Ыйык Китепти окуудан толук пайда ал
«Кудайдын мыйзамынан ырахат алам» (РИМ. 7:22).
1—3. Ыйык Китепти окуп, анда жазылгандарды жашообузда колдонуунун кандай пайдасы бар?
«МАГА Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам бергени үчүн Жахабага күнүгө эртең менен рахмат айтам». Бул сөздөрдү жашы өр тартып калган бир эже айткан. Ал Ыйык Китепти толугу менен 40тан ашуун жолу окуп чыккан жана азыр да окуганын улантууда. Ал эми бир жаш ишенимдешибиз Ыйык Китепти окуу ага Жахабанын тирүү Кудай экенин түшүнүүгө жардам бергенин жана ошонун аркасында асмандагы Атасына ого бетер жакындаганын жазган. Ал: «Эч качан өзүмдү мынчалык бактылуу сезген эмесмин!» — деген.
2 Элчи Петир баарын «Кудайдын сөзүндөгү таза сүткө карата сүйүү өрчүтүүгө» үндөгөн (1 Пет. 2:2). Ыйык Китепти изилдеп, анда жазылгандарды жашоосунда колдонуп, ошондой сүйүү өрчүткөндөрдүн абийири таза, жашоосу маңыздуу болот. Ошондой эле алар өздөрүнө окшоп чыныгы Кудайды сүйгөн жана ага кызмат кылган адамдар менен дос болушат. Буларды билүү бизге «Кудайдын мыйзамынан ырахат алууга» түрткү берет (Рим. 7:22). Бирок Ыйык Китепти изилдөөнүн башка да пайдалары бар. Алардын айрымдары кайсылар?
3 Жахаба менен анын Уулу жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, аларга жана адамдарга болгон сүйүүң ошончолук өсө берет. Андан сырткары, Ыйык Жазмадан так билим алуунун аркасында Кудайдын жакында бул дүйнөнү жок кылганда тил алчаак адамдарды кантип куткарып каларын билесиң. Андыктан сенде кызматта жүргөндө адамдарга айта турган жакшы кабар бар. Жахаба анын Сөзүнөн окуп-билгендериңди башкалар менен бөлүшүү үчүн кылган аракетиңе сөзсүз батасын берет.
ОКУ, ОЙ ЖҮГҮРТ
4. Ыйык Китепти «бир аз үн чыгарып окуу» деген эмнени билдирет?
4 Жахаба кызматчыларынын анын Сөзүн шаша-буша эле окуп коюшун каалабайт. Ал байыркы учурдагы Жашыя деген кызматчысына: «Мыйзам китебиндеги сөздөр оозуңдан түшпөсүн. Анда жазылгандарды так аткарыш үчүн аны күнү-түнү бир аз үн чыгарып оку»,— деп айткан (Жаш. 1:8, шилт.; Заб. 1:2). Бул Башталыш китебинен Аян китебине чейинки сөздөрдүн баарын бир аз үн чыгарып же шыбырап окуш керек дегенди билдиреби? Жок. Бул ой жүгүртө алгыдай ылдамдыкта, шашпай окуш керек дегенди билдирет. Ыйык Китепти «бир аз үн чыгарып окуу» өзүңө ошол учурда өзгөчө пайдалуу, бекемдээрлик боло турган ойлорго көңүл бурууга жардам берет. Ошондой сөз айкаштарын, аяттарды же окуяларды окуп жатканда акырын үн чыгарып, жай оку. Ошондо окугандарың жүрөгүңө терең таасир этет. Бул эмне үчүн маанилүү? Кудайдын кеңештерин жакшы түшүнсөң, аларды иш жүзүндө колдонууга түрткү аласың.
5—7. Кудайдын Сөзүн үн чыгарып окуу а) адеп-ахлактык жактан таза бойдон калууга; б) башкаларга сабырдуулук, боорукердик менен мамиле кылууга; в) оор учурларда да Жахабага таянууга кандайча жардам берерин түшүндүр.
5 Ыйык Жазмадагы анча тааныш эмес китептерди окуганда да бир аз үн чыгарып окуу пайдалуу. Буга мисал катары 3 жагдайды карап көрөлү. Биринчи жагдайда Кудайга кызмат кылган бир жаш улан Ошуянын пайгамбарлыгын окуп жатат дейли. 4-бөлүмүн окуп жатып ал 11—13-аяттарды бир аз үн чыгарып окугандан кийин тыным жасайт. (Оку: Ошуя 4:11—13.) Ал эмне үчүн ошол аяттарга өзгөчө көңүл бурат? Анткени мектептегилер аны адеп-ахлаксыз ишке азгырып жаткан. Ал: «Жахаба жашыруун жасалган жаман иштерди да көрүп турат. Мен анын жүрөгүн ооруткум келбейт»,— деп ой жүгүртөт. Ошентип, ал Кудайдын алдында адеп-ахлактык жактан таза бойдон калууну чечет.
