Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ШАЙТАН ЧЫН ЭЛЕ БАРБЫ?

Шайтандан коркушубуз керекпи?

Шайтандан коркушубуз керекпи?

Шайтан, көмүртек кычкылы сыяктуу эле, көзгө көрүнбөйт жана коркунучтуу

Анын бар экенин аныктоо кыйын. Түссүз, жытсыз болгондуктан, көптөр оңой эле анын курмандыгы болуп калышат. Ал эмне? Ал — көмүртек кычкылы. Дүйнөдөгү ууланып өлгөндөрдүн, кыязы, жарымынан көбүн ошол газ менен уулангандар түзөт. Бирок ал газдын бар экенин билиш үчүн жана ууланып калбаш үчүн чара көрсө болот. Алсак, көптөр аны аныктаган билдиргичтерди орнотуп, алар белги бергенде, тийиштүү иш-аракеттерди кылышат.

Көмүртек кычкылы сыяктуу эле, Шайтан да көзгө көрүнбөйт. Анын бар экенин аныктоо кыйын жана ал абдан коркунучтуу. Бирок Кудай бизге андан коргонууга жана коркпогонго жардам берет. Анын жардамына төмөнкү нерселер кирет.

Тандоо эркиндиги. Ыйык Китепте: «Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деп жазылган (Жакып 4:7). Шайтан күчтүү болсо да, силерди өзүңөр каалабаган нерсени кылууга мажбурлай албайт. Эмне кылышты өзүңөр чечесиңер. Элчи Петир: «Ишенимиңерди бекем сактап, ага [Шайтанга] каршы тургула»,— деген (1 Петир 5:9). Иса Машаяк үч жолу тең Шайтанга азгырылбай койгондо, ал анын жанынан кетип калганын эстесеңер (Матай 4:11). Силер да ага окшоп, эгер кааласаңар, Шайтанга каршы тура аласыңар.

Кудай менен болгон достук. Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла»,— деп да жазылган (Жакып 4:8). Жахаба Кудай силерди аны менен дос болууга үндөп жатат. Аны менен канткенде дос боло аласыңар? Анын эң жакшы жолу — Ыйык Китепти окуп-изилдеп, аны таанып-билүү (Жакан 17:3). Жахаба жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага болгон сүйүүңөр өрчүй берет. Ал эми сүйүүңөр ага жакканды кылганга түрткү берет (1 Жакан 5:3). Жахаба Кудай ага жакындоо үчүн кылган аракетиңерге кандай жооп кайтарат? Ыйык Китепте: «Ал силерге жакындайт»,— деп жазылган (Жакып 4:8).

Жахаба бизге Шайтандан коргонууга жардам берет

Кудайдын колдоосу. Ыйык Китепте: «Жахабанын ысмы — бекем мунара. Ага адил адам качып кирип, коопсуз болот»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 18:10). Албетте, бул Кудайдын ысымы кандайдыр бир касиеттүү күчкө ээ экенин билдирбейт. Бул Кудайдын ысымын чындап урматтагандар кайсы убакта болбосун ага жардам сурап кайрыла аларын билдирет.

Башкалардын үлгүсү. Ыйык Китепте жаңыдан Иса Машаяктын жолдоочусу болгон Эфес шаарынын тургундары жөнүндө: «Сыйкырчылык кылгандардын бир тобу китептерин чогултуп, баарынын көзүнчө өрттөп жиберишти. Алардын жалпы баасын эсептегенде, 50 000 күмүш тыйын болду»,— деп жазылган (Элчилер 19:19) *. Абдан кымбат болгонуна карабай, алар сыйкырчылыкка байланыштуу нерселеринин баарын жок кылышкан. Алар бизге эң сонун үлгү көрсөткөн. Анткени азыркы учурда да дүйнөдө спиритизм күч алууда. Эгер бизде спиритизмге тийиштүү буюмдар болсо жана спиритизмдин зыянсыздай көрүнгөн түрүнө иришсек, жиндердин бизге таасир этишине жол ачкан болобуз. Ошондуктан андай нерселерден колдон келишинче алыс болушубуз керек (Мыйзам 18:10—12).

Бул макалалардын башында айтылган Рогелио 50 жашка чыккыча Шайтандын бар экенине ишенген эмес. Бирок кийин оюн өзгөрткөн. Ага эмне себеп болгон? Ал мындай деп эскерет: «Өмүрүмдө биринчи жолу Ыйык Китепти алып окуп көрдүм. Аны окуп-изилдегенден кийин Шайтандын бар экенине ынандым. Ыйык Китептен билгендерим мени Шайтанга жем болуп калуудан коргоп келет».

«Ыйык Китепти... окуп-изилдегенден кийин Шайтандын бар экенине ынандым. Ыйык Китептен билгендерим мени Шайтанга жем болуп калуудан коргоп келет»

Шайтан болбой турган күндү көргүңөр келеби? Ал күндү көрө аласыңар. Себеби Ыйык Китепте адамзатты азгырган Шайтандын келечекте «оттуу жана күкүрттүү көлгө ыргытылары» айтылган (Аян 20:10). Кадимки от менен күкүрт көзгө көрүнбөгөн рухка эч кандай зыян келтире албагандыктан, бул аятта айтылган оттуу көл түбөлүк жок болууну билдирет. Демек, Шайтан түбөлүккө жок болот деген жыйынтык чыгарууга болот. Кудайды сүйгөн адамдар ошол учурда кубанычка бөлөнөрү шексиз!

Ал учур келгенге чейин, Жахаба Кудай жана анын мыйзам-принциптери жөнүндө билим ала бергиле *. «Шайтан жок»,— деп айта ала турган заманда жашап жатканыңарды элестетип көрсөңөр!

^ 8-абз. Эгер аятта айтылган күмүш тыйын Рим динары болсо, акчанын жалпы суммасы орто эсеп менен бир кишинин 50 000 күндө таба турган эмгек акысына барабар болмок.

^ 11-абз. Шайтан жана спиритизм жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 10-бөлүмүн карагыла. Ал китепти Жахабанын Күбөлөрүнөн алсаңар.