Кудай Адам ата менен Обо эненин күнөө кетирерин билгенби?
Кудай Адам ата менен Обо эненин күнөө кетирерин билгенби?
КӨПТӨР бул суроого чындап эле жооп алгысы келет. Эмне үчүн Кудай жамандыкка жол берген деген суроо көтөрүлгөндө, дароо эле Адам ата менен Обо эненин Эйден багында күнөө кетиргени тууралуу сөз козголот. «Кудай бардыгын билет» деген ой айрымдарды Кудайдын Адам ата менен Обо эненин ага тил албай коёрун алдын ала билсе керек деген тыянак чыгарууга түртүшү мүмкүн.
Эгер Кудай жеткилең адамдардын күнөө кетирерин чын эле алдын ала билген болсо, анда бул эмнени билдирмек? Мындай көз караш Кудайды жаман атты кылмак. Башкача айтканда, Кудай таш боор, адилетсиз жана эки жүздүү болуп калмак. Айрымдар Кудайдын Адам ата менен Обо эненин күнөө кетирерин алдын ала билип туруп, ошол жолго салып койгонун мыкаачылык деп эсептешет. Эгер ошондой болсо, тарых бою болуп келаткан жамандыктын, азап-кайгынын баарына Кудай жооптуудай көрүнмөк же кандайдыр бир деңгээлде аларга себепкер болмок. Атүгүл кээ бирөөлөргө Жараткан Кудай акылсыз иш кылгандай сезилиши мүмкүн.
Жахаба Кудай жөнүндө жогоруда айтылган терс көз караштар Ыйык Китепте айтылгандарга дал келеби? Бул суроого жооп алуу үчүн, келгиле, жаратуу иши жана Кудайдын сапаттары жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин карап көрөлү.
«Абдан жакшы экенин көрдү»
Кудайдын жаратуу иштери, анын ичинде биринчи адамдар тууралуу Ыйык Китепте: «Кудай Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көрдү»,— делет (Башталыш 1:31). Кудай Адам ата менен Обо энени жеткилең кылып жаратып, эң сонун бакчага жайгаштырган. Аларда эч кандай кемчилик болгон эмес жана алардан талап кылынган нерсени эң сонун аткара алышмак. Адам ата менен Обо эне «Кудайдын бейнеси боюнча» жаратылган болчу (Башталыш 1:27). Ошондуктан алар Кудайга таандык болгон акылмандык, туруктуу сүйүү, адилеттүүлүк деген сапаттарды кандайдыр бир деңгээлде чагылдыра алышмак жана жакшы иштерди кылууга жөндөмдүү болушкан. Ушундай сапаттарды чагылдыруу аларга туура чечимдерди чыгарууга жана Кудайдын жүрөгүн кубантууга жардам бермек.
Кудай Адам ата менен Обо энени жеткилең, ой жүгүртө ала тургандай кылып жараткандан тышкары, аларга чечим чыгаруу эркиндигин берген. Андыктан алар Кудайга жаккыдай гана жашоо өткөргүдөй программаланган роботтордой эмес болчу. Ойлонуп көрсөңөр, силерге кимдир бирөөнүн аргасыздан эле берген белеги жагат беле же чын жүрөктөн берген белеги жагымдуу болот беле? Жообу айтпаса да түшүнүктүү. Анын сыңарындай, Адам ата менен Обо эненин Кудайга өз каалоосу менен баш ийүүнү тандашканы Кудай үчүн жагымдуу болмок. Аларда тандоо эркиндиги болгондуктан Жахаба Кудайга аны сүйгөндүктөн баш ие алышмак (Мыйзам 30:19, 20).
Кудайдын акыйкаттыгы, адилеттиги жана жакшы иштери
Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын сапаттары ачылып берилет. Ал ушундай сонун сапаттарга ээ болгондуктан жаратууларын кандайдыр бир кемтик менен жаратмак эмес. Забур 32:5те: «Ал акыйкаттык менен адилеттикти сүйөт»,— делет. Ал эми Жакып 1:13тө: «Кудайды эч ким жамандык менен сынай албайт жана Ал өзү да эч кимди жамандык менен сынабайт»,— деп жазылган. Кудай адилеттүү жана камкор болгондуктан Адам атага: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың»,— деп эскерткен (Башталыш 2:16, 17). Адам ата менен Обо эне түбөлүк өмүр сүрүүнү же өлүмдү тандай алышмак. Кудайдын алардын күнөө кетирерин жана акыр-аягы жаман болуп бүтөрүн билип туруп, аларга күнөө кылбагыла деп эскерткени эки жүздүүлүккө жатып калмак эмеспи? «Акыйкаттык менен адилеттикти сүйгөн» Жахаба Кудай адамдарга жок нерсени тандоону сунуш кылмак эмес.
