Жахабаны «билгидей жүрөккө» ээсиңби?
«Аларга менин Жахаба экенимди билгидей жүрөк берем... Алар менин элим болот» (ЖЕР. 24:7).
1, 2. Айрымдар эмне үчүн анжир жөнүндө билгиси келет?
АНЖИР жеп көрдүң беле? Көптөр анжирди жакшы көрүшөт, ошондуктан ал көп өлкөлөрдө өстүрүлөт. Байыркы Ысрайылда анжир абдан бааланчу (Нкм. 3:12; Лк. 13:6—9). Анжирдин курамында ар кандай пайдалуу витаминдер, антикычкылданткычтар жана минералдар бар. Ошондой эле айрымдар анын жүрөккө пайдалуу экенин айтышат.
2 Жахаба бир жолу анжирди адамдын жүрөгү менен байланыштырган. Бирок ал анжирдин ден соолукка пайдалуу экени жөнүндө айткан эмес. Ал каймана жүрөк жөнүндө сөз кылган. Анын Жеремия пайгамбар аркылуу айткан сөздөрүнүн сенин жана жакындарыңдын жүрөгүнө түзмө-түз тиешеси бар. Андыктан анын айткандарын карап жатканда алардан эмнеге үйрөнө аларың жөнүндө ой жүгүрт.
3. Жеремия китебинин 24-бөлүмүндө айтылган анжирлер эмнени билдирет?
3 Алгач Кудайдын Жеремия пайгамбардын күндөрүндө анжир жөнүндө эмне дегенине токтолуп көрөлү. Б.з.ч. 617-жылы жүйүт эли рухий жактан өтө кейиштүү абалда болчу. Кудай «абдан жакшы» жана «абдан начар» анжирлерди мисал катары колдонуп, Жеремия пайгамбарга келечекте эмне болору тууралуу аян берген. (Оку: Жеремия 24:1—3.) Начар анжирлер Небухаданасар падыша менен анын аскерлери ырайымсыз мамиле кылган Ситкия падышаны жана ага окшогондорду билдирет. Ал эми Жезекиел пайгамбар, Даниел пайгамбар жана анын Бабылдагы үч досу, ошондой эле көп өтпөй Бабылга туткундалып кеткен жүйүттөрдүн айрымдары жөнүндө эмне айтууга болот? Алар жакшы анжирге салыштырылган. Жүйүттөрдүн айрымдары кийин мекенине кайтып келип, Иерусалимди жана анын ибадатканасын калыбына келтиришмек; кийинчерээк ошондой болгон (Жер. 24:8—10; 25:11, 12; 29:10).
4. Кудайдын жакшы анжирлер жөнүндө айткандары бизди эмне үчүн бекемдейт?
4 Жахаба жакшы анжирге салыштырылгандар жөнүндө: «Аларга менин Жахаба экенимди билгидей жүрөк берем... Алар менин элим болот»,— деген (Жер. 24:7). Каралып жаткан макала ушул аятка негизделет. Бул аят бизди кандай гана жубатат! Кудай адамдарга аны «билгидей жүрөк» берүүгө даяр. «Жүрөк» деп берилген сөз бул аятта адамдын маанайын билдирет. Албетте, сен да ошондой жүрөккө ээ болуп, Кудайдын элинин арасында болгуң келери шексиз. Ан үчүн Кудайдын Сөзүн изилдеп, билгендериңди жашооңдо колдонгонуң, күнөөлөрүң үчүн өкүнгөнүң, Кудайга кайрылганың, өмүрүңдү ага арнаганың, ошондой эле Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлгөнүң маанилүү (Мт. 28:19, 20; Элч. 3:19). Балким, сен ушул кадамдардын баарын жасагандырсың же азыр Жахабанын эли менен тыгыз байланышып, ал кадамдарды жасап жаткандырсың.
5. Жеремия пайгамбар кимдердин жүрөгү тууралуу жазган?
