Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыбрайым ким болгон?

Ыбрайым ким болгон?

Ыбрайым ким болгон?

ДҮЙНӨ жүзүндөгү диндерге күчтүү таасир этип, тарыхта из калтырган бир нече киши болгон. Ошондой кишилердин бири — Ыбрайым пайгамбар *. Иудаизм динин туткандар, мусулмандар жана христиандар аны Кудайга бекем ишенген улук киши катары көрүшөт. Ыйык Китепте ал пайгамбар тууралуу: «Бардык ишенгендердин атасы»,— деп айтылат (Римдиктер 4:11).

Көптөр эмне үчүн Ыбрайым пайгамбарды улук киши катары көрүп, урматташат? Мунун бир себеби Ыйык Китепте жалгыз гана Ыбрайым пайгамбар Кудайдын досу деп айтылат (2 Жылнаама 20:7; Ышая 41:8; Жакып 2:23).

Бирок Ыбрайым пайгамбар биз сыяктуу эле пенде болгон. Ал биздикиндей эле кыйынчылыктарды башынан кечирип, аларды көтөрүп кете алган. Ага эмне жардам берген деп ойлойсуңар? Келгиле, Ыйык Китепте ал жөнүндө эмнелер жазылганын карап көрөлү.

Тек жайы

Ыбрайым пайгамбар б.з.ч. 2018-жылы төрөлүп, Ур шаарында чоңоюп-өскөн (Башталыш 11:27—31). Ур шаары абдан гүлдөгөн ири шаар болгон. Ал шаардын тургундары жалган кудайларга сыйынышчу. Ыбрайым пайгамбардын атасы Терах да, кыязы, жалган кудайларга сыйынган киши болгон (Жашыя 24:2). Ал эми Ыбрайым пайгамбар бир гана Жахаба * Кудайга сыйынган.

Жахаба Кудай жөнүндө ал каяктан билген? Ал төрөлгөн кезде Нух пайгамбардын уулу Шемдин көзү тирүү болчу. Шем ошондон 150 жыл өткөндөн кийин көз жумган. Көп жашап, көптү көргөн Шем Ыбрайымга дүйнө жүзүн каптаган Топон суудан кантип аман калганын айтып берсе керек. Ошондой эле аны үй-бүлөсү менен Топон суудан аман алып калган Жахаба Кудай жөнүндө жана ага сыйынуу канчалык маанилүү экенин айтып берген болуш керек.

Ыбрайым пайгамбар чыныгы Кудай жөнүндө Шемден укканбы же башка бирөөдөнбү, уккан-билгендеринин баарын жүрөгүнө түйүп алган. «Жүрөктөрдү... изилдеген» Жахаба Кудай Ыбрайымга көңүл буруп, андан жакшы бир нерсени байкаган жана жакшы сапаттарын андан ары да өрчүтүүгө жардам берген (Накыл сөздөр 17:3; 2 Жылнаама 16:9).

Жашоосу

Ыбрайым пайгамбар көп эле кыйынчылыктарга кабылган, ошентсе да жашоосу маңыздуу, кызыктуу өткөн. Келгиле, анын жашоосунда болгон бир нече окуяга токтололу.

Кудай Ыбрайым пайгамбарга киндик каны тамган Ур шаарын калтырып, ал көрсөтө турган жерге көчүп барууну айткан. Жубайы Саара экөө каякка барарын жана ал жакка эмне үчүн барышы керектигин түшүнүшпөсө да, Кудайга баш ийип, ал айткандай кылышкан. Алар Канаан жерине көчүп барып, келгин болуп өмүр бою чатырларда жашашкан (Элчилер 7:2, 3; Еврейлер 11:8, 9, 13).

Экөөнүн балдары жок болсо да, Жахаба Кудай Ыбрайым пайгамбарга андан улуу эл чыгарарын убадалаган. Ошондой эле жер жүзүндөгү элдер Ыбрайым аркылуу бата аларын айткан (Башталыш 11:30; 12:1—3). Кудай убадасын кийинчерээк дагы бир жолу кайталап, анын урпактары асмандагы сансыз жылдыздардай көп болорун айткан (Башталыш 15:5, 6).

