Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көзүбүздү сыйлыкка багыттайлы!

Көзүбүздү сыйлыкка багыттайлы!

Көзүбүздү сыйлыкка багыттайлы!

«Сыйлы[кка] ...ээ болуу үчүн максатыма умтулуп жатам» (ФЛП. 3:14).

1. Элчи Пабылды кандай сыйлык күтүп турган?

ТАРСТЫК Шабыл деп да белгилүү болгон элчи Пабыл көрүнүктүү үй-бүлөдөн чыккан. Ал белгилүү Мыйзам окутуучу Гамалеилден таалим алып, ата-бабаларынын динине окутулган (Элч. 22:3). Пабылдын коомдо бийик даражага жетүү мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок ал өзүнүн динин таштап, Исанын жолдоочусу болууну чечкен. Анан ал алдыдагы түбөлүк жашоо сыйлыгын — Кудайдын асмандагы Падышалыгында өлбөс падыша жана дин кызматчы болуп кызмат кылууну — чыдамсыздык менен күткөн. Ошол Падышалык бейишке айланган жер үстүнөн бийлик жүргүзөт (Мт. 6:10; Аян 7:4; 20:6).

2, 3. Пабыл асманда жашоо сыйлыгын канчалык жогору баалаган?

2 Пабылдын ал сыйлыкты канчалык жогору баалаганы төмөнкү сөздөрүнөн көрүнүп турат: «Өзүм үчүн жетишкендик болуп саналган нерселерди мен Машаяк үчүн жоготуу деп эсептедим. Ооба, Мырзам Машаяк Иса жөнүндөгү теңдешсиз билим үчүн, чынында эле, бардыгын жоготуу деп эсептейм. Машаяк үчүн баарын жоготтум жана... баарын таштанды деп эсептейм» (Флп. 3:7, 8). Ал Жахабанын адамзатка байланыштуу ой-ниети жөнүндөгү чындыкты таанып-билгенден кийин адамдардын көбү маанилүү деп эсептеген нерселерди — көрүнүктүү абалды, байлыкты, мансапты, атак-даңкты — таштанды катары көргөн.

3 Ошондон кийин ал Жахаба жана Иса Машаяк жөнүндөгү билимди жогору баалап калган. Кудайга тиленип жатып Иса ошол билим тууралуу мындай деген: «Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сен жөнүндө жана сен жиберген Иса Машаяк жөнүндө билим алуу зарыл» (Жкн. 17:3). Пабылдын түбөлүк өмүргө жетүүнү абдан каалаганын Филипиликтер 3:14төгү сөздөрүнөн билебиз. Ал жерде мындай делет: «Кудайдын Машаяк Иса аркылуу бере турган сыйлыгына, асманга чакырылуу сыйлыгына, ээ болуу үчүн максатыма умтулуп жатам». Ооба, ал көзүн Кудайдын асмандагы Падышалыгынын башкаруучуларынын бири катары түбөлүк жашоо сыйлыгына багыттаган.

Жер бетинде түбөлүк жашоо

4, 5. Кудайдын эркин аткарып жаткан миллиондогон адамдарды кандай сыйлык күтүп турат?

4 Кудайдын эркин аткарууну тандагандардын көбү күч-аракет жумшоого арзый турган сыйлыкка — Кудайдын жаңы дүйнөсүндөгү түбөлүк өмүргө — ээ болушат (Заб. 36:11, 29). Иса түбөлүк өмүрдүн куру кыял эмес экенин айткан. Ал: «Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деген (Мт. 5:5). Забур 2:8де көрсөтүлгөндөй, Иса өзү жер жүзүнө ээлик кылат жана анын асманда 144 000 кошо башкаруучусу болот (Дан. 7:13, 14, 22, 27). Ал эми жерде жашай турган кой мүнөздүү адамдар алар үчүн «дүйнө негизделгенден бери... даярдалган» Падышалыкты, башкача айтканда, анын жердеги ээлигин «мурасташат» (Мт. 25:34, 46). Биз буга эч шектенбесек болот, себеби муну убада кылган Кудай «жалган сүйлөбөйт» (Тит 1:2). Ысрайыл элине: «Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын... билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты, бир да сөз аткарылбай калган жок»,— деп айткан Жашыяга окшоп, биз да Кудайдын убадаларынын аткарыларына толук ишене алабыз (Жаш. 23:14).

