Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 БАЛДАРЫҢАРДЫ ҮЙРӨТКҮЛӨ

Кудайды капа кылбай, канткенде кубанта алабыз?

Кудайды капа кылбай, канткенде кубанта алабыз?

Катуу капа болуп, ыйлаган учуруң болду беле? ~ * Андай учурлар баарыбызда эле болот. Кээде көңүлүбүз чөккөндө ыйлайбыз. Мисалы, кимдир бирөө калп айтып, бизди жамандашы мүмкүн. Ошондо аябай жаман болобуз, ээ? ~ Башкалар калп айтып, Кудайды жамандашканда, анын да жүрөгү ооруйт. Кел анда, ушу жөнүндө жана Кудайды капа кылбай, канткенде кубанта аларыбыз жөнүндө окуп көрөлү.

Ыйык Китепте Кудайды жакшы көрөбүз деп коюп, анын «көңүлүн ооруткан» адамдар жөнүндө айтылат. Алар Кудайды «кейитишкен»! Эмесе, кел, Кудайдын айткандарын аткарбай койсок, анын эмне үчүн капа болорун билели.

Жахаба Кудай эң биринчи жараткан эки адам аны аябай капа кылган. Кудай аларды «Эйден багы» деп аталган Бейишке жайгаштырган. Алардын ким болгонун билесиңби? ~ Ооба, Адам ата жана андан кийин жаралган Обо эне болчу. Кел анда, алардын Кудайды кантип капа кылышканын карап көрөлү.

Жахаба Кудай аларга Эйден багын карап, кеңейтүүнү тапшырган. Ошондой эле укумдап-тукумдап, Бейиште түбөлүк жашаарын айткан. Бирок Адам ата менен Обо эне балалуу болгонго чейин бир жаман окуя болгон. Ал кандай окуя экенин билесиңби? ~ Бир периште биринчи Обо энени, кийин Адам атаны Жахаба Кудайга каршы чыгууга түрткөн. Кел, мунун кандайча болгонун окуп көрөлү.

Ал периште жыланды сүйлөп жаткандай кылып көрсөткөн. Обо энеге анын: «Кудайдай болосуңар»,— деп айтканы жаккан. Ошондуктан  ал жылан айткандай кылган. Анын эмне кылганын билесиңби? ~

Обо эне Жахаба Кудай жебегиле деп тыюу салган дарактын жемишинен жеген. Кудай Обо энени жарата электе Адам атага: «Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот. Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деп айткан.

Обо эне Кудайдын бул буйругун билген. Бирок ал даракты улам-улам карай берген жана «дарактын жакшы экенин, көзгө жагымдуу көрүнүп, өзүнө тартып турарын көргөн». Ошондуктан «анын жемишинен алып жеген». Анан Адам атага да берген, ошентип, «ал да жеген». Адам атанын эмне үчүн жегенин билесиңби? ~ Анткени ал Жахаба Кудайга караганда Обо энени көбүрөөк сүйгөн. Ал Кудайга эмес, аялына жаккысы келген. Бирок кимдир бирөөгө баш ийүүгө караганда Кудайга баш ийүү абдан маанилүү!

Обо эне менен сүйлөшкөн жылан эсиңдеби? Адамдар куурчакты сүйлөп жаткандай кылып көрсөтө алат. Ошо сыяктуу эле, бир периште жыланды сүйлөп жаткандай кылып көрсөткөн. Анда ал периште ким эле? ~ Шайтан Ибилис деп аталган «байыркы жылан».

Жахаба Кудайды кантип кубанта аларыңды билесиңби? ~ Дайыма ага жакканга аракет кылсаң, аны кубантасың. Шайтан адамдардын баарын азгырып кете аларын айткан. Ошондуктан Жахаба Кудай бизге: «Уулум [же кызым], акылдуу бол, жүрөгүмдү кубант. Ошондо мени жаманатты кылганга жооп берем»,— дейт. Шайтан Кудайды жамандап келет. Ал адамдардын баарын Кудайдын жолунан буруп кете аларын айткан. Ошондуктан Жахаба Кудайдын тилин алып, ага кызмат кылсаң, аны кубантасың! Ушундай кылганга аракет кыласыңбы? ~

^ абз. 3 Макаланы балдарыңар менен окусаңар, толкун сызык (~) коюлган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.