Акыркы душман — өлүм — жок кылынат
«Акыркы душман — өлүм — жок кылынат» (1 КОР. 15:26).
1, 2. Адам ата менен Обо эненин жашоосу башында кандай болгон жана бизде кандай суроолор туулат?
АДАМ АТА менен Обо эне жаратылганда, алардын бир да душманы болгон эмес. Ал экөө бейиште жашап, Жараткан менен уул-кызы катары ынак мамиледе болушкан (Башт. 2:7—9; Лк. 3:38). Кудайдан алган тапшырмасынан алардын жеткилең адамдар катары келечеги кең болору айкын көрүнүп турган. (Оку: Башталыш 1:28.) «Жер бетин толтуруп», «аны иштетүүгө» бир канча эле убакыт кетмек. Бирок «жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарга бийлик кылып», аларга кам көрүүдөн ырахат алыш үчүн түпкү ата-энебиз түбөлүк жашашы керек болчу.
2 Анда эмне үчүн азыр жашоо такыр башкача? Адам баласынын бактысына балта чапкан ырайымсыз душмандар эмне үчүн мынчалык көп? Алар, анын ичинде өлүм кантип пайда болгон? Кудай алардын баарын кантип жок кылат? Ушул жана башка суроолорго Ыйык Китептен жооп ала алабыз. Анда эмесе, алардын айрымдарын карап чыгалы.
МЭЭРИМДҮҮЛҮК МЕНЕН БЕРИЛГЕН ЭСКЕРТҮҮ
3, 4. а) Кудай Адам ата менен Обо энеге кандай буйрук берген? б) Ал буйрукка баш ийүү канчалык маанилүү болгон?
3 Адам ата менен Обо эне түбөлүк жашаш үчүн жаратылса да, өлбөстүккө ээ болушкан эмес. Өлбөй, тирүү жүрүү үчүн алар абага, сууга, тамак-ашка, уйкуга муктаж болушкан. Бирок баарынан да алардын Өмүр Берүүчү Жахаба менен ынак мамиледе болгону маанилүү болчу (Мыйз. 8:3). Жашоодон ырахат алып, түбөлүккө өмүр сүрүш үчүн алар Кудайдын жетекчилигине баш ийиши керек эле. Жахаба муну Адам атага аялды жарата электе эле айткан болчу. Ал: «Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот. Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деп эскерткен (Башт. 2:16, 17).
4 «Жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарак» эмне жакшы, эмне жаман экенин чечүүгө Кудай укуктуу экенин көрсөтүп турган. Адам ата Кудайга окшоштурулуп жаратылгандыктан эмне жакшы, эмне жаман экенин башынан эле билчү жана анда абийир бар болчу. Тыюу салынган дарак Адам ата менен Обо энеге алардын дайыма Жахабанын жетекчилигине муктаж экенин эстетип турмак. Эгер алар анын жемишинен жешсе, Кудайдын эреже-тартиптерине баш ийгиси келбей турганын көрсөтүшмөк жана бул өздөрүнө да, урпактарына да аябагандай чоң залакасын тийгизмек. Кудай аларга анын буйругун бузуунун кесепеттүү болорун бекеринен эскерткен эмес.
ӨЛҮМ КАНТИП ПАЙДА БОЛГОН?
5. Адам ата менен Обо эне эмне үчүн Кудайдын буйругун бузушкан?
5 Обо эне жаратылганда, Адам ата ага Кудайдын буйругу жөнүндө айтып берген. Обо эне ал буйрукту эң сонун билген жана аны жыланга дээрлик сөзмө-сөз айтып бере алган (Башт. 3:1—3). Жыланды бийликке жутунуп, Кудайга көз каранды болгусу келбеген Шайтан Ибилис колдонгон. (Салыштыр: Жакып 1:14, 15.) Өзүнүн арам оюн ишке ашыруу үчүн ал Кудайды калпычыдай көрсөтүп, ага жалаа жапкан. Ошондой эле Обо энеге тыюу салынган жемиштен жесе, өлбөй эле, Кудайдай болуп каларын айткан (Башт. 3:4, 5). Ага ишенген Обо эне дарактын жемишинен жеп, көз карандысыз болгусу келерин көрсөткөн жана күйөөсүн да өзүнө кошулууга көндүргөн (Башт. 3:6, 17). Ошентип, Ибилис аны алдап койгон. (Оку: 1 Тиметей 2:14.) Өкүнүчтүүсү, Адам ата туура эмес кылып жатканын билип туруп аялынын тилине кирген. Балким, жылан жакшылык каалаган дос сыяктуу көрүнгөндүр. Бирок, чынында, аны колдонгон Шайтан өзүнүн сунушу канчалык чоң каргашага алып барарын эң сонун билген таш боор душман болчу.
