Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Шайтан кантип пайда болгон?

Кудай Шайтанды жараткан эмес. Ал башында периште болчу, кийин Шайтан болуп кеткен. Иса пайгамбар Шайтандын бир убакта Кудайга ишенимдүү кызмат кылган күнөөсүз периште болгонун айткан. Ырас, Шайтан башында адил периште болгон. (Окугула: Жакан 8:44.)

Периште кантип Шайтан болуп калган?

Шайтан болуп кеткен периште Кудайга каршы чыккан. Ошондой эле Адам ата менен Обо энени азгырган. Ушундайча ал өзүн өзү Шайтан кылган. «Шайтан» деген сөз «душман» дегенди билдирет. (Окугула: Башталыш 3:1—5; Аян 12:9.)

Кудай жараткан башка аң-сезимдүү периштелердей эле, Шайтан туура же туура эмес иш кылууну өзү чече алмак. Бирок ал баарынын ага сыйынышын каалаган. Бул каалоосу Кудайга жагууга болгон каалоосунан күчтүү болгон. (Окугула: Матай 4:8, 9; Жакып 1:13, 14.)

Шайтан азыркы күнгө чейин адамдарды кантип азгырып келет? Биз андан коркушубуз керекпи? Бул суроолорго Ыйык Китептен жооп ала аласыңар.