Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ар бирибизге тиешелүү маселе

Ар бирибизге тиешелүү маселе

Ар бирибизге тиешелүү маселе

АЙРЫМ окумуштуулар Эйден багы жөнүндөгү билдирүүнүн Ыйык Китептин башка бөлүктөрү менен эч кандай байланышы жок деп ырасташат. Мындай ырастоо Эйденде болгон окуяга карата айтылган каршылыктардын эң эле орчундуусу. Мисалы, диндерди изилдеген профессор Пол Моррис: «Ыйык Жазманын кийин жазылган китептеринин бир да жеринде Эйденде болгон окуя жөнүндө айтылбайт»,— деп жазган. Анын ырастоосуна башка «окумуштуулар» кошулган күндө да, мындай ырастоо далилдерге каршы келет.

Чынында, Ыйык Китепте Эйден багы, Адам ата, Обо эне жана жылан тууралуу көп жолу айтылат *. Айрым окумуштуулардын Эйден багы болгон эмес деген жаңылыш ою, анын чынында эле болгондугуна байланыштуу көптөгөн далилдерге салыштырмалуу, жокко эсе болуп калат. Диний жетекчилер жана Ыйык Китепти сындагандар Башталыш китебиндеги билдирүүнү четке кагуу менен, чынында, Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине шек саноодо. Кандайча?

Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнүү үчүн Эйден багында кандай окуя болгонун билүү абдан маанилүү. Алсак, Ыйык Жазмада адамдар жооп алгысы келген эң маанилүү суроолордун жообу камтылат. Ошол суроолордун жообу Эйден багында болгон окуя менен тыгыз байланышта экени Ыйык Китепте бир нече жолу баса белгиленет. Алардын айрымдарына токтоло кетсек.

Эмне үчүн карыйбыз жана өлөбүз? Адам ата менен Обо эне Жахаба Кудайга тил алышса, түбөлүк жашашмак. Ал эми ага каршы чыгышса — өлүшмөк. Ошентип, алар Кудайга каршы чыккан күндөн тартып өлүм жолуна түшүшкөн (Башталыш 2:16, 17; 3:19). Алар жеткилеңдиктен айрылып, урпактарына күнөө менен жеткилеңсиздикти өткөрүп беришкен. Ыйык Китепте: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кетирген»,— делет (Римдиктер 5:12).

Кудай эмне үчүн жамандыкка жол берүүдө? Шайтан Эйден багында Кудайга жалаа жаап, аны жаратууларынан жакшы нерсени жашырып жатат деп айыптаган (Башталыш 3:3—5). Ал ушундайча Жахабанын башкарууга болгон укугун талашка салган. Ал эми Адам ата менен Обо эне Шайтандын тарабын ээлөөнү тандашкан, башкача айтканда, Жахабанын башкарууга болгон укугун четке кагып, эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чечүүнү каалаарын көрсөтүшкөн. Жахаба адилеттүү жана акылман Кудай болгондуктан бул маселени чечүүнүн бир эле жолу бар экенин билген. Ал адамдарга өздөрүн өздөрү башкарууга мүмкүнчүлүк жана жетиштүү убакыт берген. Жыйынтыгында дүйнө Шайтандын таасири астында жамандыкка толуп, адамдар өздөрүн өздөрү башкарууга жөндөмсүз экени айкын болду (Жеремия 10:23).

Кудайдын жерге карата ой-ниети кандай? Жахаба Кудай Эйден багын жаратуу менен бүт жер жүзү кандай болушу керектигин көрсөткөн. Ал Адам ата менен Обо энеге укумдап-тукумдап, жер жүзүн толтурууну жана «жерди ээлеп», бүт жерди бейишке айлантууну тапшырган (Башталыш 1:28). Кудай Адам ата менен Обо эненин жеткилең урпактары менен бир үй-бүлө болуп Бейиште жашашын ниет кылган. Негизинен, Ыйык Китепте Кудайдын баштапкы ой-ниетинин аткарылышы жөнүндө көп айтылат.