5 Кудайдын жаңы дүйнөсүндөгү жашоо азыркыдай оор болбойт. Адамзат согуштан, кылмыштуулуктан, жакырчылыктан, адилетсиздиктен, оорудан жана өлүмдөн биротоло арылат. Адамдар чың ден соолукта болуп, бейишке айланган жер бетинде өмүр сүрүшөт. Кудайдын жаңы дүйнөсүндөгү жашоо биз элестеткенден да кереметтүү болот. Ырас, ар бир күн бизге ырахат тартуулайт. Бул кандай гана баа жеткис сыйлык!

6, 7. а) Кудайдын жаңы дүйнөсүндө эмнелер ишке ашарын Иса кантип көрсөткөн? б) Атүгүл өлгөндөргө да кандай мүмкүнчүлүк берилет?

6 Иса жерде жүргөндө Кудайдын ыйык рухунун жардамы менен жаңы дүйнөдө жер жүзү боюнча кандай кереметтүү иштерди кыларын көрсөткөн. Мисалы, Иса 38 жылдан бери шал болуп ооруган кишиге басууну буйруганда, Ыйык Китепте айтылгандай, ал ошол замат басып кеткен (Оку: Жакан 5:5—9). Башка жолу болсо Иса «тубаса сокур кишини» айыктырган. Кийинчерээк мурда сокур болгон ошол кишиден аны ким айыктырганын сурашканда, ал: «Буга чейин кимдир бирөөнүн тубаса сокурдун көзүн ачканын эч ким эч качан уккан эмес. Эгер Кудайдан келбесе, ал эч нерсе кыла албайт эле да»,— деп жооп берген (Жкн. 9:1, 6, 7, 32, 33). Ооба, Кудай Исага күч бергендиктен, ал ушундай кереметтерди жасай алган. Ал кайсы жерге барбасын, оорулууларды айыктырган (Лк. 9:11).

7 Иса оорулууларды, майыптарды айыктыргандан тышкары, өлгөндөрдү да тирилте алган. Алсак, бир жолу 12 жашар кыз каза болгондо, ата-энеси катуу күйүт тартат. Ошондо Иса: «Кыз, сага айтып жатам, тур»,— дегенде, ал кыз ордунан турат. Муну көргөн ата-энеси менен жакындарынын кандай сезимде болгонун элестетсеңер! (Оку: Марк 5:38—42). Кудайдын жаңы дүйнөсүндө миллиарддаган адамдар тирилгенде да, «эбегейсиз зор кубаныч» болот. Себеби «адил жана адил эмес адамдар» тирилтилет (Элч. 24:15; Жкн. 5:28, 29). Ошондо аларга жаңы жашоо, жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү, мүмкүнчүлүгү берилет.

8, 9. а) Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун учурунда Адам атадан өткөн күнөө эмне болот? б) Тирилгендер эмненин негизинде соттолушат?

8 Кайра жашоого тирилтилгендер өлгөнгө чейин жасаган күнөөлөрү үчүн соттолушпайт (Рим. 6:7). Машаяктын Миң жылдык башкаруусу учурунда Падышалыктын бийлиги алдында жашаган тил алчаак адамдар куткаруу курмандыгынан пайда алышат: Адам атадан тукум кууп өткөн күнөөдөн толугу менен арылып, акырындык менен жеткилеңдикке жетишет (Рим. 8:21). Жахаба «өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Кудай-Теңир бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт» (Ыш. 25:8). Ошондой эле Кудай Сөзүндө «түрмөктөр ачылары» айтылат. Бул ошол убакта жашагандарга жаңы билим берилерин көрсөтүп турат (Аян 20:12). Жер бейишке айланганда, «жер жүзүндө жашагандар акыйкаттыкка үйрөнүшөт» (Ыш. 26:9).

9 Тирилтилгендер Адам атадан өткөн күнөөнүн негизинде эмес, өздөрү кандай иш-аракет кылганынын негизинде соттолушат. Аян 20:12де айтылгандай, «өлгөндөр өз иштерине жараша, түрмөктөрдө жазылгандарга ылайык», тактап айтканда, тирилгенден кийинки иштерине жараша соттолушат. Бул Жахабанын адилеттүүлүгүн, ырайымдуулугун, сүйүүсүн кандай сонун чагылдырат! Андан тышкары, тирилгендердин мурунку жашоосундагы жүрөк ооруткан нерселери «мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт» (Ыш. 65:17). Бекемдээрлик жаңы билим алгандыктан жана жашоо жалаң гана жагымдуу нерселерге толгондуктан, тирилгендердин өткөн жашоосунда болгон кайгылуу окуялары аларды азап тарттырбайт; алар унутулат (Аян 21:4). Армагедондон аман өткөн «эбегейсиз көп адамдардын» да жүрөгүндөгү кайгысы такыр эскерилбейт (Аян 7:9, 10, 14).

