Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Асылзат энелердин ролу

Асылзат энелердин ролу

Асылзат энелердин ролу

БҮГҮНКҮ күндө дүйнө жүзү боюнча аялдардын көбү кандайдыр бир жумушта иштешет. Алсак, өнүккөн өлкөлөрдө иштеген аялдардын саны эркектердикинен кем эмес. Ал эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдө үйбүлөсүн багууга кол кабыш кылуу үчүн аялдарга айыл-чарба ишинде бир канча саат оор эмгектенүүгө туура келет.

Көптөгөн аялдар жашоого каражат табууну, ошол эле учурда үйбүлөсү менен чогуу болууну каалап, чайналышат. Алар тамак-ашка, кийимге, үй-жайга гана акча таппастан, өздөрү тамак жасап, кир жууп, үйдүн таза болушуна кам көрөт.

Андан сырткары, Кудайга кызмат кылган энелер балдарына рухий жактан тарбия берүүгө умтулушат. «Ачыгын айтканда, жумуш менен үйдөгү жоопкерчиликтерди теңсалмакташтыруу, өзгөчө, балдар чоңоё электе кыйынга турат. Аларга жетиштүү көңүл буруу оңой эмес»,— дейт эки кичинекей кыздын энеси Кристина.

Энелер кандай себептерден улам жумушка орношууда? Алар кандай кыйынчылыктарга кабылууда? Энелерге өздөрүнүн шык-жөндөмүн толук пайдалануу үчүн сөзсүз эле жумушка орношуу керекпи?

Эмне үчүн жумушка орношушат?

Көптөгөн энелер эртеден кечке иштөөгө аргасыз. Алардын кээ биринин күйөөсү жок болгондуктан, күнүмдүк оор тирликтин жүгүн жалгыз көтөрүшөт. Ал эми башка жубайлар биринин айлыгы үйбүлөсүн багууга жетпегендиктен, экөө тең иштейт.

Бирок бардык эле энелер турмуш кыйнагандыктан толук күндүк жумушта иштеп жаткан жок. Көптөр өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болуу үчүн, башкалардан көзкаранды болбоо үчүн же ыңгайлуу жашоо өткөрүп, каалаганын сатып алууга мүмкүнчүлүгү болуш үчүн иштешет. Дагы бирөөлөр кесибин жакшы көргөндүктөн, жумушунан канааттануу алгандыктан иштейт.

Энелердин жумушка орношушунун дагы бир себеби тегерегиндегилердин кысымы болушу мүмкүн. Адамдардын басымдуу бөлүгү иштеп жүргөн энелердин чарчап-чаалыгып, стресске кабыларын моюнга алганы менен, иштебөөнү чечкендерди көбүнчө түшүнбөй, тескерисинче, шылдыңга алат. «Башкаларга: „Мен балдар менен эле үйдө отурам“,— деп айтуудан да тартынасың,— дейт бир эне.— Кээ бирөөлөр сөзү менен же көзкарашы менен жашооңду текке кетирип жатасың деп айткандай болушат». Ребека, эки жашар кыздын апасы, мындай дейт: «Биз жашап жаткан коом энелердин балдарына көңүл бурушу керектигин түшүнгөнү менен, иштебеген энелерди башкалардан төмөнүрөөк деп эсептегендей сезилет».

Жашоодо чынында кандай?

Дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө массалык маалымат каражаттары тарабынан «мыкты аялдын» образы ийгиликтүү карьера жасаган, көп акча тапкан, жакшы кийинген жана өзүнө толук ишенген чечкиндүү аял катары сүрөттөлөт. Ал аялдын колунан баары келет: үйүнө келип балдарынын көйгөйлөрүн чечет, күйөөсүнүн каталарын оңдой алат жана үйбүлөдө кандай кыйынчылык туулбасын, аны жеңе билет. Бирок турмушта мындай сүрөттөөгө дал келген аялдардын өтө эле сейрек болору түшүнүктүү.

