Никедеги берилгендикти сактоо
Үй-бүлөлүк бакыттын сыры
Никедеги берилгендикти сактоо
Аялы: «Жолдошум Михаил мени менен мурдагыдай көп сүйлөшпөй, өзүнчө эле түнт болуп, балдарыбызга да суз мамиле жасап калды *. Анын мындай жүрүм-туруму үйдө турган компьютерди Интернетке кошкондон көп өтпөй эле байкала баштады. Ошондуктан ал компьютерден порнография көрүп жүрөт го деп» шектене баштадым. Бир күнү балдар уктагандан кийин аны менен сүйлөшүп, ал эмне болуп жүргөнүн айтып берүүнү талап кылдым. Ошондо ал Интернеттен порнография көрүп жүргөнүн мойнуна алды. Муну укканда дене боюм дүрт эле дей түштү. Ишене албай, деңдароо болуп турдум. Эми ага такыр ишенгим келбей калды. Анысы аз келгенсип, чогуу иштешкен бирөө мага көңүл бура баштаган эле».
Күйөөсү: «Жакында эле аялым Мария компьютердеги порносүрөттү көрүп калып, маселени тикесинен койду. Мен Интернеттен порнография көрүп жүргөнүмдү айтканда, ал абдан ачууланды. Ошондо өзүмдү аябай күнөөлүү сезип, эмне дээримди билбей калдым. Экөөбүздүн жашообуз мындан ары болбойт го деп ойлодум».
КАНДАЙ деп ойлойсуң, Михаил менен Мариянын андан аркы жашоосу кандай болгон? Бир караганда, кептин төркүнү Михаилдин порнография көргөнүндө болушу мүмкүн. Бирок Михаил кийин түшүнгөндөй, ал аялына толук берилбегендиктен порнография көрүүгө барган *. Михаил менен Мария баш кошкондо бири-бирибизди сүйүп, бактылуу өмүр сүрөбүз деп ойлошкон. Бирок убакыттын өтүшү менен, көптөр сыяктуу эле, алар да бири-биринен алыстап, ортодогу мамилеси сууп калган.
Сага да жарың экөөңөрдүн ортоңордогу мамиле мурункуга караганда сууп калгандай сезилеби? Кайрадан мамилеңерди жакшырткың келеби? Эгер жакшырткың келсе, төмөндөгү үч суроого жооп алуу зарыл. Берилгендикти сактоо деген эмнени билдирет? Никеге эмне доо кетириши мүмкүн? Ошондой эле канткенде жарыңа болгон берилгендигиңди өрчүтө аласың?
Берилгендикти сактоо деген эмнени билдирет?
Никедеги берилгендик дегенге сен кандай аныктама берет элең? Көптөрдүн ою боюнча, бул өзүн никелик жубайга карата милдеттүү сезүү дегенди билдирет. Мисалы, жубайлар ортодо балдары болгону үчүн эле же никенин Негиздөөчүсү болгон Кудайдын Башталыш 2:22—24). Албетте, жубайлардын ошенткени мактоого татырлык, анткени бул оор учурларда үй-бүлөнү сактап калууга жардам берет. Бирок үй-бүлө чындап бактылуу болушу үчүн, жубайлардын өздөрүн бири-бирине карата милдеттүү сезгени жетишсиз.
алдында өздөрүн милдеттүү сезгендиктен эле бири-бирине берилгендигин сакташы мүмкүн (Жахаба Кудай никени жубайлар жашоосунан кубаныч жана канааттануу алышы үчүн негиздеген. Ал күйөөнүн аялы менен кубанышын, ал эми аялдын күйөөсүн сүйүп, күйөөсүнүн аны да өз денесин сүйгөндөй сүйөрүн сезишин каалаган (Накыл сөздөр 5:18, 19; Эфестиктер 5:28). Ортодо ушундай ысык мамиле болушу үчүн, жубайлар бири-бирине ишеним артууга үйрөнүшү талап. Ошондой эле өмүр бою созула турган достук өрчүтүшү маанилүү. Эркек менен аял бири-бирине ишеним артып, эң жакын достордон болууга аракет кылышса, алар андан ары да бири-бирине болгон берилгендигин сактай алышат. Ошондо алар эң жакын мамиле өрчүтүп, Ыйык Китепте айтылгандай, «бир дене» болушат (Матай 19:5).
Демек, берилгендикти кум, цемент жана суудан турган аралашмага салыштырууга болот. Мындай аралашма үйдүн кыштарын бириктирип, бекем карматыш үчүн даярдалат. Анын сыңарындай, берилгендикти сактоо үчүн үч нерсе: өзүн жубайына карата милдеттүү сезүү, ага ишеним артуу жана аны менен достук өрчүтүү маанилүү. Анда берилгендик эмнеден улам алсырашы мүмкүн?
