Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

«Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»

«Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»

Силер кандай белек алганда өзгөчө кубанасыңар! Албетте, кимдир бирөө өзүн милдеттүү сезгендиктен эмес, бизди сүйгөндүктөн белек бергенде, абдан сүйүнөбүз. Ооба, биз үчүн адамдын белекти кандай ниет менен бергени маанилүү. Баарынан да буга Кудай өзгөчө көңүл бурат. Келгиле, 2 Корунттуктар китебинин 9-бөлүмүнүн :7-аятындагы элчи Пабылдын айткандарын карап чыгалы.

Ал ошол сөздөрдү эмне үчүн жазган? Иса Машаяктын Корунт шаарындагы жолдоочуларын Жүйүт аймагындагы муктаж болуп турган ишенимдештерине акча-каражат жагынан жардам берүүгө үндөгүсү келген. Элчи Пабыл аларды мажбурлады беле? Жок, ал: «Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— деген. Эмесе, ушул сөздөрдү кылдат талдап көрөлү.

«Жүрөгүндө кандай чечсе». Элчи Пабылдын айткандарына ылайык, Иса Машаяктын жолдоочусу «жүрөгүндө» кандай чечсе, ошого жараша иш кылат. Ал ишенимдештеринин эмнеге муктаж экени жөнүндө ойлонот. Бир окумуштуу «чечүү» деп которулган түп нускадагы сөздүн «алдын ала ойлонуу» деген маанини камтый турганын айткан. Андыктан Кудайдын кызматчылары ишенимдештеринин эмнеге муктаж экени жана аларга жардам бериш үчүн эмне кыла алары тууралуу ой жүгүртөт (1 Жакан 3:17).

«Кыйылып же аргасыздан эмес». Элчи Пабыл бир нерсени кыйылып же аргасыздан берүү туура эмес экенин айткан. «Кыйылуу» деп которулган грек тилиндеги сөздүн мааниси «кайгыруу» дегенди билдирет. Бир эмгекте түшүндүрүлгөндөй, кыйылып же аргасыздан берген киши «акчасына ичи ачышып, кайгырат». Ал өзүн милдеттүү сезгендиктен гана берет. Андай адамдын белегин эч ким алгысы келбейт.

«Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт». Бул сөздөргө ылайык, Иса Машаяктын жолун жолдогон адам бир нерсе берүүнү чечсе, кубаныч менен бериши керек. Ал чын ниеттен бергенде гана бактылуу болот (Элчилер 20:35). Кубанып берген кишинин кубанычы башкаларга байкалып турат. Чынында, «кубаныч менен бергендер» деген грек тилиндеги сөздөр кишинин ичинен кубанганын да, кубанганын жашыра албай жатканын да сүрөттөп турат. Белекти кубаныч менен берген кишиге абдан ыраазы болобуз. Андай кишини көргөндө Кудай да сүйүнөт. Ыйык Китептин башка котормосунда: «Бир нерсе бергенди жакшы көргөн адамды Кудай жакшы көрөт»,— деп жазылган («Contemporary English Version»).

Иса Машаяктын жолдоочулары, эмне бербесин, элчи Пабылдын сөздөрүндө камтылган принципке ылайык иш кылышы керек. Келгиле, кайсы бир нерсеге убактыбызды, күчүбүздү, акча-каражатыбызды өз эркибиз менен жумшайлы, ошондой эле башкаларга, өзгөчө, муктаж болгондорго жардам берүүдөн чындап ыракат алгандыктан жакшылык кылалы. Ушундай кылсак, бактылуу болгондон тышкары, Кудайга да жагабыз, анткени ал «кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт».

Сентябрда Ыйык Китепти окуу:

Корунттуктарга жазылган 1 2-кат

«Бергенди жакшы көргөн адамды Кудай жакшы көрөт»