6 Экинчи жагдайда ишенимдеш эже Жоел китебин окуп жатып 2-бөлүмдүн 13-аятына келет. (Оку: Жоел 2:13.) Аны үн чыгарып окуп, «ырайымдуу, кайрымдуу, ачууланууга шашпаган», «мээримдүүлүгү чексиз» Жахаба Кудайды кантип туураса болору жөнүндө ой жүгүртөт. Анын кээде күйөөсү же башкалар менен сүйлөшүп жатканда какшыктап сүйлөмөй же ачууланып кетмей жайы бар болчу. Эми ошол адатынан арылууга бел байлайт.
7 Үчүнчү жагдайда бир тууган жумушунан айрылып, жубайы менен балдарын кантип багам деп түпөйүлдөнүп отурат. Ал Накум 1:7ден Жахабанын «андан баш маана издегендерди билерин» жана аларды «алаамат күнү чеп» сыяктуу коргоорун үн чыгарып окуйт. Ошондо Жахабанын мээримдүүлүк менен кам көрөрүн түшүнүп, жеңилдей түшөт жана көп тынчсызданбай калат. Анан 15-аятты үн чыгарып окуйт. (Оку: Накум 1:15.) Ал оор учурларда да жакшы кабар айтуу менен Жахабаны чеп катары көрөрүн далилдей турганын түшүнөт. Андыктан жумуш издеп жүргөндө кабар да айта берүүгө түрткү алат.
8. Ыйык Китептен кандай баалуу ойлорду тапканыңды айтып бер.
8 Жогорудагы аяттар Ыйык Жазмадагы айрымдар түшүнүүгө кыйын деп эсептеген китептерден алынды. Ошуя, Жоел жана Накум пайгамбарлар жазган китептерди баалуу нерселерге үйрөнүү максатында изилдейм десең, башка аяттарын да үн чыгарып окууну каалаарың шексиз. Ошондо ал китептерден эмне деген акылмандыкты, жубатарлык ойлорду табарыңды элестетсең! Ал эми Ыйык Жазманын башка китептери тууралуу эмне айтууга болот? Кудайдын Сөзүн асыл таштары көп кенге салыштырууга болот. Ал кенди талыкпай иштет! Ыйык Китепти башынан аягына чейин андан көбүрөөк асыл таштарды, башкача айтканда, баалуу кеп-кеңештерди, жан дүйнөңдү жубаткан ойлорду табуу максатында окуп чык.
МААНИСИН ТҮШҮНҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛ
9. Кудайдын эркин тереңирээк түшүнүү үчүн эмне кылышыбыз керек?
9 Ыйык Китепти күн сайын окугандан сырткары, окугандарыңдын маанисин түшүнгөнүң да маанилүү. Андыктан андан окуган инсандар, жерлер жана окуялар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын уюму чыгарган адабияттарды колдонуп изилдөө жүргүз. Же Ыйык Китептеги кайсы бир маалыматты жашооңдо кантип колдонсоң болорун түшүнбөй жатсаң, жыйналыштагы аксакалдарга же башка жетилген бир туугандарга кайрылсаң болот. Түшүнүгүбүздү тереңдете берүүнүн маанилүүлүгүн айкын көрүш үчүн Кудайдын 1-кылымдагы Аполос деген кызматчысынын үлгүсүн карап көрөлү.
10, 11. а) Жакшы кабарды натыйжалуу таратышы үчүн, Аполоско кандай жардам көрсөтүлгөн? б) Аполостон эмнеге үйрөнө алабыз? («Жаңы түшүнүккө ылайык окутуп жатасыңбы?» деген кутучаны кара.)
10 Машаяктын жүйүт жолдоочуларынан болгон Аполос «Ыйык Жазманы жакшы билген» жана «ыйык рух менен жалындап» турган. Элчилер китебинде ал жөнүндө: «Иса тууралуу туура айтып, туура окутуп жүрдү. Бирок ал Жакан жарыялаган чөмүлдүрүүнү гана билчү»,— деп айтылат. Өзү билбей эле Аполос чөмүлүү жөнүндө эски түшүнүк боюнча окутуп жүргөн. Машаяктын жолун жолдогон жубайлар Прискила менен Акила анын Эфесте элди эмне деп окутуп жатканын укканда ага «Кудайдын жолун тагыраак түшүндүрүп беришкен» (Элч. 18:24—26). Мындан Аполос кандай пайда алган?