10. а) Кудайдын жаңы дүйнөсүндөгү жашоо кандай болот? б) Көзүңдү сыйлыкка багыттоого эмне жардам берет?

10 Кудайдын жаңы дүйнөсүндө адамдар оорубайт жана өлбөйт. «Ошондо тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпайт» (Ыш. 33:24). Жаңы жердин тургундары күн сайын жаңы күчкө толуп, ар бир күндү кубаныч менен тосуп алышат. Алар канааттануу тартуулаган жумушун аткарууга шашышат жана алардын камын ойлогон адамдар менен баарлашышат. Мындай жашоо, чынында эле, кереметтүү сыйлык! Ыйык Китептен Ышайа 33:24 жана 35:5—7-аяттарды ачып, өзүңдүн ошондой шарттарда жашап жатканыңды элестетип көрсөң. Бул сага көзүңдү сыйлыкка багыттоого жардам берет.

Көзүн сыйлыкка багыттабай калгандар

11. Сулаймандын башкаруусунун жакшы башталышын сүрөттөп бер.

11 Сыйлык жөнүндө билген соң көзүбүздү андан албоого болгон күчүбүздү жумшашыбыз зарыл, антпесе, сыйлыкты баалабай калышыбыз ыктымал. Маселен, Сулайман байыркы Ысрайылга падыша болгондо элди туура башкаруу үчүн Кудайга момундук менен кайрылып, акылмандык жана түшүнүк сураган (Оку: 1 Падышалар 3:6—12). Натыйжада, Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудай Сулайманга... көп акылмандык, даанышмандык... берген». Ооба, «Сулаймандын акылмандуулугу чыгыш уулдарынын бүт акылмандуулугунан жана мисирликтердин бүт акылмандуулугунан жогору эле» (1 Пад. 4:29—32).

12. Падыша болуп дайындала тургандарга Жахаба кандай эскертүү берген?

12 Бирок башында Жахаба ким падыша болуп дайындалса, ал «өзүнө жылкы көбөйтүп албашы», ошондой эле «көп аял алып жүрөгү бузулбашы» керектигин эскерткен (Мыйз. 17:14—17). Анткени жылкысын көбөйткөн падыша Коргоочу Жахабага эмес, өзүнүн аскердик күчүнө таянарын көрсөтмөк. Андан сырткары, көп аял алуу падышага коркунуч туудурмак, себеби падышанын аялдарынын кээ бирлери коңшу жашаган, жалган кудайларга сыйынган бутпарастардан болушу мүмкүн эле. Андыктан алар падышанын жүрөгүн чыныгы сыйынуудан буруп кетишмек.

13. Сулайман кандайча Кудай берген нерселерге көзүн багыттабай калган?

13 Сулайман ал эскертүүлөргө кулак какпай, Жахаба падышаларга тыюу салган нерсени кылган. Ал миңдеген аттарды кармап, чабармандарын көбөйткөн (1 Пад. 4:26). Ошондой эле 700 аялы, 300 күңү болгон. Аялдарынын көбү жалган кудайларга сыйынган жат элдерден эле. Алар «анын жүрөгүн башка кудайларга бурушкан». Мунун кесепетинде «анын жүрөгү... Кудай-Теңирге толук берилбей» калган. Сулайман башка элдерден алган аялдарынын тилин алып, бутпарас элдердин жийиркеничтүү жалган сыйынуусуна иришип кеткен. Ошондо Жахаба Сулайманга андан «падышачылыкты тартып аларын» айткан (1 Пад. 11:1—6, 11).

14. Сулаймандын жана ысрайыл элинин тил албастыгы эмнеге алып келген?

14 Сулайман чыныгы Кудайдын өкүлү болуу сыймыгын баалабай, жалган сыйынууга баш оту менен кирип кеткен. Кийинчерээк бүтүндөй эл да чыныгы сыйынуудан четтеп, б.з.ч. 607-жылы кыйроого учураган. Жүйүттөр акыр-аягы чыныгы сыйынууну калыбына келтирсе да, бир нече кылымдардан кийин Иса: «Кудайдын падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет»,— деп билдирген. Анан дал ошондой болгон. Иса: «Мына, үйүңөр өзүңөргө ээн калтырылат!» — деп айткан (Мт. 21:43; 23:37, 38). Ооба, эл ишенимсиздигинин айынан чыныгы Кудайдын өкүлү болуу сыймыгынан айрылып калган. Ошентип, б.з. 70-жылы Рим аскерлери Иерусалимдин жана ибадаткананын таш-талканын чыгарып, ал жерде калгандарды кулга айландырышкан.

