«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Июль, 2014

Бул санда 2014-жылдын 1-сентябрынан баштап 28-сентябрына чейин изилдене турган макалалар камтылат.

Жан аябас кызматчылар Микронезияда

Тынч океандагы аралдарда кызмат кылган чет өлкөлүктөр көбүнчө үч кыйынчылыкка туш болушат. Падышалыктын ал жарчылары кыйынчылыктарды кантип жеңүүдө?

«Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет»

2 Тиметей 2:19дагы «пайдубал» жана «мөөр» жөнүндөгү сөздөр Жахабага кимдер таандык экенин аныктоого кандайча жардам берет?

Жахабанын эли «ыймансыздыкты четке кагат»

«Ыймансыздыкты четке кагуу» деген сөздөрдүн Муса пайгамбардын күндөрүндөгү окуя менен кандай байланышы бар? Ал окуядан биз эмнеге үйрөнө алабыз?

ӨМҮР БАЯН

Атамды жоготуп, Атамды таптым

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш бир туугандын өмүр баянын окуп көргүлө.

«Силер менин күбөлөрүмсүңөр»

Жахабанын Күбөлөрү деп аталганыбыз эмнени билдирет?

«Менин күбөлөрүм болосуңар»

Иса Машаяк эмне үчүн Жахабанын эмес, «менин күбөлөрүм болосуңар» деп айткан? Күбөлөндүрүү ишине ынталуу катыша бериш үчүн эмне кылышыбыз керек?