Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сот майданындагы көптөн күткөн жеңиш!

Сот майданындагы көптөн күткөн жеңиш!

Сот майданындагы көптөн күткөн жеңиш!

СОТ иши 1995-жылы башталып, 15 жылга созулган. Ошончо жыл бою Исанын Орусиядагы чыныгы жолдоочулары дин тутуу эркиндигине каршы болгондордун соккусуна дуушар болуп келишкен. Каршылаштар Москвада жана анын тегерек-четинде Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салууну көздөшкөн. Бирок Жахаба Орусиядагы сүйүктүү бир туугандарыбызды кынтыксыздыгын сакташканы үчүн сот майданында жеңишке ээ кылып, сыйлык берүүнү туура көргөн. Ал согуш кандайча башталган эле?

ЭҢСЕП КЕЛГЕН ЭРКИНДИК

1990-жылдардын биринчи жарымында Орусиядагы бир туугандарыбыз 1917-жылы ажыраган дин тутуу эркиндигине кайрадан ээ болушкан. 1991-жылы алар Совет өкмөтү тарабынан расмий дин катары катталган. Советтер Союзу кулагандан кийин, Жахабанын Күбөлөрү Орусия Федерациясында катталышкан. Мындан тышкары, Орусия өкмөтү ондогон жылдар мурун диний куугунтуктан азап чеккен Күбөлөрдүн саясий куугунтуктун курмандыгы болгонун моюнга алган. 1993-жылы Москванын Юстиция министрлиги ал шаардагы Жахабанын Күбөлөрүн мыйзамдуу жамаат катары каттаган. Ошол эле жылы Орусиянын жарандарга дин тутуу эркиндигине кепилдик берген жаңы конституциясы күчүнө кирген. Ошондуктан бир ишенимдешибиздин: «Ушундай эркиндикке ээ болорубуз үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес! Муну 50 жылдан бери күтүп келгенбиз»,— деп айтканы таң калыштуу болгон эмес.

Орусиядагы бир туугандарыбыз ошол «ыңгайлуу убактан» пайдаланып, дароо кабар айтуу ишин илгерилетүүгө киришишкен жана мунун аркасында көптөр чындыкты таанышкан (2 Тим. 4:2). Бир байкоочу: «Ошол убакта адамдар динге аябай кызыгышкан»,— деп айткан. Көп өтпөй эле жарчылардын, пионерлердин жана жыйналыштардын саны көбөйө баштаган. Айтсак, 1990—1995-жылдардын ичинде Москвадагы Күбөлөрдүн саны 300дөн 5 000ге чейин өскөн! Москвада Жахабанын кызматчылары күн санап көбөйө бергендиктен, дин тутуу эркиндигине каршы болгондор тынчы кетип, кооптоно башташкан. Алар 1990-жылдардын орто ченинде сот майданында согуш отун тутантып, чабуул коюуга өтүшкөн. Ал салгылаш узакка созулган 4 баскычтан кийин гана соңуна чыккан.

ТЕРГӨӨ ИШИНИН БАШТАЛЫШЫ

Салгылаштын 1-баскычы 1995-жылдын июнунда башталган. Орус православие чиркөөсүн ачыктан-ачык колдогон Москвадагы адамдардын тобу бир туугандарыбызга кылмыш иштерин кылып жатат деп айып таккан. Алар жубайынын же балдарынын Жахабанын Күбөсү болгонуна ачуусу келгендердин кызыкчылыгын көздөп жатабыз деп ырасташкан. 1996-жылы июнь айында тергөөчүлөр ишенимдештерибиздин мыйзамды бузганына далил издей башташкан, бирок эч нерсе таппай коюшкан. Ошентсе да жогоруда айтылган топ бир туугандарыбызга кылмыш кылды деп кайрадан доо койгон. Тергөөчүлөр тергөө ишин жүргүзгөндө, алардын айткандары төгүнгө чыккан. Ошого карабай, каршылаштар бир туугандарыбызга ошол эле айыпты үчүнчү жолу тагышкан. Москвадагы Жахабанын Күбөлөрү кайрадан тергөөгө алынып, прокурор ал жолкусунда да кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жок деген тыянакка келген. Ошондо каршылаштар ошол эле айыпты төртүнчү жолу тагышкан, бирок прокурор анда да эч кандай далил тапкан эмес. Таң калыштуусу, ошол топ дагы бир жолу тергөө ишин жүргүзүүнү талап кылган. Акыры, 1998-жылы 13-апрелде жаңы тергөөчү ишти жапкан.

