Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

70 жылдан бери жүйүттүн этегин кармап келем

70 жылдан бери жүйүттүн этегин кармап келем

Өмүр баян

70 жылдан бери жүйүттүн этегин кармап келем

АЙТЫП БЕРГЕН: ЛЕНАРД СМИТ

Өспүрүм кезимде Ыйык Китептеги эки билдирүү мага зор таасир эткен. Андан бери 70 жылдан ашуун убакыт өтсө да, Закарыя 8:23түн маанисин түшүнгөндө кандай сезимде болгонум күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал аятта «он кишинин» «бир жүйүттүн этегинен кармап», ага: «Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук»,— дегени жазылган.

ЖҮЙҮТ киши Машаяктын майланган жолдоочуларын, ал эми «он киши» «башка койлорду» билдирет; «башка койлор» ал убакта «Жонадаптар» деп аталчу * (Жкн. 10:16). Ошол чындык жүрөгүмө жеткенде, жерде түбөлүк жашоого болгон үмүтүмдүн ишке ашышы майлангандардын тобуна берилгендик менен колдоо көрсөткөнүмөн көз каранды экенин аңдадым.

Иса Машаяктын Матай 25:31—46-аяттардагы «койлор» менен «эчкилер» жөнүндөгү мисалы да мага терең таасир эткен. «Койлор» Машаяктын жерде жашап жаткан майланган бир туугандарына жакшылык кылганы үчүн бул дүйнөнүн акырында аман кала тургандарды билдирет. Жаш Жонадап катары өзүмө: «Лен, эгер Машаяк сени кой деп эсептешин кааласаң, анын майланган бир туугандарына баш ийип, колдоо көрсөтүшүң керек, анткени Кудай алар менен»,— дедим. Муну түшүнүү 70 жылдан ашык убакыттан бери өмүр жолунда мага багыт берип келет.

«МЕНИН ОРДУМ КАЯКТА?»

Апам 1925-жылы Бейтелдеги жолугушуулар залында чөмүлтүлгөн. Ал зал Лондон ыйык чатыры деп аталчу жана аны ошол аймактагы бир туугандар колдончу. Мен 1926-жылдын 15-октябрында жарык дүйнөгө келгем. 1940-жылы мартта Англиянын деңизге жакын жайгашкан Дувр шаарында өткөн жыйында чөмүлтүлдүм. Бара-бара Ыйык Китептеги чындыкты аябай жакшы көрүп калдым. Апам Иса Машаяктын майланган жолдоочусу болгондуктан, мындайча айтканда, мен этегин кармаган алгачкы жүйүт болду. Ал эми атам менен эжем ал кезде Жахабага кызмат кылчу эмес. Биз Англиянын түштүк-чыгышындагы Жиллингем шаарындагы басымдуу бөлүгү майлангандардан турган жыйналыштын мүчөсү болчубуз. Апам кабар айтуу ишине ынталуу катышуу менен эң сонун үлгү көрсөтөр эле.

1941-жылдын сентябрында Лестер шаарында өткөн жыйында «Кынтыксыздык» деп аталган баяндама айтылып, анда ааламдагы эгедерликке байланыштуу талаш маселе талкууланды. Жахаба менен Шайтандын ортосундагы талаш маселеге биздин да катыштыгыбыз бар экенин биринчи жолу ошол баяндамадан түшүндүм. Ошондой эле Жахаба Ааламдын Эгедери болгондуктан, анын тарабын ээлеп, анын алдында кынтыксыздыгыбызды сакташыбыз керектигин билдим.

Ал жыйында пионердик кызматка көп басым жасалып, жаштар аны максат кылып алууга чакырылды. «Пионердин уюмдагы орду» деген баяндама мага: «Менин ордум каякта?» — деп ойлонууга түрткү берди. Жыйында айтылгандарды угуп, мен Жонадап катары майлангандардын тобуна кабар айтуу ишинде колумдан келишинче жардам берүүгө милдеттүү экениме ынандым. Ошондуктан так ошол жыйындан жактан пионерлердин катарына кошулуу үчүн арыз толтурдум.

СОГУШ МААЛЫНДА ПИОНЕР БОЛУШУМ

1941-жылдын 1-декабрында 15 жашымда атайын пионер болуп дайындалдым. Апам менин алгачкы шеригим болду, бирок бир жылдай убакыттан кийин ага ден соолугуна байланыштуу пионердик кызматын токтотууга туура келди. Ошондуктан Лондондогу филиал мени учурда Пуэрто-Рикодогу Филиалдын комитетинде кызмат кылган Рон Паркин бир тууганга кошту.