Никеге эмне доо кетириши мүмкүн?
Берилгендикти сактоо үчүн көп күч-аракет жана өз кызыкчылыктардан кечүү талап кылынат. Башкача айтканда, жарыңдын көңүлүн алуу үчүн өзүңө жаккан нерселерден баш тартууга даяр болушуң кажет. Бирок «мындан мага эмне пайда» дебестен, ийилчээктик көрсөтүп, кимдир бирөөнүн айтканына макул боло билүү азыр көптөргө жага бербейт. Атүгүл бул айрымдарды намыстандырат. Бирок ойлонуп көрсөң, өзүмчүл болуп туруп, үй-бүлөсүн бактылуу кылган канча кишини билесиң? Сен: «Андайлар жокко эсе»,— деп жооп берет болушуң керек. Эмне үчүн? Анткени өзүмчүл киши өз кызыкчылыктарынан кечүүгө туура келгенде, берилгендигин сактабашы мүмкүн. Андайлар өз кызыкчылыктарынан кечсе да, өз пайдасын көздөйт. Эгерде берилгендик жок болсо, жубайлар башында бири-бирин канчалык катуу сүйүшпөсүн, ортодогу мамиле бара-бара муздап калат.
Ыйык Китепте үй-бүлө куруу олуттуу маселе экени айтылат. Анда: «Аялы бар эркек аялына жагууну көздөп, дүйнөгө байланышкан нерселерди ойлойт... Ал эми турмушка чыккан аял күйөөсүнө жагууну көздөп, дүйнөгө байланышкан нерселерди ойлойт»,— делет (1 Корунттуктар 7:33, 34). Тилекке каршы, өзүмчүл эмес жубайлар да дайыма эле бири-биринин ички сезимдерин эске ала беришпейт. Же жубайлардын бири үй-бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн кандайдыр бир курмандыктарга барса, экинчиси анын жасаган иштерин дайыма эле баалай бербейт. Эгер жубайлар бири-бирине ыраазычылык билдирип турушпаса, бул «алардын жашоосунда жаңы кыйынчылыктардын» пайда болушуна алып келиши мүмкүн (1 Корунттуктар 7:28).
Эгер никедеги кыйынчылыктарды көтөрүп, бактылуу өмүр сүргүң келсе, аялың менен өмүр бою бирге болууга чечкиндүү болушуң керек. Канткенде ошондой маанай өрчүтө аласың жана жарың сага берилгендигин сакташы үчүн эмне кылсаң болот?
Берилгендикти кантип өрчүтүүгө болот?
Эң негизгиси — Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди момундук менен колдонуу. Ыйык китептик кеңештерди колдонуу менен өзүңө жана жарыңа пайда алып келесиң (Ышайа 48:17). Мунун эки жолун карап көрөлү.
1. Никеге олуттуу кара. Элчи Пабыл «эмне маанилүүрөөк экенин баамдоого» чакырган (Филипиликтер 1:10). Кудайдын көз алдында аялы менен күйөөсү бири-бирине кандай мамиле кылары маанилүү. Аялын урматтаган кишини Кудай да урматтайт. Ошондой эле күйөөсүн сыйлаган аял да «Кудайдын көз алдында абдан баалуу» болуп эсептелет (1 Петир 3:1—4, 7).
Сен үчүн үй-бүлө канчалык маанилүү? Адатта, кандайдыр бир иш канчалык маанилүү болсо, ошол ишке ошончолук күч жана убакыт кетиришет. «Акыркы айда жарым менен чогуу болууга канча убакыт бөлдүм? Жубайымды экөөбүз дагы эле жакшы достордон экенибизге ынандырыш үчүн эмнелерди кылдым?» — деп ойлонуп көр. Жарыңа аз эле убакыт бөлсөң же такыр эле бөлбөгөн болсоң, ал сен үчүн үй-бүлөнүн маанилүү экенине шектениши ыктымал.
Сен үчүн үй-бүлө маанилүү экенине жарың ишенеби? Аны кантип билүүгө болот?
КЕҢЕШ: Бир баракка төмөндөгү беш нерсени жаз: акча, жумуш, үй-бүлө, көңүл ачуу жана жоро-жолдоштор. Аларды жарың үчүн маанилүүлүгү боюнча тизмектеп чык. Мындай кылууну жубайыңан да суран. Ал да тизмектеп чыккандан кийин барагыңар менен алмашкыла. Эгер жарың сени үй-бүлөгө жетиштүү убакыт бөлбөй жатат деп эсептесе, анда аны менен бири-бириңерге көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн, кандай өзгөрүүлөрдү кылышыңар керектигин талкуула. Ошондой эле: «Жарым үчүн маанилүү болгон нерселерге канткенде көбүрөөк кызыгуу көрсөтө алам?» — деп ойлонуп көр.