«Бирок ошондон кийин таң калыштуу бир нерсе болду»,— дейт ошол ишке катышкан бир юрист. Бешинчи тергөө ишин жүргүзгөн прокуратуранын өкүлү мыйзамга каршы эч нерсе кылынбаганын моюнга алса да, ал бир туугандарыбызга каршы жарандык процессти баштоо зарыл экенин айтып, Жахабанын Күбөлөрүнүн Москвадагы жамааты улуттук жана эл аралык мыйзамдарды бузуп жатат деп ырастаган. Москванын түндүк административдик округунун прокурору буга макул болуп, ишенимдештерибизге жарандык доо-арыз коюлган *. Ошентип, 1998-жылдын 29-сентябрында Москвадагы Головинск райондук сотунда иш карала баштап, салгылаш 2-баскычка өткөн.

ЫЙЫК КИТЕП СОТ ЗАЛЫНДА

Москванын түндүгүндөгү тар сот залында прокурор Татьяна Кондратьева православие христианчылыгы, ислам, иудаизм жана буддизмдин негизги диндер экендигин ырастаган 1997-жылы кабыл алынган федералдык мыйзамды колдонуп, бир туугандарга чабуул жасай баштаган *. Ошол мыйзам күчүнө киргенден тартып, башка диндердин мыйзамдуу түрдө катталышына тоскоолдук туула баштаган. Ошондой эле ал мыйзам сотторго жек көрүүчүлүктү үгүттөгөн диндерди жабууга мүмкүнчүлүк берген. Прокурор ошол мыйзамга таянып, Жахабанын Күбөлөрүнө жек көрүүчүлүк отун жандырышат, үй-бүлөлөрдү бузушат деп жалган айып тагып, алар жабылууга тийиш деп ырастаган.

Ишенимдештерибизди коргогон адвокат: «Москвадагы жыйналыштардан кимдер мыйзамды бузду?» — деп сураганда, прокурор бир да ысымды атай алган эмес. Бирок ал Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары диний кастыкты туудурат деп ырастаган. Анан айткандарын далилдеш үчүн «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарынан жана башка адабияттардан үзүндү окуп берген. (Жогорудагы сүрөттү карагыла.) Андан ал адабияттардын кандайча диний кастыкты туудурарын сураганда, ал: «Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнүн динин чыныгы дин деп окутушат»,— деп жооп берген.

Адвокат, биздин бир тууганыбыз, Ыйык Китептин бир нускасын сотко, бир нускасын прокурорго берип, Эфестиктер 4:5теги: «Бир Мырза, бир ишеним, бир чөмүлтүлүү бар»,— деген сөздөрдү окуп берген. Көп өтпөй сот, прокурор жана адвокат — баары колдоруна Ыйык Китепти алып, Жакан 17:18, Жакып 1:27 сыяктуу аяттарды талкуулай башташкан. Сот: «Бул аяттар диний кастыкты туудурабы?» — деп сураганда, прокурор өзүнүн Ыйык Китепти түшүндүрүп бергидей адис эмес экенин айткан. Адвокат болсо Орус православие чиркөөсүнүн Жахабанын Күбөлөрүн катуу сынга алып жазган адабияттарын көрсөтүп: «Бул сөздөр мыйзамды бузбайбы?» — деп сураган. Буга прокурор: «Мен чиркөөнүн аргументтерин талдагыдай адис эмесмин»,— деп жооп берген.

КОЮЛГАН АЙЫПТАРДЫН ТӨГҮНДӨЛҮШҮ

Жахабанын Күбөлөрүнө үй-бүлөлөрдү бузат деп айып коюп жатып прокурор мисал катары алардын Рождество сыяктуу майрамдарды белгилебей турганын айткан. Бирок кайра Орусиянын мыйзамы жарандарынан Рождествону майрамдоону талап кылбасына кошулган. Негизи, орустардын баары, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрү тандоо эркиндигине ээ. Андан сырткары, прокурор биздин уюмдун «балдардын тийиштүү түрдө эс алып, көңүл ачышына тоскоолдук кыларын» айткан. Анткен менен суроо узатылганда, ал Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгон балдардын бири менен да сүйлөшүп көрбөгөнүн мойнуна алган. Адвокат андан Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларына барып көргөн-көрбөгөнүн сураганда, ал: «Мунун зарылдыгы болгон эмес»,— деп жооп берген.

