Кудайдын рухуна жетектелген падыша аркылуу бата ал!
Кудайдын рухуна жетектелген падыша аркылуу бата ал!
«Анын үстүнө Теңирдин Руху... түшөт» (ЫШ. 11:2).
1. Айрымдар дүйнөдөгү көйгөйлөр жөнүндө эмне деп тынчсызданышкан?
«САЯСАТЫНДА, коомунда, табиятында баш аламандык өкүм сүргөн дүйнөдө адам баласы дагы 100 жыл кантип жашай алат? 2006-жылы астрофизик Стефан Хокиң мына ушундай суроо көтөргөн. Ал эми «Нью Стейтсмен» журналындагы бир макалада мындай деп белгиленген: «Биз жакырчылыкты жоюп, дүйнөгө тынчтык орното алган жокпуз. Тескерисинче, артык кылабыз деп, тыртык кылып алдык окшойт. Аракет кылган жокпуз деп айтууга болбойт. Биз баарын: коммунизмден тартып капитализмге чейин, согуштун алдын алуу үчүн Улуттар Лигасын түзүүдөн тартып, ядролук чабуулга бөгөт коюу үчүн ядролук курал менен коркутуу саясатына чейин колдонуп көрдүк. Согуш отун кантип өчүрүштү билебиз деп, согушту токтотуу үчүн аябай көп согуштук».
2. Жахаба адамзаттын үстүнөн эгедерлик кылууга толук укуктуу экенин кантип көрсөтөт?
2 Мындай билдирүүлөр Жахабанын Күбөлөрүн таң калтырбайт. Ыйык Китепте айтылгандай, адам баласы өзүн-өзү башкара алгыдай кылып жаратылган эмес (Жер. 10:23). Жалгыз гана Жахаба биздин Эгедерибиз. Ошондуктан ал биз үчүн нормаларды бекитүүгө, жашообуздун максатын аныктоого жана бизди ошол максатка багыттоого укуктуу. Ал жакында өзүнүн бийлигин колдонуп, адамзаттын өзүн-өзү башкаруу үчүн жумшаган курулай аракеттерин токтотот. Ошону менен бирге Жахаба анын адилеттүү эгедерлигин четке кагып, күнөөнүн, жеткилеңсиздиктин жана «бул дүйнөнүн төрөсү» Шайтан Ибилистин кулчулугунда жүргөндөрдүн баарын жок кылат (2 Кор. 4:4).
3. Ышая убадаланган Машаяк тууралуу кандай пайгамбарлык айткан?
3 Жаңы дүйнөдө Жахаба адамзатка өзүнүн Падышалыгы аркылуу мээримдүүлүк менен эгедерлик кылат (Дан. 7:13, 14). Ал Падышалыктын Падышасы жөнүндө Ышая мындай пайгамбарлык айткан: «Жышайдын тамырынан бутак чыгат, анын тамырынан жаш бутак өсүп чыгат. Анын үстүнө Теңирдин Руху, даанышмандык жана акылмандык руху, кеңеш жана күч руху, билим жана Теңирден коркуу руху түшөт» (Ыш. 11:1, 2). Кудайдын ыйык руху Жышайдын тамырынан чыккан бутакты — Иса Машаякты — адамзаттын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө кантип жөндөмдүү кылган? Анын башкаруусунда кандай баталар төгүлөт? Андай баталарга ээ болуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
Кудай башкарууга жөндөмдүү кылган Падыша
4—6. Иса акылман, боорукер Падыша, Башкы дин кызматчы жана Сот катары кызмат кылууга өбөлгө түзө турган кандай билимге ээ?
4 Жахаба адамдарды чындап эле акылман, боорукер Падышанын, Башкы дин кызматчынын жана Соттун жетекчилиги алдында жеткилеңдикке жеткирүүнү каалайт. Ошол себептен ал Иса Машаякты тандап, аны ыйык руху аркылуу ошол маанилүү жоопкерчиликтерди аткарууга жөндөмдүү кылган. Анда Исанын Кудай тапшырган жоопкерчиликтерди эмне себептен жеткилең түрдө аткарарын карап көрөлү.
5 Иса Кудайды абдан жакшы билет. Кудайдын Кол. 1:15). «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деген ал (Жкн. 14:9).
