Ошуя китебиндеги урунттуу ойлор
Жахабанын Сөзү тирүү
Ошуя китебиндеги урунттуу ойлор
ЫСРАЙЫЛДЫН он уруудан турган түндүк падышалыгында чыныгы сыйынуу жоюлуп бараткан. Жаробам IIнин тушунда Ысрайыл эли экономикалык жактан өсүп-өнүккөн эле. Бирок Жаробам кайтыш болгондон көп өтпөй, өлкөдө саясый жактан туруксуз, кооптуу кырдаал өкүм сүрүп, элдин абалы начарлай баштаган. Ошол кезде башкарган алты падышанын төртөө биринин артынан бири киши колдуу болуп өлгөн (2 Падышалар 14:29; 15:8—30; 17:1—6). Ошуянын кызматы б.з.ч. 804-жылы башталып, дал ошол коогалаңдуу мезгилге чейин созулган. Ал баш-аягы 59 жыл пайгамбарлык кылган.
Ошуянын үйбүлөлүк жашоосу аркылуу Жахабанын ишенимсиз ысрайыл элине карата болгон сезими көркөм сүрөттөлгөн. Пайгамбар Ысрайыл уулдарынын бузуку иштерин ашкерелегенден тышкары, Ысрайыл падышалыгына жана Жүйүт падышалыгына каршы чыгарылган сот өкүмүн жарыялаган. Ошуянын өз аты менен аталган ал китепте күчтүү жана таасирдүү сөздөр колдонулса да, ары жылуу, ары назик сезимдер чагылдырылган. Ал китеп Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган Сөзүнүн бир бөлүгү болгондуктан, тирүү жана таасирдүү (Эврейлерге 4:12).
«БУЗУЛГАН АЯЛДЫ... АЛ»
Жахаба Ошуяга: «Бузулган аялды... ал»,— дейт (Ошуя 1:2). Ошуя баш иет. Анан аялы Гомер ага уул төрөп берет. Ал эми андан кийинки эки баласын Гомер ойноштуктан төрөйт. Бирине — Ло-Рухам, экинчисине Ло-Ами деген ат коюлат. Ал аттардын мааниси ишенимсиз Ысрайылдын Жахабанын ырайымынан айрылып, четке кагыларын билдирген.
Жахаба козголоңчул элине карата кандай сезимде болгон? Ал Ошуяга мындай деген: «Дагы барып, күйөөсү сүйгөн, бирок өзү ойноштук кылган аялды сүй, аны Теңир Ысрайыл уулдарын сүйгөндөй сүй. Теңир аларды сүйөт, алар болсо башка кудайларга кайрылышат» (Ошуя 3:1).
Ыйык китептик суроолорго жооптор:
Ошуя 1:1 — Эмне үчүн Ошуя кызмат кылып жүргөн маалындагы Жүйүттүн төрт падышасын атайт да, ал эми Ысрайылдын бир эле падышасын атайт? Себеби Кудайдын тандалган элин Дөөттүн урпактарынан чыккан падышалар гана башкарууга укуктуу болчу. Түндүк падышалыктын падышалары, Жүйүттүкүнөн айырмаланып, Дөөттүн тукумунан чыккан эмес.
Ошуя 1:2—9 — Ошуя чын эле бузулган аял алды беле? Ооба. Себеби Ошуянын алган аялы кийин анын көзүнө чөп салып кеткен. Пайгамбардын өз үйбүлөсү жөнүндөгү айткандары түш же аян болгон деп ырастоого эч кандай негиз жок.
Ошуя 1:7 — Жүйүт тукумуна Кудай качан ырайым кылып, аларды качан куткарган? Ал б.з.ч. 732-жылы Хиския падышанын күндөрүндө болгон. Ошол кезде Жахаба ашурлуктардын 185 000 жоокерден турган аскерин бир эле периштеси аркылуу бир түндүн ичинде жок кылып, Иерусалимди коргоп калган (2 Падышалар 19:34, 35). Ошентип, Жүйүттү куткаруу үчүн Жахабага жаа, кылыч, согуш, аттар жана атчан аскерлердин күчү талап кылынган эмес.
