Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарыңарды Жахабаны сүйүүгө үйрөткүлө

Балдарыңарды Жахабаны сүйүүгө үйрөткүлө

Балдарыңарды Жахабаны сүйүүгө үйрөткүлө

«Жаш балдар күчтүүнүн колундагы жебелердей» (Забур 126:4).

1, 2. Эмне үчүн балдар «күчтүүнүн колундагы жебелерге» салыштырылган?

ЖААЧЫ жаасын колуна алып, бута атууга даярданып жатат. Жебени жаанын тептиргесине же жибине такап, күчтүү колдору менен тарта баштайт. Булчуңдары канчалык чыңалса да, ал туура мээлегенге аракет кылып, анан атат. Жебе бутага тиеби? Бул бир канча нерседен, алсак, жаачынын кандай атканынан, желдин сокконунан, ошондой эле жебеден да көзкаранды.

2 Сулайман падыша балдарды «күчтүүнүн колундагы жебелерге» салыштырган (Забур 126:4). Бул мисал кандайча колдонуларын карап көрөлү. Адатта, жаачы жаасын көпкө тартып тура бербейт. Бутага тийгизиш үчүн ал аны тез атып жибериши керек. Анын сыңарындай, ата-энелердин да балдарына Жахабага болгон сүйүүсүн өстүрүүгө жардам берүү үчүн аз эле убактысы бар. Анткени балдар көз ачып-жумгуча эле чоңоюп, өз алдынча болуп кетишет (Матай 19:5). Алар «бутага тиеби», башкача айтканда, өз алдынча болуп кеткенден кийин да Кудайга болгон сүйүүсүн жоготпой, ага кызмат кылууну уланта беришеби? Бул көп нерседен көзкаранды. Алардын үчөөнү эле мисалга алалы. Аларга ата-эненин кандай тарбиялаары, үйбүлөдө кандай абал өкүм сүрөрү жана «жебенин» же баланын тарбияны кандай кабыл алары кирет. Келгиле анда, булардын ар бирине кененирээк токтололу. Алгач, жакшы ата-эне балдарын кандай тарбиялаарын карап көрөлү.

Жакшы ата-эне балдарына үлгү болот

3. Эмне үчүн ата-энелердин иштери сөздөрүнө төп келиши керек?

3 Ыйса өзүнүн айткандарына ылайык жашап, ата-энелерге үлгү калтырган (Жакан 13:15). Ошондой эле ал «айткандарын» өздөрү «аткарышпаган» фарисейлерди айыптаган (Матай 23:3). Андыктан балдарына Жахабаны сүйүүгө түрткү берүү үчүн ата-энелердин кылган иштери менен сөздөрү төп келиши керек. Анткени куру айтылган сөздөн, тептиргеси жок жаадай эле, эч кандай пайда болбойт (1 Жакан 3:18).

4. Ата-энелер өздөрүнө кандай суроолорду бериши керек жана эмне үчүн?

4 Ата-эненин балдарга үлгү болушу эмне үчүн маанилүү? Чоңдорго Кудайды сүйүүгө үйрөнүүгө Ыйсанын үлгүсү жардам бергендей эле, балдарга да Жахабага болгон сүйүүсүн өстүрүүгө ата-эненин жакшы үлгүсү түрткү берет. Баланын чөйрөсү аны рухий жактан же бекемдейт, же «бузат» (1 Корунттуктарга 15:33). Бала кезинде, өзгөчө, жаңыдан калыптанып жаткан мезгилде, балдарга эң эле жакын жана эң эле күчтүү таасир тийгизген чөйрө — бул ата-эне. Андыктан ата-энелер, өзүңөргө төмөндөгүдөй суроолорду берип көрсөңөр болот: «Балам үчүн мен кандай чөйрөмүн? Жашоо мүнөзүм балама жакшы адаттарды өрчүтүүгө жардам берип жатабы? Жашоодогу абдан маанилүү нерселерде, мисалы, тиленүү жана Ыйык Китепти изилдөө жагынан кандай үлгү көрсөтүп жатам?»