15. Чындап баалуу нерселерге көзүн багыттабай калгандар тууралуу айтып бер.

15 Жүйүт Искариот Исанын 12 элчисинин бири болчу. Ал Исанын не бир сонун окутууларын өз кулагы менен угуп, Кудайдын рухунун жардамы менен жасаган кереметтерин өз көзү менен көргөн. Ошентсе да Жүйүт жүрөгүн сактаган эмес. Ал Исанын жана 12 элчинин кутуда сакталган акчасына жооптуу болчу. Бирок Жүйүт «ууру болгондуктан... түшкөн акчадан уурдап жүрчү» (Жкн. 12:6). Ал ушунчалык ач көз болгондуктан эки жүздүү башкы дин кызматчылар менен сүйлөшүп, Исаны 30 күмүш тыйынга сатканга чейин барган (Мт. 26:14—16). Ошондой эле көзүн баалуу нерсеге багыттабай калган Димасты, элчи Пабылдын шериктешин, мисалга алалы. Ал да жүрөгүн сактаган эмес. Пабыл ал жөнүндө: «Димас бул дүйнө түзүлүшүн сүйүп, мени таштап... кетти»,— деген (2 Тим. 4:10; оку: Накыл сөздөр 4:23).

Ар бирибиз үчүн сабак

16, 17. а) Бизге көрсөтүлгөн каршылык канчалык күчтүү? б) Шайтан бизге каршы кандай гана сокку урбасын, ага туруштук берүүгө эмне жардам берет?

16 Кудайдын кызматчыларынын бардыгы Ыйык Китепте жазылган адамдардан сабак алышы керек. Анткени «алардын башынан өткөндүн баары башкаларга сабак болушу үчүн болгон жана дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта жашап жаткан бизге эскертүү иретинде жазылган» (1 Кор. 10:11). Учурда биз ушул бузулган дүйнө түзүлүштөрүнүн соңунда жашап жатабыз (2 Тим. 3:1, 13).

17 «Бул дүйнөнүн кудайы» Шайтан Ибилис «убактысынын аз калганын билет» (2 Кор. 4:4; Аян 12:12). Андыктан ал Жахабанын кызматчыларын актыгынан тайдыруу үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Ан үчүн бул дүйнөнү, анын ичинде массалык маалымат каражаттарын колдонот. Бирок Жахабанын эли алда канча кубаттуу күчкө — «адаттан тышкаркы күчкө» — ээ (2 Кор. 4:7). Шайтан бизге каршы кандай гана сокку урбасын, ага туруштук берүү үчүн биз Жахаба берген ошол күчкө таяна алабыз. Ошондуктан Жахабанын «өзүнөн сурагандарга ыйык рухун берерине» толук ишенүү менен ар дайым тиленүүгө чакырылабыз (Лк. 11:13).

18. Бул дүйнөгө карата кандай көз карашта болушубуз керек?

18 Шайтандын түзүлүшүнүн жакында жок кылынарын жана Исанын чыныгы жолдоочуларынын аман каларын билүү бизди бекемдейт. «Дүйнө да, анын кумарлары да өтүп кетет, ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» (1 Жкн. 2:17). Демек, бул дүйнөдө Жахаба менен болгон мамилебизден да баалуу бир нерсе бар деп ойлоо акылсыздык болор эле. Чынында, Шайтандын бийлиги астындагы азыркы дүйнө чөгүп бараткан кемеге окшош. Бирок Жахаба берилген кызматчылары үчүн «куткаруучу кайыкты», башкача айтканда, жыйналышты караштырган. Анын берилген кызматчылары жаңы дүйнөнү көздөй илгерилеп баратып: «Жамандык кылгандар кырылышат, ал эми Теңирден үмүттөнгөндөр жерди мураска алышат»,— деген убадага бекем ишенишет (Заб. 36:9). Ошондуктан сен да көзүңдү кереметтүү ушул сыйлыкка багытта!

Эсиңердеби?

• Пабыл өзүнө бериле турган сыйлыкка кандай караган?

• Жерде түбөлүк өмүр сүрө тургандар эмненин негизинде соттолушат?

• Азыр эмне кылганың акылдуулукка жатат?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти окуп жатканда сыйлыкка жеткениңди элестетесиңби?