Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыйынчылыктарга кабылганда Пинехастай иш-аракет кыласыңбы?

Кыйынчылыктарга кабылганда Пинехастай иш-аракет кыласыңбы?

Кыйынчылыктарга кабылганда Пинехастай иш-аракет кыласыңбы?

ЖЫЙНАЛЫШТА аксакал болуп кызмат кылуу — чоң сыймык. Бирок Кудайдын Сөзүндө аксакалдардын кыйынчылыктарга кабылары айтылган. Кээде аларга күнөө кылгандарга Жахабанын «өкүмүн чыгарууга» туура келет (2 Жылн. 19:6). Же кандайдыр бир тапшырма алганда алар: «Фараонго бар[гыдай],.. мен киммин?» — деп айткан момун Мусадай болуп, өздөрүн даяр эместей сезиши мүмкүн (Чыг. 3:11).

Аксакалдар ыйык рухтун жетеги менен дайындалышат. Ошол эле ыйык рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Китепте кыйынчылыктарды ийгиликтүү чечкен башчылардын үлгүсү жазылган. Алардын бири — Пинехас. Ал Элазардын уулу жана Арундун небереси болгондуктан кийин башкы дин кызматчы болгон. Пинехастын жашоосунда болгон үч окуядан бүгүнкү күндөгү аксакалдардын кыйынчылыктарды чечүүдө эр жүрөк, түшүнүктүү болушу жана Жахабага таянышы керек экенин көрүүгө болот.

«Жамааттын ортосунан тура калып»

Ысрайылдыктар Маап түздүгүндө жашап жаткан кезде Пинехас жаш жигит болчу. Ыйык Китепте: «Ысрайыл эли Маап кыздары менен ойноштук кылып бузула баштады... Эл алардын курмандыгынан жеп, алардын кудайларына табына баштады»,— деп айтылат (Сан. 25:1, 2). Ошондо Жахаба күнөө кылгандарды жазалап, өлүмгө дуушар кылган. Элинин күнөөгө батып, жазаланып жатканын көргөндө Пинехас кандай гана жаман болгон!

Ыйык Китепте андан ары мындай делет: «Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты жыйын чатырынын алдында ыйлап жатканда, Ысрайыл уулдарынан бирөө Мусанын жана жамааттын көз алдында бир мидиандык кызды... алып келди» (Сан. 25:6). Дин кызматчы Пинехас эмне кыла алмак? Ал күнөө кылган ысрайылдык кишиге караганда жаш болчу, анын үстүнө, ал киши сыйынууда жетекчиликти колго алган уруу башчыларынын бири эле (Сан. 25:14).

Ошентсе да Пинехас адамдардан эмес, Кудайдан корккон. Ал ысрайылдык менен мидиандык кызды көргөндө колуна найза алып, алардын артынан чатырга кирип барган да, экөөнү тең сайып өлтүргөн. Жахаба анын эр жүрөктүгүнө жана чечкиндүүлүгүнө кандай караган? Ал ошол замат элди жазалаганын токтоткон жана Пинехас менен келишим түзүп, анын тукуму түбөлүккө дин кызматчы болорун убадалаган (Сан. 25:7—13).

Албетте, бүгүнкү күндөгү аксакалдар зордук-зомбулукка барбайт. Бирок алар, Пинехаска окшоп, чечкиндүү жана эр жүрөк болушу керек. Мисалга Гильермени алалы. Ал укуктук комитетке катышууга чакырылганда аксакал болуп дайындалганына бир нече эле ай болгон. Гильермеге ал жаш кезинде ага жардам берген аксакалдын ишин караганга туура келген. Ал мындай дейт: «Мен аябай тынчсызданып, түнү менен уктабай чыктым. Ошол жагдайды канткенде сезимге алдырбай, Жахабанын нормаларына ылайык чече алам деп көп ойлондум. Кудайга бир нече күн бою тиленип жүрдүм. Ыйык Китепке негизделген адабияттарды да изилдедим». Мунун аркасында Гильерме ошол өзгөчө жагдайды чечүүдө кайраттуу болуп, күнөө кетирген ишенимдешине рухий жардам көрсөтө алган (1 Тим. 4:11, 12).