11 Эфесте элди окуткандан кийин ал Ахаяга жөнөгөн. Ыйык Китепте: «Аполос ал жакка барып, Кудайдын ырайымы менен ишенип калгандарга чоң жардам берди. Анткени ал Исанын Машаяк экенин Ыйык Жазмадан көрсөтүп, жүйүттөрдүн жаңылыштыгын эл алдында кылдаттык менен, ынталуулук менен далилдеп жатты»,— делет (Элч. 18:27, 28). Ал кезде Аполос Иса Машаяктын жолдоочуларынын чөмүлүүсүн туура түшүндүрүп калган. Түшүнүгү тереңдегендиктен, ал чындык жолуна жаңы эле түшкөндөргө ийгилик жасоого «чоң жардам берген». Мындан эмнеге үйрөнө алабыз? Биз да, Аполоско окшоп, Ыйык Китептен окугандарыбыздын маанисин түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле кайсы бир тажрыйбалуу ишенимдешибиз дагы кантип натыйжалуу окутсак болорун айтканда, анын кеңешин момундук жана ыраазычылык менен кабыл алганыбыз абзел. Ошентсек, ыйык кызматыбыздын сапаты жакшыра берет.
БИЛГЕНДЕРИҢДИ БАШКАЛАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН КОЛДОН
12, 13. Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга рухий жактан ийгилик кылууга жардам бериш үчүн анда жазылгандарды сылыктык менен кантип колдонсок болот?
12 Прискила, Акила жана Аполос сыяктуу эле, биз да башкалар үчүн бата боло алабыз. Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишиге тоскоолдуктарды жеңип, рухий жактан ийгилик кылууга көмөк көрсөтө алсаң, өзүңдү кандай сезесиң? Же аксакал болсоң, ишенимдешиң сага Ыйык Жазманын негизинде берген кеңешиң кыйын учурда жардам бергенин айтып, ыраазычылык билдирсе, кандай сезимде болосуң? Ооба, Кудайдын Сөзүн колдонуп, башкаларга жакшы жакка өзгөрүүгө жардам берүү зор канааттануу, кубаныч тартуулайт *. Башкаларга кантип жардам берсең болот?
13 Илияс пайгамбардын күндөрүндө көптөгөн ысрайылдыктар же чыныгы сыйынууну, же жалган сыйынууну колдоорун билбей, эки анжы болушкан. Илияс пайгамбардын аларга берген кеңеши Ыйык Китепти изилдеп, бирок рухий жактан ийгилик кыла албай жаткандарга чечкиндүү иш-аракет кылууга түрткү берет. (Оку: 1 Падышалар 18:21.) Ошондой эле эгер Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши досторунан же үй-бүлөсүндөгүлөрдөн коркуп жатса, Ышая 51:12, 13-аяттарды аны менен чогуу талкуулап, ага Жахабага сыйынууга чечкиндүү болууга дем-шык берсең болот. (Аяттарды оку.)
14. Башкаларга жардам бериш үчүн керектүү аяттарды эстегенге эмне жардам берет?
14 Ырас, Ыйык Китеп аны окугандарды кайраттандыра турган, оңдоп-түзөй турган, дем-күч бере турган сөздөргө бай. Бирок сен: «Керектүү учурда керектүү аятты кантип таба алам?» — деп ойлонушуң мүмкүн. Ыйык Китепти күнүгө окуп, Кудайдын ойлорунун үстүнөн ой жүгүрт. Ошентсең, Кудайдын сөздөрүн акыл-оюңа топтой бересиң жана анын ыйык руху керектүү учурда аларды эстегенге жардам берет (Мр. 13:11; оку: Жакан 14:26) *.
15. Канткенде Кудайдын Сөзүн жакшыраак түшүнө аласың?
15 Сулайман падышага окшоп, Жахабадан теократиялык жоопкерчиликтериңди аткарууга акылмандык беришин суран (2 Жылн. 1:7—10). Ошондой эле Жахаба жана анын эрки жөнүндө так билим алыш үчүн, байыркы убактагы пайгамбарлардай болуп, Кудайдын Сөзүн «кылдат изилдеп, ынтызарлык менен изден» (1 Пет. 1:10—12). Элчи Пабыл Тиметейди «мыкты окуунун жана ишенимдин сөздөрү менен азыктанууга» үндөгөн (1 Тим. 4:6). Сен да ошол кеңешке ылайык иш кылсаң, башкаларга рухий жактан эң сонун жардам бере аласың. Ошону менен бирге, өзүңдүн да ишенимиңди бекемдейсиң.
КУДАЙДЫН СӨЗҮН ОКУУ БИЗДИ КОРГОЙТ
16. а) Бероялыктар «Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдөөдөн» кандай пайда алышкан? б) Ыйык Китепти күнүгө изилдегенибиз эмне үчүн маанилүү?
