Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА: ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ ЖАЗЫЛГАН?

Куткаруучу келери айтылган

Куткаруучу келери айтылган

Кудай Ыбрайым пайгамбарга алдын ала айтылган «тукумдун» анын урпактарынан чыгарын айткан. Ошол «тукум» аркылуу «бардык элдер» бата алмак (Башталыш 22:18). Ыбрайым пайгамбардын небереси Жакып кийин Мисирге көчүп барган. Ал жактан укумдап-тукумдап, үй-бүлөсү көбөйүп отуруп, андан ысрайыл деген эл тараган.

Мисирди башкарган катаал фараон ысрайылдыктарды кулга айландырган. Кийинчерээк Кудай Муса пайгамбарды ал жакка жиберип, ысрайыл элин Мисирден алып чыккан. Алар Кызыл деңизге жеткенде, Кудай керемет жасап, деңизди экиге бөлгөн да, элин ал аркылуу алып өткөн. Ошондон кийин Кудай аларды коргоп, жетектеш үчүн мыйзамдарын, анын ичинде Он осуятты берген. Ал мыйзамдар күнөө үчүн кандай курмандыктар чалынышы керектигине байланыштуу көрсөтмөлөрдү да камтыган. Муса пайгамбар ысрайылдыктарга Кудай кийинчерээк башка пайгамбарды жиберерин алдын ала айткан. Ошол пайгамбар убадаланган «тукум» болмок.

Андан 400дөн ашуун жыл өткөндөн кийин, Кудай Дөөтү падышага Эйден багында айтылган, кийин келе турган «тукумдун» падыша болорун жана түбөлүккө бийлик жүргүзөрүн айткан. Ошол тукум Машаяк болмок, тагыраак айтканда, адамзатты куткарып, жер үстүн бейишке айланта турган Кудай дайындаган Куткаруучу болмок.

Кудай Дөөтү жана башка пайгамбарлар аркылуу Машаякка байланыштуу маалыматты акырындык менен ачып бере берген. Алар анын момун, боорукер болорун жана ал бийлик жүргүзгөндө ачарчылык, адилетсиздик, согуш болбой турганын, адам баласы бири-бири менен, атүгүл жаныбарлар менен тынчтыкта жашай турганын айтышкан. Ошондой эле Кудайдын ой-максатына кирбеген нерселердин, алсак, оорунун, азап-кайгынын, өлүмдүн жок болорун жана өлгөндөр тирилерин жазышкан.

Кудай Микей пайгамбар аркылуу Машаяктын Бетлехем деген шаарда төрөлөрүн, ал эми Даниел пайгамбар аркылуу анын кийинчерээк өлтүрүлөрүн айттырган. Бирок Кудай Машаякты тирилтип, асманга Падыша кылып дайындамак. Даниел пайгамбар Машаяк башкарган Падышалык башка өкмөттөрдүн баарын жок кылып, түбөлүккө башкарарын айткан. Машаяк жөнүндө айтылгандардын баары аткарылды беле?

Төмөнкү китептерге негизделди: Башталыш 22—50-бөлүмдөр; Чыгуу, Мыйзам, 2 Шемуел, Забур, Ышая, Даниел, Микей жана Закарыя 9:9.