Бир отор, бир койчу
Бир отор, бир койчу
«Силер да, менин артымдан ээрчигендер, он эки тактыга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар» (МТ. 19:28).
1. Жахаба Ыбрайымдын урпактарына кандай мамиле кылган жана эмне үчүн бул анын башка элдерди таптакыр четке кагып салганын билдирбейт?
ЖАХАБА Ыбрайымды жакшы көргөн, ошондуктан анын урпактарына берилгендик менен сүйүү көрсөтө берген. Он бештен ашуун кылым бою ал Ыбрайымдан тараган ысрайыл элин өзүнүн тандалган эли, өзгөчө энчиси катары көргөн (Оку: Мыйзам 7:6). Бул Жахабанын башка элдерди таптакыр четке кагып салганын билдиреби? Жок. Ошол убакта Жахабага сыйынууну каалаган ысрайылдык эместерге да анын өзгөчө элине кошулууга мүмкүнчүлүк берилген. Ал прозелиттер, башкача айтканда, ысрайылдыктардын динин кабыл алгандар да Кудайдын элинин мүчөсү болуп эсептелген. Аларга бир туугандардай мамиле кылуу талап кылынган (Леб. 19:33, 34). Алар да Жахабанын мыйзамдарынын баарын аткарышы керек эле (Леб. 24:22).
2. Иса кандай таң калтырарлык сөздөрдү айткан жана бул кандай суроолорду туудурат?
2 Бирок Иса анын убагында жашаган жүйүттөргө: «Кудайдын падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет»,— деп таң калтырарлык сөздөрдү айткан (Мт. 21:43). Ал жаңы элди ким түзмөк жана ал өзгөрүү бүгүнкү күндө бизге кандай таасир этүүдө?
Жаңы эл
3, 4. а) Элчи Петир жаңы элдин ким экенин кантип ачып берген? б) Жаңы элди ким түзөт?
3 Элчи Петир ал жаңы элдин ким экенин ачып берген. Ал ишенимдештерине мындай деп жазган: «Силер „тандалган тукумсуңар, падыша болуп кызмат кыла турган динкызматчыларсыңар, ыйык элсиңер, Кудайдын өзгөчө энчисисиңер“. Силерди караңгылыктан өзүнүн ажайып жарыгына Чакыргандын „укмуш сонун сапаттарын бардык жерде жарыялаш“ үчүн тандалгансыңар» (1 Пет. 2:9). Исаны убадаланган Машаяк катары кабыл алган жүйүттөр ошол жаңы элдин биринчи мүчөлөрү болушкан. Ошентип, Машаяктын бир канча убакытка «көптөр үчүн келишимди күчүндө сактаары» тууралуу пайгамбарлык аткарылган (Дан. 9:27а, «ЖД»; Мт. 10:6). Кийинчерээк көптөгөн ысрайылдык эместер ошол элге кошулушкан, ошо себептен Петир: «Бир кездерде эл эмес элеңер, азыр Кудайдын элисиңер»,— деген (1 Пет. 2:10).
4 Петир бул сөздөрдү кимге айткан? Жазган катынын башында ал мындай деген: «[Кудай] улуу ырайымы менен Иса Машаяктын тирилүүсү аркылуу жаңыдан төрөлүшүбүзгө, тирүү үмүткө ээ болушубузга жол ачты жана чирибес, таза, соолугус мураска ээ кылды. Ал мурас силер үчүн асманда сакталып турат» (1 Пет. 1:3, 4). Демек, ал жаңы эл Исанын асманда жашоого үмүттөнгөн майланган жолдоочуларынан түзүлгөн. Алар — «Кудайдын Ысрайылы» (Гал. 6:16). Элчи Жакан аян аркылуу ал рухий ысрайылдыктардын саны 144 000ди түзөрүн көргөн. Алар «динкызматчы» болуп кызмат кылуу үчүн жана «Машаяк менен миң жыл падышалык кылуу» үчүн «адамдардын арасынан Кудай менен Козу үчүн биринчи түшүм катары сатылып алынган» (Аян 5:10; 7:4; 14:1, 4; 20:6; Жкп. 1:18).
