Армагедон жөнүндө айрымдар эмне дешет?
Армагедон жөнүндө айрымдар эмне дешет?
«Алар падышаларды еврейче Армагедон деп аталган жерге чогултушту» (АЯН 16:16).
«АРМАГЕДОН» деген сөздү укканда эмнени элестетесиңер? Балким, көз алдыңарга кандайдыр бир алааматта адамдардын баары кырылып жатканы тартылаттыр. Бул сөз Ыйык Китепте бир эле жолу кездешсе да, ал тууралуу маалымат каражаттарынан жана диний жетекчилердин оозунан угуп калабыз.
Адамдардын Армагедон жөнүндөгү түшүнүгү Ыйык Китепте айтылгандарга дал келеби? Бул суроого жооп алганыбыз маанилүү. Анткени Армагедон чынында эмне экенин билип алсак, эртеңки күндү ойлоп коркпостон, келечекке үмүт менен карайбыз жана Кудай тууралуу чындыкты билебиз.
Келгиле, төмөндөгү үч суроого токтолуп, адамдардын Армагедон жөнүндөгү түшүнүгүн Ыйык Китепте айтылгандарга салыштырып көрөлү.
1. АРМАГЕДОН АДАМДАРДЫН АЙЫНАН БОЛОБУ?
Журналисттер менен окумуштуулар адамдардын туура эмес иш кылганынын натыйжасында болгон кырсыктарды көбүнчө «Армагедон» деп атап коюшат. Мисалы, биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуш Армагедон деп сүрөттөлгөн. Ошол согуштардан кийин көптөр Кошмо Штаттар менен Советтер Союзу бири-бирине атомдук бомба таштайт деп чочулашкан. Массалык маалымат каражаттарында кайсы убакта болбосун тутанып кетиши мүмкүн болгон ал согуш «термоядролук Армагедон» деп аталып калган. Ошондой эле бүгүнкү күндө айлана-чөйрөнүн, абанын булганышынан улам жердин климаты кескин өзгөрүп кетет деп тынчсызданган окумуштуулар алдыда «климаттык Армагедон» болот деп эскертүүдө.
Алардын айткандары эмнени билдирет? Жер бетиндеги бардык тирүү жандардын келечеги адамдардын колунда. Эгер дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр туура иш-аракет кылып, чара көрүшпөсө, жер кыйратылып, калыбына келгис болуп калат.
Ыйык Китепте эмне делет? Кудай адамдардын жерди талкалап салышына жол бербейт. Ыйык Китепте Жахаба Кудай * жерди «куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн» жаратканы айтылат (Ышая 45:18). Кудай жердин адамдардын айынан таптакыр талкаланып калышына жол бербейт, ал «жерди кыйраткандарды кыйратат» (Аян 11:18).
2. АРМАГЕДОН ТАБИГЫЙ КЫРСЫКПЫ?
Чоң табигый кырсыктар тууралуу айтканда журналисттер кээде «Армагедон» деген сөздү колдонушат. Алсак, 2010-жылы Гаитиде болгон жер титирөөнү «Гаитидеги „Армагедон“» деп аташкан. Өлкөнүн таш-талканын чыгарган ал катуу жер титирөөдөн көп кишинин өмүрү кыйылган, үйлөр талкаланган жана миңдеген адамдар азап чеккен. Андан тышкары, кабарчылар жана кино тарткандар болуп өткөн окуяларды эле эмес, келечекте болот деп корккон каргашалуу окуяларды да «Армагедон» деп коюшат. Мисалга ала турган болсок, жерге асмандан астероид түшкөндө, жерде кандай кыйратуу болушу мүмкүн экенин сүрөттөө үчүн алар «Армагедон» деген сөздү колдонушат.
Алардын айткандары эмнени билдирет? Армагедон — бардык адамдардын, жакшы да, жаман да адамдардын өмүрүн алып кете турган алаамат. Ал алааматтан качып кутула албайсың.
Ыйык Китепте эмне делет? Армагедондо жаманы да, жакшысы да, баары бирдей кырылып калбайт. Армагедондо жаман адамдар гана жок болот. Жакында Кудайдын Ыйык Китепте жазылган: «Ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың»,— деген убадасы аткарылат (Забур 37:10).
3. АРМАГЕДОНДО КУДАЙ ЖЕРДИ ТАЛКАЛАЙБЫ?
Көптөгөн динчил адамдар жамандык менен жакшылыктын ортосунда болгон согушта Жер планетасы кыйратылып жок болот деп ойлошот. Америка Кошмо Штаттарында бир институт тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодон адамдардын 40 пайызы жер «Армагедондо болгон согушта» кыйратылат деп ишенери айкын болгон («Princeton Survey Research Associates»).
Алардын айткандары эмнени билдирет? Адамдар түбөлүк жашаш үчүн жаратылган эмес, жер да түбөлүк турбайт. Кудай адамдардын баарын кайсы бир убакта өлө тургандай кылып жараткан.
Ыйык Китепте эмне делет? Ыйык Китепте Кудайдын «жерди бекем пайдубалга орноткону» жана «ал кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбой» турары айтылат (Забур 104:5). Ал эми жердин тургундары жөнүндө: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп жазылган (Забур 37:29).
Ооба, Армагедон жөнүндө Ыйык Китепте айтылгандар ал тууралуу кеңири таралган ар кандай божомолдоолорго каршы келет. Анда, чынында, Армагедон деген эмне?
[Шилтеме]
^ 9-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.