Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнөнүн акырына байланыштуу төрт суроонун жообу

Дүйнөнүн акырына байланыштуу төрт суроонун жообу

Дүйнөнүн акырына байланыштуу төрт суроонун жообу

ИСА МАШАЯК дүйнөнүн акыры келерин пайгамбарлык кылган. Ал ошол убак тууралуу: «Ошондо дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот»,— деп айткан (Матай 24:14, 21).

Иса пайгамбардын дүйнөнүн акыры тууралуу айткан сөздөрүнө жана Ыйык Китептеги ушуга байланыштуу пайгамбарлыктарга карата көптөгөн суроолор туулат. Ушул суроолорго Ыйык Китепте эмне деп жооп берилерине көңүл бурсаңар.

1 Эмненин акыры келет?

Ыйык Китепте Жер планетасынын сөздүн түз маанисинде жок болору айтылбайт. Анда: «[Кудай] жерди бекем негизге орноттуң: ал кылымдан кылымга бекем турат»,— деп жазылган (Забур 103:5). Ошондой эле Ыйык Китепте жердеги тирүү жандыктардын күйүп жок болору айтылган эмес (Ышайа 45:18). Иса пайгамбар да дүйнөнүн акырынан аман өткөндөр болорун айткан (Матай 24:21, 22). Анда Ыйык Китепте эмненин акыры жөнүндө айтылат?

Адамдардын ийгиликсиз башкаруусунун акыры келет. Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен Даниел пайгамбар: «Асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат»,— деп жазган (Даниел 2:44).

Согуштар токтоп, жерди кыйраткандар жок болот. Кудайдын кандай иштерди кылары жөнүндө Забур 45:10-аятта: «Ал жер жүзүндөгү согуштарды токтотту, жааларды талкалады, найзаларды сындырды, арабаларды өрттөп жиберди»,— делет. Андан сырткары, Ыйык Китепте Кудайдын «жерди кыйраткандарды кыйратары» айтылат (Аян 11:18).

Кылмыштуулук токтоп, адилетсиздик жок болот. Ыйык Китепте: «Жерде адил адамдар жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар өмүр сүрүшөт. Мыйзамсыздар болсо жер үстүнөн жок кылынышат, ишенимсиздер жер үстүнөн тукум курут болушат»,— делет * (Накыл сөздөр 2:21, 22).

2 Дүйнөнүн акыры качан келет?

Жахаба Кудай жамандыкты жок кыла турган жана Падышалыгы бийлик жүргүзө турган убакты белгилеп койгон (Марк 13:33). Бирок Ыйык Китепте дүйнөнүн акыры качан келери так айтылбагандыктан аны эсептеп билүү мүмкүн эмес. Иса пайгамбар: «Ал күндү жана саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт; Атам гана билет»,— деп айткан (Матай 24:36). Бирок Иса пайгамбар жана анын шакирттери дүйнөнүн акыры келгенге чейин дүйнөдө кандай абал өкүм сүрөрүн пайгамбарлык кылышкан. Дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарынын бир эле учурда, дүйнөлүк масштабда аткарылышы дүйнөнүн акырына аз калганынан кабар берет.

Адамзаттын тарыхындагы саясий, коомдук өзгөрүүлөр жана айлана чөйрөнүн булганышы. Шакирттери Исадан дүйнөнүн акыры качан келери тууралуу сурашканда, ал: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт жана жер-жерлерде жертитирөөлөр, ачарчылык болот. Булар — азап-кайгынын башталышы»,— деп жооп берген (Марк 13:8). Элчи Пабыл болсо: «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, кекирейген, бой көтөргөн, акарат келтирүүчү, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, саткын, өз дегенин бербеген, текебер, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн... адамдар болушат»,— деп жазган (2 Тиметей 3:1—5).

Жакшы кабардын дүйнө жүзү боюнча көптөгөн тилдерде таратылышы. Иса пайгамбар: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деп айткан (Матай 24:14).

3 Дүйнөнүн акырынан кийин эмне болот?

Ыйык Китепте бардык жакшы адамдардын асманда түбөлүккө жашаары айтылбайт. Тескерисинче, Иса пайгамбар Кудайдын адамзатка байланыштуу баштапкы ой-ниети аткарылары жөнүндө айтып, мындай деген: «Жумшак мүнөздүүлөр бактылуу, анткени алар жерди мурасташат» (Матай 5:5; 6:9, 10). Дүйнөнүн акыры келгенге чейин каза болгондор, Ыйык Китепте айтылгандай, тирилишет (Аюб 14:14, 15, «ЖД»; Жакан 5:28, 29). Дүйнөнүн акырынан кийин эмне болот?