Ысрайыл эли майлангандарды эле билдиреби?
5. а) «Кудайдын Ысрайылы» деген сөздөр кимге карата айтылат? б) «Ысрайыл» деген сөз кеңири мааниге ээ деп эмне үчүн айта алабыз?
5 Ырас, Галатиялыктар 6:16дагы «Кудайдын Ысрайылы» деген сөздөр Исанын майланган жолдоочуларына гана карата айтылат. Бирок ысрайыл эли майлангандардан башкаларды да билдирген учурлар барбы? Мунун жообун Исанын өзүнүн ишенимдүү элчилерине айткан төмөнкү сөздөрүнөн табууга болот: «Атам мени менен падышалык келишимин түзгөндөй, мен да силер менен падышалык келишимин түзөм. Ошентип, силер падышалыгымда менин дасторконумдан ичип-жейсиңер жана тактыларга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар» (Лк. 22:28—30). Бул Машаяктын Миң жылдык башкаруу учурундагы «кайра жаратуу убагында» болот (Оку: Матай 19:28).
6, 7. Матай 19:28дин жана Лука 22:30дун контекстинде «Ысрайылдын он эки уруусу» кимди билдирет?
6 144 000ди түзгөндөр Миң жылдык башкаруу учурунда асманда падышалар, дин кызматчылар жана соттор болуп кызмат кылышат (Аян 20:4). Алар кимди соттошот жана кимдин үстүнөн башкарышат? Матай 19:28де жана Лука 22:30да алардын «Ысрайылдын он эки уруусун» соттой турганы айтылат. Бул контекстте «Ысрайылдын он эки уруусу» кимди билдирет? Алар жерде жашоого үмүттөнгөндөрдүн баарын — Исанын курмандыгына ишеним көрсөткөн, бирок падышалар жана дин кызматчылар тобуна кирбеген адамдарды — билдирет. (Дин кызматчылык милдетти аркалаган леби уруусу Ысрайылдын он эки уруусунун катарына кирген эмес.) Демек, Ысрайылдын он эки уруусу бул жерде 144 000дин дин кызматчылык кызматынан рухий пайдаларды ала тургандарды символдоштурат. Алар дин кызматчылар тобуна кирбесе да, Кудайдын эли болуп эсептелет жана Кудай аларды кабыл алып, мээримин төгөт. Ооба, алардын Кудайдын байыркы элине салыштырылганы орундуу.
7 Элчи Жакандын аян аркылуу 144 000 рухий ысрайылдыктарга улуу алааматтын алдында акыркы мөөр басылганын көргөндөн кийин «ар бир улуттан» чыккан «эч ким санай албаган эбегейсиз көп адамдарды» көргөнү таң калыштуу эмес (Аян 7:9). Алар улуу алааматтан аман өтүп, Машаяктын Миң жылдык башкаруусу учурунда жашашат. Ал убакта аларга миллиарддаган тирилтилген адамдар да кошулушат (Жкн. 5:28, 29; Аян 20:13). Алардын баары биригип Иса жана 144 000 тарабынан соттоло турган каймана маанидеги «Ысрайылдын он эки уруусун» түзөт (Элч. 17:31; 24:15; Аян 20:12).
8. 144 000 менен жалпы адамзаттын ортосундагы мамиле жыл сайын өткөрүлгөн Күнөөдөн арылуу күнүндө болгон окуялар аркылуу кандайча алдын ала көрсөтүлгөн?