Жакшы ата-эне балдары менен чогуу тиленет

5. Ата-эненин тиленүүсүнөн балдар эмнеге үйрөнө алышат?

5 Балдарыңар тиленүүңөрдөн Жахаба жөнүндө көптү биле алат. Алар силердин тамак ичерде жана Ыйык Китепти изилдээрде Кудайга ыраазычылык билдирип тиленгениңерден эмнеге үйрөнө алышат? Маселен, Жахабанын биздин денелик муктаждыктарыбызды канааттандырарын, ошондой эле ан үчүн ага ыраазычылык билдирүү керектигин жана ал бизге Ыйык Китептеги чындыктарды ачып берип, үйрөтүп жатканын түшүнүшөт. Буларды билүү алар үчүн абдан маанилүү (Жакып 1:17).

6. Ата-эне балдарына Жахаба алардын ар бирине жекече кызыгуу көрсөтөрүн сезүүгө кантип жардам бере алат?

6 Бирок ата-энелер тамак ичерде жана үйбүлөлүк изилдөө өткөрөрдө эле эмес, башка учурларда да үйбүлөсү менен чогуу тиленип, тиленүүлөрүндө өздөрүнө да, балдарга да тиешелүү нерселерди айтса, натыйжалуураак болот. Ошентүү менен балдарыңарга Жахаба силердин үйбүлөңөргө кызыкдар экенин жана үйбүлөнүн жеке ар бир мүчөсүнө кам көрөрүн сезүүгө жардам бере аласыңар (Эфестиктерге 6:18; 1 Петир 5:6, 7). Бир ата мындай дейт: «Кызыбыз менен ал төрөлгөндөн тартып эле чогуу тиленчүбүз. Ал чоңойгон сайын тиленүүлөрүбүзгө анын чөйрөсү жана ага таасир тийгизген нерселердин баарын кошчубуз. Ал турмушка чыгып кеткенге чейин аны менен чогуу тиленбей калган бир да күнүбүз болгон эмес». Силер да балдарыңар менен чогуу күнүгө тилене аласыңарбы? Аларга денелик жана рухий муктаждыктарына эле эмес, эмоциялык жактан да кам көргөн Жахабаны дос катары көрүүгө жардам бере аласыңарбы? (Филипиликтерге 4:6, 7).

7. Ата-эне тиленүүлөрүнө балдарына тиешелүү нерселерди кошуу үчүн эмнелерди билиши керек?

7 Албетте, балдарыңарга тиешелүү нерселер тууралуу тиленүү үчүн алардын жашоосунда эмне болуп жатканын билишиңер керек. Эки кызы бар атанын айтканына көңүл бурсаңар, ал мындай дейт: «Ар бир жуманын аягында өзүмдөн: „Кыздарымды бул жумада көбүнчө эмне тынчсыздандырды? Алар менен кандай жакшы окуялар болуп өттү?“ — деп сурачумун». Силер да өзүңөргө ушу сыяктуу суроолорду берип, анан балдар менен чогуу тиленгенде ошолорду кошо аласыңарбы? Ошентүү менен балдарыңарды Жахабага — «тиленүүнү Угуучуга» — тиленүүгө эле эмес, аны сүйүүгө да үйрөтө аласыңар (Забур 64:3, «ЖД»).

Жакшы ата-эне балдары менен Жазманы дайыма изилдейт

8. Ата-энелер балдарына Кудай Сөзүн изилдөөнү адат кылып алууга эмне үчүн жардам бериши керек?

8 Ата-эненин Ыйык Китепти изилдөөгө кандай караары баланын Кудай менен болгон мамилесине кандайча таасир этиши мүмкүн? Адатта, ким менен болбосун, өз ара мамилени өрчүтүп, аны сактап калуу үчүн бири-бири менен пикирлешүү эле эмес, бири-бирин угуу да зарыл. Жахабаны угуунун бир жолу — бул Ыйык Китепти «ишенимдүү жана акылдуу кул» берип жаткан адабияттардын жардамы менен изилдөө (Матай 24:45—47; Накыл сөздөр 4:1, 2). Андыктан балдарга Жахаба менен жакын мамиледе болууга көмөк кылуу үчүн ата-энелер аларды Кудай Сөзүн изилдөөнү адат кылып алууга үндөшү керек.