5 Ушул кадамдардын баарын жасадыкпы же айрымдарын элеби, баары бир деле маанайыбызга, жүрүм-турумубузга көңүл бурушубуз зарыл. Эмне үчүн? Буга жоопту Жеремия пайгамбардын жүрөк жөнүндө жазгандарынан таба алабыз. Жеремия китебинин айрым бөлүмдөрүндө жүйүттөрдүн айланасындагы башка элдер жөнүндө айтылса да, негизинен беш падышанын доорундагы жүйүт элине басым жасалат (Жер. 1:15, 16). Ооба, Жеремия пайгамбар негизинен Кудайга арналган эркек-аялдар жана балдар жөнүндө жазган. Алардын ата-бабалары Кудайдын эли болууну өз эрки менен тандашкан (Чыг. 19:3—8). Жеремия пайгамбардын күндөрүндө жүйүт эли Кудайга арналганын тастыктап: «Биз сага келдик, анткени сен, оо, Жахаба, биздин Кудайыбызсың»,— дешкен (Жер. 3:22). Бирок алардын жүрөгү кандай болгон?
КАЙМАНА ЖҮРӨКТӨРҮНӨ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛЫШЫ КЕРЕК БЕЛЕ?
6. Эмне үчүн Кудайдын жүрөк тууралуу айткандарына өзгөчө кызыгышыбыз керек?
6 Азыркы догдурлар заманбап техниканын жардамы менен жүрөктүн абалын, анын кандай иштеп жатканын аныктай алышат. Бирок Жахаба Кудай, Жеремия пайгамбардын күндөрүндөгүдөй эле, андан да көптү кыла алат. Ал: «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган. Аны ким биле алат? Мен, Жахаба, ар бир адамга жүргөн жолуна, кылган иштеринин жемишине жараша тиешесин берүү үчүн жүрөгүн изилдейм»,— деген (Жер. 17:9, 10). Жүрөктү изилдөө 70 же 80 жылдын ичинде 3 миллиардга жакын жолу соккон жүрөгүбүздү медициналык шаймандардын жардамы менен изилдөөнү билдирбейт. Бул аятта Жахаба каймана жүрөгүбүз жөнүндө айткан. «Жүрөк» адамдын ички дүйнөсүн, анын ичинде каалоолорун, ойлорун, маанайын, көз карашын, максаттарын билдирет. Кудай жүрөгүбүздү изилдей алат. Биз да кандайдыр бир денгээлде изилдей алабыз.
7. Жеремия пайгамбар ошол учурда жашаган көптөгөн жүйүттөрдүн жүрөгү жөнүндө эмне деген?
7 Жүрөгүбүздү текшериш үчүн: «Жеремия пайгамбардын күндөрүндө жүйүттөрдүн көбүнүн жүрөгү кандай болгон?» — деген суроонун үстүнөн ой жүгүртүп көргөнүбүз дурус. Буга жооп алыш үчүн Жеремия пайгамбардын кандай өзгөчө сөз айкашын колдонгонун карап көрөлү. Ал: «Бүт Ысрайыл үйү... жүрөгүн сүннөттөгөн эмес»,— деген. Бул аятта Жеремия пайгамбар жүйүт эркектеринин кадимки сүннөткө отургузулганы жөнүндө айткан эмес. Муну анын: «„Мына, сүннөткө отургузулганы менен, сүннөтсүз жүргөндөрдүн баарын өзүм жоопко тарта турган күндөр келатат“,— дейт Жахаба»,— деген сөздөрүнөн билүүгө болот. Демек, жүйүттөр сүннөткө отургузулганы менен, «жүрөгүн сүннөттөшкөн» эмес болчу. (Жер. 9:25, 26). Бул эмнени билдирет?
8, 9. Жүйүттөрдүн көбү жүрөгүн эмне кылышы керек болчу?
