Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайсы учурларда уктабаш керек?

Кайсы учурларда уктабаш керек?

Балдарыңарды үйрөткүлө

Кайсы учурларда уктабаш керек?

САБАК учурунда уктабаш керектигин билет болушуң керек. Бирок көп балдар сабак учурунда уктап калышат. Эгер сабак учурунда уктап калсаң, эч нерсени түшүнбөй каласың. Балким, сен Жахабанын Күбөсүдүрсүң жана жыйналыштарга барып тураттырсың. Андыктан жыйналышта отурганда да уктабашың керек.

Уктап калбаганга эмне жардам берет деп ойлойсуң? ~ * Ал үчүн эрте жатыш керек. Түштө да бир аз уктап алган жакшы. Кел анда, бир жолу Кудайдын Пабыл деген кызматчысы элге Кудай жөнүндө айтып берип жатканда, аны угуп отуруп уктап калган бала жөнүндө окуп көрөлү. Ал окуя Ыйык Китептеги Элчилер китебинин 20-бөлүмүнүн 7—12-аяттарында жазылган.

Пабыл Троас деген шаарга барып, ошол жактагы жыйналыштагыларга Кудайдын сөзүн айтып берип жаткан. Ал «эртеси күнү жолго чыкмак». Ошон үчүн алар менен «түн ортосуна чейин» сүйлөшкөн болчу. Ыйык Китепте: «Пабыл сүйлөп жатканда, терезеде отурган Эйтик деген жаш жигит катуу уктап кеткен»,— деп айтылат. Анан эмне болгон деп ойлойсуң? ~

Эйтик «үчүнчү кабаттан кулап түшөт». Ошондо Пабыл менен анын жанындагылар ылдый көздөй чуркап жөнөшөт. Алар барышса, бала өлүп калган болот! Анын өлүп калганын көргөндө алар кандай абалда болушкан деп ойлойсуң? ~ Пабыл Эйтиктин жанына барып, аны кучактайт. Анан сүйүнүп: «Ызы-чуу салбагыла, бала тирүү»,— деп айтат. Анткени Пабыл Кудайдын жардамы менен Эйтикти тирилткен!

Эйтик менен болгон окуядан Кудай жөнүндө эмнени биле алабыз? ~ Жахаба Кудай чоң кишилерди да, жаш балдарды да тирилте алат. Ал сени, апаң менен атаң кандай жакшы көрсө, ошондой эле жакшы көрөт. Иса пайгамбар да жерде жүргөндө, кичинекей балдарды аябай жакшы көрүп, аларды кучактап, эркелетчү. Ушундай кылуу менен ал Жахаба Кудайдын балдарды аябай жакшы көрөрүн көрсөткөн. Ошондой эле 12 жаштагы бир кызды жана башка жаш балдарды тирилткен.

Жахаба Кудайдын сени аябай жакшы көргөнү сага эмне кылганга түрткү берет? ~ Ооба, анын бизди жакшы көргөнү бизге аны да жакшы көргөнгө жана ага баш ийгенге түрткү берет. Кудайды жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтсөк болот? ~ Биз аны жакшы көрөрүбүздү билдирип турушубуз керек. Иса пайгамбар Кудайды «жакшы көрөрүн» айткан. Бирок ал жакшы көрөм деп эле айтып койгон эмес. Ал жакшы көрөрүн туура иштерди кылуу менен көрсөткөн.

Иса пайгамбар дайыма Кудайга баш ийген. Ал: «Мен ар дайым ага жакканды кылам»,— деп айткан. Эгер биз да Жахаба Кудайга жаккыбыз келсе, сабакта жана жыйналышта отурганда уктабашыбыз керек.

Ыйык Китептен төмөнкү аяттарды оку

Элчилер 20:7—12

Лука 8:49—56

Жакан 8:29; 14:31

[Шилтеме]

^ 4-абз. Макаланы балдарыңар менен окуй турган болсоңор, толкун сызык (~) турган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.