жалгыз Уулу атасы менен бардык жаратуулардан көп убакыт, кыязы, миллиарддаган жылдар бою чогуу болгон. Ошол убакыт аралыгында Жахабаны аябай жакшы таанып-билгендиктен Иса «көрүнбөс Кудайдын бейнеси» катары сүрөттөлөт (6 Иса жаратуу учурунда Жахаба менен болгондуктан бүт жаратууларды, анын ичинде адам баласын абдан жакшы билет. Колосалыктар 1:16, 17де мындай делет: «Асмандагы жана жердеги калган нерселердин баары, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселер... ал аркылуу жаратылган... Ал баарынан мурун бар болгон жана калган нерсенин баары ал аркылуу бар боло баштаган». Ойлонуп көрсөңөр, Иса Кудайдын «чебер устасы» катары жаратуу ишине толугу менен катышкан! Демек, ал ааламдагы субатомдук бөлүкчөлөрдөн тартып, адам баласынын мээсинин укмуштуу түзүлүшүнө дейре майда-чүйдөсүнө чейин билет. Андыктан Исанын акылмандык катары сүрөттөлгөнү таң калыштуу эмес (Накыл 8:12, 22, 30, «ЖД», 31).
7, 8. Кудайдын ыйык руху Исага кызматында кандайча жардам берген?
7 Иса Кудайдын ыйык руху менен майланган. «Жахаба мага өзүнүн рухун берди,— деген Иса,— анткени ал мени жакырларга жакшы кабар айтууга майлады жана туткундарга боштондук жарыялоого, сокурларга көздөрү ачыларын кабарлоого, эзилгендерди эркиндикке чыгарууга, Жахабанын ырайым кылууга ылайыктуу убагын жарыялоого жиберди» (Лк. 4:18, 19). Иса чөмүлтүлгөндө, ыйык рух, кыязы, ага жерге келгенге чейин билген нерселерин, анын ичинде Кудайдын анын Машаяк катары жерде эмнелерди кылышын каалаарын эсине салган (Оку: Ышайа 42:1; Лука 3:21, 22; Жакан 12:50).
8 Ыйык рухка жана жеткилең дене менен акылга ээ болгондуктан Иса тарыхтагы эң улуу адам эле болбостон, эң улуу Окутуучу да болгон. Ооба, Исанын сөзүн уккандар «анын окутуусуна абдан таң калышкан» (Мт. 7:28). Мунун бир себеби, ал адамзат көйгөйлөрүнүн тамыры күнөөдө, жеткилеңсиздикте жана Кудай жөнүндөгү билимдин жетишсиздигинде жатканын беш колдой билген. Ошондой эле ал адамдардын жүрөгүн көрө алган жана аларга ошого жараша мамиле кылган (Мт. 9:4; Жкн. 1:47).
9. Исанын жердеги кызматы жөнүндө ой жүгүртүү анын мыкты Башкаруучу болоруна бекем ишенүүгө кандайча жардам берет?
9 Иса адам болуп жашаган. Исанын адам болуп жашаганы жана жеткилеңсиз адамдар менен мамилелешкени ага Падыша болууга керектүү сапаттарды өстүрүүгө жардам берген. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «[Иса] күнөөкөр адамдарды Кудай менен элдештире турган курмандык чалуу үчүн жана Ага кызмат кылууда кайрымдуу, ишенимдүү башкы динкызматчы болуу үчүн бардык жагынан „биртуугандарына“ окшош болушу керек эле. Өзү да сыноого дуушар болуп, азап чеккендиктен ал сыноого дуушар болуп жаткандарга жардам бере алат» (Эвр. 2:17, 18). Иса «сыноого дуушар болгондуктан» сыноону баштан кечирип жаткандарга боорукердик менен мамиле кылат. Ал жерде кызмат кылып жүргөндө, анын боорукердиги айкын көрүнгөн. Оорулуулар, майыптар, кордук көргөндөр, атүгүл балдар анын жанында өздөрүн эркин сезишкен (Мр. 5:22—24, 38—42; 10:14—16). Момун жана рухий жактан ачка адамдар да ага тартылып турушкан. Ал эми текебер, менменсинген, Кудайга болгон сүйүүсү жок адамдар аны четке кагып, жек көрүп, каршылык көрсөтүшкөн (Жкн. 5:40—42; 11:47—53).
10. Иса бизге сүйүүсүн кантип көрсөткөн?
10 Иса биз үчүн өмүрүн берген. Исанын биз үчүн өмүрүн даярдуулук менен бергени анын мыкты Башкаруучу болорунун эң эле чоң далили десек жаңылбайбыз (Оку: Забур 40:6—10). «Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок»,— деген Иса (Жкн. 15:13). Ооба, көбүнчө бийлиги алдындагылардын каражаттарын жеп-ичип, алардын эсебинен жашаган жеткилеңсиз башкаруучулардан айырмаланып, Иса адамзат үчүн өз өмүрүн берген (Мт. 20:28).