Ыбрайым пайгамбар 99га, ал эми Саара 90го таяп калганда, Жахаба Кудай аларга уулдуу болорун убадалаган. Бул аларга мүмкүн эместей сезилген, бирок көп өтпөй эле «Жахаба кыла албаган» эч нерсе жок экенине ынанышкан (Башталыш 18:14). Ошондон бир жыл өткөндөн кийин, Ыбрайым пайгамбар 100 жашка чыкканда, уулдуу болуп, ага Ыскак деген ат койгон (Башталыш 17:21; 21:1—5). Ыскак төрөлгөндө, Кудай ал аркылуу бүт адамзат бата аларын убада кылган.

Ошондон көп жыл өткөндөн кийин Кудай Ыбрайым пайгамбарга ал күтпөгөн нерсени кылууну — үйлөнө элек, балалуу боло элек Ыскакты курмандыкка чалууну — буйруган *. Ошондо жалгыз уулунан айрыларын ойлоп, Ыбрайымдын жүрөгү канап, катуу кайгырганы шексиз. Ошентсе да ал Кудайдын тилин алып, Ыскакты курмандыкка чалууга даяр болгон. Ыбрайым пайгамбар Кудайдын, өз убадасын ишке ашырыш үчүн, зарыл болсо, Ыскакты кайра тирилтүүгө кудурети жетерине бекем ишенген (Еврейлер 11:19). Бирок Ыбрайым уулун мууздаш үчүн колуна чоң бычакты алганда, Кудай аны токтотуп калган. Анан аны тил алып, баш ийгени үчүн мактап, мурун айткан убадасын дагы бир жолу кайталаган (Башталыш 22:1—18).

Ыбрайым пайгамбар 175 жыл жашаган. Ыйык Китепте: «Ал узак жашап, өмүргө тоюп көз жумду»,— деп айтылат (Башталыш 25:7, 8). Ошентип, Кудайдын Ыбрайым пайгамбарга айткан: «Узак өмүр сүргөндөн кийин тынчтыкта көз жумасың»,— деген убадасы аткарылган (Башталыш 15:15).

Бизге кандай «мурас» калтырган?

Ыбрайым пайгамбар байыркы убакта жашап өткөн, тек гана тарыхта из калтырган киши болгон эмес. Андан бери канча кылым өтсө да, Ыбрайым пайгамбардан көп нерсеге үйрөнсөк болот (Еврейлер 11:8—10, 17—19). Келгиле анда, анын төрт сапатын карап көрөлү. Адегенде, көптөргө белгилүү болгон сапатына — Кудайга болгон ишенимине — токтололу.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Башында анын аты Ыбрам, ал эми жубайынын аты Сара болчу. Кийин Кудай Ыбрамдын атын Ыбрайым деп өзгөрткөн. Бул ысымдын мааниси «көптүн атасы» дегенди билдирет. Сараныкын болсо Саара деп өзгөрткөн. Анын мааниси «каныша» дегенди билдирет (Башталыш 17:5, 15). Жөнөкөй болушу үчүн бул катар макалаларда алардын Ыбрайым жана Саара деген ысымдары колдонулат.

^ 6-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

^ 14-абз. 23-беттеги «Окурмандардын суроолору» рубрикасындагы «Кудай эмне үчүн Ыбрайымга уулун курмандыкка чалууну айткан?» деген теманы карагыла.

[4-беттеги кутуча]

Ыйык Китептеги көрүнүктүү инсан

Ыйык Китептин биринчи он бөлүмүндө Кудайга бекем ишенген Абыл, Энох, Нух деген кишилердин жашоосу жөнүндө айтылат. Ал эми кийинки 15 бөлүмдө жалаң Ыбрайым пайгамбардын жашоосу жөнүндө баяндалат.

Андан сырткары, Ыйык Китепте Ыбрайым пайгамбардын жашоосуна байланыштуу маанилүү нерселер жазылган. Алар төмөнкүлөр:

Кудай өзүнүн кызматчылары үчүн «Калкан», тагыраак айтканда, Коргоочу болору биринчи жолу айтылат (Башталыш 15:1; кара: Мыйзам 33:29; Забур 115:9; Накыл сөздөр 30:5).

▪ Кудайга ишенүү жөнүндө биринчи жолу айтылат (Башталыш 15:6).

▪ пайгамбар деген сөз биринчи жолу кездешет (Башталыш 20:7).

ата-эненин баласына болгон сүйүүсү жөнүндө биринчи жолу айтылат (Башталыш 22:2).