8 «Жүрөгүн сүннөттөгөн эмес» деген сөздөрдүн эмнени билдирерин Кудайдын жүйүттөргө берген буйругунан биле алабыз. Ал: «Жүйүт эли менен Иерусалимдин тургундары, Жахаба үчүн сүннөткө отургузулгула, жүрөгүңөрдү сүннөттөгүлө. Антпесеңер, кыянат иштериңер үчүн каарым кайнайт»,— деген. Алардын жүрөгү жаман болгондуктан, Кудайдын тилин алышкан эмес. (Оку: Марк 7:20—23.) Ооба, Кудай Жеремия пайгамбар аркылуу жүйүттөрдүн эмне үчүн жаман иштерди кылып жатышканын так айткан. Алардын жүрөгү козголоңчул болгон жана ниети, ой жүгүртүүсү Кудайга жаккан эмес. (Оку: Жеремия 5:23, 24; 7:24—26.) Жахаба аларга: «Жахаба үчүн сүннөткө отургузулгула, жүрөгүңөрдү сүннөттөгүлө»,— деген (Жер. 4:4; 18:11, 12).
9 Демек, Жеремия пайгамбардын күндөрүндө жүйүттөр каймана жүрөктөрүнө операция жасатышы, башкача айтканда, Муса пайгамбардын күндөрүндөгүдөй эле жүрөктөрүн сүннөттөшү керек болчу (Мыйз. 10:16; 30:6). Кантип? Алар жүрөгүнүн тил албас болушуна себеп болгон нерселердин баарынан: Кудайдын эркине каршы келген ой жүгүртүүдөн, каалоолордон, ниеттерден арылышы керек эле (Элч. 7:51).
КАНТКЕНДЕ ЖАХАБАНЫ «БИЛГИДЕЙ ЖҮРӨККӨ» ЭЭ БОЛО АЛАБЫЗ?
10. Дөөтү пайгамбардын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, эмне кылууну каалашыбыз керек?
10 Каймана жүрөк деген эмнени билдирерин ачып берип жаткандыгы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! Бирок айрымдар: «Мунун бүгүнкү күндөгү Жахабанын Күбөлөрүнө кандай тиешеси бар?» — деп ойлошу мүмкүн. Албетте, Кудайдын кызматчыларынын көбү байыркы убактагы жүйүттөрдөй болуп жаман жолго түшүп, «начар анжир» болуп калган жок. Тескерисинче, алар — Кудайга берилген, таза эл. Ошондой болсо да, Дөөтү пайгамбардын сөздөрүнүн үстүнөн ой жүгүртүп көргөнүбүз оң. Ал Жахабадан: «Оо, Кудай, мени изилдеп, жүрөгүмдү бил. Мени текшерип, тынчымды кетирген ойлорду бил»,— деп суранган (Заб. 17:3; 139:23, 24).
11, 12. а) Эмне үчүн ар бирибиз жүрөгүбүздү изилдешибиз керек? б) Кудай эмне кылбайт?
11 Жахаба ар бирибиздин ага жагышыбызды жана анын ырайымынан айрылбашыбызды каалайт. Жеремия пайгамбар адил адам жөнүндө: «Сен, оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, адил адамды байкап турасың, анын жан дүйнөсүн, жүрөгүн көрүп турасың»,— деген (Жер. 20:12). Эгер Кудурети Күчтүү Кудай адил адамдын да жүрөгүн изилдесе, анда биз да жүрөгүбүздү чынчылдык менен изилдешибиз керек эмеспи?! (Оку: Забур 11:5.) Эгер ошентсек, көз карашыбызды, максатыбызды же ички сезимдерибизди өзгөртүшүбүз керектигин байкашыбыз мүмкүн. Андайда жүрөгүбүздүн тоң моюн болушуна себеп болуп жаткан нерсени жок кылууга, башкача айтканда, жүрөгүбүздү сүннөттөөгө туура келиши ыктымал. Бул каймана жүрөгүбүзгө операция жасаганга тете. Эгер каймана жүрөгүңдү изилдей турган болсоң, андан эмнени табышың мүмкүн? Зарыл болгон өзгөрүүлөрдү кантип жасай аласың? (Жер. 4:4).