Ошуя 1:10, 11 — Ысрайыл түндүк падышалыгы б.з.ч. 740-жылы эле куласа, «Жүйүт уулдары менен Ысрайыл уулдары» кантип чогулушмак же кайрадан биригишмек? Жүйүт аймагында жашагандар б.з.ч. 607-жылы Бабылга туткундалып кете электе түндүк падышалыктагылардын көбү Жүйүткө көчүп келген (2 Жылнаама 11:13—17; 30:6—12, 18—20, 25). Жүйүттөр б.з.ч. 537-жылы туткундан өз мекенине кайтып келишкенде арасында Ысрайылдын түндүк падышалыгында жашагандардын урпактары бар болчу (Эзра 2:70).
Ошуя 2:21—23 — Жахабанын: «Мен аны [Изрейелди] жерге Өзүм үчүн себем»,— деген сөзүндө кандай пайгамбарлык камтылган? Ошуянын Гомер төрөп берген тун уулунун аты Изрейел эле (Ошуя 1:2—4). Анын аты «Кудай үрөн себет» деген маанини туюнтат. Бул Жахабанын б.з.ч. 537-жылы ишенимдүү калдыкты кайрадан чогултуп, аларды Жүйүт жерине үрөн сепкендей «себерин» көрсөткөн. 70 жыл бою ээн жаткан жер болсо нан, шарап жана зайтун майы менен камсыз кылууга даяр болмок. Бул аяттарда аталган азык-түлүк жерден азыктандыруучу заттарды сурайт, жер болсо асманга кайрылып жаан сурайт деп поэтикалык тил менен айтылган. Жаан төгүш үчүн асман да Кудайдан булут сурайт делген. Ошондо мекенине кайтып келген калдыктын муктаждыктары кенен-кесир камсыз болмок. Ошуя 2:23тү элчи Пабыл менен Петир рухий Ысрайылдын калдыктарынын чогултулушуна карата колдонушкан (Римдиктерге 9:25, 26; 1 Петир 2:10).
Биз алчу сабактар:
Ошуя 1:2—9; 3:1, 2. Ошуянын Кудайдын эркине баш ийип, аялы менен жашай бериш үчүн, кандай курмандыкка барганын ойлосоңор! Сенчи, Кудайдын эркин аткарууга келгенде өз кызыкчылыктарыңан канчалык деңгээлде кечүүгө даярсың?
Ошуя 1:6—9. Жахаба рухий ойноштукту да, кадимки ойноштукту да жек көрөт.
Ошуя 1:7, 10, 11; 2:14—23. Жахабанын Ысрайыл менен Жүйүт жөнүндөгү айткандарынын баары аткарылган. Анын айткандары ар дайым жүзөгө ашат.
Ошуя 2:16, 19, 21—23; 3:1—4. Жахаба чын жүрөктөн өкүнгөндөрдү кечирүүгө даяр (Некемия 9:17). Биз да, Жахабага окшоп, башкаларга боорукердик жана ырайымдуулук менен мамиле кылышыбыз керек.
«ТЕҢИР... СОТТОЙТ»
«Теңир бул жердин тургундарын соттойт»,— дейт Ошуя. Эмне үчүн? Себеби ал жерде «акыйкаттык да, боорукердик да, Кудайды таанып билүү да» болгон эмес (Ошуя 4:1). Ишенимден чегинген ысрайылдыктар бири-бирин алдамчылык менен тоноп, кан төгүп, кадимки жана рухий ойноштукка батышкан. Кудайдан жардам издөөнүн ордуна, алар «мисирликтерди чакырып... Ашурга барышкан» (Ошуя 7:11).
