Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай Сөзүн окуудан ырахат аласыңбы?

Кудай Сөзүн окуудан ырахат аласыңбы?

Кудай Сөзүн окуудан ырахат аласыңбы?

«ЫЙЫК КИТЕПТИ үзгүлтүксүз окуй баштаганымда ырахат албай эле, зеригип кетчүмүн,— дейт Лорейн.— Аны түшүнүү кыйын болгондуктан, көп учурда оюм талаалап кетчү».

Башкалар да Ыйык Китепти окуй баштаганда алгач кубаныч албаганын айтышкан. Ошентсе да аны окуу абдан пайдалуу экенин билгендиктен окуганын уланта беришкен. Марк мындай дейт: «Ыйык Китепти окууга, өздүк изилдөө өткөрүүгө тоскоолдук кылып, алаксыткан нерселер көп. Андыктан Ыйык Китепти күнүгө окууну күн тартибимдин ажырагыс бөлүгү кылыш үчүн көп тиленип, көп күч-аракет жумшашым керек болду».

Кудай Сөзүн, Ыйык Китепти, көбүрөөк баалоо үчүн эмне кылсаң болот? Аны окуудан кубаныч алууга эмне жардам берет? Төмөнкү кеңештерге көңүл бурсаң.

Максаттар жана ыкмалар

Ыйык Китепти тиленип алып, бүт көңүлүңдү коюп оку. Жахабадан анын Сөзүн изилдөөгө ынтызар болууга жардам беришин сурап тилен. Анын акылмандыгын тереңирээк түшүнүү үчүн акылыңды жана жүрөгүңдү ачышын сура (Заб. 118:34). Антпесе, Ыйык Китепти ойлонбой эле, үстүртөн окуп калышың жана бара-бара окууга көңүлүң келбей калышы мүмкүн. Лин мындай дейт: «Кээде аябай бат окугандыктан кызыктуу ойлорду байкабай, негизги ойлорду толук түшүнбөй калам. Бирок өзүмдү башкара билүүгө жардам сурап тиленүү мага көңүл топтогонго көмөк кылат».

Окуп-билгендериңди баала. Ыйык китептик чындыктарды түшүнүүдөн жана жашооңдо колдонуудан өмүрүң көз каранды экенин унутпа. Ошондуктан иш жүзүндө колдонорлук ойлорду табууга, аларды жашооңдо колдонууга максаттуу түрдө аракет кыл. «Мен туура эмес каалоо-ниеттеримди аныктоого жардам берген ойлорду издейм,— дейт Крис.— Ыйык Китепте жана биздин адабияттарда, аларды жазгандар мени эч качан көрбөсө да, жеке мен үчүн пайдалуу маалыматтардын камтылганына таң калам».

Жетсе боло турган максаттарды кой. Ыйык китептик каармандар тууралуу жаңы нерселерди билүүгө аракет кыл. Алардын көбү жөнүндө «Күзөт мунарасынын адабияттар индексинин» (ор.) жардамы менен жүрөк толкуткан кызыктуу маалыматтарды таба аласың. Ыйык Китепте айтылган эркек-аялдардын сапаттары, сезимдери жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, алар сага ошончолук көбүрөөк таасир этет.

Жазманын негизинде талкуу жүргүзүүнүн жаңы жолдорун изде (Элч. 17:2, 3). София Ыйык Китепти ушундай максат менен да изилдейт. «Ыйык китептик чындыктарды так-айкын түшүндүрүп берүү үчүн кызматта жана башка учурларда адамдар менен талкуу жүргүзүүнүн жаңы жолдорун үйрөнүп, өздөштүргүм келет. „Күзөт мунарасы“ бул максатыма жетүүгө жардам берген эң сонун курал болуп эсептелет»,— дейт ал (2 Тим. 2:15).

Ыйык китептик окуяларды элестет. «Кудайдын сөзү тирүү»,— делет Эврейлер 4:12де. Ыйык Жазманы окуп жатканыңда андагы каармандар көргөн нерселерди элестетип, Кудайдын кабарын акылыңда жандандыр. Алар уккандарды угууга, сезгендерди сезүүгө аракеттен, ошондой эле башынан өткөргөндөрүн жашооңдогу белгилүү бир окуяларга, жагдайларга байланыштыр. Кыйынчылыктарды кантип чечишкенине көңүл буруп, алардан үйрөн. Бул Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү тереңирээк түшүнүүгө жана эстеп калууга көмөк кылат.

Түшүнүүгө кыйын аяттарды так түшүнүү үчүн аларды изилдөөгө жетиштүү убакыт арна. Ар бир изилдөөгө кенен убакыт бөл. Изилдөө учурунда кошумча изилдөөнү талап кылган кызыктуу суроолордун пайда болору бышык. Тааныш эмес сөздөрдүн маанисин изде, Ыйык Китептеги тиркемени, маанилеш аяттарды кара. Окугандарыңды канчалык көбүрөөк түшүнүп, иш жүзүндө колдонгон сайын, Кудай Сөзүн окуудан ошончолук көбүрөөк ырахат аласың. Ошондо забурчудай болуп, Жахабага: «Сенин осуяттарыңды түбөлүк мурас катары кабыл алдым, анткени алар — менин жүрөгүмдүн кубанычы»,— деп айта аласың (Заб. 118:111).