Прокурор эксперт катары күбөлүк берүүгө психиатрия илиминин профессорун чакырган. Ал профессор биздин адабияттарды окуган адамдын психикасы бузуларын айткан. Адвокат анын сотко жазгандары Москва патриархиясы даярдаган документке окшош экенин белгилегенде, профессор чынында эле көп жерлери сөзмө-сөз окшош экенин моюнга алып: «Биз бир дискет менен иштегенбиз»,— деп кошумчалаган. Андан ары суроо берилгенде, анын бир да Жахабанын Күбөсүн дарылабаганы айкын болгон. Ал эми сотко чакырылган психиатрия илиминин башка профессору Москвадагы 100дөн ашык Жахабанын Күбөсүн изилдегенин айткан. Ал алардын психикалык саламаттыгы чың экенин, ошондой эле Жахабанын Күбөсү болгондон кийин башка диндерди көбүрөөк урматтап калышканын аныктаганын белгилеген.

ЖЕҢДИК, БИРОК БИРОТОЛО ЭМЕС

1999-жылдын 12-мартында сот 5 адисти Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын изилдеп чыгууга дайындап, ишти убактылуу токтотуп койгон. Москвада жүрүп жаткан сотко тиешеси жок Орусия Федерациясынын Юстиция министрлиги ага чейин эле бир нече адистен турган топко биздин адабияттарды изилдеп чыгууну тапшырган болчу. Министрлик тарабынан дайындалган ал топ 1999-жылдын 15-апрелинде отчёт берип, адабияттарыбыздан зыяндуу эч нерсе таппаганын айткан. Ошондуктан 1999-жылдын 29-апрелинде Юстиция министрлиги Жахабанын Күбөлөрүнүн мындан ары да мыйзамдуу түрдө катталган уюм катары эсептеле берерин чечкен. Изилдөөнүн жыйынтыгы жакшы болуп чыкса да, Москвадагы сот өзү дайындаган топтун адабияттарыбызды изилдеп чыгышын талап кылган. Ошондон улам кызыктай жагдай пайда болгон: Орусиянын Юстиция министрлиги Жахабанын Күбөлөрүн мыйзамга баш ийген диний уюм катары кабыл алып жатса, Москванын Юстиция министрлиги аларды мыйзамды бузган деп айыптап, тергөө иштерин жүргүзө берген!

Сот иши башталгандан дээрлик 2 жыл өткөндөн кийин, 2001-жылы 23-февралда, сот Елена Прохорычева чечим чыгарган. Өзү дайындаган адистердин изилдөөлөрүн карап чыккандан кийин ал: «Москвадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жамаатынын ишин токтотууга жана жабууга эч кандай негиз жок»,— деп жарыялаган. Акыр-аягы, бир туугандарыбызга коюлган бардык айып негизсиз деп табылып, алар мыйзамдуу түрдө акталган! Бирок прокурор ал чечимге макул болбой, Москва шаардык сотуна кайрылган. 3 айдан кийин, 2001-жылдын 30-майында, шаардык сот Прохорычеванын чечимин жокко чыгарып, ал ишти ошол эле прокурор териштириши, бирок башка сот карашы керектигине байланыштуу токтом чыгарган. Ошентип, салгылаштын 3-баскычы башталган.

ЖЕҢИЛДИК, БИРОК БИРОТОЛО ЭМЕС

2001-жылдын 30-октябрында Вера Дубинская деген сот ишти кайра карай баштаган *. Прокурор Кондратьева Жахабанын Күбөлөрү жек көрүүчүлүккө үгүттөйт деген айыпты башкачараак кылып айтып чыгып, Москвадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн мыйзамдуу жамаатынын ишине тыюу салуу алардын өздөрүнүн эле укугун коргогондукка жатарын айткан! Мындай акылга сыйбаган ырастоого жооп кылып, Москвадагы 10 000 Жахабанын Күбөсүнүн баары прокурор сунуш кылган «коргоонун» кереги жок экени жазылган арызга кол коюп, сотко кайрылышкан.

Прокурор Күбөлөрдүн мыйзамды бузуп жатканын далилдөөнүн деле кажети жок экенин айткан. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракеттери эмес, адабияттары жана ишенген нерселери териштирилип жатканын белгилеген. Прокурор Орус православие чиркөөсүнүн өкүлүн эксперт катары күбөлүк берүүгө чакырганын жарыялаган. Мындан христиан диний жетекчилеринин Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салууга багытталган аракеттерге түздөн-түз катыштыгы бар экени айкын болгон. 2003-жылдын 22-майында сот кайрадан адистердин тобун биздин адабияттарды изилдеп чыгууга дайындаган.