9. Балдарга Жазманы изилдөөнү адат кылып алууга кантип жардам берсе болот?

9 Балдарга Ыйык Китепти изилдөөнү адат кылып алууга кантип жардам берсе болот? Мында да ата-эненин үлгүсү чоң роль ойнойт. Балдарыңар силердин Ыйык Китепти дайыма окуудан же изилдөөдөн кубаныч алып жатканыңарды көрүшөбү? Балдарга кам көрүү үчүн көп убакыт талап кылынары чын. Ошол себептүү Жазманы окуу жана изилдөө үчүн убакытты кайдан табам деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок өзүңөрдөн: «Балдарым дайыма эле телевизордун алдында отурганымды көрүшөбү?» — деп сурап көрсөңөр болот. Эгер ошондой болсо, өздүк изилдөө өткөрүү жагынан аларга үлгү көрсөтүү үчүн телевизорго кеткен убакыттан изилдөөгө бир аз убакыт бөлүүгө эмне үчүн болбосун?

10, 11. Ата-энелер үйбүлөлүк изилдөөнү дайыма өткөрүп турушу эмне үчүн зарыл?

10 Балдарды Жахабаны угууга үйрөтүүнүн дагы бир жолу — дайыма үйбүлөлүк изилдөө өткөрүү (Ышайа 30:21). Айрымдар: «Балдарды ар дайым жыйналыш жолугушууларына алып барган соң, үйбүлөлүк изилдөө өткөрүүнүн эмне кереги бар?» — деп ойлошу ыктымал. Мунун бир нече орчундуу себеби бар. Жахаба ата-энелерге абдан маанилүү нерсени — балдарын үйрөтүү жоопкерчилигин — тапшырган (Накыл сөздөр 1:8; Эфестиктерге 6:4). Үйбүлөлүк изилдөө балдарга Кудайга сыйынуу жөн гана эл алдында жасалуучу расми эмес, үйбүлөлүк жашоонун маанилүү бөлүгү экенин түшүнүүгө жардам берет (Мыйзам 6:6—9).

11 Андан сырткары, жакшы өткөрүлгөн үйбүлөлүк изилдөө ата-энеге балдарынын рухий жана адеп-ахлактык нерселерге болгон көзкарашын билүүгө өбөлгө түзөт. Маселен, кичинекей балдарга «Ыйык китептик аңгемелер» деген китепти колдоно алышат *. Ыйык Китепти изилдөө үчүн караштырылган ал китепти окуп жатканда ата-энелер талкууланып жаткан нерсеге карата балдарынын оюн билүү үчүн дээрлик ар бир абзацка суроо беришсе болот. Китепте келтирилген аяттарды талкуулоо менен ата-энелер балдарынын акыл-сезимин «жакшы менен жаманды айырмалоого» көнүктүрө алышат (Эврейлерге 5:14).

12. Ата-энелер үйбүлөлүк изилдөөнү балдардын муктаждыктарына кантип ылайыкташтырса болот жана аны кандай кылса натыйжалуу болот деп ойлойсуңар?