6, 7. Жахаба Адам ата менен Обо энеге кантип сот жүргүзгөн?
6 Керт башынын кызыкчылыгын көздөп, Адам ата менен Обо эне өмүр жана башка нерсенин бардыгын берген Кудайга каршы чыгышкан. Жахаба, албетте, бүт баарын көрүп турган (1 Жылн. 28:9; оку: Накыл сөздөр 15:3). Ошентсе да Адам ата менен Обо энеге жана Шайтанга аны канчалык урматтап-сыйлашарын көрсөтүүгө мүмкүндүк берген. Алардын кылган ишинен улам Ата катары Жахабанын жүрөгү ооруганы шексиз. (Салыштыр: Башталыш 6:6.) Анткен менен ал күнөөкөрлөргө каршы чара көрүп, Сот катары да иш кылган.
7 Кудай Адам атага: «[Жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен] жеген күнү өлөсүң»,— деп айткан болчу. Адам ата 24 сааттан турган күндү түшүнгөн болуш керек. Ошондуктан ал, балким, буйрукту бузганы үчүн Жахаба күн батканга чейин эле чара көрөт деп күткөн чыгар. Ошол күнү «салкын жел согуп турган маалда» Жахаба Адам ата менен анын аялына кайрылган (Башт. 3:8). Ал алардын айткандарын угуп, мындайча айтканда, сот жүргүзгөн (Башт. 3:9—13). Анан чыгарган өкүмүн жарыялаган (Башт. 3:14—19). Эгер Кудай аларды ошол замат өлтүрүп койсо, адамзатка байланышкан ой-ниети аткарылбай калмак (Ыш. 55:11). Адам ата менен Обо энеге өлүм өкүмү чыгарылып, күнөөнүн терс таасири дароо сезиле баштаса да, Жахаба аларга бала-чакалуу болууга жана урпактарынын келечекте анын чараларынан пайда алышына мүмкүндүк берген. Кудай үчүн 1 000 жыл 1 күнгө тете болгондуктан, анын көз карашы боюнча, түпкү ата-энебиз күнөө кетирген күнү эле өлгөн (2 Пет. 3:8).
8, 9. Адам атанын күнөөсү анын урпактарына кандай таасир эткен? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)
8 Адам ата менен Обо эненин кылган иши балдарына да таасир эткенби? Ооба. Римдиктер 5:12де: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— делет. Адамдардын ичинен эң биринчи болуп ишенимдүү Абыл өлгөн (Башт. 4:8). Анан Адам атанын башка балдары да карып, өлө башташкан. Аларга өлүм эле эмес, күнөө да тукум кууп өткөн. Элчи Пабыл: «Бир адамдын тил албастыгынан көптөр күнөөкөр болгон»,— деп жазган (Рим. 5:19). Ошентип, күнөө менен өлүм жеткилең эмес адамдар качып кутула алгыс зулум душманга айланган. Алардын Адам атанын урпактарына кандайча өткөнүн майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп бере албасак да, тийгизген залакасын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз.
9 Ыйык Китепте күнөө менен өлүмдүн «бардык элдерди чулгаган жамынчыга» жана «бардык элдердин үстүндөгү жабууга» салыштырылганы абдан орундуу (Ыш. 25:7). Чынында эле, алар бүткүл адамзатты тумчуктура жаап турат. «Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп» келет (1 Кор. 15:22). Ошондон улам Пабыл сыяктуу эле бизде да: «Өлүмгө дуушар болуп жаткан денеден мени ким куткарат?» — деген суроо туулат. Чын эле, өлүмдүн чеңгелинен куткара ала турган бирөө барбы? * (Рим. 7:24).