Жахаба аларга: «Ысрайыл жутулду»,— деп өкүм чыгарат (Ошуя 8:8). Алардан Жүйүт падышалыгы да кем калышкан эмес. Ошондуктан Ошуя 12:2де мындай делет: «Теңир Жүйүт менен да соттошот, Ал Жакыпты жолдоруна жараша жазалайт, ага иштерине жараша тиешесин берет». Бирок Кудай аларды сөзсүз кайрадан калыбына келтирмек. Себеби ал: «Аларды өлгөндөр жаткан жайдын бийлигинен кун төлөп куткарам, аларды өлүмдөн куткарам»,— деп убадалаган (Ошуя 13:14).
Ыйык китептик суроолорго жооптор:
Ошуя 6:1—3 — «Жүргүлө, Теңирге кайра баралы!» — деген сөздөр кимге таандык? Ишенимсиз ысрайылдыктар бири-бирин Жахабага кайтып барууга чакырышы мүмкүн эле. Эгер ошондой болсо, алар жөн гана өкүнүп жаткандай түр көрсөтүшкөн. Алардын жакшы иштери «таңкы булуттай, эрте жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй» убактылуу, кыска болгон (Ошуя 6:4). Же ал сөздөр менен, балким, Ошуя элди Жахабага кайтып келүүгө чакыргандыр. Бул чакырыкты ким айтпасын, айтор, он уруудан турган тоңмоюн Ысрайыл падышалыгы чын дилден өкүнүп, Жахабага кайтып келүүгө тийиш эле.
Ошуя 7:4 — Ишенимсиз ысрайылдыктар кандай мааниде «алоолонгон мештей» болушкан? Мындай салыштыруу алардын жүрөгүндөгү ашынып турган бузуку каалоолорду сүрөттөйт.
Биз алчу сабактар:
Ошуя 4:1, 6. Кудайдын жактыруусунан айрылбайлы десек, Ал тууралуу мындан ары да билим алып, билгендерибизди иш жүзүндө колдоно беришибиз керек.
Ошуя 4:9—13. Жахаба жыныстык жактан бузукулук кылып жүргөндөрдү да, ыпылас сыйынууга катышып жүргөндөрдү да жоопко тартат (Ошуя 1:4).
Ошуя 5:1. Кудайдын элинде жетекчиликти колго алгандар чындыктан четтөөнү толугу менен четке кагууга тийиш. Антпесе, алар айрымдардын жалган сыйынууга иришип кетишине себеп болушу, алар үчүн «жайылган торго» айланышы мүмкүн.
Ошуя 6:1—4; 7:14, 16. Ооз менен эле өкүндүм деп кою пайдасыз жана эки жүздүүлүккө жатат. Күнөө кылган адам Кудайдын ырайымына ээ болуу үчүн чын жүрөктөн өкүнүп, кайрадан таза сыйынууга кайрылганын иштери менен далилдеши керек. Ал Кудайдын бийик нормаларына ылайык иш кылышы талап (Ошуя 7:16).
Ошуя 6:6. Күнөө жасоо Кудайга карата берилгендиктин жана сүйүүнүн жетишсиздигин айгинелейт. Эч кандай рухий курмандык берилгендик менен сүйүүнүн ордун баса албайт.
Ошуя 8:7, 13; 10:13. «Адам эмнени сепсе, ошону орот» деп айтылгандай, ысрайылдыктар жалган кудайларга сыйынышканы үчүн жазасын алышкан (Галатиялыктарга 6:7).
Ошуя 8:8; 9:17; 13:16. Түндүк падышалыкка карата айтылган пайгамбарлыктар анын борбор шаары Самария ашурлуктар тарабынан каратылып алынганда аткарылган (2 Падышалар 17:3—6). Ошондуктан Кудайдын эмнени айтса, аткарарына, эмнени десе, кыларына бекем ишенсек болот (Сандар 23:19).