12 Балдар бойго жеткен сайын, үйбүлөлүк изилдөөнү алардын муктаждыктарына ылайыкташтыргыла. Мектепте окуган кыздары бийге барууга суранганда, ата-энеси аларга туура ой жүгүртүүгө кандайча жардам бергенине көңүл бурсаңар. Атасы мындай дейт: «Кыздарыбызга кийинки үйбүлөлүк изилдөөнүн бир бөлүгүндө жубайым экөөбүз балдардын, ал эми алар ата-эненин ролун ойноорун айттык. Кыздар кимиси атасы, кимиси апасы болорун өздөрү чечип, бийге байланыштуу изилдөө жүргүзгөндөн кийин, ага барууга болобу, жокпу, түшүндүрүп бериши керек болчу». Анын натыйжасы кандай болгон? «Кыздарыбыздын бийге баруу эмне себептен акылдуулукка жатпаарын Ыйык Китептин негизинде түшүндүрүп жатышканда, туураны туура эместен канчалык так ажырата алгандарына абдан таң калдык»,— дейт атасы. Анан мындай деп кошумчалайт: «Андан да таң калыштуусу, кыздарыбыз бийге баруунун ордуна көңүл ачуунун ылайыктуу башка түрүн сунушташты. Бул бизге алардын ой жүгүртүүсүн жана каалоолорун жакшыраак түшүнүүгө жардам берген сабак болду». Ооба, үйбүлөлүк изилдөөнү үзгүлтүксүз өткөрүп, аны балдардын муктаждыктарына ылайыкташтыруу үчүн талыкпай күч-аракет жумшоо жана бир аз тапкычтык керек. Бирок мунун акыбети кайтпай койбойт (Накыл сөздөр 23:15).

Тынчтыкка өбөлгө түзүү

13, 14. а) Ата-эне тынчтыкка кандайча өбөлгө түзө алат? б) Ата-эненин катасын мойнуна алганы кандай натыйжа берет?

13 Жаачы тынч турган абалда атканда гана бутага тийгизе алат. Анын сыңарындай, ата-эне үйбүлөдө тынчтыкка өбөлгө түзгөндө гана, балдар Жахабага болгон сүйүүсүн өстүрө алышат. Шакирт Жакып: «Адилеттиктин уругу тынчтыкты сактагандарга тынчтык менен себилет»,— деп жазган (Жакып 3:18). Үйбүлөдөгү тынчтыкка ата-эне канткенде өбөлгө түзө алат? Ан үчүн жубайлардын нике түйүнү бекем болушу зарыл. Бири-бирин сүйгөн жана урматтаган никелик жарлар балдарын башкаларды, анын ичинде Жахабаны да сүйүүгө үйрөтө алышат (Галатиялыктарга 6:7; Эфестиктерге 5:33). Ооба, үйбүлөдөгү тынчтыкка сүйүү жана урматтоо өбөлгө түзөт. Анткени бири-бири менен тынчтыкта жашаган жубайлар үйбүлөдөгү келишпестиктерди оңой чече алышат.

14 Албетте, кыйынчылыгы жок нике болбогондой эле, телегейи тегиз үйбүлө да жок. Мисалы, ата-энелер балдарына мамиле кылууда дайыма эле рухтун жемишин чагылдыра бербеши мүмкүн (Галатиялыктарга 5:22, 23). Андайда ата-эне эмне кылса болот? Эгер алар туура эмес кылганын мойнуна алса, балдары аларды сыйлабай калышабы? Элчи Пабылды мисалга алалы. Ал көптөрдүн рухий атасы болгон (1 Корунттуктарга 4:15). Ошентсе да күнөө кетирерин ачык эле мойнуна алган (Римдиктерге 7:21—25). Бирок анын момундугу жана чынчылдыгы аны урматтабай калууга эмес, кайра көбүрөөк урматтоого түрткү берет. Пабыл ката кетирсе да, Корунттагы жыйналышка ишенимдүү түрдө: «Мен Машайактан үлгү алгандай эле, силер да менден үлгү алгыла»,— деп айта алган (1 Корунттуктарга 11:1). Ата-энелер, силер да каталарыңарды мойнуңарга алсаңар, балдарыңар аларга анча деле маани бере бербейт.

15, 16. Ата-энелер балдарын ишенимдештерди сүйүүгө эмне себептен үйрөтүшү керек жана кантип?