12 Белгилей кетчү нерсе, Жахаба бизди эч качан өзгөрүүгө мажбурлабайт. Ал «жакшы анжирлердин» жүрөгүн мажбурлап өзгөртөрүн эмес, аларга аны «билгидей жүрөк берерин» айткан. Алар тил алчаак жүрөккө ээ болууну өздөрү каалашы керек болчу. Андай жүрөк алардын Кудайды билерин айгинелеп турмак. Бизге да ошондой жүрөк керек эмеспи?
13, 14. Кандай мааниде Кудайдын кызматчысынын жүрөгү өзүнө зыян келтириши мүмкүн?
13 Иса пайгамбар: «Жүрөктөн жаман ойлор, киши өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузуктук, уурулук, жалган жалаа, акарат сөздөр чыгат»,— деген (Мт. 15:19). Ооба, эгер бир туугандын жүрөгүнө туура эмес каалоолор уяласа, ал бузуктук же ойноштук кылышы мүмкүн. Эгер кылган күнөөсү үчүн такыр өкүнбөсө, Кудайдын ырайымынан биротоло айрылышы ыктымал. Бирок андай күнөө кылбаган күндө да, ал жүрөгүндө туура эмес каалоолордун өрчүшүнө жол берип коюшу мүмкүн. (Оку: Матай 5:27, 28.) Мына ушундай учурда жүрөктү изилдөө зарыл. Эгер жүрөгүңдү кылдат изилдесең, карама-каршы жыныстагы адамга карата болгон туура эмес каалоолоруңду, Кудайга жакпай турган жана жок кылышың керек болгон каалоолоруңду, байкашың мүмкүнбү?
14 Же болбосо сөздүн түз маанисинде «киши өлтүрбөсө» да, бир тууганын жек көрүп калганчалык кек сактап жүрө берген ишенимдешибиз жөнүндө эмне айтууга болот? (Леб. 19:17). Ал жүрөгүн тоң моюн кылып коё турган андай терс сезимдерден арылганга умтулабы? (Мт. 5:21, 22).
15, 16. а) Исанын жолдоочусунун жүрөгү сүннөттөлбөгөнү эмнеден көрүнүшү мүмкүн? б) Эмне үчүн сүннөттөлбөгөн жүрөк Жахабага жакпайт деп ойлойсуң?
15 Бактыга жараша, Кудайдын көптөгөн кызматчылары мындай «жүрөк ооруларынан» оолак. Бирок Иса пайгамбар жүрөктөн «жаман ойлордун» чыгары жөнүндө да айткан. Аларга жашообуздун көп тармагына терс таасир тийгизе турган көз караштар кирет. Алсак, кимдир бирөө жакындарына берилгендик көрсөтүүгө ашыкча маани берип алышы мүмкүн. Албетте, Исанын жолдоочулары, «акыркы күндөрдө» жашап жаткан көптөгөн адамдардан айырмаланып, «жакындарын сүйүшөт» (2 Тим. 3:1, 3). Бирок абайлабасак, аша чаап кетишибиз мүмкүн. Көптөр «жакыным үчүн жанымды берем» дешет. Ошентип, кимдир бирөө жакын адамын таарынтып койсо, алар да ага таарынып калышат. Алсак, Динанын агалары ага болушуп ачууга алдыргандыктан кан төгүшкөн (Башт. 34:13, 25—30). Ошондой эле Абышаломдун жүрөгүндөгү ыза да аны аталаш бир тууганы Амнонду өлтүрүүгө түрткөн (2 Шем. 13:1—30). Ооба, «жаман ойлор» жаман иштерге алып барышы мүмкүн.
16 Албетте, Кудайдын кызматчылары киши өлтүрбөйт. Бирок кайсы бир ишенимдешибиз, анын жакынына кайсы бир бир тууган жаман мамиле кылса же кылгандай сезилсе, аны жек көрүп калышы мүмкүнбү? Ал конокко чакырса, барбай коюшу же өзү да аны конокко чакырбашы ыктымал (Евр. 13:1, 2). Бирок муну актаганга болбойт, анткени бул сүйүүнүн жоктугунан кабар берет. Эгер башкаларга карата терс сезимде болсок, жүрөктү изилдеген Кудай жүрөгүбүздү сүннөттөлбөгөн деп табышы мүмкүн (Жер. 9:25, 26). Жахабанын жүйүттөргө: «Жүрөгүңөрдү сүннөттөгүлө»,— дегенин эстесең (Жер. 4:4).
