Адамзаттын келечеги
Исадан эмнеге үйрөнсөк болот?
Адамзаттын келечеги
Иса пайгамбар адамдардын асманга кетерин айтты беле?
Ооба, аткан. Иса өзү да тирилтилгенден кийин Кудайдын жанында болуу үчүн, асманга кеткен. Ал өлөр алдында 11 шакиртине: «Атамдын [Кудайдын] үйүндө орун көп... Мен силерге орун даярдаганы баратам»,— деген (Жакан 14:2). Бирок асманга чектелүү сандагы адамдар гана кетет. Муну Иса: «Коркпо, кичине отор, анткени асмандагы Атаңар силерге падышалыкты берүүнү туура көрдү»,— деген сөздөрү менен баса белгилеген (Лука 12:32).
Иса пайгамбар айткан «кичине отор» асманда эмне иш кылат?
Кудайдын ой-ниетине ылайык, ошол чакан топ Иса Машаяк менен бирге асмандан бийлик жүргүзөт. Биз муну кайдан билебиз? Иса тирилтилгенден кийин элчи Жаканга ишенимдүү шакирттеринин айрымдары «жер үстүнөн падышалык кылышарын» аян аркылуу ачып берген (Аян 1:1; 5:9, 10). Бул, чынында эле, жакшы кабар. Анткени адамзат эң жакшы бийлик жүргүзө турган өкмөткө муктаж. Асмандагы өкмөт Исанын жетеги астында эмнелерди ишке ашырат? Иса: «Кайра жаратуу убагында адам Уулу даңктуу тактысына отурганда, силер да, менин артымдан ээрчигендер, он эки тактыга отурасыңар»,— деген (Матай 19:28). Иса жана анын кошо башкаруучулары Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргенге чейин жерде өкүм сүргөн жыргал жашоону «кайра жаратышат», башкача айтканда, бейишти калыбына келтиришет.
Жерде жашай турган адамдар эмнеге үмүттөнө алышат?
Асмандагы жашоого жаратылган Исадан айырмаланып, адам баласы жерде жашоо үчүн жаратылган (Забур 113:24). Ошондуктан Иса: «Силер төмөн жактансыңар, мен жогору жактанмын»,— деген (Жакан 8:23). Иса адам баласын алдыда сонун келечек күтүп турганын айткан. Бир жолу ал: «Жумшак мүнөздүүлөр бактылуу, анткени алар жерди мурасташат»,— деген (Матай 5:5). Анын ушул сөздөрү Забур китебиндеги: «Момундар жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат. Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат»,— деген сөздөргө негизделген (Забур 36:11, 29).
Ооба, түбөлүк өмүргө асманга кете турган «кичине отор» эле ээ болбойт. Иса миллиондогон адамдардын түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнө аларын баса белгилеген. Ал: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген (Жакан 3:16).
Кудай адамзатты азап-кайгыдан кантип арылтат?
Иса дүйнөдө болуп жаткан азап-кайгыга жооптуу эки нерсенин жок болорун төмөндөгү сөздөр менен көрсөткөн: «Бул дүйнө соттоло турган убак келди. Эми бул дүйнөнүн башкаруучусу куулуп чыгарылат» (Жакан 12:31). Биринчиси, башкаларга азап-кайгы алып келип жаткан зулумдарды Кудай соттоп, жок кылат. Экинчиси, Шайтан куулуп чыгарылып, андан ары адамзатты адаштырбайт.
Кудай жана Машаяк жөнүндө билип, аларга ишеним көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү болгонго чейин эле дүйнөдөн өтүп кеткен адамдар жөнүндө эмне айтууга болот? Иса устунга кадалып турганда жанындагы устунга кадалган кылмышкерге: «Мени менен бейиште болосуң»,— деген (Лука 23:43). Иса бардык адамдарды тирилткенде, ошол кылмышкер да, башка миллиондогон адамдар сыяктуу эле, жердеги жашоого тирилтилип, Кудай жөнүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондо ал түбөлүк өмүр сүрө турган момун жана адил адамдардын арасында боло алат (Элчилер 24:15).
[8-беттеги сүрөт]
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?»* китебинин 3, 7-бөлүмдөрүн карагыла.
[8-беттеги сүрөт]
* Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.
[9-беттеги сүрөт]
«Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат» (Забур 36:29)