Биз деңиз жээгинде жайгашкан Кент графтыгындагы Бродстерз жана Рамсгит шаарчаларына жөнөтүлдүк. Ал жактан бир бөлмөнү ижарага алдык. Атайын пионерлердин бир айлык чөнтөк акчасы 40 шиллинг (ошол убакта болжол менен 8 АКШ доллары) эле. Ошондуктан батирдин акысын төлөгөндөн кийин, биртике эле тыйыныбыз калчу. Кээде эртеңки күнү курсагыбызды кантип тойгузарыбызды билбей калган учурларыбыз болгон. Бирок Жахаба дайыма кандайдыр бир жол менен бизди муктаж болгон нерселерибиз менен камсыз кылчу.

Бизге көбүнчө оор жүк артылган велосипедибизди тээп алып, Түндүк деңизден соккон катуу шамалга каршы жүрүүгө туура келчү. Ошондой эле авиачабуулдар жана Лондонду бомбалоо үчүн Кент графтыгынын үстүнөн өтө жапыз учкан Фау-1 ракеталары да коркунуч туудурчу. Бир жолу так төбөмөн өтүп барып, анча алыс эмес жерден жарылган бомбадан жашыныш үчүн велосипедимен ыргып түшүп, аңга жата калгам. Бирок ошондой кыйынчылыктарга карабай Кентте пионер болуп кызмат кылган жылдарыбыз кубанычтуу өттү.

«БЕЙТЕЛДИН БАЛАСЫ» БОЛУШУМ

Апам Бейтел жөнүндө дайыма суктануу менен айта турган. «Сен Бейтелдин баласы болсоң, арманым жок эле»,— деп көп айтчу. Ошондуктан 1946-жылдын январында Лондондогу Бейтелге жардам бергени 3 жумага чакырылганымда канчалык таң калып, канчалык сүйүнгөнүмдү элестетсеңер. 3-жуманын аягында филиалдын кызматчысы (көзөмөлчүсү) Прайс Хьюз бир тууган менден Бейтелде калууну суранды. Ал жактан үйрөнүп-билгендерим мени калыптап, андан кийинки өмүр жолума зор таасирин тийгизди.

Ошол учурда Лондондогу Бейтел үй-бүлөсү 30дай кишиден турган. Көбүнчөсү жаш бойдок эркек бир туугандар болчу, бирок Прайс Хьюз, Эдгар Клэй жана кийинчерээк Жетектөөчү Кеңеште кызмат кылган Жэк (Жон) Барр сыяктуу майланган ишенимдештерибиз да болгон. «Тирек» болуп эсептелген ошол байкелердин көзөмөлү астында кызмат кылып, Машаяктын бир туугандарына көмөк көрсөтүү мага окшогон жаш жигит үчүн зор сыймык болгон! (Гал. 2:9).

Күндөрдүн биринде бир байке эшикте мени бир эже күтүп турганын айтты. Чыксам эле — баштык кармап апам туруптур! Ал: «Жумушуңа жолтоо болбош үчүн Бейтелге кирбей эле коёюн» — деп, баштыгын берип, кетип калды. Баштыкта жылуу пальто бар экен. Апамдын камкордугу ыйык чатырда кызмат кылган кичинекей уулу Шемуелге көйнөк алып барган Аннаны эсиме түшүрдү (1 Шем. 2:18, 19).

ГИЛАТТАГЫ ЭСТЕН КЕТКИС КҮНДӨР

1947-жылы Бейтелден бешөөбүз Кошмо Штаттардагы Гилат мектебине чакырылып, кийинки жылы 11-классында окуй турган болдук. Мектеп Нью-Йорктун түндүгүндө жайгашкан болчу. Барсак, ал жакта кычыраган суук экен. Ошондо апам берген жылуу пальтом болгонуна кандай гана кубангам!

Гилат мектебинде өткөн 6 ай эстен кеткис болду. 16 өлкөдөн келген бир туугандар менен баарлашуу көз карашымды кадимкидей кеңейтти. Мектептен рухий жактан байыгандан тышкары, жетилген бир туугандар менен пикир алышып, алардан көп нерсеге үйрөндүм. Классташтарымдын бири Ллойд Бэрри, нускоочуларымдын бири Алберт Шрёдер жана Гилат мектеби жайгашкан Падышалыктын чарбасынын көзөмөлчүсү Жон Бут кийин Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болушту. Алардын сүйүү менен берген кеңештерин, ошондой эле Жахабага жана анын уюмуна берилгендик көрсөтүү жагынан калтырган мыкты үлгүсүн жогору баалайм.

