Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙ АДАМЗАТТЫ СҮЙӨРҮН КАНТИП КӨРСӨТКӨН?

Бул маанилүү күндү унутпагыла!

Бул маанилүү күндү унутпагыла!

Иса Машаяк өмүрүн курмандыкка чала турган күндүн алдындагы кечте шакирттерине анын өлгөн күнүн эскерип турууга буйрук берген. Ал Эскерүү кечесин негиздегенде ачыткы кошулбаган нан менен кызыл шарапты колдонгон. Ал шакирттерине: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп айткан (Лука 22:19).

Жыл сайын дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесин өткөрүшөт. 2014-жылы ал кече 14-апрелде, дүйшөмбү күнү күн баткандан кийин өткөрүлөт.

Силерди Эскерүү кечесине келип, Иса Машаяктын эмне үчүн өлгөнү жөнүндө көбүрөөк маалымат алып кетүүгө чын жүрөктөн чакырабыз. Кирүү акысыз, акча чогултулбайт. Силер жакта Эскерүү кечеси канчада жана кайсы жерде болорун ушул журналды берген кишиден же www.dan124.com/ky сайтынан билсеңер болот. Бул маанилүү күндү унутпаш үчүн анын качан болорун жазып алгыла.