө терс таасир этпейт. Негизи, биз жаратылыштын өзүн да, аны жараткан Кудайды да толугу менен эч качан таанып бүтө албайбыз. Бир даанышман падыша: «Адам Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин түшүнө албаса да, Ал... алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды»,— деп жазган (Насаатчы 3:11).

Кудайды бетке кармоо үчүн чыгарышканбы?

Айрымдардын айтымында, Кудай бул — кайсы бир нерсени илимдин негизинде далилдөө мүмкүн эмес болгон учурларда колдонулуучу, бетке кармоого ыңгайлуу түшүнүк. Башкача айтканда, алар Долбоорчу-Кудайды адам баласы түшүндүрө албай калган «тешиктерди» жамаш үчүн, акылына сыйдыра албаган нерселерди түшүндүрүш үчүн ойдон чыгарып алган дешет. Ал эмне болгон «тешиктер»? Биздин билимибиздеги майда-барат жетишпегендиктерби? Жок. Ал «тешиктер» — Дарвиндин эволюция теориясындагы ири жетишпегендиктер, кемчиликтер. Биология илимине таянып караганда, ал кемчиликтерди «жамоого» эволюцияны жактагандардын кудурети жетпейт. Ачыгын айтсак, чын-чынында, эволюцияны жактап негизсиз ырастоолорду тараткандар Дарвиндин теориясын бетине кармап келишет.

Ыйык Китепте Жараткан ойдон чыгарылган түшүнүк эмес, чынында эле бар, тирүү Кудай экени айтылат. Бизди курчап турган нерсенин баары анын колунан бүткөн жана толугу менен андан көзкаранды. Жахабанын жаратуучу күчүн даңктап забурчу: «Өмүрдүн булагы Сенде. Биз Сенин жарыгыңдан жарык көрүп турабыз»,— деген (Забур 35:10). Ыйык Китепте Анын «асман менен жерди, деңизди жана алардын ичиндеги бардык нерселерди жаратканы» баяндалат (Элчилер 4:24; 14:15; 17:24). Ооба, биринчи кылымда жашаган бир окутуучу айткандай, «бардыгын жараткан Кудай» (Эфестиктерге 3:10).

Ошондой эле Кудай «асмандын мыйзамдарын», материя менен энергияны жөнгө салып келаткан физикалык мыйзамдарды бекиткен. Ал мыйзамдарды окумуштуулар али изилдеп жатышат (Аюб 38:33). Ырас, Кудай бардыгын ойлонуштуруп жараткан жана Жер бетин миң түркүн тирүү жандарга толтурган.

Калыс ой жүгүртүү

Айрым фактыларды карап чыккан соң, калыс ой жүгүртүп көрөлү. Илимий эмгектердин автору Жон Хорген: «Далилдер анча ынанымдуу болбосо, калыс ой жүгүртүп көрүүдөн коркпошубуз керек»,— деген.

Тиричилик кокустуктун натыйжасында же сокур күч аркылуу пайда болгон деген ырастоо чынында эле акылга сыярлыкпы? Эволюция теориясынын кеңири таралганына карабай, ой жүгүрткөн адамдар, алардын ичинде окумуштуулар аң-сезимдүү Жараткандын бар экенине ынанышууда. Бир окумуштуу коомдун «басымдуу бөлүгүнүн тиричилик өзүнөн өзү пайда болгонуна ишенбээри айдан ачык байкалып турарын» белгилеген. Көптөр элчи Пабылдын: «Ар бир үйдүн куруучусу бар, ал эми бардык нерсенин куруучусу — Кудай»,— деген сөздөрүнө кошулушат (Эврейлерге 3:4). Ыйык Китеп боюнча, үйдүн куруучусу жок деп ырастоо акылга сыйбас нерсе болгондой эле, татаал клетканын өзүнөн өзү пайда болгонуна ишенүү — акылга сыйбас нерсе.

Жараткан Кудайдын бар экенин тангандар тууралуу Ыйык Жазмада: «Акылсыз адам жүрөгүндө: „Кудай жок“,— дейт»,— деп жазылган (Забур 13:1). Далилдердин көптүгүнө карабай, Кудайга ишенүүдөн баш тарткандар, забурчунун айтымында, акылсыз. Андай адамдар калыс көзкараш менен кароонун ордуна, көп учурда жеке ой-пикирине карманышат. Ал эми ой жүгүрткөн, акылдуу адамдар Жараткандын бар экенин момундук менен кабыл алышат (Ышайа 45:18).

Ой жүгүрткөн адамдар Улуу Жаратмандын бар экенин көрсөткөн далилдерге эч качан көз жумбайт.

Жаратылыштын Жаратманын таанып-бил

Кудай бизди кандай максат менен жараткан? Жашоонун маңызы эмнеде? Илимий жол менен бул суроолорго канааттандырарлык жооп табуу мүмкүн эмес. Булар — жашоодогу негизги суроолор, андыктан аларга сөзсүз түрдө ынандырарлык, канааттандырарлык жооп алуу керек. Ан үчүн Ыйык Китепке кайрылуу зарыл. Анда Жахабанын Жараткан эле эмес, зор ой-ниеттери бар Кудай экени, тактап айтканда, жөндөн-жөн эч нерсе жасабаары ачылып берилет. Жазмадан Кудайдын адамзат келечегине байланыштуу эң сонун ой-ниети бар экенин да билүүгө болот.

Жахаба деген ким? Ал кандай Кудай? Жахабанын Күбөлөрү силерди Чебер Жаратманды таанып-билүүгө чакырышат. Силер анын ысмынын маанисин, анын касиет-сапаттарын жана адамзатка кандай мамиле кыларын биле аласыңар. Ошондой эле Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында, Жараткандын ажайып жаратылышына суктануудан тышкары, аны даңктоо маанилүү экенин түшүнөсүңөр (Забур 85:12; Аян 4:11).

[4-беттеги сүрөт]

Микеланжело

[5-беттеги сүрөт]

Кудайга ишенүү илимге шайкеш келет

[6-беттеги сүрөт]

Жандыктардын түрдүүлүгү, ылайыкташуу жөндөмдүүлүгү алардын ойлонуштурулуп жаратылганын далилдейт

[7-беттеги сүрөт]

Жаратылыш болгон соң, Жаратманы да болот