КЫДЫРУУЧУЛУК ИШ ЖАНА КАЙРАДАН БЕЙТЕЛДИК КЫЗМАТ

Гилатты бүтүргөндөн кийин Огайо штатында (АКШ) райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылууга дайындалдым. Ал кезде 21 эле жашта болчумун, бирок бир туугандар мени баласынтып, жаштыгымдын жалынын өчүрүп салышкан жок. Ошол райондо кызмат кылып жүргөндө жашап калган тажрыйбалуу агаларымдан көп нерсеге үйрөндүм.

Бир нече айдан кийин дагы кошумча билим алыш үчүн Бруклиндеги Бейтелге чакырылдым. Окуп жүргөнүмдө «тирек» болуп эсептелген Милтон Хеншель, Карл Клейн, Нейтан Норр, Бад Салливан жана Лайман Суингл сыяктуу бир туугандар менен жакыныраак тааныштым. Алардын баары Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылышкан. Ал бир туугандардын кантип иштеп жатканына жана Кудайдын кызматчысы катары өздөрүн кантип алып жүргөнүнө байкоо салуунун аркасында көп пайда алып, жашоом байыды. Ошондой эле Жахабанын уюмуна болгон ишенимим жүз эсе өстү десем жаңылышпайм. Билим алган соң кызматымды улантыш үчүн кайра Европага жиберилдим.

1950-жылдын февралында апаман айрылдык. Апамдын сөөгү коюлгандан кийин, мен атам жана Дора эжем менен ачык сүйлөшүп, алардан: «Апамдын көзү өтүп кетти, мен болсо кайра кетем. Чындыкты изилдейин деген оюңар барбы?» — деп сурадым. Алар өздөрү жакшы тааныган жана сыйлаган Хэрри Браунинг деген улгайган майланган бир тууган менен изилдөөгө макул болушту. Ошентип, бир жылга жетип-жетпей экөө тең чөмүлтүлдү. Атам кийинчерээк Жиллингемдеги жыйналышта кызматчы (кызмат жардамчысы) болуп дайындалды. Атам каза болгондон кийин, Дора эжем Рой Мортен деген ишенимдүү аксакалга турмушка чыгып, 2010-жылы көз жумганга чейин Жахабага берилгендик менен кызмат кылды.

ФРАНЦИЯДА ЖАРДАМ БЕРИШИМ

Орто мектептен француз, немис, латын тилдерин окугам. Алардын ичинен мен үчүн француз тили аябай кыйын болчу. Ошондуктан бир туугандар менден Париждеги (Франция) Бейтелге жардам берүүнү суранышканда, мени ар кандай сезимдер чулгады. Ал жактан филиалдын кызматчысы Энри Жейжа деген жашы өр тартып калган майланган бир тууган менен кызматташуу сыймыгына ээ болдум. Кызматым дайыма эле оңой болгон жок жана ката кетирген учурларым көп болду, бирок ошол кызматымдын аркасында башкалар менен мамилелешүү жагынан көп нерсеге үйрөндүм.

Согуштан кийинки биринчи эл аралык жыйын 1951-жылы Парижде өткөрүлмөй болду. Аны уюштурууга мен да катыштым. Мага жардам бериш үчүн Бейтелге Леополь Жонтес деген жаш кыдыруучу көзөмөлчү келди. Кийинчерээк ал филиалдын көзөмөлчүсү болуп дайындалды. Жыйын Эйфель мунарасынын жанындагы спорт ордосунда өткөрүлдү; делегаттар 28 өлкөдөн келди. Акыркы күнү 6000 француз бир тууган катышуучулардын саны 10456га жеткенин көрүп төбөсү көккө жете сүйүндү!

Францияга адеп барганымда французча жыргатып деле сүйлөй алчу эмесмин. Андан да жаманы, ал тилди жакшы өздөштүргөндөн кийин гана сүйлөй баштайм деп ойлогом. Бирок бул чоң жаңылыштык болчу, анткени эгер ката кетирбесең, сени эч ким оңдобойт, демек, эч качан ийгилик кыла албайсың.