8 144 000 менен жалпы адамзаттын ортосундагы бул мамиле байыркы учурда жыл сайын өткөрүлгөн Күнөөдөн арылуу күнүндө болгон окуялар аркылуу алдын ала көрсөтүлгөн (Леб. 16:6—10). Башкы дин кызматчыдан, эң алды, өзүнүн жана үйүндөгүлөрүнүн күнөөсү үчүн курмандыкка букачар чалуу талап кылынган. Демек, Исанын курмандыгы, алды менен, анын үйүндөгүлөрүнө, аны менен асманда кызмат кыла турган дин кызматчыларга, колдонулат. Ошондой эле Күнөөдөн арылуу күнүндө эки теке башка ысрайылдыктардын күнөөлөрү үчүн чалынган. Ошол учурдагы дин кызматчылардан турган уруулар 144 000ди билдирсе, калган ысрайылдыктар жерде жашоого үмүттөнгөндөрдүн баарын билдирет. Мындан көрүнүп тургандай, Матай 19:28деги «Ысрайылдын он эки уруусу» деген сөздөр Исанын рухтан төрөлгөн дин кызматчыларына эмес, Исанын курмандыгына ишеним көрсөткөндөрдүн баарына карата айтылат *.
9. Жезекиелдин ибадатканага байланыштуу көрүнүшүндө дин кызматчылар жана дин кызматчы эмес ысрайылдыктар кимди билдирет?
9 Башка мисалды карап көрөлү. Жезекиел пайгамбар Жахабанын ибадатканасы жөнүндө укмуштуу көрүнүш көргөн (Жез. 40—48-бөл.). Ал көрүнүштө дин кызматчылардын ибадатканада кызмат кылып жатканы, элге көрсөтмөлөрдү берип, Жахабадан кеңештерди, насааттарды алып жатканы көрсөтүлгөн (Жез. 44:23—31). Ошондой эле Кудайга сыйынып, курмандык чалуу үчүн ар кайсы уруулардын мүчөлөрү да келишкен (Жез. 45:16, 17). Бул контекстте дин кызматчылар майлангандарды символдоштурса, дин кызматчылар уруусуна кирбеген ысрайылдыктар жерде жашоого үмүттөнгөндөрдү символдоштурат. Бул көрүнүштө эки топтун биримдикте кызмат кылып жатканы жана дин кызматчылардын чыныгы сыйынууда жетекчиликти колго алганы баса белгиленет.
10, 11. а) Исанын кайсы сөздөрүнүн аткарылышын көрүү ишенимибизди бекемдейт? б) Башка койлорго байланыштуу кандай суроо туулат?
10 Иса майланган жолдоочуларынын «кичине отору» менен бир короодо болбогон «башка койлору» да бар экенин айткан (Жкн. 10:16; Лк. 12:32). Ал: «Мен аларды да алып келишим керек. Алар менин үнүмө кулак салышат. Ошондо бир отор, бир койчу болот»,— деген. Бул сөздөрдүн аткарылышын өз көзүбүз менен көрүү ишенимибизди кандай гана бекемдейт! Эки топ — майлангандардын чакан тобу менен башка койлордон турган эбегейсиз көп адамдар — бирге кызмат кылып жатышат (Оку: Захария 8:23). Башка койлор рухий ибадаткананын ички короосунда кызмат кылышпаса да, ибадаткананын сырткы короосунда кызмат кылышууда.
11 Дин кызматчылар тобуна кирбеген байыркы ысрайылдыктар кээде башка койлорду символдоштурса, анда башка койлор да Эскерүү кечесиндеги символдордон ооз тийиши керекпи? Бул суроонун жообун карап көрөлү.
Жаңы келишим
12. Жахаба кайсы жаңы келишим түзөрүн алдын ала айткан?
12 Жахаба өзүнүн эли менен жаңы келишим түзөрүн алдын ала айтып, мындай деген: «Ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм... Мен Өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болот» (Жер. 31:31—33). Ошол жаңы келишим аркылуу Жахабанын Ыбрайымга берген убадасы толугу менен, эң сонун түрдө аткарылмак (Оку: Башталыш 22:18).
13, 14. а) Жаңы келишимдин катышуучулары кимдер? б) Жаңы келишимден пайда алуучулар кимдер жана алар кантип жаңы келишимди «бек сактап» жатышат?