2. Ишенимсиздиктин бардык түрүнөн кач. Иса: «Аялга кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деген (Матай 5:28). Жубайлардын бири башка бирөө менен ойноштук кылса, никенин ыйык түйүнүнө доо кетирген болот. Атүгүл андай учурда, Ыйык Китепке ылайык, ажырашууга да жол берилет (Матай 5:32). Исанын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, туура эмес каалоолор жүрөктө адам бузуктукка барганга чейин эле пайда болот. Андай туура эмес каалоолорду өрчүтүүнүн өзү эле ойноштукка жатат.
Жарыңа берилгендигиңди сактоо үчүн, бир да жолу порнография көрбөгөнгө өзүңө өзүң убада бер. Башкалар кандай дебесин, порнографиянын никеге тийгизген залакасы чоң. Порнография көргөн адаты бар бир кишинин аялы өзүнүн сезимдери жөнүндө мындай дейт: «Күйөөм порнография көрүү жыныстык мамиледен көбүрөөк канааттануу алууга жардам берет дейт. Бирок анын бул адаты мени басырынтат. Ал менден канааттануу
албай жаткансыйт. Ал порнография көрүп жатканда, мен төшөккө жатып алып, ызаланып ыйлайм». Кандай деп ойлойсуң, ал чынында аялына болгон берилгендигин сактап жатабы же тескерисинчеби? Сенин оюңча, мындай адамдын жубайы берилгендигин сактоого чечкиндүү болобу? Ал аялына өзүнүн жакын досундай мамиле кылып жатабы?Ишенимдүү Аюбдун: «Көзүм менен келишим түзгөм»,— деген сөздөрүнөн анын никеге жана Кудайга болгон берилгендигин көрүүгө болот. Башкача айтканда, ал «кызды карабаганга» чечкиндүү болгон (Аюб 31:1). Сен Аюбду кантип туурай аласың?
Порнографиядан алыс болуудан тышкары, жүрөгүңдө башка бирөөгө карата болгон сезимдердин өрчүп кетишинен сак бол. Ооба, көптөр башка жыныстагы адамга тийишүү никеге эч кандай зыян алып келбейт деп ойлошот. Бирок Кудайдын Сөзүндө: «Адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган, аны ким биле алат?» — делет (Жеремия 17:9). Сен да жүрөгүңө алданасыңбы? Сен: «Кимге көбүрөөк көңүл бурам, жарымабы же жарыман бөлөк башка жыныстагы адамгабы? Жакшы жаңылыктарды биринчи кимге айтам, жарымабы же башка бирөөгөбү? Эгер жарым башка жыныстагы кимдир бирөө менен көп сүйлөшпө десе, муну кандай кабыл алам? Ачууланамбы же анын суранычын аткарамбы?» — деп ойлонуп көр.
КЕҢЕШ: Эгер жубайыңан башка бирөөнү жактырып калсаң, аны менен зарыл болгон учурларда жана жумуш боюнча гана байланыш. Аны жубайыңа караганда жакшыраак деп ойлоодон алыс бол. Анын ордуна, жубайыңдын жакшы сапаттарына көңүл бур (Накыл сөздөр 31:29). Жубайыңды кайсы сапаттары үчүн сүйүп калганыңды эсте. «Жубайым чын эле мурункудай болбой калдыбы же мен анын жакшы сапаттарын кийинки күндөрү байкабай калдымбы?» — деп ойлонуп көр.
Демилгени колго ал
Макаланын башында кеп кылынган Михаил менен Мария көйгөйдү чечүү үчүн кеңеш сурап кайрылууну чечишкен. Алардын кеңеш сураганы эң алгачкы кадам болгон. Михаил менен Мария көйгөйдүн бар экенин моюнга алып, жардам издеп кайрылуу менен бири-бирине берилгендигин жана үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн күч-аракет жумшоого даяр экенин көрсөтүшкөн.
Үй-бүлөң бекемби же кыйроо алдында турабы, жубайың сенин үй-бүлөнү сактап калууга чечкиндүү экениңди билиши керек. Жубайыңды буга ишендирүү үчүн колуңан келгендин баарын кыл. Сен ошого даярсыңбы?
[Шилтемелер]
^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.
^ 5-абз. Бул жердеги мисалда эркек кишинин порнография көргөнү айтылса да, порнография көргөн аял да күйөөсүнө болгон берилгендигин сактабаганын көрсөтөт.
ОЙЛОНУП КӨР:
▪ Жарыма көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн кайсы иштерге азыраак убакыт бөлсөм болот?
▪ Мен үчүн үй-бүлө маанилүү экенине жарымды ынандыруу үчүн эмне кылсам болот?
[14-беттеги сүрөт]
Жубайыңа убакыт бөл
[15-беттеги сүрөт]
Ишенимсиздик жүрөктө жаралат