Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ал... Кудай-Теңирине жалынды»

«Ал... Кудай-Теңирине жалынды»

Кудайга жакында

«Ал... Кудай-Теңирине жалынды»

КУДАЙДАН корккон үй-бүлөдө чоңоюп, кийин туура эмес жолго түшүп кеткен бир киши: «Мен жеткен күнөөкөрмүн»,— деп айткан. Ал өкүнүп, кайрадан Кудайдын жолуна түшүүгө аракет кыла баштаганда Кудай аны эч качан кечирбейт болуш керек деп корккон. Бирок ал Ыйык Китептин 2 Жылнаама 33:1—17-аяттарында жазылган Менаше тууралуу билдирүүнү окуп, Кудайдын ага ырайым кыларына үмүт байлаган. Эгер Кудай сенин да күнөөлөрүңдү кечирбейт деп ойлосоң, Менашенин үлгүсүнөн жубатуу ала аласың.

Менаше Кудайдан корккон үй-бүлөдө чоңойгон. Анын атасы Хиския жүйүттөрдүн көрүнүктүү падышаларынын бири болгон. Менаше атасы Хискиянын өмүрүн Кудай керемет жолу менен узарткандан үч жыл өткөндөн кийин төрөлгөн (2 Падышалар 20:1—11). Хиския падыша уулун Кудайдын ага ырайым кылгандан кийин берген белеги катары көрүп, анын чыныгы сыйынууга болгон сүйүүсүн өстүрүүгө аракет кылганы шексиз. Бирок Кудайдан корккон ата-энелердин балдары дайыма эле алардын жолун жолдой бербейт. Менаше менен так ушундай болгон.

Менаше 12 жашка чыга электе эле атасынан айрылып калган. Өкүнүчтүүсү, ал «Теңирге жакпаган иштерди кылган» (1, 2-аяттар). Жаш падышага чыныгы сыйынууну баалабаган кеңешчилер таасир эткенби? Ыйык Китепте бул тууралуу айтылбайт. Анда Менашенин жалган кудайларга сыйынып, мыкаачылык кылганы жөнүндө гана баяндалат. Ал жалган кудайларга арналган курмандык жайларын куруп, өзүнүн уулдарын курмандыкка чалган. Ошондой эле спиритизм менен алектенип, Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасына жалган кудайдын сөлөкөтүн орноткон. Менаше аны керемет жолу менен жарык дүйнөгө алып келген Жахаба Кудайдын кайра-кайра берген эскертүүлөрүн текебердик менен четке каккан (3—10-аяттар).

Акыр-аягы, Жахаба Кудай Менашенин Бабыл жерине туткундалып кетишине жол берген. Ошол жакта жүргөндө Менаше кылган иштери жөнүндө ойлонгон. Ал жардам бере албаган, жансыз буркандардын аны коргой албай турганын түшүнгөнбү? Кудайдан корккон атасынын ага бала кезинде үйрөткөн нерселери жөнүндө ойлонгонбу? Кандай болбосун, Менашенин жүрөгү өзгөргөн. Ыйык Китепте: «Ал... өз Кудай-Теңирине жалына баштады. Ошентип, ал... Кудайынын алдында толук моюн сунду. Ага сыйынды»,— деп жазылган (12, 13-аяттар). Бирок ушунчалык күнөөгө баткан кишини Кудай кечирет беле?

Менашенин чын жүрөктөн өкүнгөнү Жахаба Кудайдын жүрөгүн козгогон. Ал Менашенин ырайым көрсөтүшүн сурап жалбарганын угуп, «аны Иерусалимге, өз падышачылыгына кайра алып келген» (13-аят). Менаше өкүнгөнүн иш жүзүндө көрсөтүп, Жүйүт жериндеги өзү тургузган буркандардын баарын жок кылган жана элди «Кудай-Теңирине [Жахаба Кудайга] гана кызмат кылууга» үндөгөн (15—17-аяттар).

Эгер Кудай күнөөлөрүмдү кечирбейт деп ойлоп жүрсөң, Менаше жөнүндөгү билдирүү сени да бекемдейт. Бул билдирүүнү Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Китептен таба аласың (Римдиктер 15:4). Ооба, Жахаба кечирүүгө даяр, «ырайымдуу» Кудай экенин билишибизди каалайт (Забур 85:5). Ал адамдын кылган күнөөсүнө эмес, жүрөгүнүн абалына көңүл бурат. Күнөө кылган адам чын жүрөктөн өкүнүп Жахаба Кудайга тиленсе, жаман иштерин таштаса жана туура иштерди кылууга чечкиндүү болсо, Менашедей болуп, Кудайдын кечиримине ээ боло алат (Ышайа 1:18; 55:6, 7).