Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн Кудайдан билим алышыбыз керек?

Эмне үчүн Кудайдан билим алышыбыз керек?

Кудай сөзүнөн билим ал

Эмне үчүн Кудайдан билим алышыбыз керек?

Бул макалада көптөрдү ойлондурган суроолор каралат жана алардын жообун Ыйык Китептин кайсы жеринен тапса болору көрсөтүлөт. Жахабанын Күбөлөрү бул суроолорду силер менен талкуулоого кубанычта болот.

1. Эмне үчүн Кудайдан билим алышыбыз керек?

Кудайда адамзат үчүн жакшы кабар бар. Ал кабар анын Сөзүндө, Ыйык Китепте, камтылган. Ыйык Китепти асмандагы мээримдүү Кудайдын бизге жазган катына салыштырууга болот (Оку: Жеремия 29:11).

2. Жакшы кабар деген эмне?

Адамзат жакшы өкмөткө муктаж. Бир дагы бийлик адам баласын зордук-зомбулуктан, адилетсиздиктен, оорудан жана өлүмдөн арылта алган жок. Бирок жакшы нерсеге үмүттөнүүгө негиз бар. Кудай орноткон өкмөт кыйынчылыктарды, азап-кайгыны түп-тамыры менен жок кылат (Оку: Даниел 2:44).

3. Кудайдан билим алуу эмне үчүн маанилүү?

Кудай жакында жамандык кылган адамдарды жер жүзүнөн жок кылат. Бүгүнкү күндө ал миллиондогон момун адамдарды жашоонун сүйүүгө негизделген эң мыкты жолу менен жүрүүгө үйрөтүп жатат. Алар Кудайдын Сөзүнөн жашоодогу кыйынчылыктарды кантип жеңсе болорун, чыныгы бакытты кантип тапса болорун жана Кудайга кантип жакса болорун үйрөнүп жатышат (Оку: Сепания 2:3).

4. Ыйык Китептин автору ким?

Ыйык Китеп 66 майда китептен турат. Аны 40 чакты пайгамбар жазган. Алгачкы беш китебин 3500 жылдай мурун Муса пайгамбар жазган. Ал эми акыркы китеби 1900 жылдан ашуун убакыт мурун элчи Жакан тарабынан жазылган. Бирок Ыйык Китепти жазууга катышкандар өздөрүнүн эмес, Кудайдын ойлорун жазышкан. Демек, Ыйык Китептин автору — Кудай (Оку: 2 Тиметей 3:16; 2 Петир 1:21).

Биз Ыйык Китептин автору Кудай экенине шектенбейбиз, анткени анда келечекке карата айтылган пайгамбарлыктар майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. Бир да адам мындай кыла албайт (Ышайа 46:9, 10). Ошондой эле Ыйык Китептен Кудайдын сапаттары жөнүндө биле алабыз. Кудайдын Сөзү адамдарды жакшы жакка өзгөртө ала турган күчкө ээ. Ушундай далилдерден улам миллиондогондор Ыйык Китептин автору, чынында эле, Кудай экенине ынанышкан (Оку: Жашыя 23:14; 1 Тесалоникалыктар 2:13).

5. Ыйык Китепти кантип түшүнүүгө болот?

Иса пайгамбар Кудайдын Сөзүн эң мыкты окуткан адам катары белгилүү болгон. Ал окуткан адамдардын көбү Ыйык Китепти билишсе да, алар аны түшүнүүдө жардамга муктаж болушкан. Иса аларга жардам берүү үчүн Ыйык Жазмадагы аяттардан цитата келтирип, алардын маанисин түшүндүрүп берчү. Бул рубрикада ошондой эле ыкма колдонулат (Оку: Лука 24:27, 45).

Кудайдын адамзатка байланыштуу ой-ниети жөнүндө окуп билүү чоң кубаныч тартуулайт. Айрымдар сенин Ыйык Китепти окуп жатканыңды жактырбашы мүмкүн. Бирок көңүлүңдү чөгөрбө. Түбөлүк өмүр сүрүүгө болгон үмүтүң Кудай жөнүндө билим алуудан көз каранды экенин унутпа (Оку: Матай 5:10—12; Жакан 17:3).

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бул китептин 2-бөлүмүн карагыла.