Иса асмандан Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик жүргүзөт. Даниел пайгамбар мындай деп жазган: «Мен түнкү көрүнүштөрдө адам Уулуна [тирилтилген Исага] окшогон бирөөнүн асман булуттары менен келе жатканын көрдүм. Ал Күндөрү Байыркыга [Жахаба Кудайга] келди, Аны Күндөрү Байыркынын алдына алып келишти. Ошондо бардык элдер, уруулар жана улуттар Ага [Исага] кызмат кылышы үчүн, Ага бийлик, даңк жана падышачылык берилди. Анын бийлиги — өтүп кетпей турган түбөлүктүү бийлик, Анын падышачылыгы — кулагыс падышачылык» (Даниел 7:13, 14; Лука 1:31, 32; Жакан 3:13—16).

Кудайдын Падышалыгынын эли чың ден соолукта, коопсуздукта, түбөлүк өмүр сүрөт. Ышая пайгамбар: «Жаңы үйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар башка бирөө жашаш үчүн үй курушпайт, башка бирөө жеш үчүн жүзүмзар отургузушпайт»,— деп жазган (Ышайа 65:21—23). Ал эми элчи Жакан ошол убак тууралуу мындай деген: «Мына, Кудайдын чатыры адамдардын арасында. Кудай алар менен жашайт, алар анын эли болушат. Кудай өзү алар менен болот. Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:3, 4).

4 Дүйнөнүн акырынан аман калыш үчүн эмне кылышың керек?

Элчи Петир дүйнөнүн акырына жакын калган маалда жашагандардын Кудай адамдардын жашоосуна кийлигишип жамандыкты жок кылат деп айткандарды шылдыңга алары жөнүндө жазган (2 Петир 3:3, 4). Бирок ошого карабастан ал акыркы күндөрдө жашагандарды төмөнкү иш-аракеттерди кылууга чакырган.

Өткөндөн үйрөн. Элчи Петир: «[Кудай] байыркы дүйнөнү аябастан, ыймансыздардын дүйнөсүнө топон суу каптаткан. Ал эми адилдиктин кабарчысы болгон Нухту жана аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган»,— деп жазган (2 Петир 2:5). Ошондой эле Кудайдын элин шылдыңдагандар жөнүндө: «Алар баарын билип туруп, бул чындыкты көз жаздымда калтырып жатышат: мурун асман болгон, ошондой эле жер да болгон. Ал Кудайдын сөзү боюнча суудан чыгып турган жана суунун ортосунда катуу абалда болгон. Ошол убактагы дүйнө суунун астында калып, кыйратылган. Ал эми азыркы асман менен жер * ошол эле сөз боюнча отко, ыймансыз адамдар жок боло турган сот күнүнө сакталып турат»,— деген (2 Петир 3:5—7).

Кудай бекиткен адеп-ахлак нормаларына ылайык жаша. Дүйнөнүн акырынан аман калууну каалагандар «жүрүм-туруму ыйык жана Кудайга берилген адамдардан болушу» керек (2 Петир 3:11). Элчи Петирдин «жүрүм-турумдун» ыйык болушун жана «Кудайга берилгендик» көрсөтүүнү баса белгилегенине көңүл бурсаңар. Бул Кудайга ишенем деп айтып коюудан же дүйнөнүн акырына бир аз убакыт калганда гана Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн иш-аракет кылуудан да көптү билдирет.

Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн кандай иш-аракеттерди кылуу зарыл? Биз силерди бул тууралуу өзүңөрдүн билгендериңер менен Ыйык Китепте эмне делерин салыштырып көрүүгө чакырабыз. Жахабанын Күбөлөрү силерге жардам берүүгө кубанычта болот. Эгер Ыйык Китебиңер болсо, алардан бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин көрсөтүп беришин сурансаңар болот. Ушундай кылуу силерге азыр болуп жаткан жүрөктүн үшүн алган окуяларга карабай, келечекти эч нерседен коркпой ишенимдүүлүк менен күтүүгө жардам берет.

[Шилтемелер]

^ 19-абз. Петир бул жерде каймана маанидеги жер жөнүндө айткан. Ыйык Китептин башка бөлүктөрүндө да каймана маанидеги жер тууралуу айтылат. Забур 96:1де: «Теңир падышачылык кылып жатат: жер кубансын»,— деп жазылган. Жер түз мааниде «кубанбагандай» эле, кадимки Жер да жок болуп кетпейт.

[7-беттеги сүрөт]

Жер жок болуп кетпейт, аны кыйраткандар жок болот