Ошуя 8:14. Иерусалимдин жана Жүйүт жеринин ойрон кылынары жөнүндөгү пайгамбарлыкты жүзөгө ашырып, Жахаба Бабылдыктардын катыштыгы менен Жүйүткө б.з.ч. 607-жылы «от жиберген» (2 Жылнаама 36:19). Ооба, Кудайдын сөзү эч качан аткарылбай калбайт (Жашыя 23:14).
Ошуя 9:10. Ысрайылдыктар чыныгы Кудайга арналган эл болсо да, «Баал-Пейорго барып, ыпылас иштерге берилип кетишкен». Биз алардын кылган жаман иштеринен өзүбүзгө сабак алып, Кудайга арналуубузга ылайык жашабай калуудан сактансак, акылдуулук кылабыз (1 Корунттуктарга 10:11).
Ошуя 10:1, 2, 12. Биз Кудайга таза ниет менен кызмат кылууга тийишпиз. Адилеттикти «сепсек», Кудайдын ырайымын «оруп алабыз».
Ошуя 10:5. Бейтел («Кудайдын үйү») кийинчерээк Бет-Абен («Бүлгүн үйү») деп аталып калган. Бет-Абендеги музоо бурканы алынып кеткенде, Самариянын тургундары сыйынган нерсесинен айрылышканы үчүн катуу күйүт тартышкан. Өзүн коргой албаган жансыз бурканга ишеним артуу кандай гана акылсыздык! (Забур 134:15—18; Жеремия 10:3—5).
Ошуя 11:1—4. Жахаба өз элине ар дайым сүйүү менен мамиле кылат. Кудай өзүнө эч кимди кыйнап баш ийдирбейт.
Ошуя 11:8—11; 13:14. Жахабанын өз элинин ичинде чыныгы сыйынууну калыбына келтирери жөнүндөгү айткандары ага «бекер кайрылып» келген эмес (Ышайа 55:11). Б.з.ч. 537-жылы Ысрайылдын калдыгы Бабылдын туткунунан бошотулуп, Иерусалимге кайтып келген (Эзра 2:1; 3:1—3). Жахаба пайгамбарлары аркылуу эмнени айтпасын, сөзсүз ишке ашырат.
Ошуя 12:6. Боорукердик көрсөтүүгө, адилеттик кылууга чечкиндүү болуп, ар дайым Жахабадан үмүттөнүшүбүз керек.
Ошуя 13:6. Ысрайылдыктар «тойгондуктан... жүрөгү текеберденди, ошондо алар... [Жахабаны] эстеринен чыгарып коюшту». Биз да менменсинип кетүүдөн сак болушубуз керек.
«ТЕҢИРДИН ЖОЛДОРУ ТУУРА»
Ысрайылга жан тарткан Ошуя: «Ысрайыл, өзүңдүн Кудай-Теңириңе кайрылып кел, анткени сен өзүңдүн мыйзамсыздыгыңдын айынан мүдүрүлүп жыгылдың»,— дейт. Ал элди Жахабага: «Бардык мыйзамсыздыгыбызды кечир, бизге жакшылык кыл, ошондо биз Сага ооз курмандыгын чалабыз»,— деп кайрылууга үндөйт (Ошуя 14:2, 3).
Күнөөсүн мойнуна алган адам Жахабага кайрылып, анын жол-жоболорун кабыл алууга тийиш. Ошону менен бирге, ага мактоо курмандыгын алып келиши керек. Эмне үчүн? Анткени «Теңирдин жолдору туура, ал жолдор менен адил адамдар жүрүшөт» (Ошуя 14:10). Көптөрдүн «акыркы күндөрү Теңирдин жана Анын ырайымынын алдында титиреп» жатканы кандай гана кубанычтуу! (Ошуя 3:5).
[17-беттеги сүрөт]
Ошуянын үйбүлөлүк жашоосу Жахабанын Ысрайылга жасаган мамилесин чагылдырган
[19-беттеги сүрөт]
Б.з.ч. 740-жылы Самария кулаганда, Ысрайылдын түндүк падышалыгы жоюлган