Иса кунду пайдаланууга бийлик алган
11. Эмне себептен Исанын Куткаруучу катары өзүнүн ролун мыкты аткарарына эч шектенбесек болот?
11 Исанын Башкы дин кызматчы катары куткаруу курмандыгын биздин пайдабыз үчүн колдонууда жетекчиликти колго алары кандай гана жубатарлык! Ал жерде кызмат кылып жүргөндө Миң жылдык башкаруу учурунда кыла турган иштеринин четин көрсөтүп кеткен; эгер ишенимдүү болсок, аларды өз көзүбүз менен көрө алабыз. Ал оорулууларды жана майыптарды сакайткан, өлгөндөрдү тирилткен, көпчүлүктү тойгузган, атүгүл табият күчтөрүн башкарган (Мт. 8:26; 14:14—21; Лк. 7:14, 15). Бирок ал буларды өзүнүн бийлигин, күчүн көрсөтүү үчүн эмес, боорукердигинен жана сүйүүсүнөн улам кылган. Ага жалбарып, айыктырууну суранган адамга ал: «Каалайм. Айык»,— деген (Мр. 1:40, 41). Иса Миң жылдык башкаруу учурунда да андай боорукердикти бүтүндөй жер жүзүндөгү адамдарга көрсөтөт.
12. Ышайа 11:9 кантип аткарылат?
12 Ошол убакта Машаяк менен анын кошо башкаруучулары ал 2000 жылдай мурун баштаган рухий билим берүү программасын улантышат. Ошентип, Ышайа 11:9дагы: «Деңиз сууга толгонсуп, жер Кудайдын билимине толот»,— деген сөздөр аткарылат (Ыш. 11:9). Кудай бере турган ал билим, башында Адам атага тапшырма берилгендей, жерге жана андагы эсепке сыйбаган жаратууларга кам көрүүгө байланыштуу көрсөтмөлөрдү да камтый турганы күмөнсүз. 1000 жылдын аягында Кудайдын Башталыш 1:28теги баштапкы ой-ниети аткарылып, куткаруу курмандыгы толугу менен колдонулган болот.
Сот жүргүзүүгө бийлик берилген
13. Иса адилдикти сүйөрүн кантип көрсөткөн?
13 Машаяк — «тирүүлөр менен өлгөндөргө Элч. 10:42). Исанын өлбөс-өчпөс өмүргө ээ экенин жана адилдик менен ишенимдүүлүк анын белине бек курчалган курдай экенин билүү кандай жубатарлык! (Ыш. 11:5). Ал жамандыкты, анын ичинде ач көздүктү, эки жүздүүлүктү жек көрөрүн көрсөткөн жана бирөөнүн азап тартып жатканына кайдыгер карагандарды айыптаган (Мт. 23:1—8, 25—28; Мр. 3:5). Анын үстүнө, Иса адамдардын сырткы көрүнүшүнө алданган эмес, себеби ал «адамдын жүрөгүн көрүп турган» (Жкн. 2:25).
[Кудай] тарабынан дайындалган сот» (14. Иса адилдикке жана акыйкаттыкка болгон сүйүүсүн кантип көрсөтүүдө жана өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз керек?
14 Иса кабар айтууга жана окутууга байланыштуу тарыхтагы эбегейсиз зор өнөктүктү көзөмөлдөө менен дагы деле адилдикке жана акыйкаттыкка болгон сүйүүсүн көрсөтүп келет. Ал иштин Кудай каалагандай деңгээлде аткарылышына бир да адам, бир да өкмөт, бир да каардуу рух бөгөт боло албайт. Ошондуктан Армагедондон кийин жер бетинде Кудайдын адилеттүүлүгү өкүм сүрөрүнө кымындай да шек санабасак болот (Оку: Ышайа 11:4; Матай 16:27). Өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Кызматта жолуктурган адамдарга карата Исаныкындай көз караш чагылдырамбы? Ден соолугум же жагдай-шартым мүмкүнчүлүктөрүмдү чектеп жатса да, Жахабага эң жакшысын беремби?»
15. Эмнени эстен чыгарбоо бизге Жахабага эң жакшысын берүүгө көмөк кылат?
15 Кабар айтуу иши Жахабанын иши экенин эстен чыгарбоо ага жан-дилибизден кызмат кылууга жардам берет. Ал кабар айтууну буйруган; Уулу аркылуу ал ишти жетектейт; ыйык руху аркылуу ага катышкандарга күч-кубат берет. Кудайдын кызматташы катары анын рухуна жетектелген Уулу менен бирге кызмат кылуу сыймыгын жогору баалайсыңбы? Көпчүлүгү «билими жок карапайым» катары каралган жети миллиондон ашуун кишиге Падышалык жөнүндөгү кабарды 236 өлкөдө жана аймакта жарыялоого Жахабадан башка ким түрткү бере алмак? (Элч. 4:13).