Мындан тышкары, Кудайдын жакшы иштери абдан көп (Забур 30:20). Бул жөнүндө айтып жатып Иса пайгамбар мындай деген: «Араңардан ким, уулу нан сураса, таш берет? Же балык сураса, жылан берет? Эгер силер күнөөкөр болуп туруп балдарыңарга жакшы белектерди берүүнү билсеңер, асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерселерди берүүнү андан бетер жакшы билет!» (Матай 7:9—11). Ооба, Кудай жаратууларына «жакшы нерселерди» гана берет. Кудайдын адамдарды эң сонун кылып жаратканы жана аларга Бейиш багын даярдап бергени Анын жакшы нерселерди бергенди жакшы көрөрүн далилдеп турат. Ааламдын Эгедери, жакшы нерселерди гана берген мээримдүү Кудай адамдардын Бейиштен куулуп чыгарыларын билип туруп, аларды ушунчалык кооз Бейишке жайгаштырат беле? Жок, акыйкаттыкты сүйгөн боорукер Жаратуучубуз Адам ата менен Обо эненин козголоңуна жооптуу эмес.
«Жалгыз акылман»
Ыйык Жазмада ошондой эле Жахаба Кудайдын «жалгыз акылман» экени айтылат (Римдиктер 16:27). Кудай жерди жана андагы нерселердин баарын жаратып жатканда, асмандагы периштелер салтанаттуу үн салып, Кудайдын чексиз акылмандыгын даңазалап турушкан (Аюб 38:4—7). Алардын Эйден багында болгон окуяларга кызыгуу менен көз салып турушканы шексиз. Анда Кудайдын кең ааламды жана сан жеткис жаратууларды жараткандан кийин күнөө кетирип жок боло турган Адам ата менен Обо энени периштелердин көз алдында жаратканы акылдуулукка жатат беле? Аягы жаман болуп бүтө турган нерсени пландаштыруу акылсыздык болору айтпаса да түшүнүктүү.
Бирок кимдир бирөө: «Ушунчалык акылман Кудай ушундай болорун кантип билбей калды?» — деши мүмкүн. Ооба, Жахаба Кудайдын «аягында эмне болорун... башынан алдын ала кабарлай» алары чексиз акылмандыгынын бир өзгөчөлүгү болуп эсептелет (Ышайа 46:9, 10). Ошентсе да ал зор күчүн толук колдоно бербегендей эле, алдын ала көрө билүү жөндөмүн да дайыма эле колдоно бербейт. Ал мындай жөндөмүн керектүү учурларда эле, тактап айтканда, зарыл болгондо же жагдайга кийлигишүү керек болгондо гана колдонот.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн заманбап технологияны мисал келтирсе болот. Кимдир бирөө алдын ала жаздырылган спорт мелдешин көрүүнү чечет дейли. Мелдеш эмне болуп бүтөрүн билип алыш үчүн, ал кааласа, алдыга түрдүрүп, акыркы бөлүгүн көрө алат. Бирок мындай кылууга милдеттүү эмес. Эгер ал мелдешти башынан баштап көрүүнү чечсе, бул үчүн аны ким жемелей алат? Ошол сыяктуу эле, Жараткан Кудай Адам ата менен Обо эненин келечеги эмне болорун алдын ала көрбөй эле коюуну чечкен. Тескерисинче, алардын кандай иш-аракет кыларын көрүү үчүн күтө турууну чечкен.
Жогоруда айтылгандай, Жахаба Кудай акылман болгондуктан Адам ата менен Обо энени алдын ала белгилеп койгон программа боюнча жашай турган роботтордой кылып жараткан эмес. Тескерисинче, аларды сүйгөндүктөн аларга чечим чыгаруу эркиндигин берген. Адам ата менен Обо эне туура жолду тандоо менен Кудайга болгон сүйүүсүн, ыраазычылыгын жана ага баш ийүүнү каалаарын көрсөтүшмөк. Натыйжада өздөрү да кубаныч алып, Жараткан Кудайдын да жүрөгүн кубантышмак (Накыл сөздөр 27:11; Ышайа 48:18).