Чынында, аялдар иштеген жумуштар көп учурда жадатма келип, салыштырмалуу айлыгы да аз. Андан тышкары, энелер өз жөндөмүн толук колдонууга мүмкүнчүлүк жок экенин көрүп, капа болушу ыктымал. «Социалдык психология» деген китепте: «Тең укуктуулукка жетүү жагынан ийгиликтер болгону менен, эркектер дагы деле айлыгы көбүрөөк жумушта иштеп, жогорку кызмат абалын ээлешүүдө. Ошондуктан аялдарга жумушта шык-жөндөмүн толук колдонуу кыйынга турат»,— делген. Ал эми «Паис» деген испан гезитинде мындай деп жазылган: «Айрым эсептөөлөргө караганда, аялдардын стресске кабылуу ыктымалдыгы эркектерге караганда үч эсе көп. Себеби алардын көбүнө эки жерде — жумушта да, үйдө да — иштөөгө туура келет».

Күйөөлөрдүн жардамы

Албетте, Кудайга кызмат кылган эне жумушка орношобу, жокпу, жеке өзү чечет. Ошентсе да ал, күйөөсү бар болсо, мындай чечим чыгарардан мурун аны менен кеңешип, бардыгын чогуу кылдат таразалап көрүүгө тийиш (Накыл сөздөр 14:15).

Үйбүлөнү материалдык жактан камсыз кылуу үчүн экөөнө тең толук күндүк жумушта иштөөгө туура келсечи? Мындай учурда акылдуу күйөө ыйык китептик бул кеңешке өзгөчө көңүл бурат: «Силер, күйөөлөр, аялзатынын алсызыраак экенин эске алып, аялыңарга туура мамиле кылгыла... Аларга урмат көрсөткүлө, анткени алар да ырайымдуу жашоонун мураскорлору» (1 Петир 3:7). Күйөө аялынын эмоциялык абалын, денелик жактан алсызыраак экенин эске алып, түшүнө билүү менен аны урматтаарын көрсөтө алат. Мындай күйөө аялына колунан келишинче үй жумуштарын жасоого жардам берет. Ал төмөн деп эсептелген иштерди өзүнүн кадыр-баркын түшүрөт деп ойлобой, Ыйсага окшоп, даярдуулук менен аткарат (Жакан 13:12—15). Ооба, ал үй жумуштарын аткарууну эмгекчил жубайына сүйүү көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүгү катары карайт. Аялы болсо мындай жардамды, чынында, абдан баалайт (Эфестиктерге 5:25, 28, 29).

Эгерде аялы-күйөөсү экөө тең иштеши керек болсо, алардын үйдө бири-бирине жардам бере билиши маанилүү экени шексиз. Бул ой Испанияда чыккан «А-Бэ-Сэ» аттуу гезитте баса белгиленген. Андагы макалада «Үйбүлө маселелери боюнча институт» жүргүзгөн изилдөө айтылып өтүп, Испанияда ажырашуулардын саны кескин өскөнүнө «диний, адеп-ахлактык нормалардын төмөндөшү» эле эмес, дагы эки нерсе — «аялдардын жумушка орношушу жана күйөөлөрдүн үй иштерине каралашпаганы» — себеп болгону белгиленген.

Ыйсаны жолдогон энелердин маанилүү ролу

Жахаба балдарды тарбиялоо жоопкерчилигин, негизинен, аталарга тапшырса да, Ыйсаны жолдогон энелер балдарды тарбиялоодо чоң роль ойноорун билишет. Эненин тарбиясы, айрыкча, бала кичине кезинде маанилүү (Накыл сөздөр 1:8; Эфестиктерге 6:4). Жахаба ысрайыл элиндеги аталарга да, энелерге да балдарына Мыйзамды үйрөтүүнү тапшырган. Ал ата-энелерден бул тапшырманы аткарууда, өзгөчө, балдар калыптанып келаткан маалда, убакыт жана чыдамдуулук талап кылынарын жакшы билген. Ошол себептен Кудай аларга балдарын үйдө отурганда да, жолдо баратканда да, жатканда да, турганда да үйрөтүшү керектигин айткан (Мыйзам 6:4—7).