15 Балдары Жахабага болгон сүйүүсүн өстүрө алгыдай кылып үйбүлөдө тынчтыкка өбөлгө түзүү үчүн ата-энелер дагы эмне кылса болот? Элчи Жакан мындай деп жазган: «Ким: „Мен Кудайды сүйөм“,— десе, бирок бир тууганын жек көрсө, ал — жалганчы. Анткени өзү көрүп турган бир тууганын сүйбөсө, көрүнбөгөн Кудайды кантип сүймөк эле? Биз Андан „Ким Кудайды сүйсө, ал бир тууганын да сүйсүн“ деген осуятты алганбыз» (1 Жакан 4:20, 21). Андыктан балдарыңарды ишенимдештерди сүйүүгө үйрөтүү менен Кудайды сүйүүгө үйрөтүп жаткан болосуңар. Ата-энелер, өзүңөрдөн минтип сурап көргөнүңөр дурус: «Жыйналыштагылар жөнүндө сөз болгондо көбүнчө кандай сөздөрдү айтам, бекемдээрликпи же аларга карата сын көзкараштамынбы?» Аны кантип билүүгө болот? Балдарыңардын жыйналыш жана ишенимдештерибиз тууралуу айткандарына көңүл бурсаңар болот. Алар силердин эле сөздөрүңөрдү кайталап жатканын байкашыңар мүмкүн.

16 Балдар рухий биртуугандарга карата сүйүү өстүрө алышы үчүн ата-энелер эмне кылса болот? Питер, эки өспүрүм баланын атасы, мындай дейт: «Балдарыбыз кичине кезинде эле рухий жактан жетилген биртуугандарды тамакка чакырып, чогуу убакыт өткөрүүнү жакшы көрчүбүз. Балдарыбыз Жахабаны сүйгөн элдин арасында чоңойду. Азыр болсо Кудайга кызмат кылуу көп кубаныч тартуулаарын сезип жатышат». Беш кыздын атасы Деннис болсо мындай дейт: «Биз кыздарыбызды жыйналышта көптөн бери кызмат кылып келаткан пионерлер менен достошууга үндөчүбүз. Ошондой эле кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен алардын аялдарына колубуздан келишинче меймандостук көрсөтүүгө аракет кылчубуз». Силер да балдарыңарга жыйналыштагыларды өзүңөрдүн үйбүлөңөрдөй көрүүгө жардам бере аласыңарбы? (Марк 10:29, 30).

Балдардан да көзкаранды

17. Балдар акыры эмнени чечиши керек?

17 Жаачы жөнүндөгү мисалга кайрадан кайрылалы. Жаачы мыкты болгон күндө да, жебе ийилген же кыйшык болсо, бутага тийгизе албайт. Албетте, ата-эне кыйшык жебени түзөөгө, башкача айтканда, баланын туура эмес ой жүгүртүүсүн оңдоого аракет кылат. Бирок балдар бул дүйнөнүн таасирине алдырышабы же өздөрүнүн «жолдорун» багытташына Жахабага жол беришеби, акыры өздөрү чечет (Накыл сөздөр 3:5, 6; Римдиктерге 12:2).

18. Балдардын чыгарган чечими башкаларга кандай таасир тийгизет?

18 Ата-энелерге балдарын Жахабанын «үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялоо» жоопкерчилиги берилгени менен баланын кандай киши болору анын өзүнөн көзкаранды (Эфестиктерге 6:4). Андыктан, балдар, өзүңөргө төмөнкүдөй суроо берип көрсөңөр болот: «Ата-энемдин сүйүү менен берип жаткан тарбиясын кабыл аламбы?» Кабыл алсаңар, жашоонун эң жакшы жолун тандаган болосуңар. Ошондой эле ата-энеңерге да кубаныч тартуулайсыңар. Андан да маанилүүсү, Жахабанын жүрөгүн кубантасыңар (Накыл сөздөр 27:11).

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эсиңердеби?

• Тиленүү жана Ыйык Китепти изилдөө жагынан ата-эне балдарына кантип үлгү боло алат?

• Ата-эне үйбүлөдөгү тынчтыкка кандайча өбөлгө түзө алат?

• Балдар эмнени чечиши керек жана бул башкаларга кандай таасир тийгизет?

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги сүрөт]

Өздүк изилдөө өткөрүү жагынан балдарыңарга үлгү көрсөтүп жатасыңарбы?

[27-беттеги сүрөт]

Үйбүлөдөгү тынчтык бактылуу болууга өбөлгө түзөт