Аксакалдар ушул сыяктуу жагдайларда эр жүрөк, чечкиндүү болуу менен ишенимдин, берилгендиктин үлгүсүн көрсөтүшөт. Бирок жыйналыштагы бир туугандар да эр жүрөктүк көрсөтүп, башкалардын күнөөсүн аксакалдарга билдириши керек. Андан тышкары, жыйналыштан четтетилген досубуз же тууганыбыз менен сүйлөшпөш үчүн Жахабага берилгендик көрсөтүү талап кылынат (1 Кор. 5:11—13).

Түшүнүктүүлүк туура эмес иш кылуудан сактайт

Пинехастын эр жүрөктүгү тек гана жаштыкка мүнөздүү кызуу кандуулук болгон эмес. Анын дагы бир башка жагдайда кандайча түшүнүктүүлүк менен — кыраакылык жана акыл-эстүүлүк менен — иш кылганын карап көрөлү. Рубейин, Гат жана Менашенин жарым уруусу Иордан дарыясына жакын жерге курмандык жай курушкан. Ошондо Ысрайылдын башка уруулары алар курмандык жайды жалган кудайларга сыйынуу үчүн курушту деген жыйынтык чыгарып, алар менен согушууга даярданышкан (Жаш. 22:11, 12).

Пинехас муну билгенде эмне кылган? Ал Ысрайылдын уруу башчылары менен бирге барып, курмандык жай курган уруулар менен сүйлөшкөн. Алар курмандык жайды Жахабага «кызмат кылуу» үчүн курушканын түшүндүрүп беришкен. Ошентип, жагдайды толук түшүнүү элди каргашадан сактаган (Жаш. 22:13—34).

Биз ишенимдешибиз тууралуу жалган айып же терс маалымат укканда Пинехасты тууроо менен акылдуулук кылган болобуз. Түшүнүктүүлүк бизди таарынуудан жана бир тууганыбызды айыптап, жаман сөз таратуудан сактайт (Накыл 19:11).

Түшүнүктүүлүк аксакалдарга Пинехастай иш кылууга кандайча жардам берет? Он жылдан ашык убакыттан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Хаймэ мындай дейт: «Жыйналыштагы жарчы кайсы бир бир тууган менен болгон келишпестиги жөнүндө сүйлөшкөнү келгенде, мен дароо Жахабага кайрылып, эч кимисине тартпай, Жазманын негизинде кеңеш берүүгө жардам беришин сурайм. Бир жолу бир эже башка жыйналыштагы жоопкерчиликтери бар бир туугандын ага жаман мамиле кылганын айтып кайрылды. Эжени таарынткан байке менин досум болгондуктан, аны менен өзүм деле сүйлөшүп коё алмакмын. Бирок анткендин ордуна, ал эже менен чогуу ыйык китептик айрым принциптерди карап чыктык. Ал эже ал бир тууган менен адегенде өзү барып сүйлөшүп көрүүгө макул болду (Мт. 5:23, 24). Анткен менен көйгөй дароо чечилген жок. Ошондо аны Жазмадагы дагы башка принциптерди карап чыгууга үндөдүм. Ал жагдайы тууралуу дагы бир жолу тиленип, бир тууганды кечирүүнү чечти».

Мунун натыйжасы кандай болгон? «Бир нече айдан кийин ал эже мага кайра келип, аны таарынткан бир туугандын айткан сөздөрүнө өкүнүп, кечирим сураганын айтты,— дейт Хаймэ.— Ал эже менен кызматка чыгып, ага ыраазычылыгын билдириптир. Ошентип, көйгөй чечилген. Эгер мен досума тартсам же алардын жагдайына кийлигишсем, мындай жакшы жыйынтык болот беле?» Ыйык Китепте: «Талашып-тартышканга шашпа»,— деген кеңеш берилет (Накыл 25:8). Ырас, түшүнүктүүлүктү чагылдырган аксакалдар бири-бири менен келише албай жүргөн бир туугандарды тынчтыкты жана биримдикти сакташ үчүн Жазмадагы принциптерди колдонууга үндөшөт.

