Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 БАЛДАРЫҢАРДЫ ҮЙРӨТКҮЛӨ

Иса Машаякты кандай элестетишибиз керек?

Иса Машаякты кандай элестетишибиз керек?

Декабрь айында Исанын ымыркай кези тартылган сүрөттөрдү дүйнө жүзүнүн көп жерлеринен көрүүгө болот. Андай сүрөттөрдө анын малга жем-чөп берген акырда жатканы тартылган. Бирок биз аны ымыркай катары эле элестетишибиз керекпи? ~ * Кел, аны кандай элестетишибиз керектигин карап көрөлү. Ал жөнүндө Бетлехемге жакын жердеги талаада жүргөн койчулар түнүчүндө күбө болгон окуядан биле алабыз.

Койчулардын алдына капыстан периште пайда болот. Анан аларга: «Бүгүн... Куткаруучуңар, Мырзаңар Машаяк төрөлдү»,— дейт. Ошондой эле Исаны «жалаякка оролуп, акырда жаткан жеринен» табарын айтат. Ошол замат көп сандаган периштелер пайда болуп, Кудайды даңктай башташат.

Периштелердин Кудайды даңктап жатканын уксаң, кандай сезимде болот элең? ~ Койчулар абдан сүйүнүшкөн. Алар: «Жүргүлө, батыраак Бетлехемге баралы... ал жерде эмне болгонун көрөлү»,— дешкен. Анан ал жакка барганда «Мариямды, Жусупту жана акырда жаткан баланы көрүшкөн».

Көп өтпөй Бетлехемге Мариям менен Жусупту көргөнү башка да кишилер келе баштаган. Койчулар көргөндөрүн айтып беришкенде, алар айран таң калган. Ушуларды билгениңе кубанасыңбы? ~ Кудайды сүйгөндөр буга аябай кубанышат. Кел анда, Иса Машаяктын төрөлүшү эмне үчүн кубантарлык окуя болгонун карап көрөлү. Бул жөнүндө билиш үчүн Мариямдын турмушка чыкканга чейин кандай окуяга туш болгонуна токтололу.

Күндөрдүн биринде Жебирейил деген периште Мариямга келген. Ал анын уулдуу болорун жана баласы «улуу болуп», «Эң Жогорку Кудайдын Уулу деп аталарын» айткан. Ошондой эле: «Ал... Падыша болот, анын Падышалыгынын акыры болбойт»,— деген.

Мариям күйөөгө тие элек болгондуктан кандайча уулдуу болорун билгиси келген. Ошондо Жебирейил: «Сени Эң Жогорку Кудайдын күчү каптайт...  төрөлө турган бала Кудайдын Уулу, ыйык деп аталат»,— деп айткан. Ошентип, асманда жашаган Кудайдын Уулу ымыркай болуп төрөлүшү үчүн, анын өмүрү Мариямдын жатынына көчүрүлгөн. Бул укмуштуудай керемет болгон!

Рождество деп аталган майрам учурунда үч акылдуу кишинин ымыркай Исаны көрүш үчүн келгени тартылган сүрөттөрдү дүйнөнүн айрым жерлеринен кездештирүүгө болот. Бирок ал сүрөттөрдө тартылган акылдуу кишилер, чынында, Кудай жек көргөн иштерди кылган астрологдор болчу. Кел эмесе, ошол үч киши келгенде эмне болгонун карап көрөлү. Ыйык Китепте: «Алар үйгө кирип, бала менен анын энеси Мариямды көрүштү»,— деп айтылат. Ооба, алар келгенде Иса акырда жаткан ымыркай эмес болчу, ал чоңоюп калган. Мариям менен Жусуп малканада эмес, үйдө жашап жаткан.

Астрологдор Исаны кантип табышкан? ~ Алар «жылдызды» ээрчип отуруп, ошол жерге барышкан. Бирок жылдыз аларды Бетлехемге эмес, адегенде Иерусалимдеги Ирод падышага жетектеп барган. Ыйык Китепте Ирод падышанын Исаны өлтүргүсү келгени айтылат. Анда жылдыз болуп көрүнгөн нерсе аркылуу аларды Иродго ким жетектеп барган деп ойлойсуң? ~ Ал чыныгы Кудай Жахаба эмес, анын душманы Шайтан Ибилис болчу!

Бүгүнкү күндө Шайтан адамдардын Исаны алсыз ымыркай катары элестетишин каалайт. Бирок Жебирейил периште Мариямга: «Ал... Падыша болот, анын Падышалыгынын акыры болбойт»,— деп айткан. Азыр Иса асманда Падыша болуп башкарып жатат. Ал жакында Кудайдын душмандарынын баарын жок кылат. Демек, биз Исаны Падыша катары элестетишибиз керек жана бул тууралуу башкаларга айтышыбыз зарыл.

^ абз. 3 Макаланы балдарыңар менен окусаңар, толкун сызык (~) коюлган жерден тыным жасап, алардын оюн уккула.