Көйгөйүмдүн түйүнүн чечиш үчүн чет өлкөлүктөргө француз тилин үйрөтө турган курска жазылдым. Ал курска жыйналыш болбогон кечтери барып турдум. Мага француз тили аябай жага баштады, жыл өткөн сайын ого бетер жага берди. Мунун чоң пайдасы тийди, себеби ошонун аркасында Франциядагы филиалдагы котормо ишине жардам бере алдым. Убакыттын өтүшү менен өзүм да котормочу болуп, англисчеден французчага которо баштадым. Кул тобу даярдаган мол рухий тамакты дүйнө жүзүндөгү французча сүйлөгөн бир туугандарга жеткирүүгө салым кошуу мен үчүн зор сыймык болду (Мт. 24:45—47).

ҮЙЛӨНҮШҮМ ЖАНА КОШУМЧА СЫЙМЫКТАРГА ЭЭ БОЛУШУМ

1956-жылы бир нече жыл мурун таанышкан Эстер деген швейцариялык пионерге үйлөндүм. Биз Лондондогу Бейтелдин жанында жайгашкан Падышалык залында (апам чөмүлгөн мурунку Лондон ыйык чатырында) баш коштук. Үйлөнүү үлпөтүнө арналган баяндаманы Хьюз бир тууган айтты. Аземге кайненем да катышты. Ал да асманда жашоого үмүттөнчү. Үйлөнгөнүмдө жакшынакай, берилген жан шерикке ээ болгондон тышкары, рухийликти көздөгөн сонун кайненелүү болдум. 2000-жылы жердеги жашоосун аяктаганга чейин, аны менен канчалаган эстен кеткис күндөрдү өткөрдүм.

Үйлөнгөндөн кийин Эстер экөөбүз Бейтелдин сыртында жашап жүрдүк. Мен Бейтелде котормочу болуп кызмат кыла бердим, ал эми Эстер Париждин чет-жакасындагы аймактарда атайын пионер болуп кызмат кылып жүрдү. Ал бир нече кишиге Жахабанын кызматчысы болууга жардам берди. 1964-жылы Бейтелде жашай баштадык. 1976-жылы Филиал комитеттери алгач түзүлгөндө, мен Франциядагы Филиалдын комитетинин мүчөсү болуп дайындалдым. Баш кошконубуздан бери Эстер мага дайыма сүйүү менен колдоо көрсөтүп келет.

«МЕН ДАЙЫМА ЭЛЕ [ЖАНЫҢАРДА] БОЛО БЕРБЕЙМ»

Мен мезгил-мезгили менен Нью-Йорктогу башкы башкармалыкка каттап турдум. Бул мен үчүн сыймык болчу, анткени ал жакка барганымда, Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү мага сонун кеп-кеңештерди беришчү. Мисалы, бир жолу бир ишти убагында бүтүрбөй каламбы деп тынчсызданып жатканымды айтсам, Норр бир тууган жылмая: «Тынчсызданба. Иштей бер!» — деп койду. Ошондон бери жумуш чачтан көп болгон учурлар далай эле болду. Бирок андайда дүрбөлөңгө түшпөй, жумуштарымды четинен кыла берчүмүн жана адатта, өз убагында бүтүрө алчумун.

Өлөрүнүн алдында Иса Машаяк шакирттерине: «Мен дайыма эле [жаныңарда] боло бербейм»,— деген (Мт. 26:11). Биз да, башка койлор, Машаяктын майланган бир туугандары дайыма эле арабызда боло бербесин түшүнөбүз. Ошондуктан мен 70 жылдан ашуун убактан бери көптөгөн майланган бир туугандар менен тыгыз кызматташып, мындайча айтканда, жүйүттүн этегин кармап келгенимди баа жеткис сыймык деп эсептейм!

[Шилтеме]

^ 5-абз. «Жонадап» деген сөз жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (ор.) деген китептин 83, 165, 166-беттерин жана 2010-жылдын 15-февралындагы «Күзөт мунарасынын» 16, 17-беттериндеги 8, 10-абзацтарды карагыла.

[21-беттеги сүрөт]

Норр бир тууган жылмая: «Тынчсызданба. Иштей бер!» — деп койду

[19-беттеги сүрөт]

Солдо: атам менен апам

Оңдо: Гилаттын короосунда апам берген жылуу пальтону кийип турам, 1948-ж.

[20-беттеги сүрөт]

Франциядагы филиалды арноо аземинде Ллойд Бэрри бир тууганды которуп жатам, 1997-ж.

[21-беттеги сүрөт]

Солдо: Эстер экөөбүз баш кошкон күнү

Оңдо: чогуу кабар айтып жүрөбүз