«Жердин түбүнө» саякат
Орусиядан келген кат
«Жердин түбүнө» саякат
БИЗДИН чакан самолёт Туймаада өрөөнүнөн акырындап көккө көтөрүлүп сызып жөнөдү. Биз муз каптаган ар кандай көлөмдөгү көлдөрдүн, күндүн нуруна чагылышкан мөңгүлөр менен капталган Верхояна кырка тоосунун үстүнөн учуп өттүк. Акыры, 900 километр жол жүргөндөн кийин Депутатский кыштагына кондук.
Менин Якутия деп да белгилүү болгон Саха Республикасына жасаган саякатым ушундайча башталган. Аябай кооз, бирок климаты өтө катаал Якутия аянты жагынан бүт Батыш Европадан чоң. Жайында Якутияда абанын температурасы 40 градустан жогору көтөрүлөт, ал эми кышында 70 градуска чейин төмөн түшүп кетет. Ал жакта байыркы убактагы алп жаныбарлардын сөөктөрүнүн калдыктары көп табылат. Якутияга барып келгениме бир нече жыл болуп калса да, анын коюу туман каптаган шаарчалары, суукту кенебеген, жайдары келген якут эли жана көздүн жоосун алган уюл жаркыроосу күнү бүгүнкүдөй эсимде.
Биздин саякатыбыз Депутатский кыштагы менен эле аяктаган эмес. Шеригим экөөбүз дагы башка кыштактарга барууну ойлонуштурганбыз. Ал кыштактардын бири Лаптевдер деңизинен алыс эмес жерде, Депутатскийден түндүктү көздөй 300 километр алыстыкта жайгашкан Хайыр кыштагы болчу. Ага чейин Жахабанын бир Күбөсү ал кыштактарга барып, Ыйык Китептеги чындыктарга кызыккан көптөгөн адамдарды жолуктуруптур. Ал аймактан 1 000ден ашык километр алыстыкта жайгашкан Якутск шаарында болсок да, аларга Жахабанын Күбөлөрүнүн ичинен эң жакын турганы эле биз экенбиз. Ал жердеги адамдар бекемдөөгө жана жардамга муктаж эле. Биздин алыскы жолго сапар тартканыбыздын себеби мына ушунда болчу.
Депутатскийден бир киши бизди Хайырга арзан эле ала кетүүгө макул болду. Анын эски, бензин жыттанган совет учурундагы машинесин көргөндө бара турган жерибизге жете аларыбызга күмөн санай түштүк. Бирок башка айла жок болгондуктан, алдыда эмне болору тууралуу көп ойлонуп отурбай, кечинде жолго чыктык.
Машиненин ичи сырттагы ызгаардан айырмасы жок экен, отургучтары тим эле таштай тоңуп калыптыр. Жолдон машинени токтотуп, сумкаларыбыздагы болгон жылуу кийимдерибизди алып, кат-кат кийиндик. Бирок суук жандан өтүп, такыр жылыбай койдук.
Шопур болсо суукту тоотуп да койгон жок. Бир кезде ал бизден: «Уюл жаркыроосун көрдүңөр беле?» — деп сурап калды.
Мен эч качан көргөн эмес элем, ошондуктан машинени токтоттук. Машинеден чыгып, асмандагы жаркыраган кереметтүү кубулушту көргөндө турган жериме кадалып калдым. Көз алдымдагы кол сунсаң эле жетчүдөй болгон, көшөгө сымал жазылып, кайра түрүлүп, түркүн түскө боёлгон ажайып кооз көрүнүш мени таңдандырып жатты.Таңга жуук машинебиз күрткү карга тыгылып калды. Али караңгы болчу, эшикте болсо чыкыроон аяз. Машинени эптеп чыгардык, андан кийин Хайырга жеткиче дагы бир нече жолу тыгылдык. Таң сүрүп, жарык болуп калганда гана тоңуп калган дарыянын үстү менен баратканыбызды түшүндүм! Ошентип, 16 саат жол жүргөндөн кийин түшкө маал Хайырга жеттик. Жолдо карай катуу үшүп калгандыктан ооруп калабыз го деп коркконбуз, бирок эртең менен турсак, аябай жакшы эс алып калыптырбыз. Бутумдун бармагы гана катуу сууктан улам эч нерсе сезбей калыптыр. Бирок кыштактагылар аюунун майын таап берип, бутум жакшы болуп кетти.
Адатта, жакшы кабарды адамдардын үйүнө барып айтабыз. Бирок Хайырдагылар келгенибизди угары менен өздөрү бизге келип жатышты. Эки жумадан ашык убакыт бою биз күнүгө жергиликтүү эл менен, кээде таң эртеден түн бир оокумга чейин, Ыйык Китепти изилдеп жаттык. Кудай жөнүндө билгиси келген, меймандос, жүрөгү таза адамдарды жолуктуруу биз үчүн аябай жагымдуу болду. Апалар бизге: «Биз Кудайга ишенебиз. Силердин алыстан жердин түбүнө келгениңердин өзү эле Кудайдын бар экенин далилдеп турбайбы»,— деп айтып жатышты.
Бизге жергиликтүү элдин турмушундагы өзгөчөлүктөр кызыктуу болду. Маселен, алар муздун чоң кесектерин отундай кылып үйүнүн жанына үйүп коюшат экен. Анан суу керек болгондо музду идишке салып, отко эритип алышат. Биз чир деген балыктан жасалган жергиликтүү элдин жакшы көргөн тамагынан да даам таттык. Алар балыкты тоңдуруп, аны тилке-тилке кылып туурап, идишке туз менен калемпирди аралаштырып, ага балыкты малып жешет экен. Ошондой эле алар бизге мамонттордун катып калган сөөктөрүнүн жана бактардын калдыктарын көп табышарын айтып беришти.
Мен Хайырдан Якутиянын башка айыл-кыштактарына да Ыйык Китептеги чындыктарга кызыккандарга барып турчумун. Ал жактарга көбүнчө самолёт менен барар элем. Якутиянын эли кичи пейил, боорукер келет. Бир жолу бир кичинекей бала самолёт менен учкандан коркорумду билип, мени бекемдеш үчүн открытка жасап келип берди. Ал бала кагазга эки таранчыны жана кичинекей самолётту тартып: «Саша, самолёт менен учканда кулап кетем деп коркпо! Матай 10:29»,— деп жазып коюптур. Ал аятты окуп, аябай бекемделдим. Анда Исанын таранчылар жөнүндө: «Алардын ар биринин жерге түшкөнүн асмандагы Атаңар байкап турат»,— деген сөздөрү жазылган.
Якутияда болгон кызыктуу окуяларды айта берсем, сөз түгөнбөйт. Климаты катаал, суук өлкөдө, чындап эле «жердин түбүндө», жашаган кичи пейил якут элин мен эч качан унутпайм.
[27-беттеги сүрөт]
Якут эли кичи пейил, меймандос келет