2004-жылы 17-февралда ишти кароо улантылып, адистер тобу жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы каралган. Адистер биздин адабияттардын окурмандарды «үй-бүлө менен никени сактоого» үндөй турганын жана биздин адабияттар жек көрүүчүлүктү үгүттөйт деген ырастоонун «негизсиз» экенин белгилешкен. Буга башка изилдөөчүлөр да кошулушкан. Сот диндин тарыхын изилдеген бир профессордон: «Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн кабар айтышат?» — деп сураганда, ал: «Кабар айтуу — Исанын жолдоочусунун милдети. Бул тууралуу Инжилдин өзүндө айтылат жана Машаяк жолдоочуларына так ушуну — бардык жерге барып, кабар айтууну — буйрук кылган»,— деп жооп берген. Бирок баары бир деле 2004-жылы 26-мартта сот Москвадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салып койгон. 2004-жылы 16-июнда Москва шаардык соту ал чечимди колдогон *. Көп жылдан бери Жахабага кызмат кылып келаткан бир ишенимдешибиз соттун чечимине байланыштуу өз оюн айтып: «Советтер Союзунун убагында орустар атеист болушу керек эле. Бүгүн алар православие динин тутушу керек»,— деген.

Ишибизге тыюу салынганы бир туугандарга кандай таасир эткен? Жагдай көп жагынан Некемиянын күндөрүнө окшош болгон. Ошол убакта Кудайдын элинин душмандары Иерусалимдин дубалын тургузууга ар кандай жолдор менен тоскоолдук кылышкан, бирок Некемия менен анын мекендештери алагды болуп, жумушун токтотуп коюшкан эмес. Тескерисинче, жан-дилден иштеп, «дубалды тургуза беришкен» (Нек. 4:1—6). Анын сыңарындай, Москвадагы бир туугандарыбыз душмандарга багынбай, бүгүнкү күндө аткарылышы керек болгон ишти — жакшы кабарды жарыялоо ишин — уланта беришкен (1 Пет. 4:12, 16). Алар Жахабанын коргооруна бекем ишенип, узакка созулган салгылаштын 4-баскычына өтүүгө даяр болушкан.

ЧАБУУЛДУН КҮЧӨШҮ

2004-жылы 25-августта бир туугандарыбыз Кремлге өтүнүч катын жөнөтүшкөн. Ал кат Орусиянын ошол кездеги президенти Владимир Путиндин атына жазылган болчу. 76 бөлүмдөн турган жана 315 000 кишинин колу коюлган ал катта бир туугандар ишибизге тыюу салынганына катуу тынчсызданып жатканын билдиришкен. Ал ортодо Орус православие чиркөөсүнүн диний жетекчилери өздөрүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүшкөн. Мисалы, Москва патриархиясынын бир өкүлү: «Биз Жахабанын Күбөлөрү жүргүзүп жаткан ишке караманча каршыбыз»,— деген. Ал эми мусулмандар жамаатынын бир жетекчиси биздин ишке тыюу салынышын «маанилүү жана жагымдуу окуя» катары сыпаттаган.

Ошондуктан Орусиянын айрым тургундары Жахабанын Күбөлөрүнө коюлган айыптарга ишенип, аларды куугунтуктай баштаган. Москвадагы айрым ишенимдештерибизди кабар айтып жүргөндө сабап кеткен учурлар болгон. Алсак, бир эжени ачууланган бир киши имараттан кууп чыгып, аркасына катуу тепкенде, ал башы менен жерге тийген. Ал эже ооруканага жеткирилген, бирок милиция кызматкерлери аны тепкен кишиге каршы эч кандай чара көргөн эмес. Башка бир туугандарыбызды болсо милиция кызматкерлери кармап кетип, манжа изин алып, сүрөткө тартып, түнү менен түрмөгө камап коюшкан. Андан сырткары, Москвадагы чоң имараттардын жетекчилерине, эгер алар залдарын Жахабанын Күбөлөрүнө ижарага бере турган болсо, жумуштан бошотулары катуу эскертилген. Натыйжада көптөгөн жыйналыштар жолугушууларын өткөрө турган имараттарды ижарага ала албай калышкан. Ошондуктан 4 залдан турган бир Падышалык залдарынын комплексин 40 жыйналыш колдоно баштаган. Бир жыйналышка жалпыга арналган жолугушуусун дайыма эртең менен 7.30да өткөрүүгө туура келген. «Жыйналышка барыш үчүн жарчылар бир жылдан ашык убакыт бою таңкы 5те туруп жүрүштү, бирок муну алар кубаныч менен кылышчу»,— деп эскерет бир кыдыруучу көзөмөлчү.

«КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ БЕРИШИҢЕР ҮЧҮН»

Москвада Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганы мыйзамга каршы келерин далилдеш үчүн 2004-жылы декабрда адвокаттарыбыз Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышкан. (6-беттеги «Орусияда кабыл алынган чечим эмне үчүн Францияда кайра каралган?» деген кутучаны карагыла.) 6 жылдан кийин, 2010-жылдын 10-июнунда, ал Сот бир добуштан чечим чыгарып, Жахабанын Күбөлөрүн толугу менен актаган! * Сот бизге коюлган айыптарды карап чыгып, баарын негизсиз деп тапкан. Ошондой эле ал Орусиянын «Сот мыйзамсыз деп тапкан иштерди токтотууга жана мүмкүн болушунча алардын бардык кесепеттерин жоюуга» милдеттүү экенин билдирген. (8-беттеги «Европа сотунун чечими» деген кутучаны карагыла.)

Адам укуктары боюнча Европа конвенциясы Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун коргой тургандыгы жөнүндөгү Соттун айкын-так билдирилген чечими Орусияга эле эмес, Европа Кеңешине мүчө болгон дагы башка 46 мамлекетке да тиешелүү. Андан сырткары, мыйзам жана фактылар терең изилденип-талдангандыктан, ал чечимди дүйнө жүзүндөгү юриспруденция илиминин окумуштуулары, соттор, мыйзам чыгаруучулар жана адам укуктары боюнча адистердин кызыгып окуй турганы күмөнсүз. Эмне үчүн? Анткени чечим чыгарарда Сот Европа сотунда Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чыгарылган 8 чечимди эле эмес, Аргентинанын, Канаданын, Жапониянын, Орусиянын, Түштүк Африканын, Испаниянын, Улуу Британиянын жана Кошмо Штаттардын жогорку сотунда Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чыгарылган 9 чечимди да эске алган. Ошол чечимдер жана Соттун Москвадагы прокурордун койгон айыптарын чечкиндүү түрдө жокко чыгарганы Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзүндөгү жамаатына өздөрүнүн ишенимин жана жүргүзгөн ишин коргоодо күчтүү курал болору шексиз.

Иса жолдоочуларына: «Мен үчүн силерди башкаруучулар менен падышалардын алдына сүйрөп барышат. Бул аларга жана башка элдерге күбөлөндүрүү беришиңер үчүн болот»,— деп айткан (Мт. 10:18). Орусиядагы сот майданында 15 жылга созулган салгылаш бир туугандарга Жахабанын ысмын Москвада жана анын тегерек-четинде болуп көрбөгөндөй көп адамдарга жарыялоого мүмкүнчүлүк берди. Жахабанын Күбөлөрүнүн ишинин тергөөгө алынышы, сот иши жана эл аралык соттун чечими, чынында эле, «күбөлөндүрүү берилишине», «жакшы кабардын таратылышына» шарт түздү (Флп. 1:12). Бүгүнкү күндө Москвадагы Күбөлөр кабар айтып жүргөндө, көптөгөн адамдар: «Силерге тыюу салынган жокпу?» — деп сурап калышат. Бул бир туугандарыбызга аларга ишенген нерселерибиз жөнүндө көбүрөөк айтып берүүгө өбөлгө түзөт. Ооба, эч ким, эч нерсе Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуу ишибизди токтото албайт. Биз Жахабадан Орусиядагы сүйүктүү, эр жүрөк бир туугандарыбызга мындан ары да батасын берип, колдоп-коргошун сурап тиленебиз.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Доо 1998-жылы 20-апрелде коюлган. 2 жумадан кийин, 5-майда, Орусия өкмөтү Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын ратификациялаган, тактап айтканда, аны кабыл алгандыгын бекиткен.