Иса Машаяк эмне үчүн жерге келген? Эйденде чыккан козголоңдон улам Адам ата менен Обо эне жана алардын урпактары өлүмгө моюн сунушкан, бирок Кудай адамдарды сүйгөндүктөн аларды үмүтсүз калтырган эмес. Ал, Ыйык Китепте айтылгандай, Уулун жерге кун катары жиберген (Матай 20:28). Бул эмнени билдирет? Иса Машаяк «акыркы Адам» болгон жана Адам ата кыла албаган ишти кылган. Иса жеткилең адам катары өмүрүнүн аягына чейин Жахаба Кудайга тил алып, өмүрүн кун катары берген. Ушундайча ал Кудайга ишенимдүүлүк менен кызмат кылган адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилишине жана Адам ата менен Обо эне күнөө кетиргенге чейин кандай жеткилең болсо, ошондой жеткилең болушуна жол ачкан (1 Корунттуктар 15:22, 45; Жакан 3:16). Ооба, Иса Машаяк Кудайдын жерди Эйден багына окшогон бейишке айлантууга байланыштуу ой-ниетинин сөзсүз аткарылышына кепилдик берген *.

Кудайдын ой-ниети эч ким түшүнө алгыс же тек гана диний окуу эмес. Анын ой-ниетинин аткарылышына эч шектенбесек болот. Эйден багы, андагы жаныбарлар жана адамдар чынында эле болгондой эле, Кудайдын келечекке карата берген убадасы сөзсүз аткарылат. Сен Кудайдын ой-ниети аткарылган маалда жашагың келеби? Бул көбүнесе өзүңдөн көз каранды. Кудай Бейиште бардык адамдардын, атүгүл туура эмес иштерди кылып, жаман жолго түшүп кеткендердин да жашашын каалайт (1 Тиметей 2:3, 4).

Иса өлөр алдында аны менен бирге устунга кадалган киши менен сүйлөшкөн. Ал киши кылмышкер болгон жана өлүм жазасына тартылууга татыктуу экенин түшүнгөн. Бирок ал Исадан үмүт берерлик убада беришин суранган. Ошондо Иса эмне деп жооп берди эле? Ал: «Сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп айткан (Лука 23:43). Эгер Иса ошол кылмышкердин тирилип, Эйден багына окшогон Бейиште түбөлүк жашашын каалаган болсо, сенин да ушундай баталарга ээ болушуңду каалабайбы? Албетте, каалайт. Муну Кудай да каалайт. Эгер Бейиште жашагың келсе, анда Эйден багын жараткан Кудай жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн колуңдан келген аракетиңди кыл.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Машаяктын куткаруу курмандыгы жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 5-бөлүмүн карагыла.

НЕГИЗГИ ПАЙГАМБАРЛЫК

«Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың» (Башталыш 3:15).

Бул — Эйден багында айтылган эң биринчи пайгамбарлык. Аял, аялдын тукуму, жылан жана анын тукуму эмнени билдирет? Пайгамбарлыктагы «кастык» кандайча болгон?

ЖЫЛАН

Шайтан Ибилис (Аян 12:9).

АЯЛ

Жахаба Кудайдын периштелерден турган асмандагы уюму (Галатиялыктар 4:26, 27). Ышая пайгамбар ал «аялдан» жаңы рухий эл жараларын алдын ала айткан (Ышайа 54:1; 66:8).

ЖЫЛАНДЫН ТУКУМУ

Шайтандын эркин аткарууну каалагандар (Жакан 8:44).

АЯЛДЫН ТУКУМУ

Негизги бөлүгү Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгүнөн келген — Иса Машаяк. «Тукумга» Машаяк менен асманда бийлик жүргүзө турган анын рухий бир туугандары кирет. Кудайдын ыйык руху менен майлангандар жаңы рухий элди, «Кудайдын Ысрайылын», түзүшөт (Галатиялыктар 3:16, 29; 6:16; Башталыш 22:18).

СОГОНЧОГУ ЧАГЫЛАТ

Машаяк кыйналган, бирок түбөлүккө жок кылынган эмес. Шайтан Исаны өлтүрүү менен ийгиликке жеткен. Бирок Иса тирилтилген.

БАШЫ ЖАНЧЫЛАТ

Шайтан жок кылынат. Иса Шайтанды түбөлүккө жок кылат. Анын Эйден багында кылган жаман ишин кыйратат (1 Жакан 3:8; Аян 20:10).

Ыйык Китептин негизги темасы жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?» деген китепчени карагыла.

[11-беттеги сүрөт]

Адам ата менен Обо эне күнөөнүн кесепетин тартышкан