16 Македониянын Бероя шаарындагы жүйүттөр «Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдешкен». Элчи Пабыл аларга жакшы кабар айтканда, алар анын сөздөрүн өздөрүнүн Ыйык Жазмадан алган билими менен салыштырышкан. Анын натыйжасы кандай болгон? Көптөр анын чындыкты окутуп жатканына көзү жеткендиктен «ишенип калышкан» (Элч. 17:10—12). Мындан көрүнүп тургандай, Ыйык Китепти күнүгө окуу Жахабага бекем ишенүүгө жардам берет. Ал эми мындай ишеним — «үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү» — Кудайдын жаңы дүйнөсүнө аман өтүшүбүз үчүн аябай маанилүү (Евр. 11:1).
17, 18. а) Бекем ишеним жана сүйүү каймана жүрөгүбүздү кандайча коргойт? б) Үмүтүбүз бизди кандайча коргойт?
17 Элчи Пабылдын: «Биз, күнгө таандыктар, сак бололу жана ишеним менен сүйүүнү соот кылып, куткарылуу үмүтүн туулга кылып киели»,— деп жазганы бекеринен эмес (1 Тес. 5:8). Жоокер жүрөгүн коргош үчүн соот кийген. Анын сыңарындай, биз каймана жүрөгүбүздү күнөөдөн коргошубуз керек. Эгер Жахабанын кызматчысы анын убадаларына бекем ишенсе, ошондой эле аны жана адамдарды чын жүрөктөн сүйсө, натыйжасы кандай болот? Ал абдан бышык «соот» кийгендиктен Кудайдын ырайымынан ажырата турган иштерден оолак болот.
18 Пабыл туулга, башкача айтканда, куткарылууга болгон үмүт жөнүндө да айткан. Байыркы убакта башында туулгасы жок жоокер майданда оңой эле өмүрүнөн айрылып калмак. Ал эми жакшы туулгасы болсо, башына урулган соккудан анчалык катуу жаракат алмак эмес. Жахабанын Сөзүн изилдөөнүн аркасында анын куткарарына болгон үмүтүбүз бекемделет. Андай үмүт бизге чындыктан четтегендерди жана алардын жара сыяктуу тез жайыла турган «куру сөздөрүн» четке кагууга көмөк кылат (2 Тим. 2:16—19). Ошондой эле Жахабага жакпаган иштерден жаа бою качууга күч берет.
КУТКАРЫЛЫШЫБЫЗ ҮЧҮН АБДАН МААНИЛҮҮ
19, 20. Эмне үчүн Кудайдын Сөзүн жогору баалайбыз жана аны кантип көрсөтө алабыз? («Жахаба эмне керек болсо, ошону берет» деген кутучаны кара.)
19 Бул дүйнөнүн аягына канчалык аз калган сайын, Жахабанын Сөзүнө ошончолук көбүрөөк таянышыбыз керек. Андагы кеңештер бизге жаман адаттарыбыздан, күнөөгө түрткөн каалоолорубуздан арылууга жардам берет. Ошондой эле анда жазылгандар бизди кайраттандырып, жубатып, Шайтан менен анын дүйнөсүнөн келген сыноолорду көтөрүп кетүүгө күч берет. Биз Жахабанын өзүнүн Сөзү аркылуу берген жетекчилигине баш ийүү менен өмүр жолунда жүрө алабыз.
20 Кудай «ар кандай адамдардын куткарылышын» каалайт. «Ар кандай адамдарга» Жахабанын кызматчылары жана биз кабар айткан, окуткан адамдар кирет. Бирок куткарылгысы келгендердин баары «чындыкты так таанып-билиши» кажет (1 Тим. 2:4). Бул дүйнө жок кылынганда, аман калышыбыз Ыйык Китепти окуп, андагы кеп-кеңештерди жашоодо колдонгонубуздан көз каранды. Ооба, Ыйык Китепти күн сайын окуганыбыз Жахабанын чындык камтылган баа жеткис Сөзүн канчалык баалаарыбызды айгинелейт (Жкн. 17:17).
^ абз. 12 Албетте, биз Ыйык Китепти башкаларды өзгөрүлүүгө мажбурлаш үчүн же айыпташ үчүн колдонбойбуз. Жахаба бизге сабырдуулук, боорукердик менен мамиле кылгандай эле, биз да Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга ошондой мамиле кылышыбыз керек (Заб. 103:8).
^ абз. 14 Эгер кайсы бир аяттын негизги сөздөрүн гана эстеп, бирок кайсы китепте, кайсы бөлүмдө, кайсы аятта жазылганын эстей албай жатсаңчы? Ал сөздөрдү Ыйык Китептин артындагы индекстен же «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасынан» (ор.) карап көрсөң, аятты таба аласың.