Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса Машаяк аркылуу өмүр алабыз!

Иса Машаяк аркылуу өмүр алабыз!

ИСА ПАЙГАМБАРДЫН тирилгени байыркы убакта болгон, бизге тиешеси жок окуя эмес. Анын биз үчүн кандай мааниге ээ экени жөнүндө элчи Пабыл мындай деген: «Машаяк тирилген. Ал өлүм уйкусуна кеткендердин арасынан биринчи түшүм катары тирилген. Өлүм адам аркылуу келгендей эле, өлгөндөрдүн тирилиши да адам аркылуу болот. Анткени Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле, Машаяк аркылуу баары өмүр алышат» (1 Корунттуктар 15:20—22).

Иса пайгамбар б.з. 33-жылы, еврей календары боюнча, нисан айынын 16сында тирилген. Ошол күнү жүйүттөр Иерусалимдеги ибадатканага буудайдын биринчи түшүмүн алып келип, Жахаба Кудайга тартуу кылышчу. Элчи Пабылдын Иса Машаякты биринчи түшүм деп атаганы башкалардын да тирилерин көрсөтүп турат.

Анын кийинки сөздөрүнөн Иса пайгамбардын тирилгени эмнеге жол ачканын билүүгө болот. Ал: «Өлүм адам аркылуу келгендей эле, өлгөндөрдүн тирилиши да адам аркылуу болот»,— деген. Адам атадан күнөө менен жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүктөн, баарыбыз өлөбүз. Бирок Иса Машаяктын өмүрүн кун катары бергенинин аркасында адамзатка күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонууга жол ачылган. Элчи Пабыл: «Күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр»,— деген (Римдиктер 6:23).

Иса пайгамбар өзү да анын өлүмү жана тирилгени биз үчүн кандай мааниге ээ экенин түшүндүргөн. Ал өзү жөнүндө мындай деген: «Адам Уулу да жогору көтөрүлүшү керек. Ошондо ага ишенгендердин ар бири түбөлүк өмүргө ээ болот. Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:14—16).

Оору, азап-кайгы, муң-зар болбогон жашоону элестетип көрсөңөр! (Аян 21:3, 4). Бизди кандай сонун келечек күтүп турат! Бир окумуштуу ушуга байланыштуу мындай деген: «Мүрзөлөр өмүрдүн канчалык кыска экенин эске салса, тирилүү өлүмдүн жок болоруна кепилдик берет». Ооба, Иса пайгамбардын тирилгени өмүргө жол ачкан!