13 Иса өлөр алдындагы түнү ошол жаңы келишим тууралуу Лк. 22:20; 1 Кор. 11:25). Исанын жолдоочуларынын баары ошол жаңы келишимде турабы? Жок. Айрымдар гана, ошол түнү чөйчөктөн ичкен элчилердей эле, жаңы келишимдин катышуучулары болуп эсептелет *. Иса, алар анын Падышалыгында аны менен кошо башкарышы үчүн, алар менен башка келишим түзгөн (Лк. 22:28—30). Алар Исанын Падышалыгында аны менен болушат (Лк. 22:15, 16).
айтып: «Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет»,— деген (14 Ал эми анын Падышалыгынын бийлиги астында жерде жашай тургандар жөнүндө эмне айтууга болот? Алар — жаңы келишимден пайда алуучулар (Гал. 3:8, 9). Катышуучулар болбосо да, Ышая пайгамбарлык кылгандай, алар келишимдин талаптарын аткаруу менен аны «бек сактап» жатышат. Ал мындай деген: «Теңирге кызмат кылыш үчүн, Аны сүйүш үчүн, Анын кулу болуш үчүн, Ага кошулган бөтөн уруулардын уулдарын, ыйык ишембини сактап, аны булгабагандардын жана Менин келишимимди бек сактагандардын баарын Мен Өзүмдүн ыйык тоомо алып келип, аларды Өзүмдүн сыйынуу үйүмдө кубантам». Анан Жахаба: «Анткени Менин үйүм бардык элдер үчүн сыйынуу үйү деп аталат»,— деген (Ыш. 56:6, 7).
Символдордон ким ооз тиет?
15, 16. а) Элчи Пабыл жаңы келишимдин катышуучулары кандай сыймыкка ээ болорун айткан? б) Жерде жашоого үмүттөнгөндөр эмне үчүн символдордон ооз тийбеши керек?
15 Жаңы келишимде тургандар «ыйык жайга алып баруучу жолго байланыштуу бекем ишенимге ээ» (Оку: Эврейлер 10:15—20). Алар «козголбос падышалыкты алышат» (Эвр. 12:28). Ошондуктан Иса Машаяк менен асманда падыша жана дин кызматчы боло тургандар гана жаңы келишимди билдирген «чөйчөктөн» ичиши керек. Ал келишимдин катышуучуларына алардын Машаяк менен баш кошору убадаланган (2 Кор. 11:2; Аян 21:2, 9). Ал эми жыл сайын өткөрүлүүчү Эскерүү кечесине келген башка адамдардын баары — сый көргөзгөн байкоочулар. Алар символдордон ооз тийбейт.
16 Пабыл жерде жашоого үмүттөнгөндөрдүн эмне үчүн Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийбей турганын түшүнүүгө жардам берет. Ал Исанын майланган жолдоочуларына: «Анткени бул нандан жеп, бул чөйчөктөн ичкен сайын, Мырзабыз келгенге чейин, анын өлүмүн жарыялайсыңар»,— деп айткан (1 Кор. 11:26). Мырзабыз качан «келет»? Колукту тобун түзгөн майланган жолдоочусунун акыркысын алып кетүү үчүн келгенде (Жкн. 14:2, 3). Албетте, жыл сайын өткөрүлүүчү Эскерүү кечеси түбөлүк белгилене бербейт. Аялдын «тукумунан калгандардын», жерде жашап жаткан майлангандардын, баары асмандагы сыйлыгын алмайынча символдордон ооз тие беришет (Аян 12:17). Эгер жер бетинде түбөлүк жашай тургандар символдордон ооз тие турган болсо, анда Эскерүү кечесин түбөлүккө өткөрүү керек болмок.
«Менин элим болушат»
17, 18. Жезекиел 37:26, 27-аяттардагы пайгамбарлык кандайча аткарылууда?