Кудайдын Сөзүндө балдарга: «Энеңдин акыл-насаатын четке какпа»,— деген буйрук берилип, энелердин маанилүү жана татыктуу ролу баса белгиленет (Накыл сөздөр 6:20). Түпнускада «акыл-насаат» деп которулган сөз түзмө-түз «мыйзам» дегенди билдирет. Албетте, аялы үйгө кандайдыр бир мыйзам же эрежелерди киргизерден мурун күйөөсү менен кеңешет. Бирок жогорудагы аяттан энелердин балдары үчүн мыйзам-эрежелерди киргизүүгө укугу бар экенин көрүүгө болот. Кудайдан корккон апасынын рухийликке, адеп-ахлактыкка байланыштуу берген «мыйзамын» жүрөгүнө түйгөн балдар абдан чоң пайда алары шексиз (Накыл сөздөр 6:21, 22). Эки баланын энеси Тереза эмне себептен жумушка орношпоону чечкенин мындай деп түшүндүрөт: «Балдарымды Кудайдын жолу менен жүрүүгө тарбиялоо — мен үчүн эң маанилүү иш. Ошондуктан бул ишти мүмкүн болушунча жакшы аткаргым келет».

Үлгүлүү энелер

Ысрайыл падышасы Лемуелдин апасынын аны тарбиялоого чын ыкластан жумшаган аракети жемиш бербей койгон эмес. Энесинин аны оң жолго салуу үчүн «айткан акыл-насааттары» атүгүл Ыйык Китепке жаздырылган (Накыл сөздөр 31:1; 2 Тиметейге 3:16). Бул эненин жакшы аял кандай болору жөнүндө айткан сөздөрү бүгүн да жигиттерге акылдуулук менен өмүрлүк жар тандоого жардам берип келет. Ошондой эле ал эненин адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүүгө жана ичкиликти кыянат пайдаланууга байланыштуу эскертүүлөрү учурда, алар жазылган убактагыдай эле, колдонорлук (Накыл сөздөр 31:3—5, 10—31).

Биринчи кылымда жашаган элчи Пабыл Ойникени уулу Тиметейди жакшы тарбиялап-өстүргөнү үчүн мактаган. Анын күйөөсү, кыязы, грек кудайларына сыйынгандыктан, Ойнике уулуна «Ыйык Жазууда» жазылгандарга ишеним өрчүтүүгө өзү жардам бериши керек эле. Ал Тиметейге Ыйык Жазманы качан үйрөтө баштаган? Ыйык Китепте Тиметейдин «бала чагынан», башкача айтканда, ымыркай кезинен үйрөнгөнү айтылат (2 Тиметейге 1:5; 3:14, 15). Энесинин күчтүү ишеними, үлгүсү, ошондой эле окутуп-үйрөткөндөрү Тиметейди келечекте аткара турган миссионердик кызматка даярдаганы шексиз (Филипиликтерге 2:19—22).

Ыйык Китепте Кудайдын ишенимдүү кызматчыларына меймандостук көрсөткөн энелер жөнүндө да айтылат. Мунун аркасында алардын балдарына үлгүлүү кызматчылар менен пикирлешүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Алсак, шунемдик аял Элиша пайгамбарды үйүнө конокко көп чакыра турган. Кийинчерээк анын баласы өлүп калганда, Элиша аны тирилтип берген (2 Падышалар 4:8—10, 32—37). Ошондой эле Ыйык Китепти жазууга катышкан Марктын апасы Мариямдын мисалын карап көрөлү. Ал, сыягы, алгачкы шакирттерге Иерусалимдеги үйүндө жолугушууларды өткөрүүгө шарт түзүп берген (Элчилер 12:12). Бул Марктын элчилер менен жана алардын үйүнө дайыма келип турган Ыйсанын башка жолдоочулары менен жакын пикирлешүүдөн пайда алышына өбөлгө түзгөнү күмөнсүз.

Ооба, Жахаба балдарына ыйык китептик принциптерди үйрөткөн ишенимдүү энелердин эмгегин жогору баалайт. Ошондой эле аларды берилгендиги жана үйүндөгүлөрүнүн рухийлигин бекемдөөгө жумшаган аракети үчүн жакшы көрөт (2 Шемуел 22:26; Накыл сөздөр 14:1).

Эң жакшы чечим

Жогоруда келтирилген ыйык китептик мисалдардан көрүнүп тургандай, үйбүлөнүн денелик, рухий жана эмоциялык муктаждыктарына жакшы кам көрүү энелерге мол бата апкелет. Бирок бул оңой-олтоң иштерден эмес. Сыягы, эненин үйдө аткарган иши жогорку кызматта иштегенден да көп күч-аракетти талап кылат.