Ыйык Китепте Кудайдын алдын ала көрө билүү жөндөмүн дайыма эле колдоно бербегенин көрсөткөн көптөгөн мисалдар бар. Мисалы, ишенимдүү Ыбрайым пайгамбар уулун курмандыкка чалып коё жаздаганда, Кудай ага: «Мен эми сенин Кудайдан коркоруңду, Мен үчүн жалгыз уулуңду да аябаганыңды билдим»,— деген (Башталыш 22:12). Мындан тышкары, Ыйык Китепте айрымдардын жаман иштери менен Кудайдын «көңүлүн оорутканы» айтылат. Эгер Кудай алардын ошондой жаман ишке барарын мурун эле билсе, анда анын жүрөгү ооруйт беле? (Забур 77:40, 41, «ЖД»; 1 Падышалар 11:9, 10).
Демек, акылман Кудай алдын ала көрө билүү жөндөмүн Адам ата менен Обо эненин күнөө кетирер-кетирбесин билүү үчүн колдонгон эмес деп жыйынтык чыгарууга болот. Ал келечекти көрө билгендиктен баарын алдын ала жаман болгудай кылып ойлонуштуруп коюп, анан адамдардын ошол жолго түшүшүн көрүш үчүн эле жараткыдай акылсыз иш кылмак эмес.
«Кудай — сүйүү»
Эйден багындагы козголоңго — азап-кайгы алып келген, адамдарды күнөө менен өлүмдүн кулчулугуна салган козголоңго — Кудайдын душманы Шайтан себепкер болгон. Шайтан ушундайча «киши өлтүргүч» болуп калган. Ошондой эле анын «жалганчы жана жалгандын атасы» экени далилденген (Жакан 8:44). Ал мээримдүү Кудайды кара ниеттик менен жаманатты кылууга бүт күчүн жумшап келет. Шайтан адамдардын күнөө кетиргенине Жахабаны күнөөлүү кылып көрсөтүүнү абдан каалайт.
Жахаба Кудайдын Адам ата менен Обо эненин күнөө кылар-кылбасын алдын ала билбей эле коюуну чечкени — анын зор сүйүүсүнүн далили. Сүйүү — Кудайдын эң негизги сапаты. 1 Жакан 4:8де: «Кудай — сүйүү»,— деп жазылган. Сүйүү — жаман эмес, жакшы сапат. Ал сапат башкалардан жакшы гана нерселерди издейт. Ооба, Жахаба Кудай Адам ата менен Обо энени абдан сүйгөндүктөн аларга жакшылык гана каалаган.
Адамдар туура эмес жолду тандаса да, сүйүүгө толгон Кудай жеткилең жаратууларына ишенбей, алардан үмүт үзүп койгон эмес. Ал аларды зарыл нерселер менен камсыз кылып, керектүү жетекчилик берип турган. Кудайдын адамдардан ага каршы чыгышын эмес, аны сүйгөндүктөн баш ийишин талап кылганы орундуу болгон. Ал Адам ата менен Обо эненин берилгендик көрсөтө аларын билген. Себеби кийинчерээк Ыбрайым, Аюб, Даниел пайгамбарлар сыяктуу жеткилеңсиз адамдардын Кудайга болгон берилгендигин сакташканы алардын да берилгендигин сактай алмактыгын далилдеп турат.
Иса пайгамбар: «Кудай үчүн баары мүмкүн»,— деп айткан (Матай 19:26). Бул сөздөр бизди жубатат. Анткени Жахабанын негизги сапаттары болгон сүйүүсү, адилеттиги, акылмандыгы жана күчү Анын күнөө менен өлүмдүн кесепетин жоё аларына жана өз убагы келгенде сөзсүз ошондой кыларына кепилдик берет (Аян 21:3—5).
Ооба, Жахаба Кудай Адам ата менен Обо эненин күнөө кыларын алдын ала билген эмес. Адам атанын баш ийбестиги жана анын кесепетинен улам адамдардын азап чегиши Кудайдын жүрөгүн ооруткан. Бирок ал убактылуу болгон ушундай жагдайдын жерге жана адамдарга карата ой-ниетинин аткарылышына тоскоол боло албай турганын билген. Кудайдын ошол ой-ниети жана анын аткарылышы силерге кандай пайдаларды алып келери жөнүндө билгиңер келеби? *
[Шилтеме]
^ 23-абз. Кудайдын жерге карата ой-ниети жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 3-бөлүмүн карагыла.
[14-беттеги кыстырма]
Кудай Адам ата менен Обо энени алдын ала программаланган роботтордой кылып жараткан эмес
[15-беттеги кыстырма]
Кудай Адам ата менен Обо эненин берилгендик көрсөтө алмактыгын билген