АДАМ АТАДАН ӨТКӨН КҮНӨӨ МЕНЕН ӨЛҮМ ЖОК КЫЛЫНАТ
10. а) Жахабанын өлүмдү жок кыларын кайсы аяттар көрсөтүп турат? б) Бул аяттардан Жахаба менен анын Уулу жөнүндө эмнелерди билебиз?
10 Пабылды өлүмдүн чеңгелинен Жахаба куткара алмак. «Жамынчы» жөнүндө айткандан кийин Ышая пайгамбар: «Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт»,— деген (Ыш. 25:8). Балдарын кайгыдан арылтып, көз жашын аарчыган атадай болуп, Жахаба Адам атадан өткөн өлүмдү кубаныч менен жок кылат! Ал муну Иса Машаяк менен чогуу ишке ашырат. 1 Корунттуктар 15:22ден: «Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле, Машаяк аркылуу баары өмүр алышат»,— дегенди окуйбуз. Ошондуктан Пабыл: «Мени ким куткарат?» — деп сурагандан кийин кайра эле өзү: «Мени Мырзабыз Иса Машаяк аркылуу куткара турган Кудайга ыраазымын!» — деп жооп берген (Рим. 7:25). Жахабанын адамзатка болгон сүйүүсү, Адам ата менен Обо эне ага каршы чыккандан кийин, муздап калган эмес. Аларды жаратууда Атасына жардам берген Иса Машаяк да адамдарды дагы эле жакшы көрөт (Накыл 8:30, 31). Бирок алар адамзатты күнөө менен өлүмдөн кантип куткарат?
11. Адамзатка жардам берүү үчүн Жахаба эмне кылган?
11 Жеткилеңсиздик менен өлүм Адам атанын күнөөсүнүн кесепети болгондон сырткары, Жахабанын адилеттүү өкүмүн да көрсөтүп турат (Рим. 5:12, 16). Римдиктер 5:18де: «Бир кылмыштын айынан бардык адамдар айыпталган»,— делет. Адамзатты өлүм өкүмүнөн арылтууда Жахаба кандайча өзүнүн мыйзам-принциптерин бузбай иш кылат? Мунун жообу Иса Машаяктын: «Адам Уулу... көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген»,— деген сөздөрүндө камтылган (Мт. 20:28). Жахабанын ал туңгуч Уулу жерде жеткилең адам катары жашап, өзүн кун катары берген. Ал кун кандайча адилеттүүлүктүн талабына жооп бермек? (1 Тим. 2:5, 6).
12. Кайсы кун адилеттүүлүктүн талабына жооп берген?
12 Жеткилең болгондуктан Иса Машаяк түбөлүк жашамак. Жахаба жер бетин Адам атанын жеткилең урпактарына толтурууну ниет кылган болчу. Машаяк Атасын жана адамдарды абдан сүйгөндүктөн Адам ата жоготкон өмүргө барабар болгон жеткилең өмүрүн курмандык катары берген. Жахаба аны кайра рухий жаратуу катары тирилткен (1 Пет. 3:18). Исанын курмандыгын Кудай өзүнүн адилеттүүлүгүнүн талабына жооп берген кун катары кабыл алган. Ал аны колдонуп, Адам атанын урпактарын өлүм менен күнөөдөн сатып алат жана аларга түпкү атасы кол жууп калган түбөлүк өмүрдү берет. Иса Машаяк, мындайча айтканда, Адам атанын ордун ээлеген. Ошол себептен Пабыл: «Ыйык Жазмада: „Биринчи киши — Адам — тирүү жан болуп калды“,— деп жазылган. Ал эми акыркы Адам өмүр берүүчү рух болуп калды»,— деген (1 Кор. 15:45).
13. «Акыркы Адам» өлгөндөргө кантип жардам берет?
13 Жакында «акыркы Адам» — Иса Машаяк — жалпы адамзатка «өмүр берүүчү рух» катары иш-аракет кылат. Ошондо Адам атанын көзү өтүп кеткен урпактарынын көбү тирилип, кайрадан жер бетинде жашайт (Жкн. 5:28, 29).
14. Адамзат жеткилеңсиздиктен кантип арылат?