Машаяк аркылуу батага ээ бол!
16. Башталыш 22:18 эмнеге негиз берет?
16 Жахаба Ыбрайымга: «Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат»,— деген (Башт. 22:18). Бул Кудайга жана анын Уулуна кызмат кылууну сыймык катары көргөндөргө убадаланган Тукум аркылуу төгүлө турган баталарды бекем ишеним менен күтүүгө негиз берет. Алар ошол баталарды көңүлүнүн борборунда сактап, жигердүү кызмат кылышат.
17, 18. Мыйзам 28:2де Жахабанын кайсы убадасы камтылат жана ал убада биз үчүн эмнени билдирет?
17 Кудай Ыбрайымдын урпактарына, ысрайыл элине: «Эгерде Кудай-Теңириңди уксаң, анда Ал сага мына бул [Мыйзам келишиминде айтылган] баталарды берет, сен ушул баталарды аласың»,— деген (Мыйз. 28:2). Бул сөздөр Кудайдын бүгүнкү кызматчыларына да колдонорлук. Эгер Жахабанын батасын алууну кааласаң, аны ук. Ошондо ал сага батасын төгөт. Бирок аны «угуу» деген эмнени билдирет?
18 Угуу деген өз ичине Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга жана ал белендеп берип жаткан рухий тамакка олуттуу кароону камтыйт (Мт. 24:45). Ошондой эле ал Кудайга жана анын Уулуна баш ийүүнү билдирет. «Мага: „Мырзам, Мырзам“,— деп кайрылгандардын баары эле асман падышалыгына кире бербейт, асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана кирет»,— деген Иса (Мт. 7:21). Андан тышкары, угуу деген Кудайдын жыйналышта бекиткен тартибине, башкача айтканда, дайындалган аксакалдарга — «адам түрүндөгү белектерге» — даярдуулук менен баш ийүүнү билдирет (Эф. 4:8).
19. Бата алуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
19 «Адам түрүндөгү белектерге» Исанын жолдоочуларынын жыйналышынын өкүлү катары кызмат кылган Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү да кирет (Элч. 15:2, 6). Чынында, келе жаткан улуу алаамат учурунда кандай соттолорубуз Машаяктын бир туугандарына кылган мамилебизден көз каранды болот (Мт. 25:34—40). Демек, Кудайдан бата алуунун бир жолу — анын майланган кызматчыларын ишенимдүүлүк менен колдоо.
20. а) «Адам түрүндөгү белектердин» негизги жоопкерчилиги кайсы? б) Ал бир туугандардын кызматын баалаарыбызды кантип көрсөтсөк болот?
20 «Адам түрүндөгү белектерге» филиал комитеттеринин мүчөлөрү, кыдыруучу көзөмөлчүлөр жана жыйналыш аксакалдары кирет. Алардын баары ыйык рух менен дайындалышат (Элч. 20:28). Ал бир туугандардын негизги жоопкерчилиги — Кудайдын элин бекемдеп, анын «Кудайдын Уулу жөнүндөгү так билим жана ишеним жагынан биримдикке, ошондой эле жетилген адамдын деңгээлине, Машаяктын толуктугуна мүнөздүү деңгээлге жетишине» кам көрүү (Эф. 4:13). Ырас, алар — биздей эле жеткилеңсиз адамдар. Ошентсе да алардын сүйүү менен берген жетекчилигин ыраазычылык менен кабыл алсак, Кудайдын батасына ээ болобуз (Эвр. 13:7, 17).
21. Кудайдын Уулуна азыр баш ийгенибиз эмне үчүн маанилүү?
21 Жакында Машаяк Шайтандын каардуу түзүлүшүнө каршы аттанат. Ошол учурда өмүрүбүз толугу менен Исадан көз каранды болот, анткени Кудай ага алдын ала айтылган «эбегейсиз көп адамдарды» «өмүр суусунун башаттарына алып барууга» бийлик берген (Аян 7:9, 16, 17). Андыктан Жахабанын рухуна жетектелген Падышага даярдуулук жана ыраазычылык менен баш ийүүгө бүт күчүбүздү жумшайлы.
Төмөнкү аяттардан эмнени билдиң?
[Изилдөө суроолору]
[17-беттеги сүрөт]
Иса Жайырдын кызын тирилтүү менен боорукердигин көрсөткөн
[18-беттеги сүрөт]
Иса кабар таратууга байланышкан тарыхтагы эбегейсиз зор өнөктүктү көзөмөлдөөдө