КУДАЙДЫ «БИЛГИДЕЙ ЖҮРӨККӨ» ЭЭ БОЛУП, АНЫ САКТА
17. Жахабадан коркуу кандайча тил алчаак жүрөккө ээ болууга жардам берет?
17 Каймана жүрөгүңдү изилдегенден кийин анын Жахабанын кеңештерине тийиштүү түрдө кулак какпай жатканын жана кандайдыр бир деңгээлде сүннөттөлгөн эмес экенин байкасаң, эмне кылсаң болот? Балким, адамдан коркоруңду, көрүнүктүү абалды же байлыкты эңсээриңди же тоң моюндукка же өз билгениңди кылууга жакын экениңди байкагандырсың. Мындай көйгөй адамдарда мурун да болуп келген (Жер. 7:24; 11:8). Жеремия пайгамбар ошол кездеги ишенимсиз жүйүттөрдүн «жүрөгү өжөр, козголоңчул» болгонун жазган. Ал: «Алар... ичинен: „Нөшөрдү, күзгү жана жазгы жамгырды өз маалында жаадырган... Кудайыбыз Жахабадан корколу“,— дешпейт»,— деп кошумчалаган (Жер. 5:23, 24). Мындан жүрөгүбүздү сүннөттөө үчүн Жахабадан коркуу жана ага ыраазы боло билүү маанилүү экенин байкоого болот. Кудайдан коркконубуз бизге ага жаккан иштерди кылууну каалаган жүрөккө ээ болууга жардам берет.
18. Жахаба жаңы келишимде тургандарга кандай убада берген?
18 Жахаба бизге аны «билгидей жүрөк» берип жаткандыктан, аны менен кызматташышыбыз керек. Ал жаңы келишимде турган майлангандарга так ошондой жүрөк берерин убада кылып: «Мыйзамымды алардын ичине салам, жүрөгүнө жазам. Мен алардын Кудайы болом, алар менин элим болот»,— деген. Адамдар Кудайды чындап таанып-билишеби? Ооба, анткени ал: «Эч ким жакынын, эч ким бир тууганын: „Жахабаны таанып-бил!“ — деп үйрөтпөй калат. Себеби кичинесинен чоңуна чейин баары мени таанып-билишет... Мен алардын кылмышын кечирем, күнөөсүн экинчи эстебейм»,— деп айткан (Жер. 31:31—34) *.
19. Исанын чыныгы жолдоочуларын кандай сонун келечек күтүп турат?
19 Келечекте асманда же жерде жашап, жаңы келишимден түбөлүк пайда алгың келсе, Жахабаны билүүгө жана анын элинин арасында болууга дилгир болушуң керек. Ошондой эле Машаяктын курмандыгынын негизинде күнөөлөрүң кечирилиши зарыл. Күнөөлөрүңдүн кечирилерин билүү сага башкаларды, атүгүл көңүлүңдү катуу ооруткан адамдарды да кечирүүгө түрткү бериши керек. Жүрөгүңдү бардык жаман ой-сезимдерден арылтуу жүрөгүңө пайдалуу. Ошентүү менен Жахабага кызмат кылгың келерин эле эмес, аны жакшыраак таанып-билип жатканыңды да көрсөтөсүң. Ошондо Жахаба Жеремия пайгамбар аркылуу: «Мени издейсиңер, бүт жүрөгүңөр менен издегендиктен табасыңар. Силерге өзүмдү табууга мүмкүндүк берем»,— деп кайрылган адамдарга окшош болосуң (Жер. 29:13, 14).
^ абз. 18 Жаңы келишим тууралуу «Кудайдын бизге Жеремия аркылуу айткан сөзү» деген китептин 14-бөлүмүндө талкууланат.