14 Адамзат жеткилеңсиздиктен кантип арылат? Жахаба муну өзүнүн Падышалыгы аркылуу ишке ашырат. Ал Падышалыктын башкаруучулары катары Иса Машаяк менен анын майланган жолдоочулары тандалган. (Оку: Аян 5:9, 10.) Майлангандар адамдардын арасынан алынгандыктан жеткилеңсиздик эмне экенин жакшы билишет. Алар Машаяк менен бирге 1000 жыл бийлик жүргүзүп, жер бетинде жашагандарга жеткилеңдикке жетүүгө жардам беришет (Аян 20:6).
15, 16. а) Ыйык Китепте «акыркы душман — өлүм» деп эмне жөнүндө айтылган жана ал качан жок болот? б) 1 Корунттуктар 15:28ге ылайык, Машаяк убагы келгенде эмне кылат?
15 Падышалыктын 1 000 жылдык башкаруусунун аягында адамзат Адам атанын тил албастыгынын айынан пайда болгон душмандардын баарынан куткарылат. Буга байланыштуу Ыйык Жазмада мындай делет: «Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле, Машаяк аркылуу баары өмүр алышат. Бирок баары өз кезеги менен тирилет: биринчи Машаяк, андан кийин, анын катышуусунун убагында, Машаякка таандык болгондор [анын кошо башкаруучулары] тирилет. Эң аягында Машаяк бардык өкмөттөрдү, бийликтерди жана күчтөрдү жок кылып, Падышалыкты өзүнүн Кудайына жана Атасына өткөрүп берет. Анткени Машаяк, Кудай бардык душмандарды анын бут алдына жыкканга чейин, падышалык кылууга тийиш. Акыркы душман — өлүм — жок кылынат» (1 Кор. 15:22—26). Ооба, Адам атадан тукум кууп өткөн өлүм жок болот. Бүткүл адамзатты тумчуктура жаап турган «жамынчы» биротоло алынып салынат (Ыш. 25:7, 8).
16 Элчи Пабыл бул тууралуу мындай деп жыйынтыктайт: «Баары Уулуна баш ийдирилгенде, Кудай баарынын башчысы болушу үчүн, Уулу өзү да ага баарын баш ийдиргенге баш иет» (1 Кор. 15:28). Кудайдын Уулунун башкаруусу өз максатына жетет. Анан ал бийлигин жана жеткилең адамзатты Жахабага өткөрүп берет.
17. Шайтан акыр-аягы эмне болот?
17 Бардык адамдардын азап чегишине себепкер болгон Шайтан жөнүндө эмне айтууга болот? Бул суроого Аян 20:7—15-аяттардан жооп таба алабыз. 1 000 жылдык башкаруунун аягында Шайтанга жеткилеңдикке жеткен адамдарды акыркы жолу сыноого жол берилет. Шайтан Ибилис да, аны ээрчип кеткендер да түбөлүккө жок кылынат. Бул «экинчи өлүм» деп аталат (Аян 21:8). «Экинчи өлүм» эч качан «жок кылынбайт», себеби ага дуушар болгондор кайрадан жашабайт. Анткен менен «экинчи өлүм» Жахабаны жакшы көрүп, ага кызмат кылгандардын душманы эмес; анын аларга эч зыяны тийбейт.
18. Кудайдын Адам атага берген тапшырмасы кандайча ишке ашат?
18 Бардык адамдар жеткилеңдикке жетип, душмандарынан биротоло арылат. Жахаба алардын түбөлүккө өмүр сүрүшүн туура көрөт. Ошентип, Адам атага берилген тапшырма ансыз эле ишке ашат. Жер бети анын урпактарына толот. Алар жерди иштетип, андагы тирүү жандыктарга кам көрүүдөн ырахат алышат. Андыктан, келгиле, Жахабанын акыркы душманды — өлүмдү — жок кылуу үчүн чара көргөнүнө дайыма ыраазы бололу!
^ абз. 9 Окумуштуулардын карылык менен өлүмдүн себебин түшүндүрүүгө жасаган аракети жөнүндө «Жазманы түшүнүү» эмгегинде мындай делет: «Алар алгачкы түгөйлөргө өлүм өкүмүн Жараткандын өзү чыгарганын жана ал өкүмдү адам баласы толук түшүнө албай турган жол менен ишке ашырып жатканын эске алышпайт» (2-том, 247-бет, англ.).