Күйөөсү менен кеңешип, аялы жумуштан бошонууну же толук эмес жумуш күндүк ишке орношууну чечкенде, мындан ары үйбүлөсүнө жөнөкөй жашоо өткөрүүгө туура келгендиктен, башкалар анын чечимин түшүнбөй, шылдыңдашы мүмкүн. Бирок андай чечим батасыз калтырбайт. Мисалы, Пакинин үч баласы бар; ага жарым күн иштөөгө туура келет. Ал мындай дейт: «Балдарым мектептен келгенде аларды тосуп алып, жайма-жай сүйлөшүп отурганды жакшы көрөм». Бул балдарына кандай пайда апкелет? «Биз берилген үй тапшырмасын чогуу аткарабыз. Эгер балдарымдын кандайдыр бир кыйынчылыгы пайда болсо, аны чечүүгө дароо жардам бере алам,— дейт ал.— Аларга күнүгө убакыт бөлгөндүктөн, биз жакшы пикирлешип, өз ара ынакпыз. Балдарымдын жанында болуу мен үчүн аябай маанилүү болгондуктан, толук күндүк жумуштан баш тартууну чечтим».

Ыйсаны жолдогон көп энелер жумушка кеткен убактысын кыскартышса, үйбүлөсүнө көбүрөөк пайда алып келе аларын түшүнүштү. Жогоруда айтылып өткөн Кристина: «Жумушту таштагандан кийин үйдө көйгөйлөрдүн азайганын байкадым. Балдарыма көбүрөөк убакыт бөлүүгө, күйөөмө да жардам берүүгө шарт түзүлдү. Кыздарымдын жасаган ийгиликтерин көрүп, аларды окутуп-үйрөтүүдөн чоң кубаныч ала баштадым»,— дейт. Бир окуя Кристинанын эсинен кетпейт. «Улуу кызым басканды бала-бакчадан үйрөнгөн, кичүүсү болсо үйдөн үйрөндү,— деп эскерет ал.— Ал мага карай там-туң басып келип, кучагыма боюн таштаганда, сөз менен айтып жеткире алгыс кубанычка бөлөндүм».

Ошондой эле эне азыраак иштесе, үйбүлө экономикалык жактан башта ойлогондой кыйналбашы деле мүмкүн экенин эске алуу дурус. «Эсептей келсек, айлыгымдын көбү баланы бактырууга жана жолкиреге кетчү экен,— дейт Кристина.— Ошон үчүн жагдайыбызды кылдат талдап көрүп, тапкан маянам үйгө көп деле киреше алып келбээрине ынандык».

Жагдай-шартын таразалап чыккан кээ бир жубайлар аялынын бардык убактысын акча табууга эмес, үйбүлөсүнө бөлгөнү жакшы болот деген бүтүмгө келишүүдө. Кристинанын жолдошу Пол: «Аялымдын үйдө болуп, балдарыбызга кам көргөнү мени сүйүнтөт. Ал иштеп жүргөн кезде экөөбүз тең кыйналчу экенбиз»,— дейт. Апасынын бул чечими кыздарына кандай таасир эткен? Пол мындай дейт: «Алар өздөрүн ишенимдүүрөөк сезгенден тышкары, кичине кезинен тартып дүйнөнүн терс таасиринен жакшыраак корголушкан». Бул жубайлар эмне үчүн кыздарына мүмкүн болушунча көп убакыт бөлүү маанилүү деп ойлошот? Пол: «Балдарыбыздын жүрөгүнө каймана мааниде биз, ата-энелер, жазбасак, башка бирөө жазары турган иш»,— дейт.

Демек, жубайлар өздөрүнүн жагдайын таразалап көрүп, кандайдыр бир чечим чыгарышы керек жана бул үчүн аларды эч ким сындабоого тийиш (Римдиктерге 14:4; 1 Тесалоникалыктарга 4:11). Ошентсе да энелердин дүйнөлүк жумушка көп убактысын коротпой үйдө болушу үйбүлөгө кандай пайда алып келери жөнүндө ойлонуп көргөнү дурус. Жогоруда айтылган Тереза: «Балдарыма кам көрүүгө, окутуп-үйрөтүүгө көп убакыт бөлүү менен бир да иш тартуулабаган кубанычка, канааттанууга ээ болуп жатам»,— деп ой бөлүшөт (Забур 126:3).

[31-беттеги сүрөт]

Ыйсаны жолдогон энелер балдарын тарбиялоодо маанилүү роль ойношот