^ 10-абз. «Ал мыйзам өзүнүн Орусиядагы абалын коргоого далалат кылган жана Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынышын көксөгөн Орус православие чиркөөсүнүн катуу кысымы менен кабыл алынган» (Ассошиэйтед пресс, 1999-жыл, 25-июнь).

^ 20-абз. Кызыктуусу, туптуура 10 жыл мурун ошол эле күнү Орусия өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн Совет бийлигинин тушунда диний куугунтуктун курмандыгы болгонун моюнга алган болчу.

^ 22-абз. Тыюу салынгандыктан, Москвадагы жыйналыштар колдонуп келген мыйзамдуу түрдө катталган юридикалык жак да жоюлган. Каршылаштар бул бир туугандардын кызматына тоскоолдук кылат деп үмүттөнүшкөн.

^ 28-абз. 2010-жылы 22-ноябрда Адам укуктары боюнча Европа сотунун Чоң Палатасынын 5 соттон турган комиссиясы Орусиянын ишти Соттун Чоң Палатасына өткөрүп бериши жөнүндөгү өтүнүчүн четке каккан. Ошентип, 2010-жылдын 10-июнунда чыгарылган чечимдин акыркы жана аткарылууга тийиш чечим болгону көрсөтүлгөн.

[6-беттеги кутуча/сүрөт]

Орусияда кабыл алынган чечим эмне үчүн Францияда кайра каралган?

1996-жылы 28-февралда Орусия Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына кол койгон. (1998-жылы 5-майда Орусия Конвенцияны кабыл алганын бекиткен.) Ага кол коюу менен Орусия өкмөтү жарандарынын төмөнкү укуктарга ээ экенин жарыялаган:

дин тутуу эркиндигине жана өзүнүн диний иштерин үйдө, коомдук жайларда жүргүзүүгө жана кааласа, динин өзгөртүүгө укуктуу (9-берене);

өз пикирин сөз жана кагаз жүзүндө билдирүүгө, башкаларга маалымат берүүгө укуктуу (10-берене);

тынч чогулуштарга катышууга укуктуу (11-берене).

Конвенцияда көрсөтүлгөн укуктары бузулган адамдар же уюмдар өзүнүн өлкөсүндөгү сот инстанцияларынын баарына кайрылгандан кийин Франциянын Страсбург шаарындагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыла алышат. (Жогорудагы сүрөттү карагыла.) Ал Сот 47 соттон турат; бул Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына кол койгон өлкөлөрдүн санына барабар. Ал Соттун чечимдери сөзсүз аткарылууга тийиш. Конвенцияга кол койгон өлкөлөр анын чечимдерине баш ийүүгө милдеттүү.

[8-беттеги сүрөт]

Европа сотунун чечими

Төмөндө Соттун чечиминен 3 кыска үзүндү келтирилди:

Жахабанын Күбөлөрүнө үй-бүлөлөрдү бузат деген айып коюлган. Бирок Сот аны жокко чыгарып, мындай деген:

«Чыр-чатактын чыгышына эч кандай динди тутпаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн кайсы бир динге ишенген жакынына каршы болгону, ошондой эле анын дин тутууга, ага байланышкан иштерди кылууга болгон укугун кабыл алгысы жана урматтагысы келбегени себеп болот» (111-абз.).

Сот Жахабанын Күбөлөрү адамдын «акыл-эсин бийлеп алат» деген айыпты бышыктай турган эч кандай далил жок экенин мындай деп белгилеген:

«Сот [Орусиядагы] соттордун ушундай ыкмалар менен абийир эркиндигине болгон укугу бузулган бир да кишинин ысмын атай албаганын баса белгилөөнү туура тапты» (129-абз.).

Жахабанын Күбөлөрүнө кан куйдуруудан баш тартуу менен ишенимдештеринин ден соолугуна зыян келтиришет деген да айып коюлган. Бирок Сот анын туура эмес экенин белгилеп, мындай деген:

«Медициналык дарылоонун кайсы бир түрүнө макул болууну же андан баш тартууну же дарылоонун башка ыкмасын тандоо эркиндиги адамдын өз алдынча чечим чыгаруу жана көз карандысыздык принциптери сакталышы үчүн абдан маанилүү. Өз алдынча чечим чыгаруу укугуна ээ жашы жеткен бейтап, мисалы, операцияга макул болор-болбосун, дарыланар-дарыланбасын өзү чечүүгө укуктуу болгондой эле, кан куйдурар-куйдурбасын да өзү чечүүгө укуктуу» (136-абз.).