Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Муса пайгамбар момун болгон

Муса пайгамбар момун болгон

МОМУНДУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Момун киши текеберденбейт, менменсинбейт. Ошондой эле өзүн башкалардан жогору койбойт. Адам баласы пенде болгондуктан мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин унутпашы керек.

МОМУН ЭКЕНДИГИН КАНТИП ДАЛИЛДЕГЕН?

Муса пайгамбар бийликке ээ болгондо текеберденип кеткен эмес. Адатта, адамга анча-мынча бийлик берилгенде, анын момун же момун эмес экендиги айкын болот. 19-кылымда жашаган Роберт Г. Ингерсолл деген жазуучу: «Адамдын кандай экендиги башына кыйынчылык түшкөндө билинбеши мүмкүн. Анын кандай экенин билиш үчүн ага бийлик бериш керек»,— деген. Момун болуу жагынан Муса пайгамбар эң сонун үлгү калтырган.

Кудай Муса пайгамбарга ысрайыл элин баштап жүргөнгө зор бийлик берген. Бирок ал бийлигине чиренип, бой көтөрүп кеткен эмес. Эмесе, келгиле, анын мурас бөлүштүрүүгө байланыштуу бир татаал маселени кантип чечкенин карап көрөлү (Сандар 27:1—11). Ал чынында эле олуттуу маселе болгон, себеп дегенде ага байланыштуу чыгарылган чечим кийин ошо сыяктуу маселелердин чечилишине да таасир этмек.

Муса пайгамбар эмне кылган? Ал ысрайыл элинин башчысы болгондуктан ал маселени жалгыз өзү чечкенге аракет кылды беле? Жөндөмүнө, тажрыйбасына же Жахаба Кудай менен бетме-бет сүйлөшүп, аны башкаларга караганда жакшы билгенине таянды беле?

Балким, текебер адам болсо, ошондой кылмак. Бирок Муса пайгамбар анткен эмес. Ыйык Китепте: «Муса бул тууралуу Жахабага айтты»,— делет (Сандар 27:5). Элестетип көрсөңөр, ысрайыл элин жетектеп жүргөнүнө 40 жыл болсо да, ал өзүнө эмес, Жахаба Кудайга таянган. Мындан анын чынында эле момун болгонун биле алабыз.

Муса пайгамбар бийликке жалгыз өзүм ээ болушум керек деген ойдо болуп, ичи тардык кылган эмес. Жахаба Кудай башка ысрайылдыктарга пайгамбарлык кылганга рух бергенде, ал кубанган (Сандар 11:24—29). Ал эми кайын атасы ага милдетин аткарууга жардам бере турган эркектерди дайындашын кеңеш кылганда, дароо анын айтканындай кылган (Чыгуу 18:13—24). Ал көз жумарда алдан күчтөн тая элек, көзүнүн курчу кете элек болчу. Ошентсе да Жахаба Кудайдан өзүнөн кийин элди жетектеп жүрө турган кишини дайындашын өтүнгөн. Жахаба Кудай Жашыяны тандаганда, Муса пайгамбар, Жашыя жаш болсо да, аны чын жүрөктөн колдогон. Элди болсо Кудай убада кылган жерге баштап бара турган Жашыяга баш ийгенге үндөгөн (Сандар 27:15—18; Мыйзам 31:3—6; 34:7). Муса пайгамбар ысрайыл элинин Кудайга болгон ишенимин бекемдеп, элди жетектеп жүрүүнү сыймык катары көргөнү шексиз. Бирок ал эч качан өзүнүн бийлигин элдин жыргалчылыгынан жогору койгон эмес.

КАНДАЙ ҮЛГҮ АЛСАК БОЛОТ?

Биз да эч качан жөндөмүбүздөн, ээ болгон бийлигибизден улам бой көтөрүп кеткибиз келбейт. Жахаба Кудайга кызмат кылууда жөндөмдүү болгонубузга караганда момун болгонубуз маанилүү (1 Шемуел 15:17). Эгер чындап момун болсок, Ыйык Китептеги: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа»,— деген кеңешке ылайык иш кылганга умтулабыз (Накыл сөздөр 3:5, 6).

Муса пайгамбардан ээлеген абалыбызга, бийлигибизге өтө көп маани бербегенге да үйрөнө алабыз.

Андан үлгү алсак, жыйынтыгы кандай болот? Момундук сапатын өрчүтсөк, башкаларга биз менен мамилелешүү жеңил болот жана алар бизди чындап жакшы көрө алышат. Андан да маанилүүсү, бул сонун сапатка ээ болгон Жахаба Кудай да бизди сүйөт (Забур 18:35). «Кудай бой көтөргөндөргө каршы, ал эми момундарга ырайым кылат» (1 Петир 5:5). Андыктан момун болуу жагынан Муса пайгамбардан үлгү алганыбыз абдан маанилүү!