Ал Жахабага кайрылган

Пинехас Кудайдын өзү тандап алган элине дин кызматчы катары кызмат кылуу артыкчылыгына ээ болгон. Жогоруда айтылгандай, ал салыштырмалуу жаш чагында эле эр жүрөктүктү жана түшүнүктүүлүктү чагылдырган. Бирок анын кыйынчылыктарды жеңер-жеңбеси Жахабага таянар-таянбасынан көз каранды болгон.

Бенжемин уруусунан болгон гибалыктар бир лебинин токолун зордуктап, өлтүрүп койгондо, Ысрайылдын башка уруулары аларга каршы согушка аттанышкан (Башк. 20:1—11). Алар согушка чыгардын алдында Жахабадан жардам сурап тиленишкен, бирок эки жолу тең жеңилип калып, чоң жоготууга учурашкан (Башк. 20:14—25). Алар тиленгенибизден эч кандай пайда чыкпайт деп жыйынтык чыгарып коюшу мүмкүн беле? Жахаба алардын иш-аракеттерине чындап кызыкдар болгонбу?

Ошол учурда Ысрайылдын башкы дин кызматчысы болгон, Кудайга бекем таянган Пинехас ал жолкусунда да демилгени колго алган. Ал Жахабага: «Бир тууганым Бенжеминдин уулдары менен согушканы дагы барышым керекпи же жокпу?» — деп кайрылган. Тиленүүсүнө жооп кылып, Жахаба Бенжемин уруусун алардын колуна салып берген жана алар гибалыктардын шаарларын өрттөп салышкан (Башк. 20:27—48).

Мындан эмнеге үйрөнө алабыз? Аксакалдардын күч-аракет жумшаганына жана Кудайга тиленгенине карабай, жыйналыштагы айрым көйгөйлөр бир нече убакытка чейин чечилбей кала бериши мүмкүн. Эгер ушундай болуп жатса, аксакалдар Исанын: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат»,— деген сөздөрүн унутпашы керек (Лк. 11:9). Атүгүл тиленүүлөрү жоопсуз калып жаткандай сезилсе да, көзөмөлчүлөр Жахабанын өз учурунда жооп берерине шектенбесе болот.

Мисалга Ирландияда болгон окуяны алалы. Ал жактагы бир жыйналыш Падышалык залына абдан муктаж болгон, бирок бир туугандар жергиликтүү архитектордон уруксат ала албай коюшкан. Ал архитектор бир туугандар сунуштаган жерди жаратпай койгон. Ошондо алар өлкөнүн башкы архитектору уруксат бериши мүмкүн деген ойдо ага барып көрүүнү чечишкен. Тиленүү, Пинехаска жардам бергендей, ал бир туугандарга да жардам бергенби?

Жергиликтүү аксакал мындай дейт: «Жахабага аябай жалындуу тиленгенден кийин башкы архитекторго бардык. Бизге аны менен бир нече жумадан кийин гана жолуга аларыбызды айтышты. Бирок ал иштеген жерге барганыбызда башкы архитектор менен беш мүнөт сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Ал кайра чийилген планыбызды көрүп, зал курууга дароо эле уруксат берди. Ошондон кийин жергиликтүү архитектор бизге жардам бериш үчүн келди. Бул окуя бизди тиленүүнүн зор күчкө ээ экенине ынандырды». Ооба, Жахаба ага таянган аксакалдардын чын жүрөктөн чыккан тиленүүлөрүнө жооп берет.

Пинехаска байыркы Ысрайылда чоң жоопкерчиликтерди аркалоо оңой болгон эмес, бирок эр жүрөктүк, түшүнүктүүлүк жана Жахабага таянуу ага оор кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген. Пинехас Кудайдын элине чын дилден кам көрүү менен Жахабанын жактыруусуна ээ болгон. Ошондон 1000 жылдай өткөндөн кийин Эзра: «Алардын үстүнөн мурда Элазар уулу Пинехас башчы болгон. Теңир аны колдоп турган»,— деп жазган (1 Жылн. 9:20). Жахаба бүгүнкү күндө анын элинин арасында жетекчиликти колго алгандар менен, деги эле ага берилгендик көрсөткөндөрдүн баары менен болсун!