«Деңиз ыры» — мезгил аралыгын кыскарткан колжазма
«Деңиз ыры» — мезгил аралыгын кыскарткан колжазма
БЫЛТЫР 22-майда Иерусалимдеги Израиль музейинде эврей тилиндеги түрмөктүн үзүндүсү көргөзмөгө коюлган. Чыгуу китебинин 13:19—16:1-аяттарын камтыган ал үзүндү б.з. 7- же 8-кылымына таандык деп эсептелет. Анда ысрайылдыктар Кызыл деңизден керемет жолу менен куткарылгандан кийин ырдаган, «Деңиз ыры» деген аталыш менен белгилүү болгон жеңиш ыры жазылган. Ал үзүндүнүн көргөзмөгө коюлушу эмне үчүн маанилүү эле?
Бул суроонун жообу анын датасына байланыштуу. Жансыз деңиз түрмөктөрү б.з.ч. 3-кылым менен б.з. 1-кылымынын ортосундагы аралыкта жазылган. Ал түрмөктөр табылганга чейин, мындан 60 жылдай мурун, эврей тилиндеги эң байыркы колжазма катары б.з. 930-жылына таандык болгон Алеппо кодекси эсептелчү. Айрым үзүндүлөрдү эсепке албаганда, ошол жүз жылдыктар аралыгына таандык эврей колжазмалары табылган эмес.
«Деңиз ыры колжазмасы — Жансыз деңиз түрмөктөрү менен... Алеппо кодексинин ортосундагы мезгил аралыгын кыскарткан колжазма»,— дейт Израиль музейинин директору Жеймс С. Снайдер. Анын айтымында, башка байыркы тексттер менен бирге бул колжазма Ыйык Китептин «текстинин эч өзгөрүүсүз сакталганын» эң сонун далилдеп турат.
Ал 19-кылымдын аяк ченинде Каирдеги (Египет) синагогадан табылган көптөгөн колжазмалардын бири деп эсептелет. Анткен менен эврей колжазмаларын чогултуп жүргөн киши өзүндөгү ал үзүндүнүн канчалык баалуу экенин 1970-жылдардын аяктарында адистер менен кеңешкенде гана билген. Ошол жылдары анын датасы аныкталып, Израиль музейиндеги көргөзмөгө чыгарылганга чейин архивге сакталып коюлган.
Ал колжазманын маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылып, Израиль музейиндеги колжазмалар сакталган бөлүмдүн башчысы жана Жансыз деңиз түрмөктөрүнө жооптуу Адолфо Ройтман мындай деген: «Деңиз ыры колжазмасы масореттердин Ыйык Китептин тексттерин кылымдар бою абдан так көчүрүп келгенин айгинелеп турат. Деңиз ыры колжазмасынын өзгөчө стили 7—8-кылымдарда кандай болсо бүгүн да ошондой экени таң калтырбай койбойт».
Ыйык Китеп — ыйык рухтун жетеги менен жазылган Кудайдын Сөзү. Анын өзгөрүүсүз сакталышына биринчи кезекте Жахаба өзү кам көргөн. Андан сырткары, көчүрмөчүлөр да аны абдан кылдаттык менен көчүрүшкөн. Ошондуктан биз колдонуп жаткан Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенине шек жок.
[32-беттеги сүрөт]
Courtesy of Israel Museum, Jerusalem