Шашпай изилде. Ошол эле учурда өздүк изилдөөгө убакыт бөлүүдө аша чаап кетпе. Жыйналыш жолугушууларына даярданууга да убакыт бөл. «Мээм чыңалып чыккандыктан, көп учурда көңүл топтой албай калчумун,— дейт Ракел.— Ошондуктан аз-аздан изилдөөнү туура көрдүм. Бул мага изилдөөмдөн көбүрөөк пайда алууга жардам берүүдө». Ал эми Крис: «Шашып изилдегенде көп нерсе эсимде калбай калгандыктан, абийирим жемелейт. Ошондой эле окугандарым, адатта, жүрөгүмө жетпей калат»,— дейт. Андыктан шашпай изилде.

Кудайдын сөзүнө карата сүйүү өрчүт. Элчи Петир: «Жаңы төрөлгөн балдар сыяктуу Кудай сөзүндөгү таза сүткө карата сүйүү өрчүткүлө. Аны менен азыктануунун аркасында өсүп, куткарылууга жетесиңер»,— деген (1 Пет. 2:2). Ымыркайларга сүттү жакшы көрүүгө үйрөнүүнүн зарылдыгы жок. Андай сезим табигый эле жол менен өрчүйт. Бирок Жазмада биздин Кудай сөзүнө карата сүйүү өрчүтүшүбүз керектиги айтылат. Эгер Ыйык Китепти күнүнө бир барактан окусаң, көп өтпөй эле ага карата сүйүүң өрчүй баштайт. Ошентип, башында кыйын сезилген нерсе убакыттын өтүшү менен жагымдуу нерсеге айланат.

Аяттардын үстүнөн ой жүгүрт. Окуп-билгендериң тууралуу ой жүгүртүү да зор пайда алып келет. Бул изилдеп-билген рухий темаларды бири-бири менен байланыштырууга жардам берет. Көп өтпөй акылмандыктын бермет шурусуна — кооздугу көз тайгылткан кенчке — ээ болосуң (Заб. 18:15; Накыл 3:3).

Убактыңды акылдуулук менен өткөр

Кылдат изилдөөнү адат кылып алуу үчүн күч-аракет талап кылынат, бирок мунун аркасында чексиз баталарды аласың. Мисалы, рухий түшүнүгүң кеңейет (Эвр. 5:12—14). Рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Жазманы изилдөөнүн аркасында ээ болгон кыраакылык, акылмандык сени бакытка, кубанычка жана тынчтыкка ээ кылат. Кудайдын Сөзүндө камтылган акылмандык аны түшүнүп, жашоосунда колдонгондор үчүн «өмүр дарагы» болот (Накыл 3:13—18).

Кудай Сөзүн казып изилдөөнүн аркасында жүрөгүң түшүнүккө ээ болот (Накыл 15:14). Бул сага Ыйык Китепке негизделген кеңештерди чын жүрөктөн кабыл алууга жардам берет. Эгер чечимдериңди Жазмадан, «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» адабияттарынан билгендериңдин негизинде чыгарсаң, Жахабанын рухунун жетеги менен жазылган Сөзү сени сергитип, бекем, туруктуу болууга көмөк кылат (Мт. 24:45). Ошондо дайыма оң маанай сактаган, рухийликти биринчи орунга койгон инсан болосуң. Мындан тышкары, Кудай менен болгон мамилеңди бекемдөөдө бардык жагынан ийгиликке жетесиң (Заб. 1:2, 3).

Кудайга болгон сүйүүгө толгон жүрөгүң сага ишенимиң жөнүндө башкаларга айтууга түрткү берет. Бул да чоң бата. София адамдардын кызыгуусун туудуруу үчүн жана натыйжалуу, кубанычтуу кызмат кылуу үчүн ар кандай аяттарды эстеп калып, колдонууга умтулат. «Ыйык Китептеги сөздөрдүн адамдарга кандай таасир этип жатканын көрүү көңүл толкутпай койбойт»,— дейт ал.

Кудай Сөзүнөн ырахат алуу менен эң чоң батага — Жахаба менен ынак мамилеге — ээ болосуң. Ыйык Китепти изилдөө Кудайдын нормаларын билүүгө жана сүйүүсүн, берешендигин, адилеттүүлүгүн түшүнүп, баалоого көмөк кылат. Мындан арзырлык, мындан маанилүү максат барбы? Андыктан Кудай Сөзүн казып изилде. Ошентсең, убактыңды акылдуулук менен өткөргөн болосуң (Заб. 18:8—12).

[5-беттеги кутуча/сүрөт]

КУДАЙ СӨЗҮН ОКУУ: МАКСАТТАР ЖАНА ЫКМАЛАР

▪ Ыйык Китепти тиленип алып, бүт көңүлүңдү коюп оку.

▪ Окуп-билгендериңди баала.

▪ Жетсе боло турган максаттарды кой.

▪ Жазманын негизинде талкуу жүргүзүүнүн жаңы жолдорун изде.

▪ Ыйык китептик окуяларды элестет.

▪ Түшүнүүгө кыйын аяттарды так түшүнүү үчүн аларды изилдөөгө жетиштүү убакыт арна.

▪ Шашпай изилде.

▪ Кудайдын сөзүнө карата сүйүү өрчүт.

▪ Аяттардын үстүнөн ой жүгүрт.

[4-беттеги сүрөт]

Ыйык китептик окуяларды окуганда аларга катышып жатканыңды элестет