17 Жахаба өзүнүн элинин биримдиги тууралуу мындай деп күн мурун айткан: «Мен алар менен тынчтык келишимин түзөм, ал түбөлүк келишим болот. Аларды жайгаштырам, аларды көбөйтөм, Өзүмдүн түбөлүк Жез. 37:26, 27).
ыйык жайымды алардын ортосуна тургузам. Менин турак жайым алардын үстүндө болот, Мен алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат» (18 Кудайдын эли бул кереметтүү убаданын, тынчтык келишиминин, жүзөгө ашырылышынан пайда алууда. Ооба, Жахаба тил алчаак кызматчыларынын баарына тынчтыкты кепил кылган. Алардын арасында рухтун жемиши айкын көрүнүүдө. Жогорудагы аятта Исанын жолдоочуларынын таза сыйынуусу катары сүрөттөлгөн анын ыйык жайы алардын арасында. Алар анын эли болушту, себеби бурканга табынуучулуктун бардык түрүн четке кагып, жалгыз гана Жахаба Кудайга сыйынып жатышат.
19, 20. Жахаба «Менин элим» деп атагандардын арасына кимдер кошулушту жана жаңы келишим аркылуу эмнелер мүмкүн болгон?
19 Биздин күндөрдө эки топтун биригүүсүнө күбө болуп жатканыбызга кандай гана кубанычтабыз! Күн санап өсүп жаткан эбегейсиз көп адамдар асманда жашоого үмүттөнбөсө да, майлангандар менен эриш-аркак кызмат кылууну сыймык катары көрүшөт. Алар Кудайдын Ысрайылына кошулуп, чогуу кызмат кылууда. Ошентүү менен алар Жахаба «Менин элим» деп атагандардын арасына кошулушту. Алардын үстүнөн: «Ошол күнү көп элдер Теңирге келип, Менин элим болушат. Мен сенин ичиңде жашайм»,— деген пайгамбарлык аткарылууда (Зах. 2:11; 8:21; оку: Ышайа 65:22; Аян 21:3, 4).
20 Жахаба мунун баарын жаңы келишим аркылуу мүмкүн кылган. Ошонун аркасында ар улуттагы миллиондогон адамдар Жахабанын ырайымына ээ болуп жатышат (Мих. 4:1—5). Алар ал келишимдин шарттарын жана талаптарын аткарып, аны бек сактоого чечкиндүү (Ыш. 56:6, 7). Ошентүү менен алар Кудайдын Ысрайылы менен бирге Кудайдын батасын алып, чексиз тынчтыкка бөлөнүүдө. Мындай батага азыр жана түбөлүккө ээ боло бергиле!
[Шилтемелер]
^ 8-абз. Ошо сыяктуу эле, «жыйналыш» деген сөз, негизинен, майлангандарга карата колдонулат (Эвр. 12:23). Бирок ал сөздүн башка да мааниси бар. Ал, үмүтү кандай болбосун, Исанын бардык жолдоочуларын билдирет. (2007-жылдын 1-майындагы «Күзөт мунарасынын» 9—11-беттерин карагыла.)
^ 13-абз. Иса — ошол жаңы келишимдин Арачысы, катышуучусу эмес. Арачы болгондуктан, кыязы, ал символдордон ооз тийген эмес.
Эсиңердеби?
• 144 000 соттой турган «Ысрайылдын он эки уруусу» ким?
• Жаңы келишимде майлангандардын ролу кандай жана андан башка койлор кандай пайда алышат?
• Эскерүү кечесиндеги символдордон Исанын жолдоочуларынын баары ооз тийиши керекпи?
• Биздин күндөрдө кандай биримдик өкүм сүрөрү алдын ала айтылган?
[Изилдөө суроолору]
[25-беттеги сүрөт]
Азыр көптөр Кудайдын Ысрайылы менен эриш-аркак кызмат кылууда
1950 | 373 430
1970 | 1 483 430
1990 | 4 017 213
2009 | 7 313 173